1-Тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу, жеке маалыматтар субъекттеринин (субъекттердин) укуктарын коргоону камсыз кылуу, жеке маалыматтар массивин кармоочуларын (ээлерин) каттоо, Жеке маалыматтар массивин кармоочуларынын реестрин жүргүзүү боюнча функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.

2. Агенттик өз ишинде Кыргыз РеспубликасынынКонституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Агенттик өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес-коомчулук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенип жүргүзөт.

4. Агенттик юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Казыналык системасында жана банк-агенттеринде эсептешүү, күнүмдүк жана башка эсептери болот.

5. Агенттиктин толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик";

- расмий тилде: "Государственное агентство по защите персональных данных при Кабинете Министров Кыргызской Республики".

6. Ушул Жобо Агенттиктин уюштуруу-укуктук статусун, анын максатын жана милдеттерин, функцияларын жана укуктарын, ошондой эле Агенттиктин ишин уюштурууну аныктайт.

2. Агенттиктин ишинин максаты

7. Агенттиктин ишинин максаты болуп жеке маалыматтарды топтоого, иштетүүгө жана колдонууга байланышкан, ушул маалыматты иштеп чыгууда колдонулуучу каражаттарга, анын ичинде маалыматтык технологияларды колдонууга карабастан, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин коргоону камсыздоо саналат.

3. Агенттиктин милдеттери

8. Агенттиктин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар тарабынан жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жеке мүнөздөгү маалыматтын иштелип чыгуусун контролдоону камсыздоо;

2) жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо;

3) Кыргыз Республикасында жеке маалыматтарды коргоо жагдайы жөнүндө коомчулукка маалымат берүү;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Агенттикке жүктөлгөн башка милдеттерди ишке ашыруу.

4. Агенттиктин функциялары

9. Агенттик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

1 ) тармактык саясат чөйрөсүндө:

- өз компетенциясынын чегинде жеке маалыматтар жаатындагы мамлекеттик саясатты өнүктүрүүгө жана ишке ашырууга көмөктөшүү;

- жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу;

- жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы илимий-техникалык жана инвестициялык программалардын жана долбоорлордун мамлекеттик заказчысынын функциясын аткаруу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген жеке маалыматтар чөйрөсүндө эл аралык келишимдердин алкагында кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо;

- жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын ишке ашыруу жана коргоо, анын ичинде жеке маалыматтарды иштеп чыгууда коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик органдардын макулдашылган ишин камсыздоо;

- жеке маалыматтар менен иштөөнү укуктук жөнгө салуу, жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо, жеке маалыматтарды коопсуз иштеп чыгууну камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун, тармактык стандарттарды, техникалык шарттарды, жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү нускамаларды, ошондой эле жеке маалыматтар жаатындагы ишти жөнгө салуу боюнча техникалык актыларды иштеп чыгуу;

2 ) жөнгө салуу, координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндө:

- жеке маалыматтарды жана жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен контролдоону ишке ашыруу;

- жеке маалыматтар массивин жана алардын кармоочуларынын (ээлеринин) эсебин жүргүзүү жана каттоо;

- жеке маалыматтар массивин кармоочуларынын (ээлеринин) реестрин түзүү жана жүргүзүү;

- жеке маалыматтар массивин кармоочуларынын (ээлеринин) жеке маалыматтарынын тизмелерин макулдашуу;

- мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеке маалыматтарды башка мамлекеттик кармоочуларынан (ээлеринен) алган жеке маалыматтардын колдонулушун контролдоо;

- жеке маалыматтардын башка кармоочуларында (ээлеринде) болгон жеке маалыматтарды мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишинде колдонуусун координациялоо;

- жеке маалыматтарды иштеп чыгууда, сактоодо жана берүүдө, анын ичинде электрондук башкаруу элементтерин колдонуу менен, маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосунда келип чыгуучу талаш маселелер боюнча сунуштарды берүү;

- жеке маалыматтардын маалыматтык системаларындагы жеке маалыматтардын мазмунуна жана аларды иштеп чыгууга карата, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууну камсыз кылууга контроль жүргүзүү;

- жеке маалыматтарды иштеп чыгууда алардын коопсуздугун камсыз кылуу практикасына мониторинг жүргүзүү, жеке маалыматтарды иштеп чыгууда алардын коопсуздугун камсыз кылуунун мыкты практикаларын жана стандарттарын жалпылоо жана жарыялоо;

- жеке маалыматтар субъекттерине алардын укуктарын ишке ашырууга жана коргоого көмөк көрсөтүү;

- жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуулар жөнүндө жеке маалыматтардын субъекттеринин кайрылууларын кароо жана корутундуларды чыгаруу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын бузууга байланышкан материалдарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүү;

- жеке маалыматтарды коргоону уюштуруу боюнча методикалык жардам көрсөтүү.

