КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОДЕКСИ


2025-жылдын 31-июлу № 178


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИП КОДЕКСИ


(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 179Мыйзамрасмий жарыяланган
күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин берилген
Мыйзамменен колдонууга киргизилет)


ЖАЛПЫ БӨЛҮК

I БӨЛҮМ. САНАРИП ЧӨЙРӨСҮНДӨ УКУКТУК ЖӨНГӨ САЛУУНУН НЕГИЗДЕРИ

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Кодексте камтылган негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы

Ушул Кодексте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:

1)автоматтык чечим- санарип дайындарынын негизинде санарип дайындарын иштеп чыгуунун натыйжалары адамдын катышуусуз укуктук мамилелердин пайда болуусу, өзгөрүүсү же токтотулушу үчүн түзүлгөндөй жана пайдаланылгандай кабыл алынган чечим;

2)санарип документинин автору- санарип кол тамгасы же идентификатору санарип документине тиешелүү болгон санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;

3)ырастоочу борборду аккредитациялоо- Улуттук санарип экотутумунун (мындан ары - Улуттук экотутум) тармактык жөнгө салуучусу тарабынан ырастоочу борбордун ушул Кодексте жана ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга шайкеш келүүсүн таануу;

4)көрсөтүү-уктуруу сервистери- теле-, радиоканалдарды жайылтуу, анын ичинде теле-, радиоканалдарды көрсөтүү-уктуруу мультиплекстерине пакеттөө үчүн гана багытталган телекоммуникациялык сервистер;

5)виртуалдык оператор- телекоммуникациялык сервисти берүү үчүн Кыргыз Республикасынын санарип номерлештирүү ресурсун же санарип радио жыштык ресурсун пайдаланган, бирок Кыргыз Республикасында телекоммуникациялык тарамдардын ээси болуп саналбаган аны берүүчү;

6)жеке жазмалардын ээси- жеке дайындарды иштеп чыгуу максаттарын жана ыкмаларын өз алдынча же башка жактар менен биргеликте аныктоочу санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;

7)санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификат ээси- ушул Кодексте белгиленген тартипте ырастоочу борбор тарабынан санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаты берилген санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;

8)санарип ресурсунун ээси- ушундай санарип ресурсун өз алдынча же башка жактар менен биргеликте түзгөн же мыйзамдын же келишимдин негизинде санарип ресурсуна жетүүгө уруксат берүү же чектөө укугун алган санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;

9)санариптик технологиялык тутумдун ээси- ушундай тутумду өз алдынча же башка жактар менен биргеликте түзгөн же болбосо ченемдик укуктук актыга же келишимге ылайык аны эксплуатациялоо укугун алган санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;

10)санарип экотутумунун ээси- санарип экотутумунун эрежелерин өз алдынча же башка жактар менен биргеликте аныктоочу санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;

11)санарип жазмаларынын ээси- санарип жазмаларын өз алдынча же башка жактар менен биргеликте түзгөн же мыйзамдын же келишимдин негизинде ушундай жазмаларга жетүүгө уруксат берүү же чектөө укугун алган санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;

12)жогорку жыштыктагы түзүлмө- радионурландыруу аркылуу объекттерге физикалык таасир этүүгө арналган түзүлмө;

13)мамлекеттик санарип сервиси (мындан ары - мамсервис)- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин, милдеттерин жана ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн пайдаланылуучу санарип сервиси;

14)мамлекеттик (муниципалдык) санарип ресурсу- мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамсервистерди берүү максатында түзүлгөн санарип ресурсу;

15)дипфейк- бар адамдар, объекттер, кубулуштар же окуялар менен олуттуу окшоштуктарды көрсөтүүчү жана жеке адамдарда мындай сүрөттөлүштөрдүн же материалдардын аныктыгы жөнүндө жалган таасир калтырууга жөндөмдүү сүрөттөлүштөрдү же аудио-, видеоматериалдарды түзүү же өзгөртүү;

16)ишенимдүү үчүнчү тарап- чет мамлекеттин укук ченемдерине ылайык түзүлгөн санарип кол тамгаларынын жана ушул Кодекске ылайык түзүлгөн санарип кол тамгаларынын аныктыгын биргеликте таанууну камсыз кылуучу жак;

17)ишенимдүү санарип сервиси- санарип чөйрөсүндө мамилелердин пайда болуусун, өзгөрүүсүн же токтотулушун ырастоого багытталган санарип сервиси;

18)идентификатор- ушундай маалыматты камтыган санарип жазмаларын өз ара жана санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти менен байланыштырууга мүмкүндүк берүүчү кандай болбосун маалымат, анын ичинде код, шифр, номер же дарек;

19)иденттүүлүк- укуктук мамилелер учурунда субъекттин өзүнө өзү окшоштугу;

20)маалымат- санарип дайындарынын, санарип жазмаларынын адамдын кабыл алуусу үчүн түздөн-түз жеткиликтүү болгон мазмуну (контенти);

21)жеке мүнөздөгү маалымат- ушул маалыматтын негизинде же болбосо жазмалардын ээсинин ага жетүү же аны алуу мүмкүнчүлүгү бар башка маалымат менен жыйындысында ушул маалыматтын негизинде идентификацияланышы мүмкүн болгон жеке жак жөнүндө (анын аныктыгына карабастан) маалымат;

22)инфратүзүм- жерлер (жер тилкелери), имараттар, курулуштар, курулмалар жана башка ушул сыяктуу объекттер;

23)санарип чөйрөсүндөгү инцидент- санарип жазмаларынын толук эместигине, анык эместигине, актуалдуу эместигине же санарип сервистеринин же санариптик технологиялык тутумдардын жеткиликтүү эместигине же ишинин бузулушуна алып келүүчү окуя же иш-аракет;

24)кол тамганы текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаты (квалификацияланган сертификат)- аккредиттелген ырастоочу борбор же аккредиттелген ырастоочу борбордун ишенимдүү адамы, же болбосо түпкү ырастоочу борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруучу тармактык жөнгө салуучу тарабынан берилген кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификаты;

25)ачкыч- идентификатор тийиштүү жакта бар болгон жана мындай жакты ал пайдаланган идентификатор менен бир мааниде байланыштыруучу кандай болбосун маалымат (код, шифр);

26)санарип кол тамгасын текшерүү ачкычы- санарип кол тамга ачкычы менен бир мааниде байланышкан жана санарип кол тамгасынын аныктыгын текшерүүгө арналган символдордун уникалдуу ырааттуулугу;

27)санарип кол тамга ачкычы- санарип кол тамгасын түзүүгө арналган, символдордун уникалдуу ырааттуулугу;

28)радио жыштыктарды конверсиялоо- Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасында белгиленген радио жыштык тилкелерин же алардын бөлүктөрүн төмөнкүдөй көчүрүү процесси:

а) өкмөттүк пайдалануу категориясынан жарандык же биргелешкен өкмөттүк жана жарандык пайдалануу категориясына;

б) биргелешкен өкмөттүк жана жарандык пайдалануу категориясынан жарандык пайдалануу категориясына;

29)дайындарды конструктивдүү коргоо- пайдалануучулардын кызыкчылыктарына багытталган жана санарип жазмаларынын тутумунда иштелип чыгуучу жана анын жардамы менен берилүүчү санарип сервистеринин иштөө түрмөгүн эске алуучу технологиялык тутумдардын конструкциясынын негизинде дайындарды коргоо;

30)байланыш маалыматы- санарип чөйрөсүндө ал тийиштүү болгон жак менен байланышууга арналган идентификатор;

31)координациялоочу орган- Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо процессинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын ишин тармактар аралык жана ведомстволор аралык координациялоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

32)метадайындар- санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин кандай болбосун санарип объекттерин аларды идентификациялоо, издөө жана башкаруу үчүн мүнөздөөчү түзүмдөштүрүлгөн санарип дайындары;

33)мобилдик түзүлмө- эл аралык идентификациялык коду (IMEI) бар санарип түзүлмөсү;

34)улуттук экотутум- Кыргыз Республикасы ээси болуп саналган улуттук (жалпы мамлекеттик) санарип экотутуму;

35)иштеп чыгуу- санарип дайындары (санарип жазмалары) менен жасалуучу кандай болбосун иш-аракет (операция) же иш-аракеттердин (операциялардын) жыйындысы, анын ичинде жыйноо, жазуу, уюштуруу, түзүмдөштүрүү, топтоо, сактоо, адаптациялоо же өзгөртүү, жүктөө, карап чыгуу, пайдалануу, берүү аркылуу ачыкка чыгаруу, таратуу, алмашуу же жеткиликтүүлүк берүүнүн башка түрү, салыштыруу же аралаштыруу, кыскартуу, алып салуу же жок кылуу;

36)иштеп чыгуучу- башка субъекттер келишимдин же укуктук актынын негизинде санарип жазмаларын иштеп чыгууну, санариптик технологиялык тутумдарды эксплуатациялоону же санарип сервистерин берүүнү жүзөгө ашырууну, ага тете санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине жеткиликтүүлүктү жүзөгө ашырууну тапшырган санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;

37)жалпыга жеткиликтүү санариптик технологиялык тутум- мыйзамга, келишимге же ээсинин чечимине ылайык жеткиликтүүлүк чектелбеген санариптик технологиялык тутум;

38)жалпыга жеткиликтүү санарип жазмалары- мыйзамга, келишимге же ээсинин чечимине ылайык жеткиликтүүлүк чектелбеген, анын ичинде ачык дайындарды камтыган санарип жазмалары;

39)ачык дайындар- аларды кайрадан пайдаланууга чектөөлөрсүз машинада окулуучу форматта жеткиликтүү болгон санарип дайындары;

40)тармактык жөнгө салуучу- иштин тиешелүү чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери үчүн милдеттүү текшерүүлөрдү жүргүзүүнү жана чечимдерди кабыл алууну, ал эми ушул Кодексте каралган учурларда уруксаттарды (лицензияларды) берүүнү дагы жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

41)корголуучу байлыктар- адамдардын өмүрү жана саламаттыгы, адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери, айлана-чөйрө, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгү, мамлекеттин улуттук коопсуздугу, коомдук тартип жана адеп-ахлактуулук;

42)жеке дайындар- жеке мүнөздөгү маалыматты камтыган санарип дайындары;

43)жеке жазмалар- жеке мүнөздөгү маалыматты камтыган санарип жазмалары;

44)жеке ресурстар- жеке жазмалардан турган санарип ресурстары;

45)пайдалануучу- санарип жазмаларына, санарип ресурстарына, санарип сервистерине же технологиялык тутумдарга жеткиликтүүлүктү сурап алуучу же жүзөгө ашыруучу санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;

46)санарип сервисин берүүчү- пайдалануучуларга санарип сервисин өз алдынча же башка жактар менен биргеликте берүүчү санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;

47)керектөөчү- санариптик технологиялык тутумду же санарип сервисин киреше алуу менен байланышпаган жеке максаттарда пайдалануучу жеке жак;

48)Кыргыз Республикасынын өкмөттүк байланыш тарамы (өкмөттүк тарам)- мамлекеттик башкаруу, улуттук коопсуздук, коргоо, укуктук тартипти сактоо кызыкчылыгында жана өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматты пайдалануу менен ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү уруксаты бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелеринин жана уюмдарынын (ишканаларынын), анын ичинде анын чегинен тышкары жайгашкан мекемелеринин ортосунда жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жашыруун маалыматтарды алмашууга, ошондой эле чет өлкөлүк компетенттүү мамлекеттик органдар менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жашыруун маалымат алмашууга арналган атайын интеграцияланган жашыруун телекоммуникациялык тарам;

49)колдонулуучу мыйзамдар- санарип чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын катышуусундагы же болбосо башка чет өлкөлүк элементи менен татаалдаштырылган укуктук мамилелерге карата колдонулууга тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, таанылган эл аралык салттарга ылайык, ошондой эле тараптардын макулдашуусунун негизинде аныкталган мыйзамдар;

50)дайындардын (жазмалардын) принципалы- санарип дайындары же жазмалары (башкача айтканда ал жөнүндө маалыматты камтыган) тиешелүү болгон санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;

51)мейкиндиктик дайындар- мейкиндиктик объекттер жөнүндө, анын ичинде алардын таризи, жайгашкан жери жана касиеттери тууралуу маалыматты камтыган дайындар;

52)мейкиндиктик метадайындар- мейкиндиктик дайындарды идентификациялоо жана издөө үчүн зарыл болгон, алардын мазмунун жана башка мүнөздөмөлөрүн сыпаттоого мүмкүндүк берген дайындар;

53)мейкиндиктик объекттер- жайгашкан жери аныкталышы мүмкүн болгон жаратылыш объекттери, жасалма жана башка объекттер (анын ичинде имараттар, курулмалар);

54)коомдук милдеттенмелер- тармактык жөнгө салуучунун же аткаруу бийлигинин башка ыйгарым укуктуу органынын чечими менен жүктөлгөн, белгилүү иш-аракеттерди жасоо же радио жыштык спектрин пайдалануу менен байланышкан белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу милдеттенмеси;

55)радио кызматы- радио жыштык спектрин белгилүү бир максаттар үчүн пайдалануу;

56)Кыргыз Республикасынын радио жыштык спектри- Эл аралык электр байланыш бирлиги тарабынан белгиленген чектерде жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын аймагында радиоэлектрондук каражаттардын же жогорку жыштыктагы түзүлмөлөрдүн иштеши үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон, радио жыштыктардын иреттелген жыйындысы болгон мамлекеттик чектелген ресурс;

57)радиоэлектрондук каражаттар- радио толкундардын жардамы аркылуу дайындарды берүүгө жана/же кабыл алууга, телеметрияга, радиолокацияга, индукциялык типтеги коммуникацияларга, ар түрдүү көрсөткүчтөрдү өлчөөгө арналган түзүлмө;

58)бөлүштүрүлгөн санарип ресурсу- санарип жазмаларын түзүү жана иштеп чыгуу жалпы эрежелер боюнча, атап айтканда колдонулуучу санариптик технологиялык тутумдар үчүн дайындарды иштеп чыгуунун жалпы протоколдоруна ылайык мейкиндикте бөлүштүрүлгөн жана ушундай ресурстун ар түрдүү ээлерине таандык болгон эки же андан көп техникалык каражаттарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу санарип ресурсу;

59)тобокелдик (санарип чөйрөсүндө)- санарип чөйрөсүндөгү инциденттердин ыктымалдуулугунун жана кесепеттеринин айкалышы;

60)сайт- интернетте домендик аталышты же даректи колдонуу менен аныкталуучу санарип ресурсу;

61)санариптик бакубаттуулук сервиси- жеке адамдын физиологиялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө санарип дайындарын иштеп чыгуунун негизинде анын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган сервис;

62)санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаты- ырастоочу борбор тарабынан берилген жана санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатынын ээсине санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын таандык экендигин тастыктаган санарип документи же кагаз жүзүндөгү документ;

63)жасалма интеллект тутуму- санарип дайындарынын жана адам тарабынан берилген максаттардын жыйындысынын негизинде автономдуулуктун белгилүү бир деңгээлинде божомолдорду, сунуштамаларды тариздөөгө же тышкы чөйрөдөгү субъекттердин же объекттердин абалына таасир этүүчү чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү санариптик технологиялык тутум;

64)жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутуму- аны пайдалануу корголуучу байлыктарга зыян келтирүү ыктымалдыгын арттырган жасалма интеллект тутуму;

65)смарт-контракт- санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин ортосундагы бүтүмдүн тараптары караштырган санарип дайындары келип түшкөндө тараптардын катышуусуна карабастан аткарылуучу бүтүмдүн шарттарынын баары же бир бөлүгү алар түрүндө баяндалган санарип жазмаларынын жыйындысы, анын ичинде санарип түзүлмөлөрү үчүн программа;

66)жеке мүнөздөгү маалыматты камтыган материалдык алып жүрүүчүлөрдүн менчик ээси- жеке дайындар таризинде эмес берилген, жеке мүнөздөгү маалыматты камтыган материалдык алып жүрүүчүлөр анын менчигинде турган жак;

67)ырастоочу борбордун каражаттары- санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаттарын түзүү, сактоо жана берүү иш-милдеттерин ишке ашыруу, ошондой эле санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаттарынын реестрин жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу программалык жана (же) аппараттык каражаттар;

68)санарип кол тамга каражаттары- төмөнкүдөй иш-милдеттердин жок дегенде бирин: санарип кол тамгасын түзүүнү, санарип кол тамгасын текшерүүнү, санарип кол тамга ачкычтарын жана санарип кол тамгасын текшерүү ачкычтарын түзүүнү ишке ашыруу үчүн пайдаланылуучу шифрлөөчү (криптографикалык) каражаттар;

