КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ


2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58Бишкек шаары

Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө

 (КР2017-жылдын 20-июлундагы № 129,2021-жылдын 29-ноябрындагы №142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


 

Ушул Мыйзам жеке маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана пайдаланууга байланыштуу адамдын жана жарандын эркиндиги менен укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз РеспубликасынынКонституциясыменен мыйзамдарына ылайык жалпы кабыл алынган эларалык ченемдердин жана принциптердин негизинде жеке маалыматтар менен иштөөнү укуктук жактан жөнгө салууга багытталган.

1-глава
Жалпы жоболор

1-статья. Ушул Мыйзамдын максаттары

Ушул Мыйзамдын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- жеке маалыматтар менен иш жүргүзүү чөйрөсүндө максаттуу багытталган мамлекеттик саясатты жандандыруу;

- жеке мүнөздөгү маалыматты пайдаланууда инсандын эркиндиги менен укуктарын коргоо жана ошол маалыматты коргоо;

- жеке мүнөздөгү маалымат менен иштөөнүн шарттарын аныктоо;

- мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ошондой эле юридикалык жактар тарабынан жеке мүнөздөгү маалыматтар массивдерин түзүү тартибин аныктоо;

- жеке мүнөздөгү маалыматтын субъекттеринин, ушундай маалымат массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) жана алуучуларынын милдеттерин жана укуктарын аныктоо;

- жеке мүнөздөгү маалымат менен иш жүргүзүү тартибин жана мамлекеттик жөнгө салуу тариздерин, ошондой эле анын сакталышын камсыз кылуу шарттарын белгилөө.

2-статья. Ушул Мыйзамдын иштөө чөйрөсү

1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууда маалыматтык технологияларды пайдаланууну кошкондо, колдонулган каражаттарга карабастан ошол маалымат менен иштегенде пайда болгон мамилелерге жайылтылат.

2. Ушул Мыйзамдын күчү, эгерде жеке мүнөздөгү маалымат субъекттеринин укуктары бузулбаса, андажеке адамдын өздүк, үйбүлөлүк же чарбалык иштерине байланыштуу жеке маалыматтарды сактоого, иштеп чыгууга жана пайдаланууга жайылбайт.

(КР2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Терминдер жана аныктамалар

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги терминдер жана аныктамалар колдонулат:

Жеке мүнөздөгү маалыматтар (жеке маалыматтар)- конкреттүү адам жөнүндө материалдык сактоочулар жазылган маалымат, ал конкреттүү адам менен окшоштурулат же окшоштурулушу мүмкүн, ушул адамды түз же кыйыр анын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык түрдүүлүгү үчүн анын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык идентификация үчүн мүнөздүү болгон бир же бир нече факторлорго шилтеме жасоо жолу менен идентификациялоого мүмкүндүк берет.

Жеке маалыматка: өмүр баяны жана таанууга арналган маалыматтар, жеке мүнөздөмөлөр, үй-бүлөлүк абалы, каржылык абалы, ден соолугу ж.б. жөнүндө маалыматтар кирет.

Жеке маалыматтар тизмеси- бир субъект жөнүндө маалыматтар категорияларынын тизмеси.

Жеке маалыматтар массиви- маалыматты алып жүрүүчүнүн түрүнө жана аларды иштеп чыгууда колдонулган каражаттарга карабастан (архивдер, картотекалар, маалыматтардын электрондук базасы ж.б.) аныкталбаган сандагы субъекттердин жеке маалыматтары таризделген жыйынды.

Жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массивдери- жалпы колдонууга арналган жана аларга жетүү кандайдыр бир мыйзам менен чектелбеген жеке маалыматтар массиви (маалымдамалар, телефон китептери, даректер китептери ж.б.).

Жеке маалыматтардын купуялуулук режими- жеке маалыматтарга жетүү аларды өткөрүп берүү, көрсөтүү жана сактоо шарттарынын чектелишин аныктаган ченемдик жактан белгиленген эрежелер.

Жеке маалыматтар субъекти (субъект)- тиешелүү жеке маалыматтар таандык болгон адам.

Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси)- ушул Мыйзамга ылайык жеке маалыматтардын чогултулушун, сакталышын, иштеп чыгышын жана пайдаланышын контролдогон, жеке маалыматтардын максатын жана категорияларын аныктоо ыйгарым укугу жүктөлгөн мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар.

Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган)- жеке маалыматтарды иштеп чыгууну ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүүнү, жеке маалыматтардын субъекттеринин (субъекттердин) укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоону, Жеке маалыматтардын массивин кармоочулардын реестрин жүргүзүүнү, ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды камсыз кылуу боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган.

Иштеп чыгуучу- жеке маалыматтын кармоочу (ээси) аныктаган, аны менен түзүлгөн келишимдик негизде жеке маалыматты иштеп чыгууну жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак.

Жеке маалыматтарды алуучу- ушул Мыйзамга ылайык жеке маалыматтар берилген жана көрсөтүлгөн юридикалык же жеке жактар, мамлекеттик бийлик органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле жеке маалыматтар субъекти (субъект).

Жеке маалыматтарды чогултуу- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) тарабынан ошол маалыматтардын субъектинен же башка булактардан мыйзамдуу негизде жеке маалыматтарды алуу жолжобосу.

Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу- жеке маалыматтарды чогултуу, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топторго бөлүү, жаап коюу, өчүрүү же бузуу максатында автоматташкан каражаттар менен же андай болбогондо жеке маалыматтарды кармоочунун (ээсинин) тапшырмасы-боюнча ыкмага карабай аткарылган операциялар топтому же ар кандай операция.

