Агенттик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

1 ) тармактык саясат чөйрөсүндө:

  • - өз компетенциясынын чегинде жеке маалыматтар жаатындагы мамлекеттик саясатты өнүктүрүүгө жана ишке ашырууга көмөктөшүү;
  • - жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу;
  • - жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы илимий-техникалык жана инвестициялык программалардын жана долбоорлордун мамлекеттик заказчысынын функциясын аткаруу;
  • - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген жеке маалыматтар чөйрөсүндө эл аралык келишимдердин алкагында кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо;
  • - жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын ишке ашыруу жана коргоо, анын ичинде жеке маалыматтарды иштеп чыгууда коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик органдардын макулдашылган ишин камсыздоо;
  • - жеке маалыматтар менен иштөөнү укуктук жөнгө салуу, жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо, жеке маалыматтарды коопсуз иштеп чыгууну камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун, тармактык стандарттарды, техникалык шарттарды, жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү нускамаларды, ошондой эле жеке маалыматтар жаатындагы ишти жөнгө салуу боюнча техникалык актыларды иштеп чыгуу;

2 ) жөнгө салуу, координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндө:

  • жеке маалыматтарды жана жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен контролдоону ишке ашыруу;
  • жеке маалыматтар массивин жана алардын кармоочуларынын (ээлеринин) эсебин жүргүзүү жана каттоо;
  • жеке маалыматтар массивин кармоочуларынын (ээлеринин) реестрин түзүү жана жүргүзүү;
  • жеке маалыматтар массивин кармоочуларынын (ээлеринин) жеке маалыматтарынын тизмелерин макулдашуу;
  • мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеке маалыматтарды башка мамлекеттик кармоочуларынан (ээлеринен) алган жеке маалыматтардын колдонулушун контролдоо;
  • жеке маалыматтардын башка кармоочуларында (ээлеринде) болгон жеке маалыматтарды мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишинде колдонуусун координациялоо;
  • - жеке маалыматтарды иштеп чыгууда, сактоодо жана берүүдө, анын ичинде электрондук башкаруу элементтерин колдонуу менен, маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосунда келип чыгуучу талаш маселелер боюнча сунуштарды берүү;
  • - жеке маалыматтардын маалыматтык системаларындагы жеке маалыматтардын мазмунуна жана аларды иштеп чыгууга карата, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууну камсыз кылууга контроль жүргүзүү;
  • - жеке маалыматтарды иштеп чыгууда алардын коопсуздугун камсыз кылуу практикасына мониторинг жүргүзүү, жеке маалыматтарды иштеп чыгууда алардын коопсуздугун камсыз кылуунун мыкты практикаларын жана стандарттарын жалпылоо жана жарыялоо;
  • - жеке маалыматтар субъекттерине алардын укуктарын ишке ашырууга жана коргоого көмөк көрсөтүү;
  • - жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуулар жөнүндө жеке маалыматтардын субъекттеринин кайрылууларын кароо жана корутундуларды чыгаруу;
  • - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын бузууга байланышкан материалдарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүү;
  • - жеке маалыматтарды коргоону уюштуруу боюнча методикалык жардам көрсөтүү.

Жөнгө салуу, координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү функциялар Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын, укук коргоо органдарынын жана укуктук режими "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган ыкчам-издөө, чалгындоо жана контрчалгындоо иштерин, расмий статистика өндүрүшүн жүргүзгөн органдардын ишинин натыйжасында алынган жеке маалыматтарга жайылтылбайт.