69)жеке дайындардын субъекти- жеке дайындардын принципалы болуп саналган жеке жак;

70)санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти- Кыргыз Республикасы, башка мамлекеттер, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар тиешелүү болгон, ушул Кодекс менен жөнгө салынуучу мамилелердин катышуучусу. Ушул Кодексте белгиленген эрежелер, эгерде ушул Кодексте же мыйзамда башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын, чет мамлекеттердин катышуусундагы мамилелерге карата колдонулат;

71)телекоммуникациялар- телекоммуникациялык сервис, анын ичинде башка пайдалануучулар тарабынан жүктөлгөн же түзүлгөн санарип дайындарына жетүү жолу аркылуу башка пайдалануучулар менен санарип дайындарын алмашуу, ошондой эле телекоммуникациялык сервис аркылуу башка пайдалануучуларга үн менен кошулуу;

72)телекоммуникациялык тарам- телекоммуникациялык сервисти берүүгө арналган санариптик технологиялык тутум;

73)телекоммуникациялык курулма- телекоммуникациялык тарамдарды жана (же) алардын элементтерин (анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен, базалык станцияларды, антенналык-мачталык курулмаларды, антенналык-фидердик түзүлмөлөрдү, линиялык-кабелдик курулмаларды) жайгаштыруу үчүн түзүлгөн же ыңгайлаштырылган, капиталдык курулуш объекти болуп саналбаган телекоммуникациялардын операторунун инфратүзүмү;

74)телекоммуникациялык сервис- башка пайдалануучулар менен санарип дайындарын алмашуу максатында, анын ичинде башка пайдалануучулар тарабынан жүктөлгөн же түзүлгөн санарип дайындарына жетүү аркылуу пайдалануучуларга жеткиликтүү болгон санариптик технологиялык тутумдарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле телекоммуникациялык тарам боюнча үн менен кошулуу мүмкүнчүлүктөрү;

75)жеке дайындарды чек ара аралык берүү- жеке дайындарды башка мамлекеттердин юрисдикциясындагы жазмалардын ээлерине берүү;

76)ырастоочу борбор- санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаттарын түзүү жана берүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу юридикалык жак же жеке ишкер;

77)санариптик бакубаттуулук түзүлмөсү- санариптик бакубаттуулук сервистеринин алкагында пайдаланылуучу санариптик технологиялык тутумдар жана алардын элементтери;

78)жеке дайындардын чыгып кетүүсү- анын натыйжасында жеке дайындар аларга жетүүсү үчүн мыйзамдуу негиздер болбогон жактар үчүн жеткиликтүү болуп калуучу, жеке дайындарды укук ченемсиз иштеп чыгуунун бир түрү;

79)санариптик аутентификациялоо- ачкычты пайдалануу менен идентификатор жана идентификатор тийиштүү болгон жактын ортосундагы байланышты тастыктоо;

80)санарип жазмасы- метадайындарды пайдалануу менен идентификацияланышы мүмкүн болгон санарип дайындары;

81)санариптик идентификациялоо- дайындардын принципалы менен мындай санарип жазмаларынын ортосундагы байланышты белгилөө максатында санарип жазмасын издөө;

82)санарип кол тамгасы- санарип таризиндеги башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан жана санарип документинин өзгөрүлбөстүгүн камсыз кылуу жана санарип документинин авторун аныктоо үчүн пайдаланылган санарип таризиндеги маалымат;

83)санарип чөйрөсү- санарип түзүлмөлөрүн пайдалануу менен санарип дайындарын иштеп чыгуу боюнча аймактык чек арасы болбогон коомдук мамилелердин тутуму;

84)санариптик технологиялык тутум- санарип дайындарын иштеп чыгууга арналган санарип түзүлмөлөрүнүн, алар үчүн программалардын жана дайындар базаларынын тутуму;

85)санариптик туруктуулук- киберкоопсуздук боюнча чараларды ишке ашыруунун, ошондой эле тобокелдиктерди жана ресурстарды натыйжалуу башкаруунун эсебинен камсыз кылынуучу, санарип сервистерин берүүнүн жана аларды пайдалануунун үзгүлтүксүздүгү менен мүнөздөлүүчү санарип чөйрөсүнүн абалы;

86)санарип экотутуму- санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин бирдиктүү эрежелер боюнча өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу, жалпыга жеткиликтүү санариптик технологиялык тутумдардын, санарип ресурстарынын, санарип сервистеринин жыйындысы;

87)санарип тиркемеси (тиркеме)- санарип дайындарына жетүү үчүн пайдаланылуучу, электрондук эсептөө машиналары жана башка санарип түзүлмөлөрү үчүн программаны билдирген санарип ресурсу;

88)санарип коомдоштугу- анын юридикалык жак статусунун болгонуна карабастан, санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерин өнүктүрүү жана (же) пайдалануу боюнча анын катышуучуларынын милдеттерин ишке ашыруу үчүн алардын жеке демилгеси боюнча жана өз ыктыярдуулук башталышта алар тарабынан түзүлгөн санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин бирикмеси;

89)санарип түзүлмөсү- санарип дайындарын иштеп чыгууга арналган техникалык түзүлмө, анын ичинде электрондук эсептөө машинасы (ЭЭМ);

90)санариптик- зарыл белгиси болуп санарип дайындарын (көпчүлүк учурларда - экилик код аркылуу берилген дайындарды) пайдалануу саналган кандай болбосун кубулушту мүнөздөөчү термин;

91)санарип архиви- анын жардамы менен иштелип чыгуучу санарип жазмаларынын бүтүндүгүн жана өзгөрүлбөстүгүн, аларга жетүү мүмкүндүгүнүн чектелүүсүн камсыз кылуучу санариптик технологиялык тутум;

92)санарип документи- өзгөрүлбөстүгү идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык пайдаланылуучу санарип кол тамгасынын же идентификатордун жардамы менен камсыз кылынуучу санарип жазмасы;

93)документтин санарип жуп нускасы- өз колу менен кол коюлган кагаз же башка материалдык алып жүрүүчүдөгү документтин түп нускасында алгач камтылган маалыматты, анын ичинде маалым даректерин толук көлөмдө кайталаган санарип жазмасы;

94)санарип реестри- ушул Кодексте саналып өткөн эсепке алуу объекттерин пайдалануу укуктарынын таандыктыгын тастыктоочу жазмалардан турган санарип ресурсу;

95)санарип ресурсу- санарип жазмаларын жана (же) санарип дайындарын сактоого жана пайдаланууга жана аларга жетүүгө арналган санарип жазмаларынын иреттелген жыйындысы, анын ичинде дайындар базасы;

96)санарип сервиси- санариптик технологиялык тутумду санарип дайындарын түзүү, берүү, сактоо же аларга жетүү үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү;

97)уюлдук түзүлмөлөрдү идентификациялоонун санарип сервиси- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы жана ташып келинген уюлдук түзүлмөлөрдү идентификациялоонун жана идентификациялык кодунун аныктыгын текшерүүнүн санарип сервиси;

98)санарип дайындары- аларды сактоонун жана берүүнүн таризине жана ыкмасына карабастан санарип түзүлмөлөрүн пайдалануу менен иштеп чыгуу үчүн жарактуу дайындар;

99)санарип укуктары- өзүнө санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектине жетүү укугун жана ага жетүүнүн шарттарын белгилөө укугун камтыган санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектине укуктар;

100)шлюз- дайындарды берүү жана үн менен кошулууларды өткөрүү боюнча телекоммуникациялык сервистердин ортосунда дайындарды берүүнү камсыз кылуучу санарип түзүлмөсү;

101)Телекоммуникациялардын улуттук оператору- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) токтомунда аныкталган, 80 пайыздан кем эмес мамлекеттин катышуу үлүшү бар юридикалык жак.

2-берене. Санарип чөйрөсүндөгү мамилелердин негиздери

1. Ушул Кодекс санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери сактоого милдеттүү болгон эрежелерди бекитет.

2. Ушул Кодекстин жөнгө салуу предмети болуп төмөнкүдөй деңгээлдердеги санарип чөйрөсү саналат:

1) санарип дайындарын иштеп чыгуу, санарип жазмаларын, анын ичинде санарип документтери жана санарип ресурстары түрүндө түзүү жана пайдалануу менен байланышкан мамилелер;

2) санарип сервистерин түзүү жана пайдалануу, санарип экотутумдарын куруу жана аларга катышуу менен байланышкан мамилелер;

3) санариптик технологиялык тутумдарды, анын ичинде дайындарды иштеп чыгуу борборлорун жана телекоммуникациялык тарамдарды түзүү менен байланышкан мамилелер;

4) санариптик технологиялык тутумдардын ээлеринин инфратүзүмгө (жерлерге, имараттарга, курулуштарга, курулмаларга жана башка ушуга окшош объекттерге) жетүүсүнө тийиштүү мамилелер.

3. Маалыматтын айрым түрлөрүн таратуу же анын мазмунуна жараша ага жетүү боюнча мамилелер маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынат жана ушул Кодекстин жөнгө салуу предметине кирбейт.

4. Контрчалгындоо жана чалгындоо ишинин, ошондой эле изин суутпай издөө ишинин алкагында кейип чыгуучу мамилелер тиешелүү чөйрөлөрдөгү мыйзамдар менен жөнгө салынат жана ушул Кодекстин жөнгө салуу предметине кирбейт.

5. Санарип чөйрөсүн жөнгө салуунун алкагында ушул Кодекс төмөнкүдөй жол берилүүчү учурлардын өзгөчө тизмегин карайт:

1) санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине жеткиликтүүлүктү чектөө;

2) санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине басмырлоосуз жеткиликтүүлүктү мажбурлап белгилөө.

3-берене. Санарип чөйрөсүн жөнгө салуу принциптери

1. Санарип чөйрөсүн жөнгө салуу жалпы укуктук, уюштуруучулук жана тармактык принциптерге негизденген.

2. Санарип чөйрөсүн жөнгө салуу үчүн колдонулуучу жалпы укуктук принциптерге төмөнкүлөр кирет:

1) жөнгө салуунун адилеттүүлүгү жана өлчөмдөштүгү, санарип технологияларынын жалгыз акыркы пайдалануучусу катары адамдын кызыкчылыктарынын артыкчылыгы (адилеттүүлүк принциби);

2) укуктук жөнгө салуунун жеткиликтүүлүгү, түшүнүктүүлүгү жана алдын апа белгилүүлүгү (аныктык принциби);

3) эрежелер аларга түздөн-түз же өкүлдөрү аркылуу жайылтылган бардык жактардын санарип чөйрөсү үчүн эрежелерди иштеп чыгууга катышуусу (катышуу принциби).

3. Санарип чөйрөсүн жөнгө салуу аларды ишке ашырууга багытталган уюштуруучулук принциптерге төмөнкүлөр кирет:

1) эгерде кандай болбосун маалымат технологияларын пайдаланууда ушул Кодексте белгиленген талаптар аткарылса, санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин аларды өз тандоосу боюнча пайдалануу мүмкүнчүлүгү (технологиялык нейтралдуулук принциби);

2) ушул Кодекстин ченемдерин санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин бардык субъекттерине карата алар иштеп чыгуучу санарип дайындарынын сапатына, талап кылынышына жана башка мазмундук мүнөздөмөлөрүнө карабастан кандайдыр бир басмырлоосуз колдонуу (контенттик нейтралдуулук принциби);

3) ушул Кодексте аныкталуучу эрежелердин жана укуктук мамилелердин узак убакыттык туруктуулугу, сервистердин жана процесстердин үзгүлтүксүздүгү, тынымсыздыгы, санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттеринин жана субъекттеринин корголгондугу (туруктуулук принциби);

4) санарип рынокторунда атаандаштыкты колдоо, ар кандай санарип сервистерин берүүчүлөрдүн жана ар кандай санариптик технологиялык тутумдардын ээлеринин ортосунда аларды көчүрүү мүмкүнчүлүгү менен дайындардын жана жазмалардын форматтарынын ачыктыгы жана шайкештиги, санарип дайындарынын жеткиликтүүлүгү жана алардын негизинде, анын ичинде аларды кайра пайдаланууда чечимдерди кабыл алуу (ачыктык принциби);

5) технологиянын бүткүл иштөө түрмөгүнүн аралыгында укуктук мамилелердин субъекттеринин милдеттерди аткаргандыгын, анын ичинде алардын санарип чөйрөсүндөгү бузууларды четтеткендигин жана (же) укуктарды сактагандыгын тастыктаган, зарыл болгон санарип дайындарын сактоо (отчеттуулук принциби).

4. Айрым чөйрөлөрдө мамилелерди жөнгө салуунун негиздерин түзүүчү тармактык принциптер ушул Кодекстин тиешелүү главаларында бекитилген.

4-берене. Санарип кодекси жана башка ченемдик укуктук актылар

1. Ушул Кодекс санарип чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салууда артыкчылыкка ээ. Башка мыйзамдардын жана аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын санарип чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу эрежелерин аныктоочу ченемдери ушул Кодекстин жоболоруна карама-каршы келиши мүмкүн эмес. Ушул Кодекстин жана башка ченемдик укуктук актылардын ортосунда карама-каршылыктар келип чыккан учурда, ченемдик укуктук актылар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген коллизияларды чечүү жөнүндө эрежелерди эске алуу менен ушул Кодекстин ченемдери иштейт жана колдонулат.

2. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылар ушул Кодексте түздөн-түз белгиленген учурларда гана колдонулушу мүмкүн.

3. Ушул Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору ушул Кодексте белгиленген бардык деңгээлдерде санарип чөйрөсүнүн бирдиктүүлүгүн жана санарип чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу принциптерине шайкештикти камсыз кылуу максатында координациялоочу орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш. Ушул Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жылына бир жолудан көп эмес жол берилет.

5-берене. Санарип кодекси жана санарип коомдоштуктарынын эрежелери

1. Санарип коомдоштуктары санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери тарабынан алардын демилгеси боюнча жана ыктыярдуу башталышта түзүлөт. Санарип коомдоштуктары мыйзамдарда тыюу салынбаган кандай болбосун уюштуруу таризине жана башкаруу тартибине ээ болушу мүмкүн. Санарип коомдоштуктарынын катышуучусу болуп саналган укуктук мамилелердин субъекттери мындай коомдоштуктардын эрежелерин өз алдынча аныктайт. Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар алар катышкан санарип коомдоштуктарынын эрежелерин аныктоодо Кыргыз РеспубликасынынКонституциясын, ушул Кодексти жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алууга милдеттүү.

2. Санарип коомдоштуктарынын эрежелерин колдонууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү жана аны сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

6-берене. Жалпы таанылган эл аралык тажрыйба

1. Эл аралык уюмдар, чет өлкөлөрдүн эксперттик коомдоштуктары тарабынан жарыяланган жана санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери тарабынан жигердүү колдонулуучу стандарттардын жоболору жана сунуштамалар жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны түзөт.

2. Ушул Кодексте каралган учурларда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери санарип чөйрөсүндө өз укуктарын жүзөгө ашыруунун жана милдеттерин аткаруунун технологияларын же ыкмаларын тандоодо ушул Кодексте каралган тиешелүү чөйрөдөгү тармактык жөнгө салуучу тарабынан бекитилген жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алат. Тармактык жөнгө салуучу тарабынан бекитилген жалпы таанылган эл аралык тажрыйба жок учурда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери Кыргыз Республикасынын бекитилген стандарттарына жана ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алууга укуктуу.

3. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери тандап алынган технологиялар жалпы таанылган эл аралык тажрыйбага же жалпы таанылган эл аралык тажрыйбанын талаптарына эквиваленттүү болгон же андан жогору турган талаптарга ылайыктуулугун шайкештик декларациясын жарыялоо аркылуу берүүгө тийиш.

2-глава. Санарип чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу

7-берене. Мамлекеттик жөнгө салуу тариздери

Кыргыз Республикасында санарип чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүдөй тариздерде жүзөгө ашырылат:

1) санарип чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын ишин тармактар аралык жана ведомстволор аралык координациялоо;

2) тармактык жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу.