Жеке маалыматтар субъектинин макулдугу-ушул Мыйзамда каралган формада адамдынтаризде эркин, конкреттүү, сөзсүз жана түшүнүү менен өз эркин билдирүүсү, ага ылайык субъект өзүнүн жеке маалыматтары менен иш жүргүзүү аркылуу байланышкан жол-жоболорду аткарууга макулдугун бергендиги жөнүндө билдирүүсү.

Жеке маалыматтарды өткөрүп берүү- ушул Мыйзамга жана эл аралык келишимдерге ылайык жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) тарабынан үчүнчү жактарга жеке маалыматтарды өткөрүп берүү.

Жеке маалыматтарды трансчегаралык өткөрүп берүү- жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) тарабынан башка мамлекеттердин юрисдикциясындагы жеке маалыматтарды кармоочуларга (ээлерине) өткөрүп берүү.

Жеке маалыматтарды актуалдаштыруу- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген жол-жоболорго ылайык жеке маалыматтарга өзгөртүүлөрдү изин-суутпай киргизүү.

Жеке маалыматтарды жаап коюу- жеке маалыматтарды өткөрүп берүүнү, такталышын, пайдаланышын жана жоюлушун убактылуу токтотуу.

Жеке маалыматтарды жок кылуу (өчүрүү же бузуу)- жеке маалыматтарды кармоочунун (ээсинин) ошол маалыматтарды калыбына келтирилбес абалга жеткирүү боюнча аракети.

Жеке маалыматтарды ээсиздендирүү- жеке маалыматтардан аларды конкреттүү адам менен окшоштурган бөлүгүн алып салуу.

Жеке маалыматтардын тутуму- маалымат базасында сакталган жеке маалыматтардын жана аларды иштетүүнү камсыз кылуучу маалымат технологияларынын жана техникалык каражаттардын жыйындысы.

(КР2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Жеке маалыматтар менен иштөөнүн негизги принциптери

1. Жеке маалыматтар ушул Мыйзамда каралган тартипте алынып, иштелип чыгышы керек.

2. Жеке маалыматтар так жана алдын ала аныкталган жарыяланган жана мыйзамдуу максаттарга чогултулушу керек, бул максаттарга каршы колдонулушу жана мындан ары да ушул максаттарга кандайдыр бир туура келбей турган ыкмалар менен иштеп чыгууга тыюу болбойт.

3. Алгачкы маалыматтар так болушу керек жана зарылчылыкка жараша жаңыланышы керек.

4. Жеке маалыматтарды топтоо максатын талап кылган мөөнөттөн узак сакталбашы керек, максатын жеткенден же зарылдыгы өткөндөн кийин ал жоюлууга тийиш.

5. Тарыхый же башка максаттарга узак мөөнөткө сакталган жеке маалыматтар үчүн алардын корголушун камсыз кылууга керектүү кепилдиктер белгилениши зарыл.

6. Маалыматты автоматташтырып иштеп чыгуу үчүн ар кандай максатта кармоочулар (ээлери) тарабынан чогултулган жеке маалымат массивдерин бириктирүүгө уруксат берилбейт.

7. Жеке маалыматтар мыйзамсыз жеткиликтүү болгондон, толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн жана жок кылуудан жеке маалымат массивдерин кармоочулары (ээлери) тарабынан сакталышы жана корголушу керек.

8. Жеке маалыматтар менен иштөөнүн негизги принциптери биротоло бүткөн мүнөзгө ээ болбойт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толукталышы мүмкүн.

2-глава
Жеке маалыматтар менен иштөөнүн мыйзамдуулук шарттары

5-статья. Жеке маалыматтар менен жумушту жүзөгө ашырууда укуктук негиздер

Жеке маалымат массивин кармоочусу (ээси) тарабынан жеке маалыматтар менен жумуш төмөнкү учурларда гана жүргүзүлүшү мүмкүн:

- эгерде жеке маалымат субъекти аны менен иш жүргүзүүгө өзүнүн макулдугун берсе;

- мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенциясын аткаруу үчүн зарыл болгон учурда;

- кармоочулардын (ээлердин) мыйзамдуу кызыкчылыгына жетүү үчүн керек болгон учурда;

- эгерде ал кызыкчылыгын ишке ашыруу жеке маалыматтарды иштеп чыгууда жеке маалымат субъекттердин эркиндигин жана укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбаса;

- жеке маалымат субъектинин кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгон учурда;

- эгерде жеке маалыматтарды иштеп чыгуу журналистика, көркөм же адабий чыгармачылык максатында гана жеке турмуштун жана сөз эркиндигинин кол тийбестик укугун сактоо менен мындай аракеттер жеке маалыматтар субъекти менен макулдашып жүзөгө ашырылганда.

6-статья. Жеке маалыматтардын укуктук режими

1. Кармоочунун (ээсинин) карамагында болгон жеке маалыматтар ушул Мыйзамда белгиленген учурдан башка жашырын маалымат болуп саналат.

2. Жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) жана иштеп чыгуучу ошол маалыматтарга уруксатсыз кирүүгө жол берилбеши үчүн, аларды жаап коюуга же өткөрүп берүүгө жана аларды капысынан же санкциясыз жок кылууга, өзгөртүүгө же жоготуп жиберүүгө жол берилбеши үчүн жеке маалыматтардын корголушун камсыз кылууга милдеттүү.

