КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2007-жылдын 25-майы № 72

Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө

(КР2008-жылдын 17-октябрындагы № 231,2009-жылдын 30-апрелиндеги № 144,
2011-жылдын 30-майындагы № 33,2011-жылдын 22-июлундагы № 121,
2014-жылдын 27-майындагы № 79,2014-жылдын 29-декабрындагы № 170,
2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41,2017-жылдын 6-июнундагы № 98,2017-жылдын 16-октябрындагы № 175,2018-жылдын 2-августундагы № 81
,2019-жылдын 29-мартындагы № 40,2019-жылдын 31-декабрындагы № 151,2020-жылдын 23-мартындагы № 29,2020-жылдын 13-майындагы № 54,2021-жылдын 23-мартындагыN39Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам ишкердиктин субъекттерине ыйгарым укуктуу органдардын текшерүүлөрдү жүргүзүшүнүн тартибин белгилейт, текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланышкан ыйгарым укуктуу органдар менен ишкердиктин субъекттеринин мамилелериндеги укуктарды жана милдеттерди, ошондой эле ишкердиктин субъекттеринин ишине мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо укуктарын аныктайт.

1-глава
Жалпы жоболор

1-статья. Ушул Мыйзам колдонулуучу чөйрө

1. Ушул Мыйзам текшерүүлөрдү жүргүзүүнү ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындажана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорундабелгиленген ыйгарым укуктуу органдардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштери текшерилүүгө тийиш болгон ишкердиктин субъекттеринин мамилелерин жөнгө салат.

2. (КР 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41Мыйзамынаылайык күчүн жоготту)

3. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдин ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

4. Салык, салыктык эмес жана бажы мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Салыккодекси. Камсыздандыруу салымдарынын эсептелишине жана төлөнүшүнө байланыштуу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселеси боюнча ишкердиктин субъекттерин текшерүү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынынкодекси, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

5 Ушул Мыйзам, эгерде алар төмөндөгүлөр тарабынан жүргүзүлсө, текшерүүлөрдүн тартибин жана жол-жобосун жөнгө салбайт:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;

- кылмыш-жаза, администрациялык, жарандык, аткаруу сот өндүрүшү чегинде ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүп жаткан органдар;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында өткөрүү пункттарында чек аралык, бажы, иммиграциялык, санитардык карантин, фитосанитардык, ветеринардык текшерүүлөрдү жүргүзүүчү органдар;

- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);

- автомобиль жана суу транспортунда ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

- жарандык авиация жаатындагы жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

6. Ишкердиктин субъекттерин, Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдарын кошпогондо, укук коргоо органдары тарабынан финансылык текшерүүлөр жүргүзүлүшүнө тыюу салынат, Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдарынын текшерүүлөрүнүн актылары укук коргоо органдары тарабынан ишкерликтин субъекттерин кошумча текшерүүлөрсүз финансылык текшерүүлөр жүргүзүүчү негизги документ жана бирден-бир булак болуп эсептелет.

(КР2008-жылдын 17-октябрындагы № 231,2011-жылдын 22-июлундагы № 121,2014-жылдын 29-декабрындагы № 170,2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41,2018-жылдын 2-августундагы № 81,2019-жылдын 29-мартындагы № 40,2020-жылдын 23-мартындагы № 29,2020-жылдын 13-майындагы № 54Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ыйгарым укуктуу органдар- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген, тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү аткаруу бийлигинин органдары.

Текшерүү- текшерүүнүн субъекттеринин ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын алардын сакташына мамлекеттик контролдун же көзөмөлдүн ар кандай формасы.

Пландуу текшерүү- ыйгарым укуктуу органдын ишкердиктин субъекттеринин иштерин текшерүүнү жүзөгө ашыруунун өзү тарабынан бекитилген планга ылайык жүргүзүлүүчү текшерүү.

Пландан тышкары текшерүү- ушул Мыйзамдын 7-статьясында каралган негиздер боюнча жүргүзүлүүчү ишкердиктин субъекттеринин иштерин текшерүү.

Контролдук текшерүү- текшерүүнүн субъекттеринин мурдагы текшерүүдө белгиленген укук бузууларын четтетүүсүн текшерүү.

Кайра текшерүү- пландуу текшерүүнүн натыйжаларына карата ишкердиктин субъекттеринин даттануусунун негизинде жана пландуу текшерүүнү жүргүзүү менен байланышкан, актыда чагылдырылбаган же болбосо так чагылдырылбаган айрым учурларды тактоо үчүн жүргүзүлүүчү текшерүү.

Текшерүүнүн субъекттери- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган юридикалык жактар, жеке ишкерлер, филиалдар жана өкүлчүлүктөр.

Тобокелдик ишкердикти жүргүзүүдөгү натыйжалардын пайда болушу жана алар келтирүүчү зыяндын болжолдуу ченеми, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн ишкердиктин субъекттеринин өз милдеттерин аткарбагандыгы (толук көлөмдө же тийиштүү даражада аткарбагандыгы).

Тобокелдиктин даражасын баалоо чен-өлчөмдөрү- ишкердиктин субъекттеринин иши менен түздөн-түз байланышкан ишкердиктин субъекттерин тобокелдиктин ар кандай даражаларына алып барууга мүмкүндүк берүүчү сандык жана/же сапаттык көрсөткүчтөрдүн жыйындысы.

Текшерүү барактары- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган текшерүүнүн субъекттеринин ишиндеги талаптардын тизмегин өзүнө камтыйт, алардын аткарылбагандыгы адамдын өмүрүнө жана саламаттыгына айлана-чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк таламдарына коркунуч келтирет.