8-берене. Санарип чөйрөсүндөгү ишти координациялоо

1. Санарип чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын ишин тармактар аралык жана ведомстволор аралык координациялоо төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) санарип чөйрөсүндөгү иштин жаппы мамлекеттик максаттарын жана милдеттерин, программаларын жана пландарын аныктоо;

2) жашыруундуулук режимин, мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу купуя сырды коргоону камсыз кылууну эске алуу менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санарип чөйрөсүндөгү ишинин бюджеттерин пландоо жана мониторинг жүргүзүү;

3) санариптик реформаларга жана программаларга стратегиялык жетекчилик кылуу, санарип чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырууга бөлүнүүчү региондук жана эл аралык жардамдарды координациялоо;

4) бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин бирикмелеринин жана ассоциацияларынын максаттарды жана милдеттерди, жалпы улуттук демилгелерди, пландарды, программаларды иштеп чыгуудагы жана ишке ашыруудагы кызматташуусу;

5) мамлекеттик санарип экотутумунун архитектурасын, жалпы санарип платформаларды жана сервистерди түзүү, инновациялык чечимдерди сыноо боюнча ишти координациялоо;

6) санарип чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун максаттарына жетүү үчүн укуктук мамилелердин бардык субъекттеринин ишинде үзгүлтүксүздүктү, интеграцияны жана макулдашылгандыкты камсыз кылуу.

2. Санарип чөйрөсүндөгү координациялоочу орган Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

9-берене. Тармактык жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу

1. Санарип чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жана көзөмөлдөө текшерүүлөрдү жүргүзүү, санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери үчүн милдеттүү болгон чечимдерди (административдик актыларды) кабыл алуу, ап эми ушул Кодексте каралган учурда уруксаттарды (лицензияларды) берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Ушул Кодекс төмөнкүдөй чөйрөлөрдө жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын (тармактык жөнгө салуучулардын) ыйгарым укуктарын белгилейт:

1) жеке дайындар;

2) улуттук санарип экотутуму;

3) телекоммуникациялар.

3. Тармактык жөнгө салуучулар жөнүндө жоболор Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

4. Тармактык жөнгө салуучуну түзүүнүн жана ишин жүзөгө ашыруунун тартиби ал жүргүзгөн жөнгө салуунун көз карандысыздыгын камсыз кылууга тийиш.

5. Бир эле ошол тармактык жөнгө салуучу ушул Кодексте каралган бир канча чөйрөдө ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыра албайт.

6. Ар бир тармактык жөнгө салуучу анын компетенциясына кирген чөйрөдөгү мамилелердин абалы жөнүндө, өзүнүн чечимдери жөнүндө, кадрдык жана финансылык ресурстары, алардын көлөмдөрү жана пайдаланылышы жөнүндө, пландалган иш-аракеттер жана чаралар жөнүндө жыл сайын отчет берүүгө милдеттүү. Отчет тармактык жөнгө салуучунун сайтында жарыяланууга тийиш.

7. Тармактык жөнгө салуучулар тиешелүү чөйрөлөрдө окуу борборлорун түзөт жана алардын ишин камсыз кылат. Тармактык жөнгө салуучулардын окуу борборлору акысыз же гранттык негизде билим берүү жана агартуу иш-чараларын, илимий изилдөөлөрдү жана иш жүзүндө иштеп чыгууларды жүргүзөт.

10-берене. Эксперттик кеңештер

1. Тармактык жөнгө салуучу эксперттик кеңеш түзүүгө укуктуу.

Эксперттик кеңеш - бул санарип чөйрөсүн жөнгө салуу принциптерин өнүктүрүү жана сактоо маселелери боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды даярдоо үчүн тийиштүү жөнгө салуу тармагындагы эксперттик, илимий чөйрөлөрдүн, кесиптик чөйрөнүн өкүлдөрүнөн коомдук башталышта түзүлгөн консультативдик-кеңешүүчү орган.

Тармактык жөнгө салуучунун эксперттик кеңешти чакыруу жөнүндө чечими эксперттик кеңештин иши башталуучу мөөнөттү жана анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн көрсөтүү менен тармактык жөнгө салуучунун сайтында жарыяланууга тийиш.

2. Эксперттик кеңеш жана айрым эксперттер тармактык жөнгө салуучунун ишине кийлигишүүгө укуксуз, текшерүүлөрдү жүргүзүүгө же санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери үчүн милдеттүү болгон чечимдерди кабыл алууга катыша албайт.

3. Эксперттик кеңештин ишинин регламенти, анын ичинде аны түзүүнүн жол-жоболору тармактык жөнгө салуучу тарабынан бекитилет.

11-берене. Тиешелүү чөйрөдө текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн субъекттерди аккредитациялоо

1. Тиешелүү чөйрөдөгү тармактык жөнгө салуучу ушул Кодексте каралган учурларда жөнгө салуу субъекттерин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугу боюнча жеке жана/же юридикалык жактарды аккредитациялоону жүргүзөт. Аккредитацияланган жактар жөнгө салуу субъектинин макулдугу болгон учурда текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.

2. Аккредитацияланган жактарга талаптар, аккредитациялоо тартиби жана аккредитацияланган жактар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча берилүүчү документтин түрү Министрлер Кабинетинин актыларында ушул Кодекске ылайык белгиленет.

3. Аккредитациялоо үчүн аккредитацияланган жактар жыл сайын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жана төмөнкүлөрдү эсепке алуучу усулдук боюнча эсептелүүчү акыны төлөйт:

1) аккредитацияланган жактар тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдөн кирешени;

2) текшерүүлөрдүн санын;

3) өзүнө социалдык факторду камтыган салмактык коэффициентти;

4) эсептик көрсөткүчтү;

5) аккредитацияланган жактын ишинин натыйжалуулук коэффициентин.

12-берене. Санарип чөйрөсүндөгү кесипкөй иштин эрежелери жана стандарттары

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин кесиптик бирикмелери алардын катышуучулары үчүн милдеттүү болгон регламентти бекитүүгө укуктуу. Регламент өзүнө бирикменин катышуучуларынын кесиптик ишинин ушул Кодекске карама-каршы келбеген эрежелерин жана стандарттарын камтышы мүмкүн.

2. Кесиптик бирикмелер өзүнүн катышуучуларынын мындай регламенттерди сактоосун көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга милдеттүү.

3. Мындай кесиптик бирикмелерге мүчөлүк, милдеттүү регламенттердин сакталышын көзөмөлдөөнүн натыйжалары жана жол берилген бузуулар, ошондой эле мындай бузууларды четтетүү жөнүндө маалыматтар жалпыга жеткиликтүү маалымат болуп саналат. Бул маалыматтар кесиптик бирикмелер тарабынан алардын сайттарында жарыяланышы керек.

13-берене. Мамлекеттик башкаруунун максаттары үчүн телекоммуникациялык тарамдарды жана курулмаларды берүү

1. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу, ички, жабык жана жашыруундалган телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоочу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан телекоммуникациялардын операторлору мамлекеттик башкаруу, улуттук коопсуздук, коргоо, укуктук тартипти сактоо кызыкчылыгында жана өзгөчө кырдаалдарда телекоммуникациялык тарамдардын жана курулмалардын берилишин камсыз кылууга милдеттүү.

2. Өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу зарыл болгон телекоммуникациялык сервистердин берилишин камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу өзгөчө же каатчылык кырдаал түзүлгөн аймакта телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоо жана телекоммуникациялык сервистерди толук же жарым-жартылай берүү үчүн өзгөчө убактылуу органдарды түзүшү мүмкүн.

3. Министрлер Кабинети мамлекеттик башкаруу, улуттук коопсуздук, коргоо. укук тартипти сактоо кызыкчылыгында жака өзгөчө кырдаалдарда (табигый кырсыктар, карантин ж.б.) телекоммуникациялык сервистерди жана курулмаларды пайдаланышы мүмкүн. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар телекоммуникациялык тарамдарды жана курулмаларды эксплуатациялоого же эксплуатациялоону токтотуп турууга артыкчылыктуу укукту аталган өзгөчө жагдайларда гана пайдалана алышат.

4. Өкмөттүк тарам улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан уюштурулат жана берилет. Өкмөттүк тарам бул тарам боюнча берилүүчү маалыматтын корголушун камсыз кылууга тийиш.

14-берене. Телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоону токтотуп туруу жана кайра улантуу

1. Ушул Кодекстин13-беренесинин3-бөлүгүндө каралган учурда телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоону жана телекоммуникациялык сервистерди берүүнү токтотуп туруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде телекоммуникациялардын операторлору тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Телекоммуникациялардын операторлору, эгерде анын эл аралык идентификациялык коду (IMEI) Министрлер Кабинети белгилеген тартипте Уюлдук түзүлмөлөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун "Кара тизмесине" киргизилген болсо, өзүнүн телекоммуникациялык тарамына жеткиликтүүлүк берүүгө укуксуз жана уюлдук түзүлмөлөрдүн тиешелүү телекоммуникациялык сервистерди пайдалануусунун мүмкүн эместигин камсыз кылууга милдеттүү.

3. Телекоммуникациялардын операторлору соттун чечиминин же телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоону же телекоммуникациялык сервистерди берүүнү токтотуп туруу жөнүндө чечимди кабыл алган улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоону жана телекоммуникациялык сервистерди берүүнү кайра улантууга милдеттүү.

4. Министрлер Кабинети анын ишин мындай токтотуп туруунун натыйжасында телекоммуникациялардын оператору тарткан чыгымдарды өзү белгилеген тартипте компенсациялайт.

3-глава. Санарип чөйрөсүндө атайын жөнгө салуу

15-берене. Атайын жөнгө салуунун максаттары жана принциптери

1. Санарип чөйрөсүндөгү иштин айрым түрлөрүнүн субъекттерин ушул Кодексте жана ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда белгиленген айрым милдеттерден убактылуу бошотуу (атайын жөнгө салуу) Кодекстин ушул главасында белгиленген тартипте киргизилиши мүмкүн.

2. Атайын жөнгө салуунун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) экономикалык жана социалдык ишти жүзөгө ашыруунун алдынкы тариздерин, усулдарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу;

2) реалдуу шарттарда санариптик инновацияларды коопсуз тестирлөө;

3) санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттеринин сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу;

4) ак ниеттүү атаандаштыкка дем берүү;

5) санариптик экономикага инвестицияларды тартуу;

6) мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

7) инновациялык өнүмдөргө жана сервистерге карата жөнгө салуунун аныксыздыгын төмөндөтүү.

3. Атайын жөнгө салуу төмөнкүдөй принциптерге негизденет:

1) киргизилген атайын эрежелердин убактылуу мүнөзү;

2) атайын эрежелердин аларды киргизүүнүн максаттарына так шайкештиги;

3) атайын эрежелер менен жарандарды укуктарынан жана эркиндиктеринен ажыратууга тыюу салуу;

4) санариптик туруктуулукту сактоо;

5) атайын жөнгө салуу субъекттеринин теңдиги;

6) атайын жөнгө салууга ыктыярдуу катышуу;

7) атайын эрежелердин жана алардын максаттарынын мазмундарынын транспаренттүүлүгү;

8) тармактык жөнгө салуучунун атайын эрежелердин ишке ашырылышын натыйжалуу көзөмөлдөөсү.

4. Банк жана төлөм тутумдарынын рыногунда атайын жөнгө салуу режимдерин түзүүнүн жана ага катышуунун тартиби, анын катышуучуларына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленет.

5. Атайын жөнгө салуу санарип чөйрөсү менен байланышкан мамилелер үчүн гана киргизилет, жана субъекттердин атаандаштыгын жана теңдигин чектеши мүмкүн эмес, ага тете салыктарды жана салыктык эмес төлөмдөрдү төлөө же келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча милдеттерден бошотушу мүмкүн эмес.

16-берене. Атайын жөнгө салууну киргизүү

1. Атайын жөнгө салуу ишинин чөйрөсүндө атайын жөнгө салуу киргизилип жаткан, ушул Кодексте каралган тармактык жөнгө салуучу тарабынан жактырылган санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) чечими менен киргизилет.

2. Атайын жөнгө салууну киргизүү демилгеси менен чыккан санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти (демилгечи) тармактык жөнгө салуучуга төмөнкүдөй дайындарды камтыган, атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө арыз менен кайрылат:

1) ушул Кодекстин жана ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин белгилүү бир иш-аракеттерди жасоо, белгилүү бир жол-жоболорду, тыюу салууларды же чектөөлөрдү сактоо түрүндөгү милдеттерин белгилөөчү жоболоруна көрсөтмөнү;

2) атайын жөнгө салуу козгоочу субъекттердин чөйрөсүнө көрсөтмөнү;

3) сунушталган атайын жөнгө салуунун максаттарынын жана милдеттеринин, аларга карата атайын жөнгө салуу киргизилип жаткан мамилелердин маанилүүлүгүнүн сыпаттамасын, атайын жөнгө салууну киргизүүнүн артыкчылыктарынын негиздемесин;

4) демилгечини жана ушул сыяктуу иш менен алектенген башка субъекттерди саналып өткөн милдеттерден бошотуу ушул Кодексте белгиленген атайын жөнгө салуунун бир же бир нече максаттарына жетүүгө мүмкүндүк беришинин негиздемесин;

5) атайын жөнгө салууну киргизүүдөн мүмкүн болуучу терс кесепеттердин, аларды минималдаштыруу үчүн зарыл болгон чаралардын жана натыйжалардын ийгиликтүүлүгүн баалоо усулдугунун сыпаттамасын.

3. Атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө арызды алган тармактык жөнгө салуучу аны өзүнүн сайтында жарыялайт. Арызды сайтта жарыялоонун мөөнөтү арыз алынган учурдан тартып 5 жумуш күндөн ашпоого тийиш.

4. Атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө арызды жарыялоо менен бир эле убакта тармактык жөнгө салуучу сайтта сын-пикирлерди жөнөтүү үчүн байланыш маалыматын жарыялайт.

5. Тармактык жөнгө салуучу атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө арызды жана ага карата алынган сын-пикирлерди кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй сунуштардын бирин камтыган чечимди чыгарат:

1) атайын жөнгө салуунун киргизилишин жактыруу;

2) атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө арызды тармактык жөнгө салуучунун чечиминде саналып өтүүгө тийиш болгон сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштеп чыгууга кайтаруу;

3) атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө арызды четке кагуу.

6. Тармактык жөнгө салуучунун атайын жөнгө салууну киргизүүнү жактыруу жөнүндө чечими арыздын атайын жөнгө салуунун максаттарына жана ушул беренеде белгиленген талаптарга шайкештиги жөнүндө тыянактарды камтууга тийиш.

7. Тармактык жөнгө салуучу он күндүк мөөнөттө Президентке атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн сунушту Президенттин тиешелүү чечиминин долбоорун жана демилгечинин башка зарыл болгон документтерин тиркөө менен жөнөтөт.

8. Президенттин атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечими төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) ушул Кодексте көрсөтүлгөндөрдүн ичинен атайын жөнгө салууну киргизүүнүн максатына (максаттарына) көрсөтмөнү;

2) аларга карата атайын жөнгө салуу киргизилип жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын конкреттүү жоболоруна көрсөтмөнү;

3) белгилүү бир иш-аракеттерди жасоо, белгилүү бир жол-жоболорду, тыюу салууларды же чектөөлөрдү сактоо милдеттеринен бошотуудан турган, киргизилип жаткан атайын эрежелердин сыпаттамасын;

4) аларга карата атайын жөнгө салуу киргизилип жаткан, санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин чөйрөсүнө көрсөтмөнү;

5) аларга карата атайын жөнгө салуу киргизилип жаткан иштин түрлөрүнүн сыпаттамасын;

6) атайын жөнгө салууну киргизүүдөн мүмкүн болуучу терс кесепеттерди азайтуу максатында санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери көрүүгө милдеттүү болгон чаралардын тизмегин;

7) атайын жөнгө салууну колдонуучу санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери атайын жөнгө салууга мониторинг жүргүзүү максатында тармактык жөнгө салуучуга берүүгө тийиш болгон дайындардын мезгилдүүлүгүн жана тизмегин;

8) ошол субъект үчүн атайын жөнгө салуу режимин колдонуу тартибин аныктоочу башка шарттарды.

9. Эгерде чечимде андан да узак мөөнөт белгиленбесе, атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечим ал расмий жарыялангандан тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Эгерде атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө арыз менен кайрылган демилгечи тарабынан анча узак эмес мөөнөт суралбаса, атайын жөнгө салуу үч жылга киргизилет.

10. Атайын жөнгө салууну киргизүүнүн башка жол-жоболору жана шарттары, анын ичинде катышуучулардын арыздарын берүүнүн, баалоонун жол-жоболору, атайын жөнгө салууга жана катышуучулардын отчетторуна мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

17-берене. Атайын жөнгө салууну колдонуу

1. Атайын жөнгө салууну колдонгон санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти бул тууралуу ал санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерге киришкен башка субъекттерге өзүнүн сайтында, тиркемелерде, келишимдердин тексттеринде жана башка ушул сыяктуу түрдө көрсөтүү жолу менен эскертүүгө милдеттүү.

2. Атайын жөнгө салууну колдонгон санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти тармактык жөнгө салуучуга атайын жөнгө салууга мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон дайындарды ээсиздендирилген таризде, атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечимде белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттүү.

3. Тармактык жөнгө салуучу өз компетенциясынын чегинде атайын жөнгө салууга мониторинг жүргүзөт, анын алкагында атайын жөнгө салууну колдонгон субъекттерден алынган дайындарды жыйнайт жана жалпылайт, ошондой эле атайын жөнгө салууну колдонуунун натыйжасында санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуу фактыларын, анын ичинде субъекттерден келип түшкөн даттануулардын негизинде аныктайт жана жалпылайт.

4. Эгерде атайын жөнгө салууга мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча тармактык жөнгө салуучу атайын жөнгө салууну колдонуунун ушул Кодексте каралган принциптерге шайкешсиздигин, ага тете атайын жөнгө салууну киргизүүдөн мүмкүн болуучу терс кесепеттерди азайтуу максатында санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери кабыл алууга милдеттүү болгон чаралардын жетишсиздигин аныктаса, тармактык жөнгө салуучу атайын жөнгө салууну аяктоо же өзгөртүү жөнүндө сунуш киргизет.

5. Атайын жөнгө салууга мониторинг жүргүзүүнүн жалпыланган дайындары тармактык жөнгө салуучунун ар жылдык отчетуна киргизилет.

18-берене. Атайын жөнгө салууну өзгөртүү жана аяктоо

1. Атайын жөнгө салууну өзгөртүү Президенттин тиешелүү чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен аны колдонуу мөөнөтүнүн чегинде жүзөгө ашырылат.

2. Атайын жөнгө салуу төмөнкүдөй учурларда аяктайт:

1) анын мөөнөтү бүткөндө;

2) алардан убактылуу бошотуу атайын жөнгө салуунун предмети болгон милдеттер ушул Кодекстен же ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыдан алып салынганда;

3) Президенттин аны менен атайын жөнгө салуу киргизилген чечими жокко чыгарылган учурда.

3. Президент, эгерде чечим кабыл алынгандан кийин атайын жөнгө салууну колдонуунун ушул Кодексте белгиленген аны киргизүүнүн принциптерине жана максаттарына шайкеш эместиги аныкталса, ага тете аны киргизүүдөн терс кесепеттерди азайтуу боюнча чаралардын натыйжалары жок болсо, атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечимди жокко чыгарат.

4. Эгерде атайын жөнгө салуу анын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу аяктаса, тармактык жөнгө салуучу мөөнөтү аяктаган күнгө чейин алты айдан кечиктирбестен алардан бошотуу атайын жөнгө салуунун предмети болгон милдеттерди алып салуу максатында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды же болбосо колдонуудагы мыйзамдык жөнгө салууну сактап калуу жөнүндө сунушту камтыган атайын жөнгө салуунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту өзүнүн сайтында жарыялоого жана Президентке жөнөтүүгө милдеттүү.

4-глава. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү

19-берене. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнүн укуктук негиздери

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери алар ээлери (берүүчүлөрү) болуп саналган санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерин пайдалануу менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу. Мыйзамда белгиленген учурларда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери ушул Кодексте. ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда же тийиштүү санарип коомдоштугунун эрежелеринде белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүгө милдеттүү.

2. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү ачык, жекече-ачык же жеке болушу мүмкүн.

3. Эгерде катышуучулардын бири өз ара аракеттенүүнүн башка катышуучуларынын аткаруусу үчүн милдеттүү болгон чечимдерди кабыл ала алса же дайындарды иштеп чыгуу жөнүндө талаптарды коё алса, өз ара аракеттенүү ачык болуп саналат. Ачык өз ара аракеттенүүнүн тартиби, анын ичинде ачык өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө дайындарды иштеп чыгуунун тартиби мындай ачык өз ара аракеттенүү каралган мыйзамда аныкталат.

4. Өз ара аракеттенүү төмөнкүдөй учурларда жекече-ачык болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жүзөгө ашырууда;

2) Улуттук экотутумга катышууда;

3) ушул Кодекстин189-беренесинин6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда телекоммуникациялардын операторлорунун өздөрүнүн телекоммуникациялык тарамдарын пайдалануу менен монополияга каршы мыйзамдарга ылайык үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъект деп таанылган телекоммуникациялардын оператору менен өз ара аракеттенүүсүндө (мындан ары - тарамдар аралык кошулуу);

4) ушул Кодекске ылайык өзгөчө шарттарда телекоммуникациялык сервистерди берүүдө.

5. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн учурларда өз ара аракеттенүү, анын ичинде монополияга каршы мыйзамдарга ылайык үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарбакер субъект катары таанылган телекоммуникациялардын операторлорунун катышуусуз тарамдар аралык кошулуу жекече болуп саналат. Жекече өз ара аракеттенүү санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин ортосундагы макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылат.

6. Жекече-ачык өз ара аракеттенүү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдардын жоболорун (мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жүзөгө ашырууда өз ара аракеттенүү үчүн) жана санарип чөйрөсүндөгү мамилелердин тиешелүү чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүү жөнүндө ушул Кодекстин главаларынын жоболорун эске алуу менен Кодекстин ушул главасында белгиленген тартипте түзүлүүчү макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат.

7. Өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосундагы товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр, интеллектуалдык менчик же санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттери боюнча бүтүмдөр жарандык мыйзамдарга ылайык жасалат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, фонддор жана мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн юридикалык жактардын (өз ара аракеттенүүнүн ачык катышуучуларынын) сатып алууларын жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

20-берене. Өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу принциптери

1. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү алдын ала аныкталган, түшүнүктүү жана бир маанилүү эрежелерге таянууга тийиш (мамилелердин аныктыгынын принциби).

2. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнүн мөөнөтү ар бир катышуучуга мындай өз ара аракеттенүүнүн негизинде өзүнүн максаттарына жана милдеттерине жетүүгө мүмкүндүк берүүгө тийиш (өз ара аракеттенүүнүн узак мөөнөттүү мүнөзү принциби).

3. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү анын бардык катышуучулары үчүн, анын ичинде алар үчүн ал милдеттүү болуп саналгандар үчүн да пайдалуу болууга тий иш (өз ара пайда принциби).

4. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөө максатын көздөөгө же иш жүзүндө чектөөгө алып келүүгө тийиш эмес (укуктарды жана эркиндиктерди чектөөлөргө жол берилбестик принциби).

5. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү санарип чөйрөсүндөгү атаандаштыкты чектөө максатын көздөөгө же иш жүзүндө чектөөгө алып келүүгө тийиш эмес (атаандаштыкты чектөөлөргө жол берилбестик принциби).

6. Башка катышуучулар менен өз ара аракеттенүү алардын биринин да санариптик туруктуулугунун төмөндөшүнө алып келбөөгө тийиш (санариптик туруктуулукту сактоо принциби).

7. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнүн мүнөзү, эрежелери жана максаттары санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин калган субъекттери үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш (өз ара аракеттенүүнүн транспаренттүүлүк принциби).

21-берене. Өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу

1. Тараптардын төмөнкүдөй жааттарда кызматташуусу өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун предмети болуп саналат:

1) санарип дайындарын, жазмаларын жана документтерин иштеп чыгуу;

2) санарип ресурстарын, сайттарын жана тиркемелерин түзүү жана пайдалануу, ошондой эле аларга карата жеткиликтүүлүктү берүү;

3) санарип сервистерин, анын ичинде ишенимдүү сервистерди түзүү жана берүү;

4) тарамдар аралык кошулуу жана башка санариптик технологиялык тутумдарды пайдалануу менен өз ара аракеттенүү.

2. Эгерде ушул Кодексте же өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууда башкача белгиленбесе, тараптар өз ара аракеттенүүнүн натыйжаларына жетүүгө бирдей даражада катышат.

3. Эгерде өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууда тараптардын интеллектуалдык менчикти пайдалануу укугун берүү боюнча милдеттенмелери каралса, өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун шарттары жана аны түзүүнүн таризи лицензиялык келишимдерге коюлуучу жарандык мыйзамдардын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.

4. Өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун тараптарды белгилүү бир иш-аракеттерден карманууга милдеттендирген шарттары монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына карама-каршы келбөөгө тийиш.

22-берене. Жекече-ачык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну түзүү

1. Макулдашууну түзүү төмөнкүлөр үчүн милдеттүү болуп саналат:

1) мамлекеттик жана муниципалдык санариптик технологиялык тутумдардын ээлери үчүн - Улуттук экотутумдун алкагында өз ара аракеттенүүдө;

2) монополияга каршы мыйзамдарга ылайык үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъект деп таанылган телекоммуникациялардын оператору үчүн - ушул Кодекстин189-беренесинин6-бөлүгүндө белгиленген учурларда тарамдар аралык кошулууда;

3) телекоммуникациялардын операторлору үчүн - ушул Кодекске ылайык өзгөчө шарттарда телекоммуникациялык сервистерди берүүдө.

2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте түзүлөт.

3. Өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу сунуш мындай макулдашууну түзүүгө укугу бар санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти (тарап ыйгарым укук берген) тарабынан мындай макулдашууну түзүү милдеттүү болуп саналган субъекттин дарегине (милдеттүү тарапка) жөнөтүлүшү мүмкүн.

4. Милдеттүү тарап өз ара аракеттенүү жөнүндө жекече-ачык макулдашууну кандай болбосун ыйгарым укуктуу субъекттер, анын ичинде өзүнүн аффилирленген жактары менен бирдей шарттарда түзөт.

5. Эгерде өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу милдеттүү тарап ыйгарым укуктуу тараптан сунушту алган күндөн тартып 3 айдын ичинде түзүлбөсө, тараптардын кайсынысы болбосун өз ара аракеттенүү жөнүндө талаш-тартышты чечүү үчүн тармактык жөнгө салуучуга кайрылууга укуктуу.

6. Эгерде ыйгарым укуктуу тараптын сунушунда макулдашууну түзүү сунушталган конкреттүү мөөнөт көрсөтүлбөсө, өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу мөөнөтүн чектебестен түзүлөт.

23-берене. Өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну өзгөртүү жана токтотуу

1. Өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу анын тараптарынын макулдашуусу боюнча, ал эми эгерде тараптар макулдашууга жетише албаса - тармактык жөнгө салуучунун же соттун чечими боюнча өзгөртүлөт же токтотулат.

2. Тараптардын макулдашуусу же өз ара аракеттенүүнү токтотуу жөнүндө чечим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында түзүлгөн же өзгөртүлгөн санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине укуктардын (анын ичинде санарип укуктарынын) таандыктыгына көрсөтмөнү;

2) тараптардын өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында түзүлгөн же өзгөртүлгөн санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине техникалык документтерди жана башка коштоочу материалдарды бири-бирине берүү боюнча милдеттерин;

3) өз ара аракеттенүүнү токтотуунун натыйжасында козголгон пайдалануучулар менен мамилелердеги укук улантуучулук тартибин.

3. Белгилүү бир мөөнөткө түзүлгөн өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттарды камтууга тийиш.

4. Өз ара аракеттенүү токтотулгандан кийин тараптар дайындарды иштеп чыгууну, аларды иштеп чыгуу үчүн өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга негиз болгон бөлүгүндө токтотууга милдеттүү.

II БӨЛҮМ. САНАРИП ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ УКУКТУК МАМИЛЕЛЕР

5-глава. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттери

24-берене. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттеринин түрлөрү

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине төмөнкүлөр кирет:

1) санарип дайындары, санарип жазмалары (анын ичинде санарип документтери түрүндө) жана санарип ресурстары;

2) санарип сервистери жана санарип экотутумдары;

3) санариптик технологиялык тутумдар, анын ичинде дайындарды иштеп чыгуу борборлору жана телекоммуникациялык тарамдар;

4) жерлер, имараттар, курулуштар, курулмалар жана санариптик технологиялык тутумдардын ээлеринин аларга жеткиликтүүлүк бөлүгүндө башка ушуга окшош объекттер.

2. Ушул Кодексте каралган учурларда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине өзүнө санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектине жеткиликтүүлүк укугун жана ага жеткиликтүүлүк шарттарын белгилөө укугун камтыган санарип укугу белгиленет. Санарип укугу ажыратылуучу болуп саналат жана келишимдин негизинде санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин бир субъектинен экинчисине өткөрүп берилиши мүмкүн. Санарип укуктары ушул Кодекс менен корголот.

3. Ошол эле объектке санарип укугу санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин бир нече субъекттерине биргеликте таандык болушу мүмкүн. Бул учурда санарип укуктарын жүзөгө ашыруунун жана аларды тескөөнүн тартиби алар таандык болгон бардык субъекттердин ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууда аныкталат.

4. Санарип укуктары дайындардын принципалдарынын укуктарын жана тиешелүү санарип жазмаларына карата белгиленген чектөөлөр сакталган шарттарда жүзөгө ашырылат.

5. Санарип укуктарын, анын ичинде санарип укуктарынын объекттерине карата эркин жетүү укугун чектөө санарип чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу принциптерин ишке ашыруу максатында объекттердин айрым түрлөрүнө карата ушул Кодексте белгиленет.

6. Конкреттүү объектке карата санарип укуктарын мажбурлап ажыратууга же чектөөгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурларда соттун чечиминин негизинде гана жол берилет.

25-берене. Санарип дайындары жана санарип жазмалары

1. Санарип дайындары кандай болбосун жактардын ортосунда эркин берилет жана бул максаттарда чектөөлөрсүз иштелип чыгат жана өзүнөн-өзү эле санарип укуктарынын объекти болушу мүмкүн эмес. Санарип жеке дайындары ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча иштелип чыгат. Санарип жазмалары, эгерде ушул Кодексте же санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин ортосундагы келишимде башкача белгиленбесе, алардын ээлеринин санарип укуктарынын объекти болуп саналат.

2. Санарип жазмаларына карата алардын ээсине төмөнкүдөй санарип укуктары таандык:

1) санарип жазмаларына жетүүгө уруксат берүү же чектөө, мындай жетүүнүн тартибин жана шарттарын аныктоо;

2) санарип жазмаларын пайдалануу, ошондой эле аларды таратуу;

3) келишим боюнча же мыйзамда белгиленген башка негиздер боюнча санарип жазмаларын башка жактарга берүү;

4) санарип жазмаларына жеткиликтүүлүктү мыйзамсыз алган же алар башка адамдар тарабынан мыйзамсыз пайдаланылган учурда өз укуктарын мыйзамда белгиленген ыкмалар менен коргоо.

3. Виртуалдык активдер болуп саналган санарип жазмаларына укук Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер жөнүндө мыйзамдарында аныкталат. Интеллектуалдык менчик болуп саналган санарип жазмаларына укук Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталат.

4. Санарип дайындарынын же метадайындарынын, же болбосо санарип жазмаларынын курамына кирген же аларды берүүгө талаптар тиешелүү түрдө дайындардын форматын же жазмалардын форматын түзөт. Дайындардын форматы же жазмалардын форматы ченемдик укуктук актылар же санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин макулдашуусу менен каралышы мүмкүн.

5. Дайындардын форматына жана санарип документтеринин жазмаларынын форматына карата талаптар санарип документинин автору тарабынан аныкталат. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дайындарынын форматына жана санарип документтеринин жазмаларына, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуулары болуп саналган санарип документтерине карата талаптар ушул Кодекске ылайык белгиленет.

26-берене. Санарип ресурстары

1. Санарип ресурсунун ээсине төмөнкүдөй санарип укуктары таандык:

1) санарип ресурсуна жетүүгө уруксат берүү же чектөө, мындай жетүүнүн тартибин жана шарттарын аныктоо;

2) санарип ресурсунан санарип дайындарын таратуу;

3) санарип ресурсун идентификациялоо үчүн мыйзамдарда тыюу салынбаган кандай болбосун белгилерди пайдалануу;

4) санарип ресурсуна мыйзамсыз жетүү же аны мыйзамсыз пайдалануу учурунда өзүнүн укуктарын мыйзамда белгиленген ыкмалар менен коргоо.

2. Ушул Кодексте санарип ресурстары үчүн белгиленген эрежелер санарип (анын ичинде мобилдик) тиркемелерине жайылтылат.