3. Жеке маалыматтардын купуялуулук (жашырындык) режими төмөнкү учурларда алынат:

- жеке маалыматтар ээсиздендирилгенде;

- жеке маалымат субъектинин каалоосу боюнча.

4. Укук коргоо органдардын аракетинин натыйжасында алынган жеке маалыматтардын укуктук режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

4-1. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында жеке маалыматтар менен иштөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Субъекттин каалоосу боюнча анын жеке маалыматтары үчүн жалпыга жеткиликтүү маалымат режими белгилениши мүмкүн (библиографиялык маалымдамалар, телефон китептери, дарек китептери, жеке кулактандыруу ж.б.). Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалымат жалпы мүнөзгө ээ болууга тийиш болгон учурлар кирбейт.

6. Жеке маалымат субъектинин каза тапкан учурунан тартып жеке маалыматтардын укуктук режими архивдик сактоо режимине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка бир укуктук режимге алмаштырууга туура келет.

7. Каза болгон адамдын жеке маалыматтарын коргоо башка адамдар тарабынан, анын ичинде мураскорлору тарабынан да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.

(КР2021-жылдын 29-ноябрындагы N 142Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-статья. Жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массивдери

1. Коомду маалымат менен камсыз кылуу максатында жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массивдери түзүлүшү мүмкүн (маалымдамалар, телефон китептери, дарек китептери ж.б.).

2. Жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массивдерине субъекттин кат түрүндө макулдугу боюнча төмөнкү жеке маалыматтар киргизилиши мүмкүн - аты-жөнү, туулган жери жана жылы, жашаган жеринин дареги, байланыш телефонунун номери, кесиби жөнүндө маалымат, субъект өзү берген жана/же жеке маалыматтардын башка жалпыга жеткиликтүү массивдеринен, ачык булактардан алынган башка маалыматтар, эгер алар жеке маалымат субъекттин макулдугу менен түзүлсө.

3. Эгерде жеке маалыматтарды жалпыга жеткиликтүү массивинин кармоочусу (ээси) жеке маалыматтардын ачык булактардан же жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү башка массивдеринен алган болсо, жалпыга жеткиликтүү массивин кармоочу (ээси) субъекттин суроо-талабы боюнча анын жеке маалыматтарынын мазмуну, аларды алган булактары жана колдонуу максаты жөнүндө бир жумалык мөөнөттө маалымдашы керек.

4. Конкреттүү субъекттин жеке маалыматтары, жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) тарабынан жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массивинен басмадан чыккан учурда кийинки тиражынан ошол субъекттин тескемесинен же укук коргоо органдын чечиминин негизинде токтоосуз алынып салынат.

5. Жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массиви үчүн купуялуулук режим белгиленбейт.

8-статья. Жеке маалыматтардын атайын категориялары

1. Расалык же этностук теги, улуттук таандыгы, саясий, диний же философиялык көз караштары жана ден соолугуна, сексуалдык адатына ушул факторлорду ачыкка чыгаруу максатында гана тийиштүү жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого жана колдонууга тыюу салынат.

2. Ушул статьянын 1-бөлүгү төмөнкү учурларда колдонулбайт:

а) эгерде жеке маалымат субъекти ошол маалыматтарды жарыялоого жана аны менен иштөөгө макулдугун берсе;

б) эгерде жеке маалымат менен иштөө субъекттин, башка адамдын же тийиштүү адамдар тобунун ден соолугун жана коопсуздугун коргоо үчүн зарыл болсожана жеке маалыматтардын субъектинин макулдугун алуу мүмкүн болбосо.

(КР2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-глава
Жеке маалыматтар субъектинин укуктары

9-статья.Жеке маалыматтардын субъектинин анын жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө макулдугу

1. Жеке маалымат субъекти бул Мыйзамдын15-статьясындакаралган учурларды кошпогондо өзүнүн ар кандай жеке маалыматтарын башка бирөөгө берүү жөнүндө маселени өз алдынча чечетжана аны алуу фактысы далилдене тургандай таризде аны иштетүүгө эркин түрдө, билип туруп аң-сезими менен макулдугун берет. Жеке маалыматтар субъект тарабынан же болбосо анын ишенимдүү адамы тарабынан берилет.

Субъекттин макулдугу кагаз жүзүндө жазуу түрүндө же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамга коюлган электрондук документ таризинде билдирилиши керек.

2. Өзүнүн эркиндигин жана укуктарын ишке ашыруу максатында субъект маалыматтарды жана алардын өзгөрүлүшү жөнүндө маалыматты өзүнүн компетенциясынын чегинде жеке маалымат менен иштегенге укугу бар тийиштүү мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берет.

3. Өзүнүн жеке маалыматтарын көрсөтүүнүн алдында субъект жеке маалымат массивин кармоочусунан (ээсинен) чогултула турган маалыматтардын тизмеги, аларды чогултуу жана колдонуу негиздери жана максаттары менен тааныш болушу керек, жеке маалыматтарды үчүнчү тарапка берүү мүмкүнчүлүгү жана жеке маалыматтарды башкача колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алышы керек.

4. Жеке маалымат субъекти өзүнүн маалыматтарын көрсөтүүдөн баш тарткан учурда өзүнүн баш тартуусунун себебин көрсөтпөөгө укугу бар.

5. Жеке маалыматтардын субъектинен жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга анын макулдук бергендигин далилдеп берүү же ушул Мыйзамдын8-статьясынын2-бөлүгүндөгү "б" пунктчасында,15-статьясынын1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздердин болгондугунун далилдеп берүү милдеттенмеси жеке маалыматтар массивин кармоочуга (ээсине) жүктөлөт.

