КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2022-жылдын 18-ноябры № 638

Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестрине жеке маалыматтар массивдерин кармоочуларды (ээлерин), жеке маалыматтар массивдерин жана жеке маалыматтар тизмесин каттоо, ошондой эле аны жүргүзүү жана жарыялоо тартибин бекитүү жөнүндө

"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 30-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестрине жеке маалыматтар массивдерин кармоочуларды (ээлерин), жеке маалыматтар массивдерин жана жеке маалыматтар тизмесин каттоо, ошондой эле аны жүргүзүү жана жарыялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынганга чейин жеке маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну жана сактоону баштаган уюмдар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестринде эсептик каттоодон өтүүгө тийиш.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин   Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы


А.Жапаров






Тиркеме



(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2022-жылдын 18-ноябрындагы 
 № 638 токтомуна)

Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестрине жеке маалыматтар массивдерин кармоочуларды (ээлерин), жеке маалыматтар массивдерин жана жеке маалыматтар тизмесин каттоо, ошондой эле аны жүргүзүү жана жарыялоо
 ТАРТИБИ

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестрине жеке маалыматтар массивдерин кармоочуларды (ээлерин), жеке маалыматтар массивдерин жана жеке маалыматтар тизмесин каттоо, ошондой эле аны жүргүзүү жана жарыялоо жол-жобосун аныктайт.

2. Ушул Тартиптин максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- жеке мүнөздөгү маалыматты пайдаланууда инсандын укуктары менен эркиндигин коргоо жана бул маалыматты коргоо;

- жеке маалыматтар массивдерин кармоочуларды (ээлерин) эсепке алуу;

- жеке маалыматтар массивдерин эсепке алуу;

- жеке маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо процесстеринде айкындуулук шарттарын түзүү;

- жеке маалыматтар массивдерин контролдоону белгилөө;

- жеке мүнөздөгү маалымат менен иштөө тартибин белгилөө;

- так жана күн мурунтан аныкталган, жарыяланган жана мыйзамдуу максаттар үчүн жеке маалыматтарды чогултууну жана бул максаттарга каршы колдонбоону камсыз кылуу.

3. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) (мындан ары - кармоочу) жеке маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу башталганга чейин жеке маалыматтарды пайдалануу боюнча ал тарабынан жүзөгө ашырылуучу милдеттерге талдоо жүргүзөт жана жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоодон өтөт.

4. Максаттар бир жактуу, мыйзамдуу болууга жана кармоочу тарабынан жүзөгө ашырылуучу милдеттерге ылайык келүүгө тийиш.

5. Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестри (мындан ары - Реестр) кармоочулардын жана жеке маалыматтар массивдерин, ошондой эле тигил же бул жеке маалыматтар массивдерине киргизилүүчү жеке маалыматтардын тизмелерин мамлекеттик эсепке алуунун бирдиктүү тутумун билдирет.

6. Реестр жалпыга жеткиликтүү мүнөзгө ээ.

7. Реестрге кирүү Интернет тармагы аркылуу жүзөгө ашырылат, андыктан кошумча жарыялоо талап кылынбайт.

8. Төмөнкүлөр Реестрге киргизилүүгө тийиш:

- жеке маалыматтар массивинин аталышы;

- жеке маалыматтар массиви менен иш жүргүзгөн кармоочунун аталышы жана реквизиттери (дареги, менчигинин түрү, баш ийүүчүлүгү, телефону, жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты, электрондук почтасы, факсы);

- жеке маалыматтарды чогултуунун жана пайдалануунун максаттары жана ыкмалары;

- аларды сактоо режимдери жана мөөнөттөрү;

- чогултулуучу жеке маалыматтардын тизмеси;

- жеке маалыматтар субъекттеринин категориялары же топтору;

- жеке маалыматтарды чогултуу булактары;

- субъекттерге алардын жеке маалыматтарын чогултуу жана мүмкүн болгон берүү жөнүндө маалымдоо тартиби;

- жеке маалыматтардын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар;

- жеке маалыматтар менен иштөөгө түздөн-түз жооптуу адам;

- маалыматтар берилиши мүмкүн болгон алуучулар же алуучулардын категориялары;

- жеке маалыматтарды болжолдуу трансчегаралык өткөрүп берүү.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде мамлекеттик сырга кирген маалыматтарды камтыган жеке маалыматтар массивдери Реестрге киргизилүүгө жатпайт.

9. Реестр жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук формада жүргүзүлөт.

10. Реестрге каттоо ушул Тартипке ылайык кармоочулар тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат.

11. Реестрге кармоочуларды каттоо жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна электрондук формада толтурулган өтүнмө берилген учурдан тартып жүзөгө ашырылат.

12. Толук эмес же туура эмес маалымат киргизилген учурда кармоочу жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган туура эмес маалыматтарды четтетүүгө тийиш.

13. Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен кармоочулардын ортосунда Реестрди жүргүзүү маселелери боюнча кат алышуулар электрондук документ жүгүртүүнү, электрондук почтаны пайдалануу менен кагаз жүзүндө жүргүзүлөт.

14. Реестрде каттоо жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты аркылуу ("Реестр" бөлүмүндө) Интернет тармагынын жардамы менен акысыз негизде жүргүзүлөт.

2. Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестринде каттоонун тартиби 

15. Реестрге каттоо үч этаптан турат. Алгачкы эки этаптын жүрүшүндө кармоочу Реестрде каттоо номерин алуу үчүн электрондук формаларды толтурат. Үчүнчү этаптын жүрүшүндө кармоочу өз функцияларын жана максаттарын ишке ашыруунун алкагында маалыматтарды чогултууну, иштетүүнү жана сактоону жүзөгө ашыруу үчүн жеке маалыматтар тизмелерин макулдашуу жана каттоо жол-жобосунан өтөт.

16. Реестрге кармоочуларды каттоо юридикалык жактын булуттук электрондук кол тамгасы аркылуу Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун жардамы менен Реестрде авторлоштурулгандан кийин жүргүзүлөт.

17. Реестрге кармоочуларды жана жеке маалыматтар массивдерин каттоо төмөнкүдөй түрдө жүзөгө ашырылат:

1) Реестрге кармоочуну жана жеке маалыматтар массивин каттоо, ошондой эле өзгөртүүлөрдү киргизүү жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жүргүзүлөт;

2) жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында каттоодон өтүү үчүн навигациялык панелде "Реестр" бөлүмүнө өтүү керек;

3) Реестрге каттоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн идентификациялоо жана авторлоштуруу процесси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 "Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жободо аныкталган эрежелер боюнча Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу ишке ашырылат;

4) идентификациялоо жол-жобосунан өткөндөн кийин кармоочу каттоо формаларын толтурууга жана Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө киришет;

5) каттоо формаларына "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясына ылайык кармоочу жөнүндө маалымат киргизилет;

6) жылдызчалар менен белгиленген талаалар толтуруу үчүн милдеттүү болуп саналат;

7) кармоочунун аталышы кыскартууларсыз кириллица менен толтурулат;

8) өтүнмөнүн талааларында маалыматтарды тизмелөөдө аталыштар бирден көп болсо, маалыматтар үтүр же чекиттүү үтүр аркылуу талаага киргизилет.

18. Реестрде каттоонун бардык этаптарынан өтүү кармоочу катары катталуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.

19. Каттоо формасынын биринчи бөлүгүнө, башкача айтканда юридикалык жактын каттоо маалыматтарына тиешелүү талаалар автоматташтырылган тартипте юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасынан ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу толтурулат.

Мында кармоочу жеке маалыматтар менен иштөөгө түздөн-түз жооптуу адамдын актуалдуу байланыш маалыматтарын, ошондой эле өзүнүн иш жүзүндөгү жайгашкан жеринин дарегин көрсөтүшү керек.

20. Каттоо формасынын экинчи этабынын талаалары кармоочу тарабынан актуалдуу маалыматтар менен толтурулат, сунушталган варианттарга белгилер коюлат же калкыма терезелерден сунушталган варианттар тандалат, анын ичинде:

- жеке маалыматтар массивинин аталышы;

- аларды сактоо режимдери жана мөөнөттөрү;

- субъекттерге алардын жеке маалыматтарын чогултуу жана мүмкүн болгон берүү жөнүндө маалымдоо тартиби;

- жеке маалыматтардын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар;

- жеке маалыматтар менен иштөөгө түздөн-түз жооптуу адамдын байланыш маалыматтары;

- маалыматтар берилиши мүмкүн болгон алуучулар же алуучулардын категориялары;

- жеке маалыматтарды трансчегаралык өткөрүп берүүнүн болушу же жоктугу;

- жеке маалыматтарды иштеп чыгууну токтотуу мөөнөтү же шарты.

21. Жеке маалыматтардын тизмелерин каттоо Реестрге каттоонун үчүнчү жана акыркы этабы болуп саналат, анын жүрүшүндө төмөнкүлөрдү камтыган чогултулуучу жеке маалыматтардын тизмелери жөнүндө маалымат толтурулат:

- чогултулуучу жеке маалыматтар тизмеси;

- жеке маалыматтар субъекттеринин категориялары же топтору;

- жеке маалыматтарды чогултуу булактары;

- жеке маалыматтарды чогултуу жана пайдалануу максаттары жана ыкмалары.

22. Катталган кармоочу үчүнчү этапта чогултулуучу жеке маалыматтар тизмелери жөнүндө маалыматтарды (максаттарын жана милдеттерин көрсөтүү менен) Реестрге киргизет.