27-берене. Санарип сервистери

1. Санарип сервистерине пайдалануучулар үчүн жеткиликтүү болгон санариптик технологиялык тутумдарды төмөнкүдөй максаттарда пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү кирет:

1) санарип дайындарын түзүү, иштеп чыгуу, сактоо же аларга жетүү;

2) санарип дайындарын башка пайдалануучулар менен алмашуу, анын ичинде башка пайдалануучулар тарабынан жүктөлгөн же түзүлгөн санарип дайындарына жетүү жолу менен.

2. Санарип сервистерин берүү жана аларды пайдалануу санарип сервисин берүүчү тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Мамсервистерге карата коюлуучу талаптар ушул Кодексте белгиленет.

28-берене. Санарип экотутумдары

1. Санарип экотутумунун жана ага шайкеш келген санарип коомдоштугунун катышуучулары болуп санарип экотутумунун ээси, санарип ресурстарынын ээлери, санарип сервисин берүүчүлөр жана пайдалануучулар (керектөөчүлөр) саналат.

2. Санарип экотутумунун катышуучулары санарип экотутумунун эрежелерин аныктоого ушул Кодексте жана санарип экотутумунун эрежелеринде аныкталган тартипте катышуу укугуна ээ болот.

3. Тармактык жөнгө салуучулар жана тиешелүү чөйрөдө монополияга каршы жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары санарип экотутумдарында атаандаштыкты, анын ичинде төмөнкүлөр аркылуу коргоого жана өнүктүрүүгө багытталган чараларды көрөт:

1) санарип экотутумдарындагы атаандаштыктын абалын баалоо усулдугун иштеп чыгуу;

2) санарип экотутумдарынын ээлери тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын бузуу менен атаандаштыкты өнүктүрүүгө тоскоолдуктарды жараткан экономика тармактарында атаандаштыктын жалпы эрежелерин колдонуунун өзгөчөлүктөрүн аныктоо.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары менен ишке ашырылат.

29-берене. Санариптик технологиялык тутумдар

1. Санариптик технологиялык тутумдарга санарип дайындарын иштеп чыгуу тутумдары (анын ичинде дайындарды иштеп чыгуу борборлору жана жасалма интеллект тутумдары) жана телекоммуникациялык тарамдар кирет. Санариптик технологиялык тутумдарды түзүү, куруу, жайгаштыруу, эксплуатациялоо боюнча мамилелер ушул Кодекс менен жөнгө салынат. Ушул Кодекс санариптик технологиялык тутумдарга кирген (санариптик технологиялык тутумдардын элементтерин) техникалык каражаттарды жайгаштыруу жана пайдалануу боюнча мамилелерге карата да, санариптик технологиялык тутумдарды пайдалануу менен берилүүчү сервистерди жөнгө салууга карата да колдонулат.

2. Санариптик технологиялык тутумдар мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчик болушу мүмкүн. Мамлекеттик жана муниципалдык санариптик технологиялык тутумдар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамсервистерди берүү үчүн түзүлөт. Башка максаттарда түзүлгөн санариптик технологиялык тутумдар жеке тутумдар болуп саналат.

3. Санариптик технологиялык тутумдар алардын ээси (ээлери) тарабынан же болбосо пайдалануучулар тарабынан биргеликте алар макулдашкан эрежелердин негизинде түзүлөт жана эксплуатацияланат.

4. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, санариптик технологиялык тутумдарга карата милдеттүү талаптарды белгилөө, ошондой эле белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоо Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

5. Санариптик технологиялык тутумдарды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, ошондой эле аларды пайдалануу менен сервистерди берүү ушул Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жарандык мыйзамдар менен салынат.

6-глава. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери

30-берене. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктук статусу

1. Кыргыз Республикасы жана башка мамлекеттер, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары ошондой эле жеке жана юридикалык жактар санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери болуунун ажырагыс укугуна, ошондой эле ушул Кодексте жана санарип коомдоштуктарынын эрежелеринде каралган башка укуктарга ээ жана ушуга байланыштуу милдеттерди алып жүрүшөт.

2. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери төмөнкүдөй санарип укуктарына ээ:

1) алар принципалдары болуп саналган санарип дайындарына жетүү укугу;

2) санарип дайындарын түзүү, таратуу жана пайдалануу укугу, аларды мыйзамдарда тыюу салынбаган кандай болбосун ыкма менен иштеп чыгуу укугу, санарип чөйрөсүндө түзүлгөн же башка түрдө алынган укуктук мамилелердин объекттерине карата санарип укуктары;

3) санарип коомдоштуктарын түзүү жана алар үчүн эрежелерди аныктоого катышуу укугу;

4) санарип коомдоштугунун алкагында өзүнүн иденттүүлүгүн (анын ичинде атын, аталышын, башка идентификаторлорду көрсөтүү жолу менен) аныктоо укугу;

5) эгерде коомдоштуктун айрым дайындарды сактоо милдети мыйзамда белгиленбесе, өз тандоосу боюнча санарип коомдоштугуна катышуусун улантуу же санарип коомдоштугунун алкагында алардын иденттүүлүгүнө тийиштүү кандай болбосун дайындарды өчүрүү мүмкүнчүлүгү менен андан чыгуу укугу.

3. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери санарип жазмаларынын, санарип ресурстарынын, санариптик технологиялык тутумдардын же экотутумдардын ээлери, санарип сервистерин берүүчүлөр, дайындардын принципалдары, пайдалануучулар, иштеп чыгуучулар катары же болбосо ушул Кодексте, санарип коомдоштуктарынын эрежелеринде же санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин келишимдеринде каралган башка статуста чыга алат.

4. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин бардык субъекттери ушул Кодексте каралган өзүнүн укуктарын коргоо укугуна ээ болот.

5. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин башка субъекттерин мыйзамсыз басмырлоого жана санарип чөйрөсүндөгү атаандаштыкты мыйзамсыз чектөөгө жол берүүгө укуксуз.

31-берене. Санарип жазмаларынын ээси

1. Санарип жазмаларынын ээси санарип жазмаларынын толуктугун, ишенимдүүлүгүн жана актуалдуулугун аларды пайдалануу максаттары үчүн зарыл болгон өлчөмдө камсыз кылууга милдеттүү.

2. Санарип жазмаларынын ээсине ушул Кодексте каралган анын санарип жазмаларына санарип укуктары таандык.

3. Санарип жазмаларынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) башка жактарга аларга таандык болгон санарип дайындарына жетүү укугун жүзөгө ашырууга көмөктөшүүгө;

2) санарип жазмаларына жеткиликтүүлүктү чектөөгө, эгерде мындай милдет мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыда же тараптардын макулдашуусунда белгиленсе;

3) ушул Кодексте каралган учурларда Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан материалдык алып жүрүүчүлөргө санарип жазмаларын жайгаштырууга.

4. Санарип жазмаларынын ээси, эгерде мыйзамда башкача каралбаса. башка жакка санарип жазмаларына жеткиликтүүлүк берүүнү бул жактын мындай санарип жазмаларынын мазмунун үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоо жана аларды таратпоо (купуялуулукту сактоо жөнүндө талап) милдеттенмеси менен шарттоого укуктуу. Купуялуулукту сактоо жөнүндө талапты бузган пайдалануучу төмөнкүдөй учурларды кошпогондо, санарип жазмаларынын ээсине мындай бузуу менен келтирилген зыяндардын ордун толтурууга милдеттүү:

1) санарип жазмаларында камтылган маалымат жалпыга жеткиликтүү болуп саналса же ал пайдалануучунун өз милдеттерин бузуусунун кесепетинен эмес ушундай болуп калса;

2) санарип жазмаларында камтылган маалымат мурда пайдалануучу тарабынан өз алдынча иштелип чыкса же анын купуялуулугун сактоо жөнүндө талаптарсыз үчүнчү жактардан алынса.

5. Санарип жазмаларын иштеп чыгуу жери же санарип ресурсу жайгашкан жер түздөн-түз мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, санарип жазмаларынын ээси аларды иштеп чыгуу жерин өз тандоосу боюнча аныктайт.

32-берене. Санарип ресурсунун ээси

1. Санарип ресурсунун ээсине ага карата ушул Кодексте каралган санарип укуктары таандык.

2. Санарип ресурсунун ээси жеткиликтүүлүк эрежелерин камтыган санарип ресурсун пайдалануу эрежелерин аныктайт.

3. Санарип ресурсунун ээси санарип дайындарына же ресурстарына карата жеткиликтүүлүккө ушул Кодексте белгиленген чектөөлөрдү сактоого милдеттүү.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык санарип ресурстарын пайдалануунун эрежелери Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленет. Эгерде конкреттүү мамлекеттик же муниципалдык санарип ресурсун пайдалануу эрежелерин белгилөөчү мыйзамда башкача белгиленбесе, ага карата жеткиликтүүлүк чектелбейт.

33-берене. Санарип сервисин берүүчү

1. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, санарип сервисин берүүчү санарип сервисин пайдалануунун шарттарын өз алдынча аныктайт.

2. Санарип сервисин берүүчү өзүнүн сайтында же тиркемесинде санарип сервиси жөнүндө төмөнкүдөй метадайындарды жалпыга жеткиликтүү кылууга милдеттүү:

1) берүүчүнүн аталышын;

2) берүүчүнүн юридикалык дарегин;

3) берүүчүгө түз жана натыйжалуу кайрылууга мүмкүндүк түзгөн берүүчүнүн байланыш маалыматын;

4) берүүчүнүн мамлекеттик же ушундай коомдук реестрде катталгандыгы жөнүндө маалыматтарды, анын катталган номерин же бул реестрде идентификациялоонун эквиваленттүү каражатын;

5) санарип сервисине карата талаптарды белгилөөчү колдонуудагы мыйзамдарга шилтемени;

6) санарип сервисине кошулуу үчүн зарыл болгон чараларды;

7) санарип сервисин пайдаланууга болгон чектөөлөрдү.

34-берене. Санарип экотутумунун ээси

Санарип экотутумунун ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) санарип экотутумунун катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, анын ичинде ушул Кодексте белгиленген укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, санарип укуктарын жана дайындардын принципалдарынын укуктарын сактоону камсыз кылууга;

2) санарип экотутумунун бардык катышуучуларына санарип экотутумунун эрежелерин аныктоого катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;

3) эгерде мындай дайындарды сактоо милдети мыйзамда каралбаса, санарип экотутумунан чыгып жаткан катышуучуга тийиштүү бардык дайындарды өчүрүү мүмкүнчүлүгү менен санарип экотутумуна эркин кошулуу жана санарип экотутумунан эркин чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;

4) санарип экотутумунан чыгып жаткан катышуучуга ага тийиштүү дайындардын көчүрмөлөрүн алуу же санарип экотутумун иштеп чыгуучуда мындай техникалык мүмкүнчүлүк болгондо аларды мындай катышуучу көрсөткөн башка санарип ресурсуна көчүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;

5) санарип экотутумунун алкагында экотутумдун бардык катышуучулары үчүн санарип жазмаларына, санарип сервистерине жана санариптик технологиялык тутумдарга карата бирдей жана басмырлоосуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга;

6) санарип экотутумунун ичинде атаандаштыкты коргоого жана санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин башка субъекттерине карата монополиялык ишти жүргүзбөөгө;

7) санарип экотутумунун катышуучуларынын ортосундагы талаш-тартыштарды бардык катышуучулар үчүн бирдей эрежелер боюнча кароо мүмкүнчүлүгүн жана мындай талаш-тартыштар боюнча кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылууга.

35-берене. Санариптик технологиялык тутумдун ээси

1. Санариптик технологиялык тутумдардын ээлеринин укуктары жана милдеттери ушул Кодексте белгиленет.

2. Ушул Кодексте белгиленген учурларды кошпогондо, санариптик технологиялык тутумга ээлик кылуу жана аны эксплуатациялоо үчүн уруксат (лицензия) алуу талап кылынбайт.

36-берене. Пайдалануучу

1. Пайдалануучунун укуктары ченемдик укуктук актылардын же санарип жазмаларынын, санарип ресурстарынын, санариптик технологиялык тутумдардын ээлери, санарип сервистерин берүүчүлөр менен келишимдердин негизинде келип чыгат.

2. Пайдалануучу мыйзамда, санарип жазмаларынын, санарип ресурсунун, санариптик технологиялык тутумдардын ээси, санарип сервисин берүүчү тарабынан белгиленген пайдалануу, анын ичинде жеткиликтүүлүктү чектөө эрежелерин сактоого милдеттүү.

37-берене. Дайындардын принципалы

1. Дайындардын принципалы ага тиешелүү санарип жазмаларына жетүү укугуна, ошондой эле мындай жазмаларга жеткиликтүүлүктүн жана санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин башка объекттеринин курамында аларды пайдалануунун эрежелерин аныктоого катышууга укуктуу. Дайындардын принципалынын укуктары бул санарип жазмаларына болгон укуктарга карабастан жүзөгө ашырылат жана корголот. Дайындардын принципалынын укуктары ажыратылгыс болуп саналат жана башка жактарга өткөрүп берилиши мүмкүн эмес. Дайындардын принципалынын укуктары мыйзамдын негизинде гана жана санарип чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуунун принциптерин эске алуу менен гана чектелиши мүмкүн.

2. Дайындардын принципалы ушул Кодексте каралган өз укуктарын ишке ашыруу максатында, тиешелүү санарип жазмалары ага гана тийиштүү экенин тастыктоочу маалыматтарды көрсөтүүгө милдеттүү.

38-берене. Иштеп чыгуучу

1. Иштеп чыгуучу санарип жазмаларын иштеп чыгууга, санариптик технологиялык тутумдарды эксплуатациялоого же санарип сервистерин берүүгө, ага тете санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине жеткиликтүүлүктү жүзөгө ашырууга тапшырма (иштеп чыгууга тапшырма) берген жактын кызыкчылыктарында аракеттенет.

2. Иштеп чыгуучуга өзүнүн кызыкчылыктарында иш-аракеттерди жүзөгө ашырууну тапшырган санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти иштеп чыгуучунун иш-аракеттери үчүн өзүнүн жеке иш-аракеттериндей жоопкерчилик тартат.

3. Иштеп чыгууга тапшырмада санарип жазмалары менен иш-аракеттердин (операциялардын) тизмеги, иштеп чыгуунун максаттары аныкталууга тийиш, иштеп чыгуучунун санарип жазмаларына, санариптик технологиялык тутумдарга же санарип сервистерине жеткиликтүүлүккө белгиленген чектөөлөрдү сактоого милдеттүүлүгү белгиленүүгө тийиш, ошондой эле ушул Кодекске ылайык санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерин коргоону камсыз кылууга талаптар көрсөтүлүүгө тийиш.

7-глава. Санариптик идентификациялоо

39-берене. Иденттүүлүккө укук

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери өзүнүн иденттүүлүгүн, анын ичинде идентификаторду тандоо жолу менен аныктоонун (өзүн идентификациялоо же идентификациялабоо) ажыратылгыс укугуна ээ.

2. Мыйзамда белгиленген учурларда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери ушул Кодексте, ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда же тиешелүү санарип коомдоштугунун эрежелеринде белгиленген тартипте өзүн идентификациялоого милдеттүү.

40-берене. Иденттүүлүккө укукту коргоо

1. Ушул Кодексте же мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары эч ким идентификациялоого (анын ичинде конкреттүү идентификаторду көрсөтүү жолу менен) мажбурланышы мүмкүн эмес.

2. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери, санарип чөйрөсүндөгү ошол эле укуктук мамилелердин башка катышуучулары укуктарын жүзөгө ашыруу жана милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгондон көп иденттүүлүктү сактоого милдеттүү эмес.

3. Эгерде мындай бириктирүү субъекттердин иденттүүлүккө укугун бузса же мындай укугун коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратса, идентификаторлорду камтыган санарип жазмаларын бириктирүүгө жол берилбейт.

4. Кыргыз Республикасы өзүнүн ар бир жаранына өмүр бою колдонулуучу уникалдуу ачык идентификаторду берет, ошондой эле өзүнүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык башка мамлекеттердин жарандары, жарандыгы жок адамдар жана уюмдар үчүн идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

41-берене. Санариптик идентификациялоонун тармактык принциптери

1. Кыргыз Республикасынын санариптик идентификациялоо жаатындагы мамлекеттик саясаты санариптик идентификациялоону пайдалануу үчүн административдик бөгөттөрдү аныктоого жана жоюуга, жеке жана юридикалык жактарга санариптик идентификациялоого жетүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Жаранда санариптик идентификациялоо мүмкүнчүлүгүнүн болуусу же болбогондугу санарип чөйрөсүндө укуктарды жүзөгө ашыруу жана милдеттерди аткаруу үчүн шарт болушу мүмкүн эмес (басмырлабоо принциби).