(КР2008-жылдын 17-октябрындагы № 231,2011-жылдын 22-июлундагы № 121,2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-статья. Ишкердиктин субъекттеринин иштерин текшерүүнү жүзөгө ашыруунун негизги принциптери

Ыйгарым укуктуу органдардын ишкердиктин субъекттеринин иштерин текшерүүнү жүзөгө ашырышынын негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

- ишкердиктин субъекттеринин акниет болуу жоромолу;

- милдеттүү талаптарды белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктар жана так эместиктер ишкердиктин субъекттерине каршы пайдаланылышы мүмкүн эмес;

- эгерде ишкердиктин субъекти өз ишинде укуктун башка ченемине карама-каршы келген укук ченемин колдонсо, анын иш-аракети тиешелүү болуп саналат жана мыйзамга каршы деп эсептелинбейт;

- ишкердиктин субъекттеринин ишине кийлигишпөө;

- ыйгарым укуктуу органдардын ишиндеги мыйзамдуулук, калыстык жана ачык-айкындуулук;

- текшерүү жүргүзгөндө ведомстволук жана ведомстволор аралык контролду жана көзөмөлдү кайталоого жол бербөө;

- ыйгарым укуктуу органдардын текшерүүлөрдү жүргүзүшүн мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан гана каржылоо;

-мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менентекшерилүүгө тийиш болгон милдеттүү талаптарды белгилөө;

- ыйгарым укуктуу органдардын сакталышы текшериле турган милдеттүү талаптарды белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ишкердиктин субъекттерине милдеттүү түрдө билдирүүсү;

- текшерүүнү жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүгү жана ыкчамдыгы, башкача айтканда аны белгиленген мөөнөттүн ичинде толук жана мүмкүн болушунча тез жүзөгө ашыруу.

(КР2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурдагы чектөөлөр

Ыйгарым укуктуу органдарга жана алардын кызмат адамдарына төмөндөгүлөр тыюу салынат:

- текшерүү жүргүзгөн учурдатекшерүүнүнсубъекттеринен жазапулдарды жана башка төлөмдөрдү накталай түрүндө алууга. Бардык эсеп-кысаптар тийиштүү эсептешүү эсептери жана кредит-кассалык мекемелер аркылуу гана жүргүзүлүүгө тийиш;

- текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында мамлекеттин кирешесине түшүүчү финансылык жана администрациялык санкциялардын жана башка төлөмдөрдүн суммасынан чегерүүлөрдү алууга;

- эгерде текшерүүнүн обьекти болуп эсептелбесе же текшерүүнүн затына таандык болбосо айлана-чөйрө обьекттерин жана өндүрүштүк чөйрө объекттерин иликтөө документтерин, маалыматты, продукциянын үлгүлөрүн, сынамдарын көрсөтүүнү талап кылуу, ошондой эле ушундай документтердин түп нускасын алуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менентекшерүүнүнсубъекттери жөнүндө алынган маалыматты чогултууга, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган мамлекеттик, коммерциялык маалыматты жана башка мыйзам менен коргоого алынуучу жашыруун сырды жайылтууга;

- эгерде мындай талаптар алардын атынан ошол кызмат адамдары иш алып барган жаткан мамлекеттик контроль жана көзөмөл органдарынын ыйгарым укуктарына таандык болбосо, милдетүү талаптардын жана нормативдик укуктук актыларда белгиленген талаптардын аткарылышын текшерүү;

- анонимдүү арыздар, б.а. арыз ээси жана анын байланыш маалыматы (жашаган жеринин дареги, байланыш телефону ж.б.)көрсөтүлбөгөн же туура эмес көрсөтүлгөнжарандар, ишкерлер жана башка адамдар тарабынан демилге кылынган пландуу же пландан тышкаркы көчмө текшерүүнү ишке ашыруу;

- аны жүргүзүү учурунда жетекчиси, башка кызмат адамы же юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлү, жеке ишкердин, анын ыйгарым укуктуу өкүлү жок болсо,ушул Мыйзамдын7-статьясынын1-бөлүгүнүн 2-пунктунда жана 5-бөлүгүндө каралган негиздер боюнчаушундай текшерүүлөрдү жүргүзүү учурун кошпогондо, пландуу же пландан тышкаркы көчмө текшерүүнү жүзөгө ашыруу;

- продукциянын үлгүлөрүн, айлана-чөйрөнүн обьекттери иликтенүүчү сынамдарды иргеп алуу: максаты - көрсөтүлгөн үлгүлөрдү, белгиленген форма боюнча сынамдарды иргеп алуу эрежелеринде, улуттук стандарттарда белгиленген нормалардан ашкан санда иргеп алуу жөнүндө протоколдорду жол-жоболоштурбастан аларды изилдөө, сыноо, өлчөө иштерин жүргүзүү: мында аларды изилдөө, сыноо, өлчөө, иштеринин методдорун, техникалык регламенттерди же алар күчүнө киргенге чейин иштетилген нормативдик техникалык документтерди жана изилдөө, сыноо, өлчөө жүргүзүүнүн эрежелерин жана методдорун колдонуу;

- текшерүү иштерин жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүнөн ашып кетүү;

- юридикалык жактарга, жеке ишкерлерге алардын эсебинен контролдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндөжазма эскертүүлөрдүже сунуштарды берүүнү жүзөгө ашыруу.

(КР2011-жылдын 22-июлундагы № 121,2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41,2019-жылдын 31-декабрындагы № 151Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


2-глава
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби


5-статья. Текшерүүлөрдүн түрлөрү

Ушул Мыйзамга ылайык текшерүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрү болот:

- пландуу;

- пландан тышкары;

-(КР 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41Мыйзамынаылайык күчүн жоготту)

- контролдук;

- кайра текшерүү.

6-статья. Пландуу текшерүүлөр

1. Пландык текшерүүлөр стратегиялык пландарга, ошондой эле текшерүүлөрдүн пландарына ылайык жүргүзүлөт.

Стратегиялык план бир жылга түзүлөт жана ар бир багыт боюнча сандык көрсөткүчтөрдү камтыйт. Стратегиялык план пландык текшерүүлөр жүргүзүлгөн жылдан мурунку жылдын 15-ноябрына чейин ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.

Стратегиялык пландардын негизинде текшерүүлөрдүн жылдык же кварталдык пландары түзүлөт, алар пландык текшерүүлөр жүргүзүлгөн жылдан мурунку жылдын 1-декабрына чейин же планга киргизилген квартал башталганга чейин 30 календардык күн мурда ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.

Текшерүүлөрдүн пландары ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарында, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын орун-жайларындагы калкка жеткиликтүү ачык жерлерге жайгаштыруу аркылуу милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.

Жылдык пландардын аткарылышы жөнүндө маалымат отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин же отчеттук квартал аяктагандан кийинки 10 жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарында, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын жайларындагы жалпыга жеткиликтүү ачык жерлерде жайгаштырылат.

2. Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн карамагындагы чөйрөдө ишкердүүлүк жүргүзүлүп жаткандагы тобокелдиктин даражасын баалап турган чен-өлчөмдөрдү иштеп чыгат.

Ыйгарым укуктуу орган тарабынан сунушталган ишкердүүлүк жүргүзүлүп жаткандагы тобокелдиктин даражасын баалай турган чен-өлчөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

3. Текшерүүгө тийиштүү бардык текшерүүнүн субъекттери тобокелдиктин даражасына жараша тобокелдиктин үч: жогорку, ортоңку жана төмөнкү даражаларынын бирине кирет.

Тобокелдиктин даражасына жараша ыйгарым укуктуу орган пландуу текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгүн аныктайт, бирок тобокелдиктин жогорку даражасындагы субъекттер жана энергетика тармагындагы тобокелдиктин жогорку даражасындагы текшерүү субъекттерине таандык объекттер үчүн жылына бирден ашык эмес, санитардык-эпидемиологиялык тобокелдиктин жогорку даражасындагы субъекттер үчүн - жылына эки жолудан ашык эмес, тобокелдиктин ортоңку даражасындагы субъекттер үчүн - 3 жылда бирден ашык эмес, тобокелдиктин төмөнкү даражасындагы субъекттер үчүн - 5 жылда бирден ашык эмес жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тобокелдиктин төмөнкү даражасына киргизилген текшерүүнүн субъекттери туура келгенде алар пландык текшерүүлөрдөн бошотула турган шарттарды аныктайт.

4. Эгерде субъект үчүн тобокелдиктин даражасын жана ошого ылайык обьектти текшерүүнүн мезгилдүүлүгүн белгилөөгө мүмкүндүк болбосо, ушул субъект тобокелдиктин төмөнкү даражасындагы субъекттин тобуна кирет.

5. Ыйгарым укуктуу органдар текшерүүнүн субъекттеринин бир түрдүү топтору үчүн текшерүү барактарын түзүүгө тийиш.

Текшерүү барактары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылууга тийиштүү эмес талаптарга тиешелүү маселелерди камтыбашы керек.

Текшерүү барактардын формалары ыйгарым укуктуу органдын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын биргелешкен буйругу менен бекитилет жана ушул ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарына жарыяланат.

Текшерүү барактарын колдонбогон пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт.

6. Ыйгарым укуктуу органдар 10 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө жазуу жүзүндөгү текшерүү жүргүзүү жөнүндө билдирмени текшерүүнүн субъекттерине берүү шартында гана пландуу текшерүүлөрдү жүргүзөт.

Билдирмеде төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

- пландуу текшерүүнү баштоо жана аяктоо датасы;

- ишкердүүлүгү текшериле турган юридикалык жактын аталышы же жеке жактын - ишкер адамдын фамилиясы, аты-жөнү;

- ыйгарым укуктуу органдын аталышы;

- текшерүүчү органдын кызмат адамынын кызмат орду, фамилиясы жана аты-жөнү.

Билдирме заказдуу кат же телефонограмма аркылуу ыйгарым укуктуу органдын каражатынын эсебинен жөнөтүлөт же текшерүү субъектинин жетекчисине же ишкердиктин субъектисинин ыйгарым укуктуу адамынын жеке кол коюусу боюнча берилет.

Текшерүүнүн субъектинин жетекчиси же ыйгарым укуктуу адамы билдирмени алгандан кийин текшерүү объектисинде дайындалган убакытта пландык текшерүүнү жүргүзүүгө катышууга милдеттүү.

Текшерүүнүн субъекти пландуу текшерүү тууралуу билдирмени албаган учурда ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамын пландуу текшерүүгө киргизбөөгө укуктуу.

7. Тамак-аш азыктарын өндүрүүгө, сактоого, ташууга жана сатууга карата талаптарга ылайык келүүсүнө пландык текшерүүлөр алдын ала кабарлоосуз жүргүзүлөт.

8. Ишкердиктин жаңыдан түзүлгөн субъекттерин текшерүү алар юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик катталган күндөн тартып 3 жылдын ичинде жүргүзүлбөйт.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкердик ишти жүзөгө ашыруудан терс натыйжалардын келип чыгуу ыктымалдыгы жок болгондуктан аларды жүзөгө ашырууда ишкерлер пландык текшерүүлөрдөн бошотула турган ишкердик иштин түрлөрүнүн тизмегин аныктайт.

10. Жарандардын өмүрүнүн, ден соолугунун жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугуна тиешеси бар текшерүүлөрдүн натыйжалары тиешелүү чөйрөлөрдө текшерүүлөрдү жүргүзүү ыйгарым укуктарына кирген ыйгарым укуктуу органдардын сайттарында жарыяланууга жатат, ошондой эле жалпыга жеткиликтүү башка жерлерге жайгаштырылат.

11. Иши калкты тейлөө менен байланышкан текшерүүлөрдүн субъекттери текшерүүлөрдүн натыйжаларын керектөөчүлөргө жеткирүүгө милдеттүү. Текшерүүлөрдүн натыйжалары керектөөчүлөргө жеткирилүүгө тийиш болгон иштин түрлөрү, маалыматтын көлөмү жана аны ачыкка чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР2011-жылдын 22-июлундагы № 121,2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41,2019-жылдын 31-декабрындагы № 151Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

7-статья. Пландан тышкары текшерүүлөр

1. Пландан тышкары текшерүү жүргүзүүнүн негиздери:

1) текшерүүнүн субъектинин ага карата текшерүү жүргүзүү тууралуу арызын ыйгарым укуктуу органдын алышы;

2) жеке же юридикалык жактын текшерүүнүн субъекти арыз берүүчүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын бузгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү арызын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин текшерүүнүн субъекти ошол администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузгандыгы тууралуу ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулгандыгы жөнүндө документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен берилген жазуу жүзүндөгү кайрылуусун ыйгарым укуктуу органдын алышы.

2. Ыйгарым укуктуу органга кайрылган адамдын фамилиясын, ысымын, атасынын ысымын жана турган жерин аныктоого мүмкүн болбогон арыздар текшерүү жүргүзүү үчүн негиз боло албайт.

3. Пландан тышкары текшерүүнүн мөөнөтү 3 жумушчу күндөн ашпоосу керек.

Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган даттануулар алынганда ыйгарым укуктуу орган даттанууну кароого, текшерүү жүргүзүүгө жана 15 жумушчу күндүн ичинде жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл алууга милдеттүү.

4. Пландан тышкары текшерүү аны жүргүзүү үчүн негиз болгон маселелердин алкагынан чыгышы мүмкүн эмес.

5. Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу менен байланышкан учурларда (жугуштуу оорулар жана жугуштуу эмес массалык оорулар (уулануулар) келип чыкканда жана жайылганда, техногендик мүнөздөгү авария учурунда) калктын ден соолугунун абалына жол берилгис таасир кылуунун себептерин жана булактарын аныктоо жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга 7 жумушчу күндүн ичинде кабарлоо менен аларды алдын алуу жана четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында текшерүүлөр күтүүсүз мүнөзгө ээ болушу жана жазуу жүзүндөгү тескемесиз (буйруксуз, жазма эскертүүсүз) жүргүзүлүшү мүмкүн.

(КР2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Кайчылаш текшерүү

(КР2008-жылдын 17-октябрындагы № 231Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9-статья. Контролдук текшерүүлөр

Контролдук текшерүү мурдагы текшерүүдө аныкталган укук бузуулардын текшерүү субъекти тарабынан четтетилишин текшерүү максатында жүргүзүлөт жана ушул максаттын алкагынан чыгышы мүмкүн эмес.

Контролдук текшерүү белгиленген укук бузууларды четтетүү үчүн текшерүү субъектине берилген мөөнөт аяктагандан кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

Контролдук текшерүү ушул Мыйзамдын11-статьясынын3-бөлүгүндө белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Контролдук текшерүүнүн мөөнөтү 2 жумушчу күндөн, чакан ишкердиктин субъекттери үчүн - бир жумушчу күндөн ашпайт.

(КР2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Кайра текшерүү

1. Кайра текшерүү ишкердиктин субъекти текшерүүнүн натыйжасына макул болбогон учурда гана жүргүзүлөт. Кайра текшерүү жүргүзүү үчүн текшерилгендин ыйгарым укуктуу органга текшерүүнүн натыйжасына даттануусу негиз болуп саналат.

Ишкердиктин субъектинин даттануусу ыйгарым укуктуу орган тарабынан 30 күндүн ичинде каралууга тийиш жана жүйөлүү чечим кабыл алынууга тийиш.

2. Кайра текшерүү ушул Мыйзамдын 12-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган талаптарга ылайык жүргүзүлөт.

3. Кайра текшерүү жүргүзгөн учурда пландуу текшерүүнүн бардык маселелери боюнча текшерүү жүргүзүүгө тыюу салынат. Даттанууга берилген пландуу текшерүүнүн натыйжасы гана кайра текшерилүүгө тийиш.

11-статья. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби

1. Пландуу жана пландан тышкары текшерүүлөр текшерүүнүн субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын контролдоо үчүн жүргүзүлөт жана чарбакер субъектиге финансылык жана башка санкцияларды салуу максатын көздөбөйт.

