КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

Бишкек шаары, 2023-жылдын 28-марты № 134-т

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:

1. 2020-жылдын 18-декабрында кол коюлган Жеке маалыматтар менен алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы


А.Жапаров




Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2023-жылдын 28-мартындагы
 N 134-т тескемеси менен
 жактырылган

2020-жылдын 18-декабрында кол коюлган Жеке маалыматтар менен алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 КОРУТУНДУСУ

2020-жылдын 18-декабрында кол коюлган Жеке маалыматтар менен алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу ушул Макулдашууну ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалган.

Макулдашуунун алкагында маалыматтарды алмашуу жүргүзүлөт, атап айтканда төмөнкүлөр жөнүндө:

- Макулдашуунун Тараптарынын жарандыгы бар экендиги (жоктугу);

- Тараптардын аймагында туруктуу болууга (жашоого) укук берүүчү документтердин бар экендиги;

- Тараптардын жарандарынын, үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын жашаган жери (турган жери) боюнча миграциялык каттоого коюу же каттоо;

- Макулдашуунун Тараптарынын аймагына кирүүгө укук берүүчү визаларды берүү;

- Тараптардын аймактарында жеке маалыматтар субъектинин атына катталган кыймылсыз мүлк;

- Тараптардын аймактарында жеке маалыматтар субъектинде болгон мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер;

- Тараптардын аймактарында жеке маалыматтар субъектин кылмыш-жаза же административдик жоопкерчиликке тартуу;

- ким экендигин ырастоочу документтер.

2017-жылдын ичинде Макулдашуунун долбоору министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу процессинен өттү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 22 буйругу менен Макулдашуунун долбоору жактырылган.

2020-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Турдумаматович Мамытов тарабынан Жеке маалыматтар менен алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Макулдашуу 17-берененин 1-пунктуна ылайык ага кол койгон Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө үчүнчү билдирүүнү депозитарий алган датадан тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Макулдашууга Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы тарабынан кол коюлган.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин маалыматына ылайык бүгүнкү күндө аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылышы жөнүндө билдирүүлөр Казакстан Республикасынан жана Россия Федерациясынан келип түшкөн.

Ошентип, Макулдашуу кыргыз тараптан аталган жол-жоболор аяктагандан кийин гана күчүнө кирет.

Жогоруда баяндалгандар менен катар Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбей тургандыгын белгилейбиз.

Макулдашууну ратификациялоо социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.