2. Санариптик идентификациялоо ар бир жак үчүн жөндүү шарттарда жеткиликтүү болууга тийиш, ал эми санариптик идентификациялоо менен байланышкан коромжулар натыйжада алынуучу байлыктарга пропорционалдуу болууга тийиш (жеткиликтүүлүк принциби).

3. Санариптик идентификациялоо тутумдары ачык стандарттардын негизинде түзүлүүгө жана санариптик идентификациялоонун максаттары үчүн зарыл болгон санарип дайындарын гана иштеп чыгуу менен дайындардын шайкештик, көчүрүлүү жана санариптик туруктуулук принциптерине ылайык келүүгө тийиш (жетиштүүлүк принциби).

4. Санариптик идентификациялоо санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин ортосундагы ишенимдин жана отчеттуулуктун негизинде жүзөгө ашырылат. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери өзүнүн дайындарынын пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга, ошондой эле талаш-тартыштарды көз карандысыз контролдоо жана адилеттүү кароо кепилдигине ээ болууга тийиш (ишеним принциби).

42-берене. Санарип дайындарынын идентификаторлору жана булактары

1. Идентификаторлор жана аларды камтыган санарип жазмалары Кодекстин ушул главасында каралган өзгөчөлүктөр менен жеке дайындар үчүн ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча иштелип чыгат.

2. Кыргыз Республикасында уникалдуу ачык идентификаторлор болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жеке жактар үчүн - жеке идентификациялык номер;

2) юридикалык жактар үчүн - салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.

3. Уникалдуу ачык идентификаторлор ушул Кодекске ылайык иштелип чыгуучу жалпыга жеткиликтүү дайындар болуп саналат.

4. Санарип жазмасына кошуу үчүн идентификаторду тандоо төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) дайындардын принципалы тарабынан - жазмалардын ээси ап жөнүндө дайындарды жыйнаганда;

2) жазмалардын ээси тарабынан - дайындарды жазмалардын ээси өзү түзгөндө, анын ичинде идентификаторлорду түзүүдө же ыйгарууда;

3) үчүнчү жак тарабынан - дайындарды жазмалардын ээси дайындардын принципалы болбогон жактан алганда.

5. Жазмалардын ээси санарип жазмаларында пайдаланылуучу идентификатордун уникалдуулугун камсыз кылууга милдеттүү.

43-берене. Идентификаторлорду санарип жазмаларында пайдалануу

1. Санариптик идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык идентификатор пайдаланылган санарип жазмасы төмөнкүдөй шарттардын бири аткарылганда өз колу менен кол коюлган кагаз алып жүрүүчүдөгү документке окшош санарип документи болуп эсептелет:

1) идентификатор санарип жазмасынын өзүндө камтылганда жана идентификатор тийиштүү болгон жактын макулдугун так көрсөткөн санариптик идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык санарип жазмасын камтуу менен же ошондой жактын санарип жазмасынын мазмуну менен таанышканын так көрсөткөндө;

2) санариптик идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык идентификаторду көрсөтүү санариптик идентификациялоо тутумун пайдалануу менен санарип жазмасын түзүүнүн зарыл шарты болгондо жана санарип жазмасынын метадайындарында санарип жазмасы түзүлгөн жактын атынан так көрсөтүүнү камтыганда.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу үчүн, анын ичинде мамсервистерди алуу үчүн идентификаторлор Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык пайдаланылууга тийиш.

3. Мыйзамда мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына санарип жазмасы түрүндө кайрылууга тыюу салынган учурларды кошпогондо, санарип документин түзүүчү кайрылуу жана ага тиркелген материалдар өз колу менен кол коюлган жана кагаз жүзүндөгү алып жүрүүчүдө берилген кайрылуу жана башка материалдар менен бирдей маанилүү сыяктуу таанылат.

44-берене. Байланыш маалыматы

1. Байланыш маалыматы болуп саналган идентификатор ушундай идентификатор тийиштүү болгон жактын алдын ала макулдугу менен гана укуктук мамилелерди пайда кылуу, өзгөртүү, токтотуу максаттарында билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

2. Санариптик аутентификациялоо ушул Кодекске ылайык идентификациялоо тутумунун эрежелеринде каралган учурларда жана тартипте гана, байланыш маалыматы тийиштүү болгон жак менен байланышуу жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

45-берене. Санарип коомдоштуктарында санариптик идентификациялоо

1. Санарип коомдоштуктарында санариптик идентификациялоо коомдоштуктун эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, идентификаторлорду жана аларды камтыган санарип жазмаларын коомдоштуктун катышуучулары болуп саналбаган жактарга берүүгө жол берилбейт.

46-берене. Санариптик идентификациялоо тутумдары

1. Санариптик идентификациялоо санариптик аутентификациялоо мүмкүнчүлүгү каралуусу тийиш болгон санариптик идентификациялоо тутумунун эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Санариптик идентификациялоо тутумунун эрежелери төмөнкүдөй жоболорду камтууга тийиш:

1) санариптик идентификациялоо тутумунун катышуучуларынын түрлөрүн;

2) ушул санариптик идентификациялоо тутумуна ылайык санариптик идентификациялоо жүзөгө ашырылуучу мамилелердин түрлөрүн;

3) санариптик идентификациялоо тутумунунда пайдаланылуучу идентификаторлордун тизмегин жана аларды алуу ыкмаларын;

4) идентификаторлорду жана санариптик идентификациялоонун жана санариптик аутентификациялоонун натыйжалары жөнүндө дайындарды камтыган санарип жазмаларынын ээсине (ээлерине) көрсөтмөнү же болбосо мындай жазмалар бөлүштүрүлгөн санарип ресурсу экендигине көрсөтмөнү;

5) санариптик аутентификациялоо ыкмаларын (ачкычты алуу же көрсөтүү ыкмаларын) жана санариптик аутентификациялоо жол-жобосун;

6) санариптик идентификациялоонун натыйжаларын эсепке алуунун тартибин жана санариптик идентификациялоо фактылары жөнүндө маалыматтын бүтүндүгүн камсыз кылуунун тартибин;

7) санариптик идентификациялоо тутумунун эрежелерине карата жарыялоолордун же башка чектелбеген жеткиликтүүлүк берүүнүн ыкмаларын жана тартибин;

8) мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо, санариптик идентификациялоо тутумунун катышуучулары болуп саналбаган жактарга идентификатору бар санарип жазмаларын берүүгө тыюу салууну.

3. Санариптик идентификациялоо жана санариптик аутентификациялоо санариптик идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык укуктук мамилелердин, анын ичинде далилдөө максаттары үчүн келип чыгуусу, өзгөрүүсү, токтотулушу үчүн негиз болуп саналат.

4. Санариптик идентификациялоонун тиешелүү тутумдарын пайдалануу мыйзамда же тараптардын макулдашуусунда каралган учурларда, санариптик аутентификациялоо жеке адамдын инсандыгын тастыктоо болуп саналат. Мамсервистерди алуу үчүн кайрылууда же бүтүмдөрдү жасоодо санариптик аутентификациялоо адамдын ушундай мамсервисти алууга же бүтүмдөрдү жасоого талаптагыдай эркин билдирүүсү деп таанылат.

5. Санариптик идентификациялоо же санариптик аутентификациялоо жөнүндө санарип жазмалары, алар санарип дайындары түрүндө берилгени үчүн гана юридикалык күчү жок деп таанылышы мүмкүн эмес.

47-берене. Санариптик аутентификациялоо сервиси

1. Санариптик идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык сервисти пайдалануучунун суроо-талабы боюнча жеткирүүчү үчүнчү жактарды санариптик аутентификациялоону жүзөгө ашыруунун алкагында санарип сервиси санариптик аутентификациялоо сервиси болуп саналат.

2. Санариптик аутентификациялоо сервиси сервисти берүүчүнүн жана пайдалануучунун ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде берилет. Мындай макулдашууда төмөнкүлөр каралууга тийиш:

1) пайдаланылуучу идентификаторлордун тизмеги;

2) санариптик аутентификациялоону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон санарип жазмаларына жетүүнүн тартиби;

3) санариптик аутентификациялоонун натыйжалары жөнүндө дайындарды камтыган санарип жазмаларына жетүүнүн тартиби;

4) алардын негизинде санариптик аутентификациялоо жүзөгө ашырылган санарип жазмаларын жаңылоонун тартиби;

5) санариптик аутентификациялоо сервиси пайдаланылуучу колдонуу чөйрөлөрү жана мамилелердин түрлөрү, эгерде ап колдонуу чектелген чөйрөлөрдө же мамилелердин айрым түрлөрүндө пайдаланылышы мүмкүн болсо;

6) сервистин туура иштеши жана анын натыйжаларын пайдалануу үчүн ишке ашыруу зарыл болгон талаптар;

7) сервисти жаңылоо жана өзгөртүү тартиби;

8) сервистин иштеши үчүн зарыл болгон идентификаторлорго, ачкычтарга же башка дайындарга санкцияланбаган жетүү жөнүндө билдирүүнүн тартиби;

9) сервистин санариптик туруктуулугун камсыз кылууга талаптар;

10) сервисти берүүчүгө сый акынын өлчөмүн же тартибин аныктоо жөнүндө шарт же болбосо сервисти пайдалануунун акысыздыгы жөнүндө шарт;

11) макулдашуунун шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик.

3. Санариптик аутентификациялоо сервистери киберкоопсуздук аудитинен үзгүлтүксүз өтүүгө тийиш. Аудиттен өткөндүгү жөнүндө маалымат кийинки аудиттен өтүү мөөнөтүн көрсөтүү менен сервисти берүүчүнүн сайтында жарыяланууга тийиш.

48-берене. Кыргыз Республикасынын биометрикалык идентификациялоо мамлекеттик тутуму

1. Ар бир жеке адам ушул Кодекске ылайык санариптик идентификациялоо жана санариптик аутентификациялоо максаттарында биометрикалык каттоо укугуна ээ.

2. Биометрикалык идентификациялоонун мамлекеттик тутуму шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө, мамсервистерди алууда жана берүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарын санариптик аутентификациялоо үчүн түзүлөт жана мыйзамда түздөн-туз каралган учурларда гана башка максаттар үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн учурларда биометрикалык дайындарды иштеп чыгууга дайындар базасында сакталган анын биометрикалык дайындарын салыштыруу жолу менен жеке адамды санариптик аутентификациялоо максатында гана жол берилет. Санариптик идентификациялоо максатында аларды дайындар базаларында болгон бардык биометрикалык дайындарга салыштыруу жолу менен жеке адамдардын биометрикалык дайындарын иштеп чыгууга тыюу салынат.

3. Кыргыз Республикасынын жарандарынын төмөнкүдөй биометрикалык дайындары иштелип чыгууга тийиш:

1) бетинин санарип графикалык сүрөтү;

2) эки колунун бармактарынын папиллярдык оюуларынын графикалык түзүлүшү;

3) өз колу менен койгон кол тамгасы.

4. Биометрикалык дайындардан тышкары Биометрикалык идентификациялоонун мамлекеттик тутумунда төмөнкүдөй жеке дайындар иштелип чыгат:

1) жеке идентификациялык номери;

2) фамилиясы, аты, атасынын аты;

3) улуту (этностук таандыктыгы);

4) паспортунун сериясы жана номери;

5) туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (мурда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун албаган адамдар үчүн);

6) жынысы;

7) туулган күнү, айы, жылы;

8) жашаган жери.

5. Биометрикалык идентификациялоонун мамлекеттик тутумундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке дайындары биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсун түзөт. Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээси болуп Кыргыз Республикасы саналат. Биометрикалык дайындардын мамлекеттик тутумун пайдалануу менен биометрикалык каттоонун жана санариптик идентификациялоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн максаттарда биометрикалык дайындардын иштеп чыгууга жол берилбейт.

6. Биометрикалык дайындардын коопсуздугун камсыз кылуунун тартиби, аларды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунда иштеп чыгууда. биометрикалык дайындарды материалдык алып жүрүүчүлөрдө жана мындай дайындарды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунан тышкары сактоонун технологияларына карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

49-берене. Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо тутуму

1. Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо тутуму мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан кызмат адамдарын жана мамсервистерди пайдалануучуларды санариптик идентификациялоо жана санариптик аутентификациялоо үчүн пайдаланылат. Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо тутуму юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан мыйзамда тыюу салынбаган максаттарда пайдаланылышы мүмкүн.

2. Бирдиктүү идентификациялоо тутумунда төмөнкүдөй идентификаторлор пайдаланылат:

1) жеке адамдар үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо), туулган күнү, жеке идентификациялык номери, квалификацияланган санарип кол тамгасы, байланыш маалыматы (электрондук почта дареги, жеке адамдын уюлдук түзүлмөсүнүн номери);

2) юридикалык жактар үчүн - аталышы, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, чет өлкөлүк уюмдун каттоо номери же коду, квалификацияланган санарип кол тамгасы.

3. Идентификаторлор Бирдиктүү идентификациялоо тутумуна аларды жыйноо процессинде алар тийиштүү болгон жактар тарабынан киргизилет, ал эми алар болбосо - мыйзамдарда белгиленген тартипте ошондой жакка ыйгарылат.

4. Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун санарип ресурсунун ээси болуп Кыргыз Республикасы саналат, анын атынан улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу аракеттенет.

5. Бирдиктүү идентификациялоо тутумун пайдалануу менен санариптик идентификациялоонун жана санариптик аутентификациялоонун тартиби жана жол-жобосу санариптик идентификациялоонун натыйжаларын эсепке алуунун тартиби жана санариптик идентификациялоонун фактылары жөнүндө маалыматтын бүтүндүгүн камсыз кылуунун тартиби, Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун негизинде санариптик аутентификациялоо сервисин пайдалануунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Бирдиктүү идентификациялоо тутуму жөнүндө жободо аныкталат.

6. Бирдиктүү идентификациялоо тутумунда санариптик идентификациялоо үчүн зарыл болгон же болбосо Бирдиктүү идентификациялоо тутумун пайдалануу менен санариптик аутентификациялоонун натыйжаларын камтыган санарип жазмаларын алмашуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартибинде жүзөгө ашырылат. Бирдиктүү идентификациялоо тутумун пайдалануу менен санариптик аутентификациялоодо Биометрикалык идентификациялоонун мамлекеттик тутумундагы санарип жазмалары пайдаланылышы мүмкүн.

50-берене. Жеке жазмаларды ээсиздендирүү

1. Идентификаторлорду камтыбаган санарип жазмалары ээсиздендирилген болуп саналат жана илимий, статистикалык жана башка изилдөөчүлүк максаттарда, аларды иштеп чыгууга дайындардын принципалынын макулдугусуз иштелип чыгышы мүмкүн. Жеке жазмаларды ээсиздендирүү жазмалардын ээси үчүн бул санарип жазмалары менен бул дайындардын принципалынын ортосундагы байланыш жок кылынгандай түрдө жүзөгө ашырылат.

2. Ээсиздендирилген жеке жазмаларды илимий, статистикалык жана башка изилдөөчүлүк максаттарда иштеп чыгуучу алардын ээси өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыгында аракеттенет деп эсептелет жана ушул Кодекстин жеке жазмаларды иштеп чыгууга тийиштүү талаптарын сактоого тийиш.

3. Дайындардын принципалы ушул Кодексте каралган өзүнүн укуктарын ишке ашыруу максатында жазмалардын ээсине тийиштүү ээсиздендирилген санарип жазмалары түздөн-түз ага тийиштүү экенин тастыктоочу маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

51-берене. Иденттүүлүккө укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери алардын иденттүүлүккө укугу бузулган же мындай укукту коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган учурда, анын ичинде аларды укук ченемсиз санариптик идентификациялоо (санариптик аутентификациялоо), санариптик идентификациялоого (санариптик аутентификациялоого) мажбурлоо же санариптик идентификациялоодон (санариптик аутентификациялоодон) баш тартуу учурунда зыяндын (анын ичинде жеке жактарга келтирилген моралдык зыяндын) ордун толтуруп алуу укугуна ээ. Моралдык зыяндын ордун толтуруу санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти тарткан мүлктүк зыяндын жана чыгымдардын ордун толтурууга карабастан жүзөгө ашырылат.

2. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти мүлктүк зыяндын жана тарткан чыгымдардын ордун толтуруунун ордуна анын иденттүүлүккө укугун бузгандыгы үчүн бузуучудан компенсация төлөөнү талап кылууга укуктуу. Моралдык зыяндын орду жарандык мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте толтурулат.

3. Компенсациянын өлчөмү жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес болууга тийиш жана иденттүүлүккө укуктун бузулушунун мүнөзүнө жана узактыгына жараша сот тарабынан көбөйтүлүшү мүмкүн.

4. Ушул беренеде каралган талаптарды кароонун тартиби жарандык процесстик мыйзамдарда белгиленет.

8-глава. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин пайда болуусунун, өзгөрүүсүнүн, токтотулушунун негиздери

52-берене. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин пайда болуусунун, өзгөрүүсүнүн, токтотулушунун негизи катары санарип жазмалары

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин пайда болуусунун, өзгөрүүсүнүн, токтотулушунун негиздери болуп санарип жазмалары катары билдирилген, анын ичинде санарип документтери түрүндө же санарип ресурстарынын курамында берилген юридикалык фактылар саналат.

2. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин пайда болушун, өзгөрүшүн, токтотулушун ырастоо ишенимдүү сервистердин жардамы менен дагы жүзөгө ашырылат.

53-берене. Санарип укуктарынын пайда болуусу, өзгөрүүсү, токтотулушу

1. Санарип укуктары ушул Кодексте каралган учурларда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин тиешелүү объекти түзүлгөнүнөн же алынганынан улам пайда болот. Санарип укуктарынын пайда болушу үчүн каттоо же билдирүү, же болбосо башка аракеттерди жасоо талап кылынбайт.

2. Субъекттердин санарип чөйрөсүндө алар тарабынан түзүлгөн укуктук мамилелердин объекттерине болгон санарип укуктары бирдей же окшош объекттерди өз алдынча түзгөн бул субъекттердин ар бирине таандык. Ар түрдүү субъекттерге таандык санарип укуктарынын объекттеринин бирдейлиги же окшоштугу башка субъекттин санарип укуктарын бузуу болуп саналбайт.

3. Санарип укуктарынын таандыктыгы метадайындар, анын ичинде бөлүштүрүлгөн санарип ресурстарынын курамында камтылган метадайындар менен тастыкталышы мүмкүн. Санарип жазмаларына же санарип ресурстарына санарип укуктарынын таандыктыгы жөнүндө талаш-тартыш болгон учурда санарип укуктарынын болгондугун далилдөө милдети тиешелүү түрдө санарип жазмаларынын же санарип ресурстарынын ээсине жүктөлөт.

4. Санарип укуктарын, анын ичинде соттун чечиминин негизинде ажыратууда алар токтотулбастан, жаңы ээлик кылуучуга өтөт.

54-берене. Дайындардын принципалынын укуктарынын пайда болуусу, өзгөрүүсү, токтотулушу

1. Дайындардын принципалынын укуктары аны менен жана ага тийиштүү дайындардын ортосунда байланыш болгонунан улам пайда болот.

2. Дайындардын принципалынын өз укуктарынын пайда болушу жана жүзөгө ашырылышы үчүн билдирүү, каттоо же башка иш-аракеттерди жасоо талап кылынбайт, бирок санарип жазмаларынын ээси дайындардын принципалынан мындай санарип жазмалары ушул принципалга тийиштүү экендигине далилдерди талап кылууга укуктуу.

3. Дайындардын принципалынын укуктары төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) ушул принципалга таандык болгон санарип жазмалары жок кылынганда;

2) санарип жазмалары ушул санарип жазмалары менен ушул дайындардын принципалынын ортосундагы байланыш жок кылынгандай ээсиздендирилгенде.

55-берене. Ишенимдүү санарип сервистери

1. Ишенимдүү санарип сервистерине төмөнкүлөр кирет:

1) санариптик аутентификациялоо сервистери;

2) санарип кол тамга сервистери;

3) санарип архивдер сервистери;

4) кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервистери;

5) сайттарды аутентификациялоо сервистери.

2. Ишенимдүү санарип сервистерине карата талаптар ушул Кодексте белгиленет.

56-берене. Чет өлкөлүк ишенимдүү санарип сервистерин таануу

1. Башка мамлекеттерде белгиленген талаптарга ылайык келген ишенимдүү санарип сервистери (мындан ары - чет өлкөлүк ишенимдүү сервистер) ушул Кодекске ылайык төмөнкүдөй учурларда ишенимдүү сервистер деп таанылат, эгерде:

1) чет өлкөлүк ишенимдүү сервиси улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан түзүлгөн жана жүргүзүлгөн Чет өлкөлүк ишенимдүү санарип сервистеринин реестрине киргизилсе;

2) соттун иш боюнча чечиминде тарап пайдаланган чет өлкөлүк ишенимдүү сервиси ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген критерийлерге шайкеш келери белгиленсе.

2. Чет өлкөлүк ишенимдүү сервисти реестрге киргизүү жөнүндө чечим улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан кабыл алынат. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусунун чет өлкөлүк ишенимдүү сервисти реестрге киргизүү же киргизүүдөн баш тартуу тууралуу чечиминде мындай чечимдин негиздери көрсөтүлүүгө тийиш. Чет өлкөлүк ишенимдүү сервисти ишенимдүү деп таануудан баш тартуу сотто даттанылышы мүмкүн.

3. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусунун Чет өлкөлүк ишенимдүү санарип сервистеринин реестрине киргизүү жөнүндө чечими үчүн негиз болуп, ошондой эле соттун чет өлкөлүк ишенимдүү сервистин белгиленген талаптарга шайкеш келүүсү жөнүндө чечим чыгаруусу үчүн негиз болуп анын бир эле мезгилде төмөнкүдөй критерийлерге шайкеш келүүсү саналат:

1) чет өлкөлүк ишенимдүү сервистин ушул Кодекстин талаптарына, анын ичинде жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыктары боюнча иш жүзүндө шайкеш келүүсү;

2) санарип сервисинин ишенимдүү сервистерге тийиштүү жана ушул Кодекстин, баарынан мурда маалыматты ачуу, документтештирүү, санариптик туруктуулук, техникалык контролдоо жана көзөмөлдөө бөлүгүндөгү талаптарына окшош же аларга караганда кыйла жогору талаптарды камтыган жалпы таанылган эл аралык тажрыйбага шайкеш келүүсү;

3) башка мамлекеттер же уюмдар тарабынан берилген шайкештиги жөнүндө сертификаттардын же корутундулардын болушу;

4) санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин ортосунда чет өлкөлүк ишенимдүү сервисти пайдалануу жана мындай пайдалануунун жыйынтыктары каралган макулдашуунун болушу.

4. Чет өлкөлүк ишенимдүү сервистин ушул Кодексте белгиленген талаптарга иш жүзүндө шайкеш келишин таануу жөнүндө соттун чечими Чет өлкөлүк ишенимдүү санарип сервистеринин реестрине киргизүү үчүн негиз болуп саналат.

5. Санарип кол тамгаларынын чет өлкөлүк ишенимдүү сервистерин таануу аларга карата ушул Кодекстин140-беренесинеылайык санарип кол тамгасынын аныктыгын таануу камсыз кылынганда гана жүзөгө ашырылат.

57-берене. Санарип дайындарынын негизинде чечимдерди автоматтык түрдө кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери санарип дайындарын иштеп чыгуунун натыйжалары укуктук мамилелердин пайда болуусу, өзгөрүүсү, токтотулушу адам катышпастан түзүлгөндөй жана пайдаланылгандай кылып санарип дайындарынын негизинде чечимдерди кабыл алууну автоматташтырууга укуктуу (автоматтык чечим).

2. Кызыкчылыктары принципалдар үчүн укуктук натыйжаларды пайда кылуучу автоматтык чечимдер менен козголгон же окшош түрдө ага олуттуу таасир этүүчү дайындардын принципалдары автоматтык чечимдерди пайдалануучу субъекттен төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:

1) ушул дайындардын принципалына карата автоматтык чечимдерди кабыл алууну токтотууну;

2) ушул дайындардын принципалына карата мурда кабыл алынган автоматтык чечимдерди адамдын катышуусу менен кайра карап чыгууну.

3. Автоматтык чечимдерди пайдалануучу санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти тиешелүү иш чөйрөлөрүндө автоматтык чечимдерди кабыл алууга карата ушул Кодексте белгиленген талаптарды аткарууга милдеттүү.

58-берене. Смарт-контракт

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери келишимдин негизинде ушул келишимдин шарттарынын бардыгын же бөлүгүн атайын программалоо тилинде код түрүндө баяндоого укуктуу, ал кийин тараптар менен макулдашылган, тиешелүү санарип дайындары менен тастыкталган (смарт-контракт) белгилүү шарттар келип чыкканда тараптардын катышуусуз аткарылат, бул тараптардын ортосунда мамилелердин пайда болуусуна, өзгөрүүсүнө же токтотулушуна алып келет.

2. Смарт-контрактты пайдалануу каралган келишим талаш-тартыш боюнча чечимди адам тарабынан кабыл алуусу каралган, тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүнүн эрежелерин камтышы керек.

3. Иштин айрым чөйрөлөрүндө смарт-контракттарды пайдаланууга карата талаптар ушул Кодексте жана виртуалдык активдер жөнүндө мыйзамдарда белгиленет.

9-глава. Санарип чөйрөсүндө укуктарды жүзөгө ашыруу жана милдеттерди аткаруу

59-берене. Жалпыга жеткиликтүү жана ачык дайындар

1. Санарип дайындары интеллектуалдык менчик объекттерине өзгөчө укуктар, ошондой эле дайындардын айрым түрлөрүн таратууга, берүүгө, пайдаланууга, башка иштеп чыгууга же аларга жетүүгө карата мыйзамда белгиленген чектөөлөр сакталган шартта кайсы болбосун жактар тарабынан алардын каалоосу боюнча пайдаланылышы мүмкүн.

2. Санарип жазмалары, эгерде алардын метадайындарында мыйзамга, келишимге же ээлик кылуучунун чечимине ылайык аларга жеткиликтүүлүктү чектөөгө көрсөтмөлөр камтылбаса, жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

3. Санарип жазмаларынын ээси, муну санарип жазмаларынын метадайындарында көрсөтүп, өзүн дайындардын булагы катары көрсөтүү милдети менен санарип жазмаларын андан ары таратууну шарттоого укуктуу.

60-берене. Санарип жазмаларын таратуу жана аларга жеткиликтүүлүк

1. Санарип жазмаларын таратуу алардын ээсинин же санарип ресурсунун ээсинин демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат. Санарип жазмаларына жеткиликтүүлүк пайдалануучунун демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Санарип жазмаларын таратуу ушул Кодексте белгиленген талаптар сакталганда эркин жүзөгө ашырылат. Санарип жазмаларына жеткиликтүүлүк тиешелүү санарип жазмаларынын ээси же санарип ресурсунун ээси тарабынан аныкталган шарттарда жүзөгө ашырылат.

3. Таратылуучу же пайдаланылуучу санарип жазмаларынын метадайындарында алардын ээси тууралуу, мындай жакты санариптик идентификациялоо үчүн же аны менен санарип чөйрөсүндө байланышуу мүмкүнчүлүгү үчүн жетиштүү тариздеги жана көлөмдөгү анык маалыматтар камтылышы керек.

4. Эгерде мыйзамда башкасы белгиленбесе, санарип жазмасын таратуучу жак пайдалануучуга санарип жазмаларын алуудан баш тартуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

5. Санарип жазмаларын милдеттүү таратуу же аларга жетүү учурлары жана шарттары мыйзамда белгиленет.

61-берене. Санарип жазмаларын таратууну жана санарип жазмаларына жеткиликтүүлүктү чектөө

1. Санарип жазмаларына жеткиликтүүлүк же аларды таратуу, мындай жазмалардын метадайындарына ылайык мыйзамдын негизинде төмөнкүдөй учурларда гана чектелиши мүмкүн:

1) эгерде жеткиликтүүлүктү чектөө санарип укуктарын жүзөгө ашыруу болуп саналса;

2) эгерде санарип жазмаларынын метадайындары алардын мыйзам менен корголуучу купуя сырларга киргизилгендигин көрсөтсө;

3) эгерде санарип жазмаларын таратууга же аларга жеткиликтүүлүк мыйзамга ылайык же соттун чечими менен тыюу салынса.

2. Киргизилген чектөөлөр санарип чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу принциптерине шайкеш келиши керек. Санарип жазмаларына жеткиликтүүлүккө жана аларды таратууга карата негизсиз чектөөлөргө жол берилбейт.

3. Изилдөөчүлөр жана илимий уюмдар илимий, статистикалык же башка изилдөө максаттарында жеке дайындарды камтыган же мыйзам менен корголуучу купуя сырга киргизилген дайындарга алардын купуялуулугу камсыз кылынган шарттарда жетүүгө укуктуу болушат.

4. Ушул Кодекске ылайык жеке дайындарды камтыган же мыйзам менен корголуучу купуя сырга киргизилген санарип жазмаларына жеткиликтүүлүктү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу жактар, анын ичинде илимий уюмдар, изилдөөчүлөр жана тармактык жөнгө салуучулар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген мындай жетүүнүн тартибин сактоого милдеттүү.

5. Мыйзамга же жазмалардын ээсинин чечимине ылайык белгиленген жазмаларга жетүү мүмкүнчүлүгүн бузган жактар мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.

62-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык санарип ресурстарындагы санарип жазмаларына жеткиликтүүлүк

Эгерде мыйзамда башкасы белгиленбесе, мамлекеттик жана муниципалдык санарип ресурстарындагы санарип жазмалары пайдалануучуларга акысыз жана чектөөлөрсүз берилет. Мындай жазмаларды берүү жөнүндө суроо-талапты жиберген пайдалануучу аларды алуунун зарылдыгын негиздөөгө милдеттүү эмес.

63-берене. Санариптик туруктуулук

1. Санариптик туруктуулукту мамлекеттик жөнгө салуу объекттердин жана субъекттердин ишинин үзгүлтүксүздүгүн жана санарип чөйрөсүндөгү инциденттерден кийин алардан толук коргонуу мүмкүн эместигин эске алуу менен аларды калыбына келтирүүнү камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.

2. Санариптик туруктуулук санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери тарабынан төмөнкүдөй чаралар аркылуу ишке ашырылат:

1) санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттеринин бүтүндүгүн жана жеткиликтүүлүгүн, иштелип чыккан санарип дайындарынын купуялуулугун камсыз кылуу;

2) санарип чөйрөсүндөгү инциденттерге мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу жана алар жөнүндө дайындарды алмашуу;

3) тобокелдиктерди башкаруу тутумунун негизинде санарип чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди башкаруу;

4) санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл ресурстарды башкаруу.

3. Кооптуу маалыматтык инфратүзүм объекттеринин бүтүндүгүн, жеткиликтүүлүгүн жана купуялуулугун камсыз кылуунун тартиби жана ыкмалары, санарип чөйрөсүндөгү инциденттерге мониторинг жүргүзүүнүн жана алар жөнүндө дайындарды алмашуу тартиби Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленет.

4. Тармактык жөнгө салуучулар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде санарип чөйрөсүндөгү инциденттер тууралуу дайындарды, ошондой эле санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин ортосундагы санариптик туруктуулукка таасир этүүчү башка дайындарды алмашууну камсыз кылышат. Тармактык жөнгө салуучулар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык алынган дайындарды жалпылашат жана санарип чөйрөсүндөгү инциденттерди алдын алуу боюнча чараларды көрүүнү камсыз кылышат. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин катышуучулары санарип чөйрөсүндөгү инциденттерди алдын алуу жана алардын терс кесепеттерин төмөндөтүү максатында тийиштүү тармактык жөнгө салуучу көрсөткөн чараларды ишке ашырууга милдеттүү.

5. Санариптик туруктуулукка же санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына таасир этүүчү санарип чөйрөсүндөгү ар бир инцидент жөнүндө жазмалардын ээси же санарип сервисин берүүчү инцидент табылгандан кийин 72 сааттан кечиктирбестен тармактык жөнгө салуучуга билдирүүгө милдеттүү. Эгерде билдирүү 72 сааттын ичинде жасалбаса, аны кармалуунун себептерин түшүндүрүү менен коштоо зарыл.

6. Иштеп чыгуучу инциденттер тууралуу жазмалардын ээсине алардын ортосундагы келишимде же укуктук актыда белгиленген мөөнөттө, бирок инцидент табылгандан кийин 48 сааттан кечиктирбестен билдирүүгө милдеттүү.