6. Жеке маалыматтардын субъектинен анын жеке маалыматтарын топтоого жана иштетүүгө, аны менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү максаттарын кошкондо, электрондук документ таризинде макулдугун алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы N 759 "Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүүтартибинжана формасын бекитүү тууралуу"токтому

10-статья. Субъекттин өзүнүн жеке маалыматтарына жеткиликтүү болушу

1. Жеке маалымат субъекти өзүнө тийиштүү жеке маалыматтардын кармоочуда (ээсинде) бар экендигин жана аларга жетүү укугу бар. Жеке маалыматка жетүү укугу ушул Мыйзамдын15-статьясындакаралган учурларда гана чектелет.

1-1. Ошону менен бирге жеке маалыматтардын субъекти өзүнө тийиштүү жеке маалыматтарды кармоочудан (ээсинен) анын жеке маалыматтарын иштетүү тууралуу маалыматтарды, анын ичинде төмөнкүлөр камтылган маалыматтарды алууга укугу бар:

а) жеке маалыматтардын массивин кармоочудан (ээсинен) жеке маалыматтардын иштетилгендиги фактысын далилдеп берүүсүн;

б) жеке маалыматтарды иштетүүнүн укуктук негиздерин жана максаттарын;

в) максаттарын жана жеке маалыматтардын массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтарды иштетүүдө колдонгон ыкмаларды;

г) жеке маалыматтардын массивин кармоочунун (ээсинин) аталышы жана жайгашкан жери, жеке маалыматтарга жетүүгө укугу бар же болбосо жеке маалыматтардын массивин кармоочу (ээси) менен болгон келишимдин жана мыйзамдын негизинде жеке маалыматтар берилиши мүмкүн болгон адамдар (кармоочунун (ээсинин) кызматкерлерин эсептебегенде) тууралуу маалыматтар;

д) жеке маалыматтардын субъектине караштуу иштетилип жаткан жеке маалыматтар, аларды алуучу булак;

е) жеке маалыматтарды иштетүү мөөнөтү, аны менен катар аларды сактоо мөөнөтү;

ж) жеке маалыматтардын субъекти тарабынан ушул Мыйзамда каралган өз укуктарын ишке ашыруу тартиби;

з) жеке маалыматтардын трансчекара аркылуу өткөрүлүп берилгендиги же жүргүзүлүшү мүмкүн экендиги тууралуу маалыматтар;

и) ушул Мыйзамда жана (же) башка ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматтар.

2. Жарандарды маалымат массивдерин кармоочуларда (ээлеринде) жеке маалыматтардын бар болушу жөнүндө маалымдоо жеке маалымат массивдерин кармоочуларынын (ээлеринин) жалпыга жеткиликтүү Реестринин негизинде жүргүзүлөт, ал ушул Мыйзамдын30-статьясынаылайык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

3. Жеке мүнөздөгү маалыматтарды анын субъектисине берүү субъекттин демилгеси боюнча субъекттин кат аркылуу суроо-талабы жана аны күбөлөндүргөн документтин негизинде акысыз жүргүзүлөт. Эгерде мындай маалыматтарды алардын наркынан ашпаган өлчөмдө материалдык сактоочу аркылуу берилсе, анда акы ошондой гана учурларда төлөнөт. Жеке маалыматтардын бар болушу жөнүндө маалымат жана жеке маалыматтын өзү субъектке арыз берген учурдан 7 күндөн ашпаган мөөнөттө берилет.

4. Субъекттин жеке маалыматтарынын бар болушу жана анын мазмуну жөнүндө маалымат жеке маалымат массивин кармоочу (ээси) тарабынан жалпыга жеткиликтүү түрдө, так жана ачык баяндалып, башка субъекттерге тийиштүү жеке маалыматтарды өзүнө камтыбашы керек.

5. Жеке маалыматтар субъекти өзү жөнүндө жеке маалыматтарды камтыган документтер менен таанышууга укугу бар.

(КР2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Субъект өзүнүн жеке маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизиши

Тийиштүү документтер менен ырасталган негиздүү учурда жеке маалымат субъекти ошол маалыматты кармоочудан (ээсинен) өзүнүн жеке маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылууга укуктуу. Жеке маалыматтарга өзгөртүүлөр ушул Мыйзамдын28-статьясындабелгиленген тартипте киргизилет.

12-статья. Жеке маалыматтарды жабуу жана жабылгандарын ачуу

Эгерде жеке маалыматтар субъекти өзүнүн жеке маалыматтарынын ишенимдүү эместигин аныктаса же ошол маалыматка тиешелүү аракетти укуксуз деп талашса, ал кармоочудан (ээсинен) ошол маалыматтарды жаап салуу талабын коюуга укугу бар. Жеке маалыматтарды жабуу жана жабылгандарын ачуу ушул Мыйзамдын19-статьясынаылайык жүргүзүлөт.

13-статья. Жеке маалыматтарына тиешелүү укуксуз аракеттерге даттануу

Эгерде жеке маалымат субъекти өзүнө байланыштуу жеке маалыматтарга укуксуз аракет жасалган деп эсептесе, ал ошол аракеттерге соттук тартипте даттанууга укугу бар.

14-статья. Чыгашанын ордун толтуруу жана (же) моралдык зыян тартышын компенсациялоо

Жеке маалымат субъекти соттук тартипте чыгашанын ордун толтурууга жана моралдык зыян тартышын компенсациялоого укугу бар.