23. Жеке маалыматтар тизмелери жөнүндө киргизилген маалыматтар жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашууга жана Реестр аркылуу каттоого жиберилет, андан кийин кармоочу өтүнмө кароого кабыл алынгандыгы жөнүндө автоматтык кабарламаны алат.

24. Өтүнмө берилгенден кийин кармоочу Реестрде уникалдуу каттоо номерин алат. Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өтүнмөнү макулдашуу жол-жобосу кармоочулардан электрондук өтүнмө алынган учурдан тартып 10 (он) жумуш күндөн ашпоого тийиш.

Реестрде каттоодон өтүүнүн жыйынтыгы боюнча кармоочу жеке мүнөздөгү маалымат жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана сактоого укук алат.

3. Ушул Тартиптин аткарылышын контролдоо жана корутунду жоболор

25. Негиздемеде "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келбестиктер, анын ичинде жеке маалыматтар массивдерин каттоого, киргизилген маалыматтын толуктугуна тиешелүү маселелерде так эместиктер болгон учурларда, ошондой эле чогултулган жеке маалыматтар так жана күн мурунтан аныкталган жана билдирилген максаттарга ылайык келбеген учурда жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан толтурулган өтүнмө боюнча толук жана бөлүктөрү боюнча да негизделген сын пикирлер киргизилет.

26. Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каттоо формасын толтуруу боюнча негиздүү сын пикирлери алынган учурда, кармоочу сын пикирлер алынгандан кийин 10 (он) жумуш күндүн ичинде тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.

27. Каттоого берилген өтүнмөлөр боюнча жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сын пикирлери Реестрдеги комментарийлер түрүндө берилет. Кошумча электрондук документ жүгүртүүнү, электрондук почтаны пайдалануу менен кагаз жүзүндө каттар жиберилиши мүмкүн.

28. Өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жана жетиштүү тизмелерди андан ары жаңылоо кармоочу тарабынан Реестрде каттоого электрондук өтүнмөнү редакциялоо аркылуу жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.

29. Кармоочу Реестрге киргизилүүчү маалыматтардын аныктыгын жана актуалдуулугун камсыз кылууга, ошондой эле жеке маалыматтарды чогултуунун так жана күн мурунтан аныкталган, жарыяланган жана мыйзамдуу максаттарына так ылайык алардын сакталышын жана иштетилишин камсыз кылууга тийиш.

30. Жеке маалыматтар тизмелерин каттоо жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды чогултуунун күн мурунтан аныкталган, жарыяланган жана мыйзамдуу максаттарына ылайыктуулугу толук ырасталгандан кийин жүзөгө ашырылат.

31. Реестрге каттабастан жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого жана иштеп чыгууга тыюу салынат жана укук бузуулар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

32. Каттоодо жеке маалыматтар тизмелерин макулдашуу процессинде жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каршы пикирлери кармоочу тарабынан көп жолу (5 жолудан көп) жоюлбаган учурда каттоо токтотулат, ал эми аныкталган каталарды, так эместиктер жана ылайык келбестиктер четтетилбестен кайрадан берилген өтүнмөлөр каттоого кабыл алынбайт.

Реестрге каттоону токтото туруу жөнүндө жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерине каршы пикирлер жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт жана ал тарабынан "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте каралат.

33. Жеке маалыматтар тизмелерин макулдашуулар жана каттоого өтүнмөлөрдүн жоктугунун натыйжасында кармоочу Реестрде активдүү жазуу жүргүзбөгөн учурда кармоочунун жеке маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болот, анткени мындай каттоо толук эмес деп эсептелет.

34. Кармоочу катары каттоону токтотуу/убактылуу токтотуу жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ырастоочу документтер, анын ичинде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бар болсо, кармоочунун арызы боюнча, себептерин көрсөтүү менен жеке маалыматтарды иштеп чыгуу токтотулган/убактылуу токтотулгон учурда мамлекеттик органдардын суроо-талаптары жана талаптары боюнча, ошондой эле кармоочунун ишинин түрүнүн алмашылгандыгынын жана кармоочунун ишин токтотуу катталгандыгынын натыйжасында жүргүзүлөт.

35. Кармоочу катары каттоону токтотуу/убактылуу токтотуу каттоону токтотуунун себептерин бир убакта көрсөтүү менен аны көрүү үчүн жеткиликтүү кылып калтыруу аркылуу Реестрдеги жазууну архивдик сактоо формасына которот.

36. Ушул Жобо киргизилгенге чейин жеке маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну жана сактоону жүзөгө ашырган кармоочулар кармоочуну алгачкы каттоо үчүн каралган тартипте эсептик каттоодон өтүшөт. Ошол эле учурда эсептик каттоодон өткөнгө чейин кармоочу жеке маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну жана сактоону токтотпойт.