Текшерүүлөр документтик же жерине барып текшерүү формасында жүргүзүлөт. Документтик текшерүү ыйгарым укуктуу орган жайгашкан жер боюнча жүргүзүлөт. Жерине барып текшерүү ишкердик субъекти жайгашкан жер боюнча жана (же) анын иш-аракети жүргүзүлгөн жер боюнча жүргүзүлөт.

2. Пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жүрүшүндө мыйзамдарды бузуулар аныкталган учурда текшерүүчү органдын кызмат адамы текшерүүнүн субъектине укук бузуулардын предметин жана маани-маңызын түшүндүрүүгө милдеттүү жана текшерүүнүн субъектине укук бузууларды четтетүүнү - 3 күнгө чейинки мөөнөттө.эгерде укук бузууларды четтетүү адамдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча коопсуздукту камсыз кылууга таасирин тийгизсе жана башка учурларда - 30 күнгө чейинки мөөнөттө четтетүүнү милдеттендирген жазуу жүзүндөгү эскертүү берүүгө гана укуктуу.

Пландык текшерүүнүн жүрүшүндө тобокелдиктин жогорку даражасындагы текшерүү субъекттери жол берген, жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уулануулардын), техногендик мүнөздөгү авариялардын келип чыгышына жана жайылышына түздөн-түз коркунуч алып келүүчү бузуулар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөкодексиндежана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөкодексиндекаралган таасир кылуу чаралары токтоосуз колдонулушу мүмкүн.

3. Ушул статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин ыйгарым укуктуу орган контролдук текшерүүнү жүргүзөт.

Эгерде контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө бузуулардын четтетилбегендигинин фактылары аныкталса, ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы текшерүүнүн субъектине карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөкодексиндекаралган таасир кылуу чараларын колдонот.

4. Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын жана 6-бөлүгүнүн ченемдери ушул Мыйзамдын10-статьясындакөрсөтүлгөн негиз боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөргө карата колдонулбайт.

5. Текшерүүнүн бир эле предмети боюнча текшерүүнүн субъектин ар кандай мамлекеттик органдардын текшерүүсүнө жол берилбейт.

6. Пландуу текшерүүгө алынган мезгилдин ичинде ушул пландуу текшерүү өткөрүлгөн күндөн тартып 3 жыл өткөндөн кийин текшерүүнүн субъектинин ишин текшерүүгө тыюу салынат.

7. Экономикалык абалды жакшыртуу максатында, өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү текшерүүнүн субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторийди) киргизүүгө укуктуу.

 (КР2011-жылдын 30-майындагы № 33,2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41,2021-жылдын 23-мартындагыN39Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

12-статья.Ыйгарым укуктууоргандардын текшерүүлөрдү жүргүзүүнү уюштуруу тартиби

1. Текшерүүнүн субъекттеринин ишин текшерүү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Текшерүүнүн субъекттеринин ишин текшерүү ыйгарым укуктуу органдын тескемесинин (буйругунун, жазма эскертүүнүн) негизинде жүзөгө ашырылат.

Тескемеде (буйрукта, жазма эскертүүдө) төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- текшерүү жүргүзүү жөнүндөгү тескеменин (буйруктун, жазма эскертүүнүн) номери жана датасы;

- ыйгарым укуктуу органдын аталышы;

- текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын (адамдардын) аты-жөнү;

- текшерүү жүргүзүлүүчү ишкердиктин субъектинин аталышы жана дареги же жекече ишкердин аты-жөнү;

- жүргүзүлгөн текшерүүнүн максаттары жана предмети;

- текшерүү жүргүзүүнүн укуктук негиздери;

- текшерүүнүн башталышынын жана аякталышынын датасы.

3. Текшерүү жүргүзүү жөнүндөгү эки нускадагы тескемеге (буйрукка,жазма эскертүүгө) ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кол коет жана мөөр басылып күбөлөндүрүлөт. Текшерүү жүргүзүүгө тескемеде (буйрукта,жазма эскертүүдө) көрсөтүлгөн адамдарга гана жол берилет.

Контролдук текшерүү жүргүзүү жөнүндө тескемелерди (буйруктарды, жазма эскертүүлөрдү) кошпогондо, тескеме (буйрук, жазма эскертүү) ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.

Энергетика тармагындагы ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө тескеме (буйрук, жазма эскертүү) алардын аймактык жайгашуусун (базасын) эске алуу менен объекттердин тобуна карата макулдашылат.

4. Пландуу текшерүүнүн мөөнөтү 15 жумуш күндөн ашпоого тийиш, чакан текшерүүнүн субъекттери үчүн - 5 жумушчу күн. Атайын изилдөөлөрдү, сыноолорду, экспертизаларды жүргүзүү зарыл болгон учурда пландык текшерүүнүн бул мөөнөтү текшерип жаткан ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү тескемеси (буйругу, жазма эскертүүсү) боюнча 10 күндөн ашпаган мөөнөткө бир жолу гана узартылышы мүмкүн.

(Абзац КР 2017-жылдын 16-октябрындагы № 175Мыйзамынаылайык күчүн жоготту)

(КР2011-жылдын 22-июлундагы № 121,2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41,2017-жылдын 16-октябрындагы № 175,2019-жылдын 31-декабрындагы № 151Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

13-статья. Инспектордук текшерүүлөрдүн китеби

1. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан өткөрүлгөн текшерүүнүн субъекттерине текшерүүлөрдү каттоо инспектордук текшерүүлөрдүн китебинде жүзөгө ашырылат.

2. Инспектордук текшерүүлөрдүн китебинде ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары текшерүү жүргүзүүнүн башталышында төмөнкүдөй жазуу калтырууга милдеттүү:

- мамлекеттик органдын аталышы жөнүндө;

- текшерүү жүргүзүүнүн башталышынын жана аякталышынын датасы жөнүндө;

- текшерүүнүн негиздемелери жана предмети жөнүндө;

- текшерүүнү жүргүзгөн адамдардын кызмат орундары, аты-жөнү жөнүндө жана алардын койгон колдорун.

3.Текшерүүнүнсубъекттеринин инспектордук текшерүүлөрүнүн китеби болбогон учурда текшерүүнүн протоколунда же актысында тийиштүү жазуулар жазылат.

4. Инспектордук текшерүүлөрдүн китебинин формасы жана андагы жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

14-статья. Текшерүү жүргүзүү үчүн аймакка же имарат жайга кирүү

1. Ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынынтекшерүүнүнсубъекттеринин аймагына же имарат жайына кирүүсү мындай адамдардын кызматтык ырастамасын, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин ишкердиктин субъекттерине карата текшерүү жүргүзүү жөнүндөгү тескемесин (буйругун,жазма эскертүүсүн) көрсөтүүсү менен жүзөгө ашырылат.

2.Текшерүүнүнсубъекттеринин аймагына же имарат жайына ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын ишкердиктин субъекттери иштебеген убакытта (ушул Мыйзамдын7-статьясынын5-бөлүгүндө каралган учурлардан башка), ошондой эле ушул Мыйзамдын талаптары бузулган учурда кирүүсүнө жол берилбейт.

(КР2009-жылдын 30-апрелиндеги № 144,2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41,2019-жылдын 31-декабрындагы № 151Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

15-статья. Текшерүүлөрдүн натыйжасын жол-жоболоштуруу тартиби

1. Текшерүүнүн натыйжасы боюнча ыйгарым укуктуу органдын текшерүүчү кызмат адамы тарабынан белгиленген формадагы эки нускадагы акты түзүлөт.

Актыда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- акты түзүлгөн дата, убакыт жана жер;

- ыйгарым укуктуу органдын аталышы;

- текшерүү жүргүзүүнү негиздеген тескеменин (буйруктун,жазма эскертүүнүн) датасы жана номери;

- текшерүү жүргүзгөн адамдын (адамдардын) аты-жөнү, кызматтык ырастамасынын номери жана кызмат орду;

- текшерилүүчү ишкердиктин субъектинин аталышы жана дареги же жекече ишкердин аты-жөнү;

- текшерүү жүргүзүүнүн датасы, убакыты жана орду;

- текшерүүнүн натыйжалары, анын ичинде табылган укук бузуулар жөнүндөгү маалыматтар;

- ишкердиктин субъектинин өкүлүнүн же жекече ишкердин текшерүүнүн натыйжалары менен таанышкандыгы же таанышуудан баш тарткандыгы жөнүндөгү маалыматтар, алардын коюлган колдору;

- текшерүүнү жүргүзгөн текшерүүчү кызмат адамынын колу.

Актыга тандалып алынган үлгүлөр (сыноолор), жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө актылар, жүргүзүлгөн изилдөөлөр менен экспертизалардын протоколдору тиркелет.

2. Актынын бир нускасы тиркемелердин көчүрмөлөрү менентекшерүүнүнсубъектинин жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө тилкат алуу менен тапшырылат жетапшырылгандыгы жөнүндө кабардама берилүүчү буйрутма кат аркылуужөнөтүлөт.

Текшерүүнүн натыйжаларына карабастан актыга текшерүүчү,текшерүүнүнсубъектинин жетекчиси же ыйгарым укуктуу башка өкүлү кол коюшат. Актыда баяндалган фактыларга макул болбогон учурда ишкердиктин субъектинин жетекчиси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү актыга кол коюуга жана каршы пикирлери жөнүндө жазып коюуга милдеттүү. Каршы пикирлердин жүйөсүн түшүндүрүүчү жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр менен документтертекшерүүнүнсубъекти тарабынан ыйгарым укуктуу органдарга акты алынган учурдан тартып 10 күнгө чейинки мөөнөттө жөнөтүлөт.

3.(КР 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41Мыйзамынаылайык күчүн жоготту)

4. Мамлекеттик, коммерциялык жана мыйзам менен коргоого алынган жана башка жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды камтыган текшерүүнүн натыйжалары Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында каралган талаптарды сактоо менен жол-жоболоштурулат. 

(КР2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41,2019-жылдын 31-декабрындагы № 151Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

151-статья. Текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдары ишкерликти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан мониторинг жүргүзүү

1. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жана анын тиешелүү аймактык бөлүктөрүнө ушул Мыйзам менен жөнгө салынган текшерүүлөрдүн бардык түрлөрү боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан текшерүүлөр жөнүндө мыйзамды сактоо мониторингинин иш-милдеттери жүктөлөт.

2. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган мониторинг жүргүзүү үчүнтекшерүүнүнсубъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоочу уюмдар менен кызматташат.

(КР2011-жылдын 22-июлундагы № 121,2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

152-статья. Текшерүүлөрдү эсепке алуунун маалымат базасы

1. Ыйгарым укуктуу органдар текшерүү объекттери боюнча электрондук маалымат базасын түзүшөт.

2. Текшерүү обьекттери боюнча маалымат базасын уюштуруу жана жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

(КР2011-жылдын 22-июлундагы № 121Мыйзамынын редакциясына ылайык)


3-глава
Текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери


16-статья. Ыйгарым укуктуу органдардын жана текшерүүчү кызмат адамдарынын милдеттери жана укуктары

1. Ыйгарым укуктуу органдар төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- текшерүүлөрдү каржылоону мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырууга;

- текшерүүнүтекшерүүнүнсубъекттери турган же ишкердик ишти жүзөгө ашырган жерде жүргүзүүгө;

- текшерилүүгө тийиш болгон талаптарды белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жана так эместиктердитекшерүүнүнсубъекттерине каршы пайдаланбоого;

-текшерүүнүнсубъекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын текшерилүүгө тийиш болгон талаптарын туура аткаруу боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө.

2. Текшерүүчү кызмат адамдары төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- кызматтык ырастамасын көрсөтүүгө жанатекшерүүнүнсубъектине текшерүү жүргүзүү жөнүндөгү тескеменин (буйруктун,жазма эскертүүнүн) бир нускасын берүүгө;

- инспектордук текшерүүлөрдүн эсеп китебине текшерүү жүргүзүлгөнүн белгилөөгө;

- текшерүүнү текшерүү жүргүзүү жөнүндөгү тескемеге (буйрукка,жазма эскертүүгө) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык так өткөрүүгө;

- текшерүүнүтекшерүүнүнсубъекттеринин жумуш убагында алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүүгө;

- текшерүүнүн предметине тиешелүү болгон документтерди жана башка материалдарды талап кылууга;

- текшерүү жүргүзүүгө керек болгон үлгүлөрдү (сыноолорду) эң аз санда тандап алууга;

-текшерүүнүнсубъектинин талабы боюнча текшерүү жүргүзүүнү негиздеген жана ага ылайык өткөрүлүүчү ченемдик укуктук актыларды, арыздар (эгерде текшерүү арыздын негизинде демилге кылынса), ошондой эле башка документтер берүүгө;

- текшерүүнүн жүрүшүндө табылган укук бузууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору (ченемдери) менен негиздөөгө;

- купуя маалыматты, ошондой эле текшерүүнүн натыйжасында алынган, жайылтылышы ишкердиктин субъектине зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматты жайылтпоого.

3. Текшерүүчү кызмат адамдары төмөндөгүлөргө укуктуу:

-текшерүүнүнсубъекттеринен документтерди талап кылууга жана жүргүзүлгөн текшерүүгө түздөн-түз байланышкан маселелер боюнча маалымат жана түшүндүрүүлөрдү алууга;

- зарыл болгон учурда документтерден көчүрмө алууга жана көчүрмөлөрүн тартып алууга;

- эгерде мындай кароо текшерүү жүргүзүү менен байланышса, имарат жайларды, жабдууларды, бөлөк мүлктү карап чыгууга;

- эгерде текшерүү технологиялык талаптардын сакталышы менен байланышса, технологиялык процесстерге байкоо жүргүзүүгө;

-текшерүүнүнсубъекттери текшерүүчүнүн мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартышканда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулган учурда ишкердиктин субъекттеринин кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча чара көрүүгө.

4. Текшерүүчү кызмат адамдарына төмөндөгүлөр тыюу салынат:

- текшерүү жүргүзгөнү үчүнтекшерүүнүнсубъекттеринен кандайдыр бир сыйакы төлөөнү талап кылууга же алууга;

-текшерүүнүнсубъекттеринин укук бузуу фактысы бар экенин анын ишине кийлигишүү үчүн негиз катары пайдаланууга.

(КР2011-жылдын 22-июлундагы № 121,2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41,2019-жылдын 31-декабрындагы № 151Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

17-статья.Текшерүүлөрдүжүргүзгөн учурдагытекшерүүнүнсубъекттеринин милдеттери жана укуктары

1.Текшерүүнүнсубъекттери төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- текшерүүчү кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптары боюнча текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди жана башка материалдарды берүүгө;

- текшерүүчү кызмат адамдарына көмөк көрсөтүүгө.

2.Текшерүүнүнсубъекттери төмөндөгүлөргө укуктуу:

- текшерүүчү кызмат адамдарынан кызматтык ырастамасын жана текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болгон документти көрсөтүүлөрүн талап кылууга;

- ушул Мыйзамдын6-статьясынын7-бөлүгүндө каралган учурду кошпогондо, пландык текшерүү жүргүзүү жөнүндө кабардаманы албаган учурда текшерүүчү кызмат адамдарын текшерүүгө киргизбөөгө;

- текшерүүгө аларды жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок адамдарды киргизбөөгө;

- эгерде текшерүүчү кызмат адамдарынын талаптары текшерүү предметине кирбесе, алардын талаптарын аткарбоого;

- текшерүүчү кызмат адамынан текшерүү жүргүзүлгөнү жөнүндө инспектордук текшерүүлөрдүн эсеп китебине жазып коюуну талап кылууга;

- текшерүүчү кызмат адамдарынан текшерүү жүргүзүүгө тескеменин (буйруктун,жазма эскертүүнүн) көчүрмөсүн, ошондой эле текшерүүнүн натыйжасын чагылдырган документтин бир нускасын алууга;

- текшерүү жүргүзүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимге Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамында каралган тартипте даттанууга;

- текшерүүнүн натыйжасына Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамында каралган тартипте даттанууга;

- пландык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ушул Мыйзамдын4-статьясынынтогузунчу абзацында каралган адамдардын катышуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу жагдайлар болгон учурда, кабардамада көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө текшерүү жүргүзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымдоого жана текшерүүнүн башталгандыгы жөнүндө кабар алынган датадан тартып 3 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө текшерүү жүргүзүүнүн башка датасын макулдашууга. Текшерүү жүргүзүүнү баштоонун мөөнөтүн жылдырууга бир ирет жол берилет.

(КР2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41,2017-жылдын 16-октябрындагы № 175,2019-жылдын 31-декабрындагы № 151Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-статья. Текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурда табылган укук бузуулардын фактылары боюнча көрүлүүчү чаралар

1. Текшерүүнү жүргүзүүнүн жүрүшүндө текшерүүнүн субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы айкындалганда ыйгарым укуктуу органдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде, айкындалган бузууларды жоюу, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, алардын мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле мыйзамдарда каралган таасир кылуу чараларын ушул Мыйзамдын11-статьясындакаралган тартипте колдонууга милдеттүү.

2. Эгерде текшерүү жүргүзгөн учурда товар (жумуш, кызмат көрсөтүү) керектөөчүлөрдүн өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн экендиги аныкталса, ыйгарым укуктуу орган зыян келтирүүгө жол бербөө жана коркунучтуу товар (жумуш, кызмат көрсөтүү) жөнүндө колдон келген бардык ыкмалар менен кабарды керектөөчүлөргө жеткирүү боюнча чара көрүүгө милдеттүү. 

19-статья.Текшерүүлөрдүжүргүзгөн учурда ишкердиктин субъекттеринин укуктарын мамлекеттик коргоо

Текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурда ишкердиктин субъекттеринин укуктарын коргоо администрациялык жана (же) сот тартибинде жүзөгө ашырылат.

Текшерүүчү кызмат адамынын иш-аракеттерине жана ыйгарым укуктуу органдын чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик иштин жол-жоболору жөнүндө мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн. Административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда ишкердиктин субъекти сотко кайрылууга укуктуу.

Ишкердиктин субъектинин жазапул түрүндө жаза салуу тууралу ыйгарым укуктуу органдын чечимине карата даттануусу даттанууну маани-маңызы боюнча чечкенге чейин жазаны токтото турат.

(КР2017-жылдын 16-октябрындагы № 175Мыйзамынын редакциясына ылайык)

191-статья. Ушул Мыйзамдын талаптарын одоно бузуу менен жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжаларынын жараксыздыгы

Текшерүүлөрдү уюштурууга жана жүргүзүүгө карата ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды одоно бузуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары жараксыз деп таанылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын текшерүү субъекти тарабынан бузулушунун далили боло албайт.

Төмөнкүлөр одоно бузуулар деп таанылат:

- текшерүүнү жүргүзүүнүн негиздеринин жоктугу;

- тескеменин (буйруктун, жазма эскертүүнүн) жоктугу;

- ушул Мыйзамдын6-статьясынын7-бөлүгүндө каралган учурду кошпогондо, текшерүү жүргүзүү жөнүндө кабарлоонун мөөнөттөрүнүн сакталбагандыгы;

- ушул Мыйзамдын4-статьясынынталаптарынын бузулушу;

- тескемени (буйрукту, жазма эскертүүнү) ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуунун болбогондугу (контролдук текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө тескемелерди (буйруктарды, жазма эскертүүлөрдү) кошпогондо);

- ыйгарым укуктуу органдар тарабынан алардын компетенциясына кирбеген текшерүүлөрдүн дайындалышы.

(КР2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурдагы жоопкерчилиги

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана алардын кызмат адамдары текшерүүлөрдү жүргүзүүдө өздөрүнүн иш-милдеттерин жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай эмес аткарган, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

2. Текшерүүнүнсубъекттерине текшерүү жүргүзгөн учурда укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары алардын күнөөсү сот тартибинде аныкталгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда кандайдыр бир кызмат ордун ээлөөгө укугу жок.

3. Ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө текшерүүлөрдүн натыйжалары сот тартибинде тастыкталбаганда жана текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенде аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна күнөөлүү болгон кызмат адамдарына карата көрүлгөн чаралар жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулгантекшерүүнүнсубъектине бир айлык мөөнөттө кабар берүүгө милдеттүү.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же болбосо алардын кызмат адамдарынынтекшерүүнүнсубъектинин укуктарын бузган укукка жат аракеттеринин натыйжасында, ошондой эле бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же болбосо алардын кызмат адамдарынынтекшерүүнүнсубъекттерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусунан уламтекшерүүнүнсубъектине келтирилген чыгаша, анын ичинде колдон чыгарылган пайда бул органдар жана кызмат адамдарыжана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдартарабынан өндүрүп берилүүгө тийиш.

(КР2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41,2017-жылдын6-июнундагы № 98Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

21-статья. Текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурдагы ишкердиктин субъекттеринин укуктарын коомдук коргоо

1. Уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, уюмдар уставдык жоболоруна ылайык ушул Мыйзамга жараша ишкердиктин субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашырууга укуктуу.

2. Уюмдар прокуратура органдарына ыйгарым укуктуу органдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларына карата нааразычылык билдирүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.

3. Уюмдар ишкердиктин субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп, ошондой эле ишкердиктин субъекттеринин белгисиз чөйрөсүн коргоп, сотко кайрылууга укуктуу.

22-статья. Корутунду жоболор

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ыйгарым укуктуу органдар ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин:

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- ушул Мыйзамды аткарууга зарыл болгон дагы башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып 6 айга чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте ушул Мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун жана бекитүү үчүн ишкердиктин субъекттерин текшерүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин киргизсин.


Кыргыз Республикасынын

         Президенти


К.Бакиев