КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ


2025-жылдын 19-майы № 95

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөкодексине("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)31-беренеде:

а) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "жана 373" деген сөздөр ", 373, 413-2 жана 413-3" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "жана 346" деген сөздөр ", 346, 413-2 жана 413-3" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2)228-берененинбиринчи абзацында "жеке жана" деген сөздөр алып салынсын;

3)2281-беренеде:

а) аталышында "Жеке жана коммерциялык" деген сөздөр "Коммерциялык" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) биринчи абзацта "жеке жана" деген сөздөр алып салынсын;

4)43-главатөмөнкүдөй мазмундагы4132-4135-беренелер менен толукталсын:

"4132-берене. Жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө талаптарды бузуу

1. Жеке мүнөздөгү маалыматтарды чогултуунун, сактоонун, иштеп чыгуунун, коргоонун, берүүнүн жана жайылтуунун мыйзамдарда белгиленген тартибин бузуу, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосунду камтыбаса, -

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде жасалган ошол эле аракет -

жеке жактарга 250 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 300 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестрине толук эмес же анык эмес маалыматтарды киргизүү, ага тете Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестринде жеке маалыматтарды белгиленген тартипте каттабастан чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу -

юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4133-берене. Жеке маалыматтарды мыйзамдарда белгиленген тартипти бузуу менен трансчек аралык берүү

1. Жеке маалыматтардын субъекттеринин жеке маалыматтарын мыйзамдарда белгиленген тартипти бузуу менен трансчек аралык берүү, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосунду камтыбаса, -

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде жасалган ошол эле аракет -

жеке жактарга 300 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 350 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4134-берене. Жеке маалыматтар массивин кармоочунун (ээсинин) субъектиге анын жеке маалыматтарын берүүдөн негизсиз баш тартуусу

1. Мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо, жеке маалыматтар массивин кармоочунун (ээсинин) субъектиге анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга тиешелүү маалыматтарды берүүдөн негизсиз баш тартуусу -

юридикалык жактарга 250 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде жасалган ошол эле аракет -

юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4135-берене. Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо

Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мыйзамдарда белгиленген, анын ыйгарым укуктарынан келип чыгуучу мыйзамдуу талаптарын аткарбоо -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

5)454-берененин1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) укук бузуулар жөнүндө протокол жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн ушул Кодекстин4135-беренесибоюнча.";

6) төмөнкүдөй мазмундагы4941-беренеменен толукталсын:

"4941-берене. Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана ушул Кодекстин4132-4134-беренелеринде каралган жазаларды колдонот.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти                                                                                              С.Н. Жапаров


2025-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган