КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ КОРГОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК БУЙРУК 

ПРИКАЗ 

2023-жылынын 27-июлундагы № 37-п          Бишкек шаары

Коррупциялык тобокелдиктери бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүлүп берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык буйрук кылам:

1. Ушул буйруктун тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциялык тобокелдиктери бар учурладын жана кырдаалдардын тизмеси бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциялык тобокелдиктери бар учурладын жана кырдаалдардын тизмесинин негизинде орун алган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана ишмердүүлүгү жогорудагы тизмеге байланыштуу болгон кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу боюнча туруктуу негизде иштерди жүргүзсүн. 

3. Бул буйруктун көчүрмөсү эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жеке маалыматтарды коргоонун мыйзамдык экспертиза бөлүмү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо директордун орун басары А.Б. Касымбековго жүктөлсүн. 

5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Директор                                                                                                                                                                        Н.А. Кутнаева


 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетине караштуу

Жеке маалыматтарды коргоо

боюнча мамлекеттик агенттиктин

2023-жылынын «27»-июлундагы №

37-п буйругуна тиркеме