КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 21-ноябры № 759

Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу

"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 24-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартиби жана формасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) болуп эсептелген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, аткаруу бийлигинин системасына кирбеген мамлекеттик органдар (макулдашуу боюнча), юридикалык жактар (макулдашуу боюнча) ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министр

С. Исаков


                                                                                                                                                                              Тиркеме


Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартиби, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартиби жана


ФОРМАСЫ

1. Жалпы жоболор


1. Ушул Тартип жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын, анын ичинде электрондук документ формасында "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чогултууга жана иштетүүгө макулдугун алуунун формасын жана жол-жоболорун, ошондой эле жеке маалыматтарын үчүнчү тараптарга берүү фактысы жөнүндө жеке маалыматтар субъектисине билдирүүнүн милдеттүү жол-жоболорун белгилейт.

2. Ушул Тартип жеке маалыматтарды трансчегаралык берүүнү кошкондо, жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштетүү, пайдалануу, берүүнү ишке ашыруучу жеке маалыматтар массивинин кармоочусу (ээси) тарабынан колдонулат.

3. Ушул Тартипте колдонулган түшүнүктөр "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө", "Электрондук кол тамга жөнүндө", "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган маанилерде колдонулат.

2. Мамлекеттик жана (же) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн максатын кошкондо жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө жеке маалыматтар субъектисинин макулдугун, анын ичинде электрондук документ формасында алуу тартиби

4. Субъектинин макулдугун алуу максатында мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулардын жана (же) жеке маалыматтарды кармоочулардын (ээлеринин) расмий сайттарында жеке маалыматтарын иштетүүгө, анын ичинде ушул орган/жеке маалымат массивин кармоочу берген кызмат көрсөтүүлөрдү алууга зарыл болгон субъектинин макулдугунун формалары (кагаз түрүндөгү бланкы же электрондук документ формасында) жайгаштырылат.

5. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтар субъектисине өзүнүн жеке маалыматтарын берер алдында аны чогултулуучу маалыматтардын тизмеси, аларды чогултуу жана колдонуу негиздери жана максаттары, үчүнчү жакка жеке маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгү менен тааныштырууга, ошондой эле жеке маалыматтарды башкача пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө маалымдоого тийиш.

6. Жеке маалыматтар субъектиси өзүнүн жеке маалыматтарын кимдир-бирөөгө берүү маселесин өзү чечет жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинде каралган учурларды копшогондо, аларды эркин, аң-сезимдүү түрдө жыйноого жана иштетүүгө, аларды алуу фактысын ырастоого мүмкүндүк берүүчү формада берүүгө макулдугун берет.

Жеке маалыматтар субъекти жеке маалыматтарды жеке өзү же ишенимдүү адамы аркылуу берет.

7. Жеке маалыматтар субъектисинин макулдугу кагаз менен жазуу жүзүндө, же болбосо электрондук кол тамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кол коюлган электрондук документ түрүндө берилүүгө тийиш.

8. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү максатын кошкондо, жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө, анын ичинде электрондук документ формасында макулдугу (мындан ары - субъектинин макулдугу) төмөнкүлөрдү камтышы керек:

- жеке маалыматтар субъектисинин фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жеринин дареги (турган жери), ким экендигин ырастоочу документиндеги маалыматтар;

- жеке маалыматтар субъектисинин ишенимдүү адамынын (өкүлүнүн) фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жеринин дареги (турган жери), ким экендигин ырастоочу документиндеги маалыматтар, бул ишенимдүү адамдын (өкүлдүн) ыйгарым укугун ырастаган нотариалдык ишеним каттын же башка документинин реквизиттери (жеке маалыматтар субъектисинин ишенимдүү адамынан (өкүлүнөн) макулдук алууда);

- жеке маалыматтар субъектисинин макулдугун алуучу жана маалыматтар массивин кармоочунун (ээсинин) же иштетүүчүнүн аталышы же фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги;

- негизге көрсөткүчтөр жана жеке маалыматтарды топтоонун, колдонуунун, иштетүүнүн максаты;

- иштетүүгө жеке маалыматтар субъектисинин макулдугу берилүүчү жеке маалыматтардын тизмеги;

- иштетүүчүнүн аталышы же фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги (бар болсо);

- жеке маалыматтарды аткарууга макулдук берилген алар менен болгон иш-аракеттердин тизмеги, анын ичинде жеке маалыматтарды үчүнчү тараптарга берүү мүмкүнчүлүгү, жеке маалыматтарды башкача колдонуу мүмкүндүгү, жеке маалымат массивин кармоочу (ээси) колдонгон жеке маалыматтарды иштетүү ыкмаларынын жалпы баяндамасы;

- жеке маалыматтар субъектисинин макулдугунун жарактуу мөөнөтү, эгер "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкача аныкталбаса.

9. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу максатында жеке маалыматтар субъектисинин макулдугу ушул Тартиптин тиркемесине ылайык типтүү формада берилет.

10. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтарды иштетүүнүн (жана сактоонун) баардык мөөнөтүнүн ичинде жеке маалыматтар субъектисинин өзүнүн жеке маалыматтарын берүүгө жана анын жеке маалыматтарын иштетүү менен байланышкан жол-жоболорду аткарууга макулдугун далилдөөгө мүмкүндүк берген маалыматты сактоого милдеттүү, атап айтканда:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамга менен кол коюлган электрондук документтерди алмашуу аркылуу маалыматтык өз ара аракеттенүүдө - жеке маалыматтар субъектисинин же анын ишенимдүү адамынын (өкүлүнүн) электрондук кол тамга менен кол коюлган жана ушул Тартипте каралган жеке маалыматтарын иштетүүгө электрондук документ формасындагы жеке маалыматтар субъектисинин макулдугун камтыган электрондук документ;

- жеке маалыматтар субъектисинин же анын ишенимдүү адамынын (өкүлүнүн) логинин жана сыр сөзүн колдонуу менен жеке маалыматтар массивин кармоочунун (ээсинин) маалыматтык системасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн алуу жолу менен электрондук форматта маалыматтык өз ара аракеттенүүдө - аталган логинди жана сыр сөздү колдонуу менен маалыматтык системаны колдонуу фактысы жөнүндө маалыматтар, аталган логинди жана сыр сөздү колдонуу менен маалыматтык системадагы жеке маалыматтар субъектинин же анын ишенимдүү адамынын иш-аракеттеринин протоколу;

- электрондук документтерди же маалыматтык системаларды колдонбостон субъектинин жеке маалыматтарын иштетүү менен байланышкан жол-жоболорду жүзөгө ашырууда - жеке маалыматтарын иштетүүгө жеке маалыматтар субъектисинин макулдугун берген фактысын тастыктаган, жеке маалыматтарын (жеке маалыматтар субъектинин же анын ишенимдүү адамынын (өкүлүнүн) берген жактын өз кол тамгасы менен күбөлөндүргөн кагаз түрүндөгү документ.

3. Үчүнчү тарапка жеке маалыматтарын берүү фактысы жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүүнүн тартиби жана формасы

11. Жеке маалыматтарды бир жеке маалымат массивин кармоочудан (ээси) башкасына берүүгө, мындай өткөрүп берүү учурунда "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган жеке маалыматтар менен иштөөнү жүзөгө ашыруунун укуктук негиздери бар болгон учурда гана жол берилет.

12. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) үчүнчү тарапка жеке маалыматтары берилип жаткандыгы жөнүндө жеке маалыматтар субъектисине жеке маалыматтар берилген учурдан тартып бир жумалык мөөнөттүн ичинде билдирүүгө милдеттүү, буга "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун а) жана б) пунктчаларында каралган учурлар кирбейт. Бул учурда жеке маалыматтар субъектиси менен макулдашуу боюнча жана жеке маалыматтар массивин кармоочунун (ээсинин) каалоосу менен кабарлоонун формасы телефон аркылуу билдирүү, смс-билдирүү, кат менен, электрондук почта билдирүүсү болушу мүмкүн.

13. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтар субъектисинен жеке маалыматтарды алууда, андан байланыш маалыматтарын (жашаган жеринин (турган жеринин) дарегин, телефон номерин, электрондук почта дарегин) сурап алуусу керек, буларды колдонуу менен каалагандай ылайыктуу формада субъектиге анын жеке маалыматтарын үчүнчү тараптарга берүү фактысы жөнүндө билдирүү жиберүүгө болот.

Жеке маалыматтар субъектисинин байланыш маалыматтары жок болгон учурда жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) көпчүлүк учурда жетишпеген маалыматтарды мамлекеттик бийлик органдарынан же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан сурап алуу менен, же болбосо жалпыга жеткиликтүү болгон жеке маалыматтардын булагынан алуу менен субъектиге жеке маалыматтары үчүнчү тараптарга берилгендиги жөнүндө маалымдоо боюнча иш-аракеттерди көрөт.