15-статья. Субъекттин укуктарынын чектелиши

1. Субъекттин өзүнүн жеке маалыматтарын берүүгө жана алууга укугунун чектелиши төмөнкүлөргө карата болушу мүмкүн:

1) Өзүнүн жеке маалыматтарын субъект жеке маалымат массивдерин кармоочуларга (ээлерине) берүү укугу чектелет - мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга кирген жеке маалымат субъектилери үчүн - "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаылайык;

2) Субъекттин өзүнүн жеке маалыматтарына жетүү, өзүнүн жеке маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, өзүнүн жеке маалыматтарын жабуу укуктары:

а) изин-суутпай-иликтөө аракетинин натыйжасында алынган жеке маалыматтар үчүн, ошол иш-аракет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүргүзүлгөн учурларды кошпогондо;

б) кылмыш жасоого шектүү болуп кармалган, же кылмыш-жаза иши боюнча айып коюлганда, же ошол аракетти жүргүзгөн органдарда айып коюлганга чейин бөгөт коюу чаралары колдонулган субъекттердин жеке маалыматтары үчүн.

2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралбаган жеке маалыматтарга субъекттин жеткиликтүү укугун чектөөгө жол берилбейт.

4-глава
Жеке маалыматтар массивдери менен иштөө боюнча кармоочунун (ээсинин) жана иштеп чыгуучунун укуктары жана милдеттери

16-статья. Жеке маалымат массивдерин кармоочулар (ээлери)

1. Жеке маалымат массивдери менен иштеген мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жеке маалымат массивдерин кармоочулар (ээлери) катары болууга укуктары бар.

2. Юридикалык жактар ушул Мыйзамдын30-статьясынаылайык жеке маалыматтар массивдерин кармоочулар (ээлери) катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөндөн кийин жеке маалымат менен иштөөгө укук алат.

3.(КР 2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынаылайык күчүн жоготту)

(КР2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Жеке маалыматтар массивдерин кармоочунун (ээсинин) милдеттери

1. Жеке маалымат массивдерин кармоочу (ээси) төмөнкүлөргө милдеттүү:

а) жеке маалыматтарды жеке маалымат субъектинин өзүнөн, анын ишенимдүү адамдарынан түздөн-түз алууга;

б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган учурларда жеке маалыматтардын купуялуулук режимин камсыз кылууга;

в) кармоочу (ээси) өз алдынча өзүнө иштеп чыгуучунун иш милдеттерин жана милдеттерин алган учурду кошпогондо жеке маалыматтарды иштеп чыгууну жөнгө салган уюштуруучулук чараларды жана техникалык коопсуздук чараларына карата кепилге алган жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн иштеп чыгуучуну аныктоого;

г) жеке маалыматтардын сакталышын жана ишенимдүүлүгүн, ошондой эле ченемдик тартипте белгиленген жеке маалыматтарга жетүү режимин камсыз кылууга;

д) субъекттен суроо-талап түшкөн учурдан тартып бир жуманын ичинде жеке маалыматтарды берүүгө;

ж) субъектке ал жөнүндө жеке маалыматтын болушу, ошондой эле жеке маалыматтын өзү тууралуу маалыматты анын талабы боюнча берүүдөн баш тартылган учурда, жазуу түрүндө жүйөөлүү жооп берилиши керек, ал ушул Мыйзамдын15-статьясынынтийиштүү пунктун көргөзүп, субъект кайрылгандан бир жума өтпөгөн мөөнөттү берилүүгө тийиш;

з) ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органынын же Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) суроо-талабы боюнча бир жумалык мөөнөттө алардын ыйгарым укугун аткарууга зарыл болгон маалыматтарды көрсөтүүгө.

2. Кызматтык абалы аркылуу жеке маалыматтарга ээ болгон адамдар ал жеке маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча жоопкерчиликти жана милдеттерди өздөрүңө алышат. Мындай милдеттенмелер ал адамдардын кызматтан кеткенден кийин да купуялуулук режимин сактоо мөөнөтүнүн ичинде ушул Мыйзамдын6-статьясынаылайык күчүн жоготпойт.

18-статья. Жеке маалыматтар тизмегин түзүү боюнча жеке маалыматтарды кармоочулардын (ээлеринин) милдеттери

1. Жеке маалыматтар менен иш жүргүзгөн кармоочулар (ээлери) компетенцияларынын чегинде өздөрүнүн ишмердиктеринин өзгөчөлүгүнө жараша жеке маалыматтар тизмегин иштеп чыгышат жана аны жетекчиликке алышат.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн тизмектерыйгарым укуктуу мамлекеттик органменен макулдашылат, ошол органда катталат жанаыйгарым укуктуу мамлекеттик органтарабынан жыл сайын басылып чыгарыла турган жеке маалыматтар массивдерин кармоочуларынын (ээлеринин) реестринде жарыяланат. Бул тизмектер мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн колдонула турган маалыматтардын көлөмүн белгилейт.

3. Жеке маалыматтар тизмектерин каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жеке маалыматтар менен иш жүргүзгөн жеке маалыматтарды кармоочулар (ээлери) өздөрүнүн ишмердиктеринин өзгөчөлүгүнө ылайык жеке маалыматтар тизмектерин иштеп чыгышат жана алардыыйгарым укуктуу мамлекеттик органменен макулдашат.

5. Жеке маалыматтардын тизмектери ал маалыматтарды чогултуу максатына ылайык келиши керек. Башка мүнөздөгү максаттарды ишке ашыруу үчүн белгиленген тизмектерди кедейтүүгө жол берилбейт.

(КР2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-статья. Жеке маалыматтарды жабуу, жабылгандарын ачуу жана жок кылуу боюнча жеке маалыматтардын массивин кармоочуларынын (ээлеринин) милдеттери

1. Эгерде жеке маалымат субъекти жеке маалыматтар массивин кармоочунун (ээсинин) жеке маалыматынын ишенимсиздигин же ошол маалыматка тиешелүү аракеттин укуксуздугун аныктаса, ошол маалыматтарды кармоочуга (ээсине) же ыйгарым укуктуу органга арыз бере алат. Кармоочу (ээси) субъекттин арызын алууга жана арыз түшкөндөн баштап текшерип бүткөнгө чейин анын жеке маалыматтарын жаап салууга милдеттүү.

2. Жеке маалыматтардын ишенимсиздиги ырасталган учурда маалыматтар массивин кармоочу (ээси) субъект көрсөткөн документтердин негизинде жеке маалыматтарды оңдоого жана жабылгандарын ачууга милдеттүү.

3. Жеке маалыматтар укуксуз жыйналгандыгы аныкталган учурда кармоочу (ээси) тийиштүү маалыматтарды кечиктирбестен жок кылууга жана ал жөнүндө жеке маалымат субъектине документ түрүндө билдирүүгө милдеттүү.

4. Жеке маалыматтардын аныктыгы же алардын аракеттеринин укуктуулугу өз ара таанылган учурда жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) алардын жаап салгандыгын тез аранын ичинде ачууга милдеттүү.

5. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жеке маалымат субъектинин арызы менен макул болбогон учурда, талаш-тартышты кароо администрациялык же сот тартибинде жүргүзүлөт.

20-статья. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуусунун милдеттери

1. Иштеп чыгуучу жеке маалыматтардын кармоочусу (ээси) менен түзүлгөн келишимдин негизинде жеке маалыматтарды иштеп чыгууну жүргүзөт.

2. Иштеп чыгуучу жеке маалыматтарды кармоочунун (ээсинин) тапшырмасы боюнча иштеп чыгуунун ыкмасына жана каражаттарына карабай жеке маалыматтарды чогултууну, жазууну, сактоону, актуалдаштырууну, жаап салууну, жоюуну жүргүзүшү керек.

21-статья. Жеке маалыматтарды коргоонун уюштуруу жана техникалык чаралары

1. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жана иштеп чыгуучу жеке маалыматтарды коргоо үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруу жана техникалык чараларды көрүүгө жана (же) алардын кабыл алуусун камсыз кылууга, жеке маалыматтарга мыйзамсыз же капыстан жетүүдөн, өзгөртүүдөн, жабуудан, көчүрүүдөн, башка бирөөгө берүүдөн, жеке маалыматтарды жайылтуудан, ошондой эле жеке маалыматтарга карата башка мыйзамсыз аракеттерден коргоону камсыз кылууга милдеттүү.

2. Жеке маалыматтарды иштеп чыгууда жеке маалыматтардын кармоочусу (ээси) жана иштеп чыгуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

- жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн колдонулган жабдуулар башка адамдарга жеткиликтүү болбой тургандыгын камсыз кылууга (жеткиликтүүлүктү контролдоо);

- маалымат сактоочу ээн баштык менен окууга, көчүрүүгө, өзгөртүүгө же алып чыгууга тоскоолдук кылууга (маалымат сактоочу пайдаланууну контролдоого);

- жеке маалыматтарды ээн баштык менен жаздырууга жана жазылган жеке маалыматтарды өзгөртүүгө же өчүрүүгө (жазгандыгын контролдоо) тоскоолдук кылууга жана жеке маалыматтар качан, кайсы жана ким тарабынан өзгөртүлгөндүгүн кийин аныктоо мүмкүндүгүн камсыз кылууга;

- маалыматтарды берүү каражаттарына карабай жеке маалыматтарды ташууга арналган маалыматтарды иштеп чыгуу тутумдарынын коопсуздугун камсыз кылууга (маалыматтарды берүү каражаттарын контролдоо);

- маалыматтарды иштеп чыгуу тутумдарынын ар бир пайдалануучусу иштеп чыгуу үчүн өзүнө уруксат берилген жеке маалыматтарга гана жеткиликтүү болушун камсыз кылууга ( контролдоо);

- маалыматтарды иштеп чыгуу тутумуна качан, кайсы жана ким тарабынан жеке маалыматтар киргизилгендигин кийин аныктоо мүмкүндүгүн камсыз кылууга (маалымат киргизүүнү контролдоо);

- жеке маалыматтарды өткөрүп берүүдө жана ташууда аларды уруксатсыз окууну, көчүрүүнү, өзгөртүүнү жана жок кылууну болтурбоого (транспорттук контролдоо);

- жеке маалыматтарды иштеп чыгууда алынган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга;

- жеке маалыматтардын маалымат тутумдарында иштетилип жаткан жеке маалыматтарды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген талаптардын аткарылышын камсыз кылуу, алардын аткарылышы жеке маалыматтардын корголушунун белгиленген деңгээлин камсыз кылат;

- жеке маалыматтарды алып жүрүүчү машиналардын эсебин каттоо;

- мыйзамсыз кирүүнүн кесепетинен өзгөртүлгөн же жок кылынган жеке маалыматтарды калыбына келтирүүнү камсыз кылуу.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда алардын корголушунун деңгээлин, жеке маалыматтардын маалымат тутумдарында аларды иштетүүдө жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коргоо боюнча талаптарды белгилейт, алардын аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылат.

(КР2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы N 760 "Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргооготалаптардыбекитүү жөнүндө"токтому

22-статья. Жеке маалыматтарды өз ара алмашууда мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери

1. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн аракетинде жеке маалыматтардын мамлекеттик башка кармоочуларында (ээлеринде) болгон жеке маалыматтарды пайдаланышы мүмкүн, мында жеке маалыматтар менен ишти жүзөгө ашырууга укуктук негиздер болгондо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин алкагында гана ушул Мыйзамда белгиленген тийиштүү талаптарга ылайык жеке маалыматтардын маалымат тутумдарын жаратууга укуктуу..

2. Мамлекеттик бийлик органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жеке маалыматтардын түрдүү кармоочуларынан (ээлеринен) алынган жеке маалыматтардын топтолгон массивдеринжана маалымат тутумдарынтүзүүгө уруксат берилбейт.

3. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды мамлекеттик башка кармоочулардан (ээлеринен) алган жеке маалымат массивдеринин пайдаланышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына ылайыкмамлекеттик ыйгарым укуктуу орган,жогору турган инстанциялар, укук коргоочу органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-статья. Жеке маалыматтар менен мамлекеттик маалымдама тейлөөнү уюштуруу

(КР 2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынаылайык күчүн жоготту)

24-статья. Жеке маалыматтарды өткөрүп берүү

1. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) ал маалыматтарды башка кармоочуга (ээсине) жеке маалыматтар субъектинин макулдугусуз төмөнкү учурларда өткөрүп берүүгө укуктуу:

- жеке маалымат субъектинин кызыкчылыгын коргоо үчүн өтө зарыл болгон учурда;

- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талабы боюнча, эгерде суралып жаткан жеке маалыматтардын тизмеги сурап жаткан органдын ыйгарым укугуна ылайык келсе;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде.

2. Жеке маалымат массивин кармоочу (ээси) жеке маалымат субъектине анын жеке маалыматтары үчүнчү тарапка өткөрүп берилгендиги жөнүндө маалыматты бир жуманын ичинде каалаган таризде билдириши керек.Жеке маалымат субъектине анын жеке маалыматтары үчүнчү тарапка өткөрүлүп берилгендиги жөнүндө маалыматты билдирүүнүн тартиби жана таризи Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы N 759 "Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүүтартибинжана формасын бекитүү тууралуу"токтому

3. Жеке маалыматтарды өткөрүп берүүдө алуучуга ошол маалыматтардын купуялуулук режимин сактоо милдети жүктөлөт.

4. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарына чогултулган жеке маалыматтар мамлекеттик бийлик органдарына жана бюджеттик чөйрөдөгү уюмдарга, ошондой эле жеке маалыматтар субъекттин өзүнө акысыз берилет.

(КР2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынын редакциясына ылайык)

25-статья. Жеке маалыматтарды трансчегаралык өткөрүп берүү

1. Жеке маалыматтарды трансчегаралык өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын юрисдикциясында болгон маалымат берүүчү жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) тараптар ортосунда эларалык келишимдин болгондугун эске алат, ал келишимге ылайык алуучу тарап жеке маалыматтарды коргоо жана Кыргыз Республикасында белгиленген шайкеш деңгээлде коргоону камсыз кылат.

2. Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында болгон же анын аймагы аркылуу өткөрүп берилген жеке маалыматтардын сакталышын, аларды бузуу же уруксатсыз пайдаланууну четтеткен мыйзамдуу чараларды камсыз кылат.

3. Жеке маалыматтар субъектилердин эркиндигин жана укуктарын шайкеш деңгээлде корголушун камсыз кылбаган өлкөлөргө жеке маалыматтарды өткөрүп берүү төмөнкү шартта мүмкүн:

- жеке маалымат субъектисинин бул өткөрүп берүүгө макулдугу болгондо;

- эгерде өткөрүп берүү жеке маалыматтар субъектисинин кызыкчылыгын коргоо үчүн керек болсо;

- эгерде жеке маалыматтар жалпыга жеткиликтүү массивде камтылса.

4. Глобалдуу маалымат тармагы боюнча (Интернет ж.б.) жеке маалыматтарды берүүдө ошол маалыматтарды берген жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) керектүү коргоо каражаттары менен, анын ичинде маалыматтын купуялуулугун сактоо менен өткөрүп берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

(КР2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-статья. Жеке маалыматтарды ээсиздендирүү

Статистикалык, социологиялык, тарыхый, медициналык жана башка илимий менен практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) колдонулуучу маалыматтарды тоголок кат маалымат таризинде келтирип, алардын ээсиздендирүүнү жүргүзөт. Мындайда жеке маалыматтарга белгиленген купуялуулук режими алып салынат. Ээсиздендирүү жеке маалыматтар субъектин идентификация мүмкүндүгүн жокко чыгарууга тийиш.

27-статья. Жеке маалыматтарды сактоо

1. Жеке маалыматтар аны чогулткан максаттарды аткаруу үчүн керектүү мөөнөттөн узак сакталбашы керек. Сактоо мөөнөтү жеке маалымат субъектисинин кызыкчылыгында же ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда узартылышы мүмкүн. Сактоо мөөнөтү бүткөндө жана жеке маалыматтарды чогултуу максатына жеткенден кийин алар эки жуманын ичинде жок кылынат. Жок кылуу акт менен ырасталат.