(КР Министрлер Кабинетинин2022-жылдын 4-мартындагы № 103токтомунун редакциясына ылайык)

10. Жөнгө салуу, координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү функциялар Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын, укук коргоо органдарынын жана укуктук режими "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган ыкчам-издөө, чалгындоо жана контрчалгындоо иштерин, расмий статистика өндүрүшүн жүргүзгөн органдардын ишинин натыйжасында алынган жеке маалыматтарга жайылтылбайт.

5. Агенттиктин укуктары

11. Агенттик өзүнө жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өз компетенциясынын чегинде Агенттиктин кызматчылары аткарууга милдеттүү болгон ведомстволук актыларды белгиленген тартипте кабыл алууга;

2) жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын натыйжалуу ишке ашыруу жана коргоо, жеке маалыматтарды коопсуз иштеп чыгууну камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү максатында маалыматтык чөйрөдөгү улуттук стратегияларды жана программаларды ишке ашырууга;

3) жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды колдонуу практикасына талдоо жүргүзүүгө жана жалпылоого;

31)жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча сын пикирлер жана сунуштамалар менен корутундуларды даярдоого;

4) чет мамлекеттердеги жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле эл аралык уюмдар менен жеке маалыматтарды коргоого байланышкан маселелер боюнча кызматташууга;

5) жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын ишке ашырууга жана коргоого, жеке маалыматтарды коопсуз иштеп чыгууну камсыз кылууга багытталган конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө, аталган маселелер боюнча тажрыйба алмашууга;

6) жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын натыйжалуу ишке ашыруу жана коргоо, жеке маалыматтарды коопсуз иштеп чыгууну камсыз кылуу маселелери боюнча илимий жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштурууга;

7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана/же жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;

8) зарыл болгон адистерди жана эксперттерди, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин (макулдашуу боюнча) ишке тартуу менен Агенттиктин компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн кеңештерди, комиссияларды, техникалык комитеттерди жана жумушчу топторду белгиленген тартипте түзүүгө жана алардын ишине катышууга;

9) өз ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жеке маалыматтар массивин кармоочуларынан (ээлеринен) зарыл болгон маалыматты "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаылайык суроого;

91)анык эмес же мыйзамсыз жол менен алынган жеке маалыматтарды тактоону, блоктоону же жок кылууну, жеке маалыматтарды коргоону жана коопсуздугун камсыз кылууга талаптагыдай чараларды көрүүнү жеке маалыматтарды кармоочулардан (ээлеринен) талап кылууга;

10) сот органдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана башка уюмдарда Агенттиктин кызыкчылыктарын билдирүүгө;

11) жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан келип чыккан башка укуктарды ишке ашырууга.

(КР Министрлер Кабинетинин2022-жылдын 4-мартындагы № 103токтомунун редакциясына ылайык)

6. Агенттиктин ишин уюштуруу

12. Агенттикти директор башкарат, аны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.

13. Агенттикте директордун орун басарынын кызмат орду каралган, аны Агенттиктин директорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана бөлүштүрүлгөн милдеттерине ылайык ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде Агенттиктин ишин уюштурат.

14. Агенттиктин директору:

1) Агенттиктин ишине жалпы жетекчилик кылат жана Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

2) Агенттиктин директорунун орун басарынын милдеттерин аныктайт;

3) Агенттиктин түзүмүн бекитет, аны Агенттиктин милдеттери жана функциялары өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана өзгөртүүгө болот. Мында Агенттиктин директорун дайындоо Агенттиктин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болбойт;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Агенттиктин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

5) Агенттиктин мамлекеттик кызматчыларынын санынын чеги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизет;

6) буйруктарга, жазма буйруктарга, протоколдорго, Агенттиктин чечимдерине, жамааттык келишимге кол коёт;

7) Агенттиктин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт.

8) Агенттиктин штаттык ырааттамасын бекитет;

9) Агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду, кызматтык нускамаларды жана кызматкерлердин милдеттерин бекитет.

(КР Министрлер Кабинетинин2022-жылдын 4-мартындагы № 103токтомунун редакциясына ылайык)

15. Агенттиктин иши жөнүндө отчеттор жыл сайын түзүлөт жана отчеттук кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирбестен Агенттиктин расмий сайтында жарыяланат.

7. Агенттиктин мүлкү жана аны каржылоо

16. Агенттиктин мүлкү (кыймылдуу жана кыймылсыз) Агенттикке ыкчам башкаруу укугунда берилген мамлекеттин менчиги болуп саналат.

17. Агенттиктин ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.

18. Каражаттарды сарптоо Агенттиктин директору бекиткен сметалардын негизинде, ошондой эле жамааттык келишимдин шарттарына ылайык учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.

8. Корутунду жоболор

19. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

20. Агенттиктин иши токтогон учурда, анын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаылайык сакталат жана пайдаланылат.