Жеке маалыматтар субъектисинин байланыш маалыматтары субъектинин өзүнөн алынбаган учурларда жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) төмөнкүлөрдүн анык экендигин билүүгө тийиш:

- алынган байланыш маалыматтары түздөн-түз ошол жеке маалыматтар субъектисине тиешелүү экендигин (мисалы, субъект Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык системаларын пайдалануу менен идентификацияланган, же жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) анын ким экендигин ырастоо максатында алдын-ала жеке маалыматтар субъекти менен байланышкан);

- маалымат берүү максатында жеке маалыматтар субъектиси жөнүндө кошумча байланыш маалыматтарын топтоо жеке маалыматтар массивин түзүү аракеттери ишке ашырылган жеке маалыматтарды иштетүү максаттарына каршы келбегенин;

- билдирүү жиберүү максатында жеке маалыматтар субъектисинин байланыш маалыматтары суралган жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтарын үчүнчү тараптарга берүүгө жеке маалыматтар субъектисинин макулдугу алынгандыгын ("Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда).

14. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) кабарлоонун формасын субъект менен байланыш (телефон, смс-билдирүү, кат, электрондук почта аркылуу билдирүү менен) ыкмасына жараша жеке маалыматтар субъектиси менен макулдашуу боюнча тандайт. Бул учурда жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) субъектиге жеке маалыматтары үчүнчү тараптарга берилгендиги жөнүндө маалымдалгандыгынын далилин (каттардын көчүрмөсү, телефонограммалар, билдирүүлөр) сактоого жана аларды жеке маалыматтар субъектисине же алардын суроо талаптары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берүүгө тийиш.

15. Үчүнчү тарапка жеке маалыматтарын берүү жагдайлары жөнүндө жеке маалыматтар субъектисине маалымдоо максатында билдирүүнүн мазмунуна төмөнкү маалыматтар киргизилет:

- жеке маалыматтар массивин кармоочунун (ээси) же анын өкүлүнүн аталышы же болбосо фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги;

- жеке маалыматтарды берүүгө негиз;

- берилген жеке маалыматтардын курамы;

- жеке маалыматтарды иштетүү максаты жана иштетүү ыкмаларынын жалпы баяндалышы;

- жеке маалыматтарды алуунун булагы.

16. Эгер жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) өзүндө болгон маалыматтардын негизинде, жеке маалыматтарынын берилгендиги жөнүндө жеке маалыматтар субъектисине кабар бере албаса, субъектилер жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган учурда аларды идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды берүү менен, ал бул тууралуу, ошондой эле жеке маалыматтары берилгендиги жөнүндө ушундай жеке маалыматтар субъектисине маалымдоого жеке маалыматтар массивин кармоочусунун (ээсинин) көргөн аракеттери тууралуу маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү.

17. Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтары укукка туура келбеген шартта берилгендиги жөнүндө арызын алып, өзүнүн маалыматтык системасында жеке маалымат массивин кармоочунун (ээси) аталган жеке маалыматтар субъектисине маалымат берүү үчүн аткарган иш-аракеттери жөнүндө маалыматтарды токтоосуздан текшерүүгө алат жана аталган маалыматтар табылган учурда, бул тууралуу жеке маалыматтар субъектисине (жеке маалымат массивин кармоочунун байланыш маалыматтарын тиркөө менен) жана жеке маалымат массивин кармоочуга (жеке маалыматтар субъектиси жөнүндө байланыш маалыматтарын тиркөө менен) маалымдайт.

18. Жеке маалыматтары үчүнчү тараптарга берилгендиги жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине маалымат берүү максатында жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеке маалыматтар субъектилерин ыктыярдуу каттоону уюштурат жана жеке маалыматтар субъектиси берген байланыш маалыматтары сакталат. Жеке маалыматтар массивин кармоочудан (ээсинен) жеке маалыматтар субъектисине жеке маалыматтары берилгендиги жөнүндө маалымат берүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталгандардын ичинен жеке маалыматтар субъектисин идентификациялоо мүмкүн эместиги тууралуу билдирүү алынган учурда, жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеке маалыматтар субъектисине каттоо учурунда берген байланыш маалыматтарын колдонуу менен жеке маалыматтары берилгендиги тууралуу маалымат берет.