Тарыхый, социологиялык, медициналык жана башка илимий максаттарда айрым субъекттердин жеке маалыматтарынын маанилүүлүгүнө карап, аларды жок кылуунун ордуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте массив кармоочу (ээси) тарабынан мындай жеке маалыматтарды ээсиздендирүүгө жол берилет.

2. Сактоо мөөнөтү бүткөндө, жеке маалыматтарды чогултуу максатына жеткенден кийин жеке маалыматтарды сактоо зарылчылыгы жөнүндө чечим белгиленген тартипте кабыл алынган учурда, жеке маалымат массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтарды сактоонун тийиштүү режимин камсыз кылууга жана ал жөнүндө жеке маалымат субъектине билдирүүгө милдеттүү.

3. Айрым жеке маалыматтар (өздүк иштер, метрикалык китептер ж.б.) алардын практикалык керектиги өткөндөн кийин алар туруктуу сактоодо калышы мүмкүн жана архивдик документтин статусун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка статус алышат.

(КР2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынын редакциясына ылайык)

28-статья. Жеке маалыматтарды актуалдаштыруу

1. Жеке маалымат массивин кармоочу (ээси) өзүндө болгон жеке маалыматтарга өзгөртүүлөрдү ошол жаңы маалыматтардын аныктыгын документалдык ырасталган учурда киргизет:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда;

-(абзац КР 2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынаылайык күчүн жоготту)

- ушул Мыйзамдын11-статьясынаылайык жеке маалыматтар субъектисинин демилгеси боюнча жеке маалыматтар өзгөртүлүүгө жаткан болсо.

2. Жеке маалыматтарга өзгөртүүлөрдү ошол маалыматтардын субъектисинин талабы боюнча киргизүү анын арыз жазган күнүнөн бир жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт. Кармоочунун (ээсинин) демилгеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү ички эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.

(КР2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-глава
Жеке маалыматтар менен иштөөнү мамлекеттик жөнгө салуу

29-статья. Жеке маалыматтар менен иштөөнү мамлекеттик жөнгө салуунун тариздери

Жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу мамлекет төмөнкү таризде жүзөгө ашырат:

- Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныкталат;

- жеке маалымат массивдерин жана аларды кармоочуларды (ээлерин) каттоо жана эсепке алууну жүргүзөт;

- мамлекеттик сырларды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген учурларды кошпогондо, жеке маалыматтарды трансчегаралык өткөрүп берүү жөнүндө эларалык келишимдерди түзөт.

29-1-статья. Ыйгарым укуктуу орган

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке маалыматтарды иштетүү ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келишин контролдоону, жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоону камсыз кылуу жүктөлөт.

2. Ыйгарым укуктуу орган чет мамлекеттердеги жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү, атап айтканда жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча маалыматтарды эл аралык деңгээлде алмашуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар менен кызматташууну жүзөгө ашырат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча чечимдери "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамындакаралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тууралуу жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынын редакциясына ылайык)

30-статья. Жеке маалыматтарды кармоочуларын (ээлерин) жана массивдерин каттоо

1. Жеке маалыматтар массивдери жана аларды кармоочулар (ээлери) мамлекеттик ыйгарым укуктуу органда милдеттүү каттоодон өтүүгө тийиш.

Каттоодо төмөнкүлөр жазылат:

- жеке маалымат массивинин аталышы;

- жеке маалымат массиви менен иш жүргүзгөн жеке маалымат массивин кармоочунун (ээсинин) аталышы жана реквизиттери (дареги, менчиктин түрү, баш ийгендиги, телефону, жетекчисинин аты-жөнү, электрондук почтасы, факсы);

- жеке маалыматтарды чогултуунун жана колдонуунун максаты жана ыкмалары;

- сактоо режими жана мөөнөтү;

- чогултулуп жаткан жеке маалыматтардын тизмеги;

- жеке маалыматтар субъектилеринин категориялары же топтору;

- жеке маалыматтарды чогултуу булактары;

- жеке маалыматтарды чогултуу же аларды өткөрүп берүү жөнүндө субъекттерге маалымат берүү тартиби;

- жеке маалыматтарды сактоону жана купуялуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар;

- жеке маалыматтар менен иштөөгө түздөн-түз жооптуу адам;

- маалыматтар берилиши мүмкүн болгон алуучулар же алуучулардын категориясы;

- болжолдуу түрдө жеке маалыматтарды трансчекаралар аркылуу берүү.

"Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген Мыйзамдын 30-статьясынын 1-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 30-статьясынын 1-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.

2. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамыныннегизинде мамлекеттик сырга тиешелүү маалыматтарды камтыган жеке маалымат массивдери катталбайт.

3. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган жеке маалыматтар менен иш жүргүзгөн жеке маалыматтар массивдерин жана алардын кармоочуларын (ээлерин) эсепке алууну жүзөгө ашырат.

4. Жогоруда аталган орган жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында жалпыга маалымдоо үчүн жеке маалыматтарды кармоочулардын Реестрин жарыялайт, ошондой эле интернеттеги расмий сайтында Жеке маалыматтардын массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестринин актуалдуу редакциясын жайгаштырат.

5. Жеке маалыматтардын массивдерин жана кармоочуларын (ээлерин) каттоо жана Жеке маалыматтардын массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестрин жүргүзүү жана жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленилет.

(КР2017-жылдын 20-июлундагы N 129Мыйзамынын редакциясына ылайык)

31-статья. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамды бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

6-глава
Корутунду жоболор

32-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жөнүндө

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев


 2008-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку

 Кењеши тарабынан кабыл алынган