                                                                                                                                                                           Тиркеме

Жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө жеке маалыматтар субъектисинин макулдугунун
ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ

Калктуу конуш, күнү

Мен, ________________________________________________________________

(фамилиясы, аты, атасынын аты)

жашаган дареги ______________________________________________________

____________________________________________________________________

Ким экендигин ырастаган документ: ______________________________________

(документтин түрү)

серия ___________ № _________________________________________________


берилген ____________________________________________________________

(берилген күнү)

____________________________________________________________________

(ким тарабынан берилген)

(ишенимдүү жактар үчүн)

____________________________________________________ атынан иш жүргүзгөн

(фамилиясы, аты, атасынын аты)

жашаган дареги ________________________________________________________

Ким экендигин ырастаган документ: ________________________________________

(документтин түрү)

серия ____________ № __________________________________________________

берилген ______________________________________________________________

______________________________________________________________________

(берилген күнү)

______________________________________________________________________

(ким тарабынан берилген)

_____________________________________________________________ негизинде

                           (ишеним кат, мыйзам, башка укуктук акт)

эркин, аң-сезимдүү түрдө, өз эрким менен макулдук берем ______________________

_______________________________________________________________________

______________________________________________________________________

(маалыматтык системанын менчик ээси же ээлик кылуучунун аталышы, дареги, иштетүүчүнүн ФАА)

иштетүүгө (аткаруу ыкмасына карабастан, жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу,

топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз жеке

маалымат массивин кармоочу (ээси) аткарган, же болбосо анын тапшырмасы менен аткарылган кандай

болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле:

жеке маалыматтарды берүүгө (жеке маалымат массивин кармоочунун (ээси) "Жеке мүнөздөгү маалымат

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык жеке маалыматтарды

үчүнчү жактарга берүүсү;

жеке маалыматтарды трансчекаралык берүүгө (жеке маалыматтарды кармоочунун (ээси) башка

мамлекеттердин юрисдикциясында турган жеке маалыматтарды берүүсү) төмөнкүдөй жеке маалыматтарды:

1. _____________________________________________________________________________________

2. _____________________________________________________________________________________

3. _____________________________________________________________________________________

4. _____________________________________________________________________________________

5. _____________________________________________________________________________________

6. _____________________________________________________________________________________

7. _____________________________________________________________________________________

8. _____________________________________________________________________________________

талап кылынган маалыматтардын тизмеги көрсөтүлөт, мисалы: фамилиясы, аты, атасынын аты

(мурдагы фамилиясы, аты, атасынын аты, өзгөртүлгөн күнү, орду жана себептери (өзгөртүлгөн учурда);

төрөлгөн күнү жана орду; жарандыгы жөнүндө маалымат (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка

жарандыктары); билими жөнүндө маалымат (билим алган мекеменин аталышы жана аяктаган

жылы, билими жөнүндө документтин аталышы жана реквизиттери, квалификациясы, даярдыктан

өткөн багыты же билими жөнүндө документ боюнча адистиги); илимий даражасы жөнүндө маалымат;

чет тилдерди билүүсү жөнүндө маалымат, билүү деңгээли; спорттук наамы, спорттук разряды; жашаган

дареги (турган жери); байланыш телефон номери жана башка байланыштыруу ыкмалары жөнүндө

маалымат; ким экендигин ырастаган документтин түрү, сериясы, номери, берген органдын аталышы,

берилген күнү; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу

күбөлүгүнүн номери; милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин реквизиттери; аскерге

милдеттүүлүгү, аскердик каттоосу боюнча маалымат (запастагы жана аскер кызматына чакырыла турган

жарандар үчүн); үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлөсүнүн курамы; эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө

маалымат (аскер кызматы, айкалыштырып иштөө, ишкерлик ж.б. кошо); мамлекеттик сыйлыктары,

башка сыйлыктары жана артыкчылык белгилери (ким жана качан сыйлаган); соттуулугу бар же жоктугу

жөнүндө маалымат; киреше, чыгаша, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө

маалымат; өз сүрөтү).

Мага мамлекеттик (муниципалдык) кызматтарды көрсөтүү максатында жогоруда аталган жеке

маалыматтарды иштетүүгө берем _______________________________________________

_______________________________________________________________________________

(кызмат көрсөтүүнүн аталышы көрсөтүлөт)

Мен төмөнкүлөр менен таанышып чыктым:

1) жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук, ушул макулдукка кол коюлган күндөн тартып мага

мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөр берилген жана Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалыматтарды сактоо мөөнөтүнүн ичинде жарактуу;

2) жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдукту эркин формада жазылган кат жүзүндөгү арыздын негизинде

кайта сурап алууга болот;

3) жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук кайта сурап алынган учурда "Жеке мүнөздөгү маалымат

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 15-беренелерине ылайык менин жеке

маалыматтарымды иштетүүнү толук же жарым-жартылай улантууга болот.


Жеке маалыматтар иштетилип башталган күн: _____________________________

(жыл, күн, ай)


20____-ж. "____" _______________

________________________________________________ _____________________________

Колу                                                     Ф.А.А.