7. Билдирүү төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) инциденттин сыпаттамасын жана ал укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына таасир этүүчү пайдалануучулардын санын баалоону;

2) жеке дайындарды иштеп чыгууга жооптуунун же инцидент тууралуу дайындарды берүүгө ыйгарым укуктуу башка жактын байланыш маалыматтарын;

3) инциденттин кесепеттеринин сыпаттамасын;

4) инцидентти четтетүү боюнча көрүлгөн чаралардын, анын ичинде анын мүмкүн болуучу терс кесепеттерин азайтууга багытталган чаралардын сыпаттамасын.

8. Жазмалардын ээси же санарип сервисин берүүчү инцидент же анын кесепеттери тууралуу жаңы маалыматтардын табылгандыгына жараша билдирүүдөгү дайындарды жаңылап турууга милдеттүү.

64-берене. Санарип чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди башкаруу тутуму

1. Санарип чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди башкаруу тутуму санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин ал жайылтылуучу ар бир объекти үчүн төмөнкүлөрдү аныктоого тийиш:

1) терс кесепеттердин ыктымалдыгын жана масштабын баалоону камтыган тобокелдиктердин тизмегин;

2) тобокелдиктерди башкаруу боюнча, башкача айтканда ар бир аныкталган тобокелдикке карата терс кесепеттердин ыктымалдыгын жана масштабын төмөндөтүү боюнча чараларды;

3) учурдагы тобокелдиктерди башкаруу тутумунун натыйжалуулугун баалоонун жана аны ишке ашыруу жөнүндө жыйналган дайындардын негизинде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибин.

2. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, тобокелдиктерди башкаруу тутуму санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектинин ээси (берүүчүсү) тарабынан өз алдынча аныкталган усулдук боюнча, жалпы таанылган дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен иштелип чыгат жана ишке ашырылат.

3. Ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген учурларда, санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттеринин ээлери (берүүчүлөрү) тобокелдиктерди башкаруу боюнча кыйла ылайык келүүчү чараларды аныктоо үчүн сыноолорду жүргүзүүгө милдеттүү. Эгерде алардын жыйынтыктары боюнча объект арналышы боюнча пайдаланылышы мүмкүн болсо жана ага карата коюлуучу талаптарга шайкеш келсе, сыноо ийгиликтүү деп таанылат.

4. Тобокелдиктерди башкаруу тутуму, аларды киргизүү усулдугу жана жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумун сыноолордун жыйынтыктары жөнүндө бардык дайындар санарип жазмалары түрүндө берилиши керек. Мыйзамда мамлекеттик жашыруун сырларга киргизилбеген бөлүгүндө, мындай маалыматтар жалпыга жеткиликтүү санарип дайындарына кирет жана санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектинин ээсинин (берүүчүсүнүн) сайтында жарыяланышы керек.

65-берене. Ресурстарды башкаруу

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери санариптик туруктуулукту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон ресурстарды (адамдык, финансылык, техникалык жана башка) өз алдынча аныкташат.

2. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттерине карата аткарылышы алардын санариптик туруктуулугуна коркунуч келтирүүчү талаптарды белгилөөгө тыюу салынат.

3. Санариптик туруктуулукту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон ресурстар жөнүндө чечимдерди кабыл алууда төмөнкүдөй факторлор эске алынат:

1) илимдин жана техниканын өнүгүү деңгээли;

2) тиешелүү объектти түзүүгө жана пайдаланууга катышуучу адамдардын билиминин жана көндүмдөрүнүн деңгээли;

3) санарип дайындарын иштеп чыгуунун, санарип сервистерин берүүнүн же санариптик технологиялык тутумдарды эксплуатациялоонун мүнөзү, көлөмү жана максаттары;

4) тиешелүү объектти долбоорлоо этабынан баштап санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттеринин иштөө түрмөгү;

5) тиешелүү объекттин ээлери, пайдалануучулары же керектөөчүлөрү болуп саналган санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары.

66-берене. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктарын коргоо ыкмалары

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктарын коргоо төмөнкүдөй жол менен жүзөгө ашырылат:

1) аларга таандык санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерин коргоонун техникалык, уюштуруучулук жана укуктук чараларын пайдалануу;

2) укук бузууга чейинки болгон абалды калыбына келтирүү жана укук бузуучу же аны бузуу коркунучун келтирген иш-аракеттерди токтотуу;

3) пайдалануучуну өз милдеттерин же ээлик кылуучунун мыйзамдуу талаптарын аткарууга мажбурлоо;

4) чыгымдардын, анын ичинде санарип жазмаларына жеткиликтүүлүккө карата мыйзамдуу түрдө белгиленген чектөөлөрдү, ошондой эле маалыматтын купуялуулугун сактоо жөнүндө жана санарип дайындарынын булагын көрсөтүү тууралуу талаптарды бузуу менен келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу;

5) моралдык зыянды компенсациялоо;

6) мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мыйзамга карама-каршы келген актысын сот тарабынан колдонбоо;

7) ушул Кодексте каралган башка ыкмалар менен.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарында каралган чаралар санарип сервистери төмөнкүлөрдө камтылган берүүчүлөргө карата колдонулбайт:

1) аларды өзгөртүүсүз жана оңдоосуз берүү шартында башка жак тарабынан берилген санарип дайындарын берүү;

2) бул берүүчү иштелип чыгуучу маалыматтын мыйзамсыз экендиги жөнүндө билбеген шартта, санарип дайындарын сактоо жана аларга жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.

67-берене. Санарип чөйрөсүндө талаш-тартыштарды кароо

1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, кызмат адамдарынын санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктарын бузуучу чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги) административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

2. Санарип коомдоштуктарынын эрежелерин бузуу менен байланышкан талаш-тартыштар санарип коомдоштуктарынын эрежелери боюнча каралат, аларда төмөнкүлөр каралышы керек:

1) талаш-тартыш козгогон жактардын бардыгына билдирүү милдети жана аларга жана талаш-тартыштын маңызына тийиштүү бардык санарип жазмаларына жеткиликтүүлүк берүү милдети;

2) талаш-тартыш козгогон кайсы болбосун жактын ага коюлган дооматтардын маңызы тууралуу өзүнүн каршы пикирин айтуу же башка жолдор менен өз жүйөлөрүн келтирүү жана талаш-тартыштын маңызына байланыштуу далилдерди келтирүү мүмкүнчүлүгү;

3) талаш-тартышты маңызы боюнча, талаш-тартыштын тигил же бул жыйынтыгына кызыкдар болбогон жактын (көз карандысыз арбитрдин) кароосу, же болбосо эгерде санарип коомдоштуктарынын эрежелеринде каралса, санарип коомдоштуктарынын бардык катышуучуларынын добуш берүүсү аркылуу талаш-тартыш боюнча чечим кабыл алуусу.

3. Бул санарип коомдоштуктарынын эрежелерине ылайык санарип коомдоштугунун алкагында чыгарылган талаш-тартыш боюнча чечим санарип коомдоштугунун бардык катышуучулары үчүн милдеттүү. Санарип экотутумунун катышуучуларынын коомдоштугу чечимдердин санарип экотутумунун базасында аткарылышын камсыз кылат.

68-берене. Санарип чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчилик

1. Санарип чөйрөсүндө укук бузууларды жасоо колдонулуучу мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келет. Ушул Кодекстин айрым главаларында санарип чөйрөсүндөгү иштин тиешелүү чөйрөлөрүндөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтин өзгөчөлүктөрү белгиленет.

2. Эгерде санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине жеткиликтүүлүк берүүдөн укук ченемсиз баш тартуунун, жеткиликтүүлүктү өз убагында бербөөнүн, алдын ала билип туруп толук эмес, анык эмес же актуалдуу эмес санарип жазмаларын берүүнүн, ушул Кодексте же келишимде белгиленген санарип сервистеринин жана санариптик технологиялык тутумдардын жеткиликтүүлүгү жана ишенимдүүлүгү боюнча талаптарды бузуунун, санарип укуктарын бузуунун натыйжасында чыгымдар келтирилсе, алардын орду жарандык мыйзамдарга ылайык толтурулууга тийиш.

3. Жеке жакка ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бузуулар менен келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу мүлктүк зыяндын жана тарткан чыгымдардын орду толтурулгандыгына карабастан жүзөгө ашырылат.

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

III БӨЛҮМ. САНАРИП ДАЙЫНДАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУ. САНАРИП РЕСУРСТАРЫ

10-глава. Санарип дайындарын иштеп чыгуу тууралуу жалпы жоболор

69-берене. Санарип дайындарын иштеп чыгууну жөнгө салуунун укуктук негиздери

1. Кыргыз Республикасында санарип дайындарын иштеп чыгуу боюнча мамилелерди жөнгө салуунун тармактык принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) бир жагынан жазмалардын ээлеринин иштелип чыгуучу санарип дайындарынын курамын, аларды иштеп чыгуунун максатын жана ыкмаларын өз каалоосу боюнча аныктоо укуктарынын жана экинчи жагынан дайындардын принципалдарынын ушул Кодексте белгиленген учурларда өз дайындарына жеткиликтүүлүк укуктарынын, ошондой эле дайындарды иштеп чыгууга жана жок кылууга каршы пикирин билдирүү укуктарынын жыйындысы (ыктыярдуу катышуу принциби);

2) иштелип чыгуучу санарип дайындарынын көлөмдөрүн аныктоодо жана санарип дайындарын иштеп чыгуунун максаттарын жана ыкмаларын тандоодо санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин башка субъекттердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого кам көрүү милдети (ак ниеттүүлүк принциби);

3) иштеп чыгуунун жаңы максаттары алгачкы максаттар менен шайкеш болгон шартта белгилүү бир максаттар үчүн түзүлгөн санарип дайындарын башка максатта иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү (кайталап пайдалануу принциби);

4) санарип дайындарын ар кандай булактардан пайдалануу жана кандайдыр бир кошумча чектөөлөрсүз өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган шайкеш дайындардын форматтарын жана жазмалардын форматтарын пайдалануудан улам санарип жазмаларын дайындардын принципалынын ыктыяры боюнча жазмалардын ээлеринин ортосунда көчүрүү мүмкүнчүлүгү (шайкештик жана көчүрүлүү принциби).

2. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин айрым түрлөрүндө санарип дайындарын иштеп чыгуу боюнча мамилелерди жөнгө салуу ушул Кодекстин тиешелүү главаларында белгиленген талаптарды жана чектөөлөрдү эске алуу менен ушул главанын эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин бардык түрлөрүнүн субъекттери ушул главада каралган бардык укуктардан пайдаланат жана аларга байланыштуу милдеттерди аткарат.

70-берене. Санарип дайындарын чоң дайындар технологияларын жана интернет буюмдарын пайдалануу менен иштеп чыгуу

1. Өз ара байланышпаган жана дайым жаңыланып туруучу чоң сандагы санарип дайындарын алардын ортосундагы байланышты талдоо максатында иштеп чыгуу каралган технологиялар (чоң дайындар технологиялары) Кыргыз Республикасында чектөөлөрсүз түзүлүшү жана пайдаланылышы мүмкүн. Мындай дайындардын принципалдары ушул Кодексте белгиленген бардык укуктарды, анын ичинде дайындар ээсиздендирилген учурда дагы пайдаланышат.

2. Санарип түзүлмөлөрү тарабынан адамдын катышуусуз (интернет буюмдарынын түзүлмөлөрү) автоматтык режимде түзүлгөн санарип жазмаларына санарип укуктары, эгерде түзүлмөнүн ээсинин санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин башка субъекттери менен макулдашуусунда башкача белгиленбесе, ушундай санарип түзүлмөлөрдүн ээлерине таандык болот.

3. Чоң дайындар технологиясын жана интернет буюмдарын колдонуучу жактар мындай технологияларды пайдаланууда түзүлгөн жазмалардын форматтарын тандоодо жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алууга милдеттүү.

71-берене. Ак ниетсиз иштеп чыгууга тыюу салуу

1. Санарип дайындарын ак ниетсиз иштеп чыгууга жол берилбейт.

2. Санарип дайындарын иштеп чыгуу төмөнкүдөй учурларда ак ниетсиз болуп саналат, эгерде:

1) алардын негизинде кабыл алынган чечимдер дайындардын принципалы үчүн мыйзамсыз же адилетсиз болуп кала турган толук эмес, так эмес жана (же) актуалдуу эмес санарип дайындарын иштеп чыгуу жүзөгө ашырылса;

2) иденттүүлүккө карата укукту бузган жана (же) дайындардын принципалдарын мыйзамдарды бузуу менен жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, дин тутуу, жаш курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалдарынын критерийлери боюнча теңсиз абалга коюучу санарип дайындар иштелип чыкса;

3) санарип дайындарын иштеп чыгуу ыктыярдуулук принцибин бузса жана принципал менен келишим түзүүдө же санарип сервисине жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүдө принципал жөнүндө дайындарды ашыкча иштеп чыгууга алып келсе;

4) пайдалануучу үчүн иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү, анын ичинде дайындарды иштеп чыгуу кызматтары же көрсөткүчтөрү таңууланган учурда мындай жетүүнүн максаттарына жана милдеттерине байланышпаган иш-аракеттер менен шартталса;

5) дайындардын принципалдары жана (же) пайдалануучулар мындай иштеп чыгуу башталганга чейин, аны жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон иштеп чыгуу жана иш-аракеттер тууралуу толук, анык жана актуалдуу маалыматка ээ болушпаса.

72-берене. Санарип дайындарын санарип коомдоштуктарында иштеп чыгуу

1. Санарип дайындарын санарип коомдоштуктарында иштеп чыгуу санарип коомдоштугунун эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Санарип дайындарын санарип коомдоштуктарында иштеп чыгууну уюштуруу максатында санарип жазмаларын иштеп чыгуучу аныкталышы мүмкүн. Иштеп чыгуучунун иши коомдоштуктун ушул Кодекстин тиешелүү талаптарына ылайык келген, жалпыга жеткиликтүү болгон укуктук актысы менен регламенттелет. Мындай укуктук актыны бекитүү тартиби жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби санарип коомдоштугунун эрежелеринде аныкталат.

73-берене. Иштеп чыгуу тууралуу маалымат жана дайындарга жеткиликтүүлүк

1. Дайындардын принципалы жазмалардын ээсинен төмөнкүдөй маалыматтарды (мындан ары - иштеп чыгуу тууралуу маалымат) алууга укуктуу:

1) ушул принципалга тийиштүү санарип дайындарын иштеп чыгуу фактысын тастыктоо;

2) ага тийиштүү санарип дайындарын иштеп чыгуунун укуктук негиздери жана максаттары;

3) жазмалардын ээсинин аталышы жана жайгашкан жери;

4) ага тийиштүү санарип дайындарын иштеп чыгуу жери же жерлери;

5) жеке дайындарды иштеп чыгууга жооптуунун байланыш маалыматы (эгерде ал жазмалардын ээси болуп дайындалса);

6) ушул принципалга тийиштүү санарип дайындарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон же мындай санарип дайындар өткөрүлүп берилүүчү жактар жөнүндө (жазмалардын ээсинин жумушчуларынан тышкары);

7) ушул принципалга тийиштүү санарип дайындарын иштеп чыгуунун мөөнөттөрү же аларды аныктоонун тартиби жөнүндө;

8) дайындардын принципалынын, анын ичинде жеке дайындар субъекти болуп саналгандын укуктары жөнүндө;

9) принципалдын ага тийиштүү болгон санарип дайындарын иштеп чыгуудан баш тартуусунун кесепеттери жөнүндө;

10) санарип дайындарынын, анын ичинде алгоритм жөнүндө маалыматтын негизинде чечимдерди автоматтык түрдө кабыл алуу жөнүндө, ошондой эле чечимдердин дайындардын принципалы үчүн маанилүүлүгү жана болжолдуу кесепеттери тууралуу.

2. Жазмалардын ээси дайындардын принципалына иштеп чыгуу тууралуу маалыматты төмөнкүдөй учурларда жана төмөнкүдөй мөөнөттөрдө берүүгө милдеттүү:

1) жеке дайындарды жеке дайындардын субъектинен жыйноодо - жеке дайындар алынган учурга чейин;

2) санарип дайындарын башка булактардан алууда - жазмалардын ээси дайындарды алган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде;

3) дайындардын принципалынын иштеп чыгуу тууралуу маалымат берүү жөнүндө суроо-талабы алынганда - суроо-талап алынган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде.

3. Иштеп чыгуу тууралуу маалымат жазмалардын ээси тарабынан дайындардын принципалына түшүнүктүү таризде берилиши керек. Дайындардын принципалынын иштеп чыгуу тууралуу маалыматка жеткиликтүүлүгү үчүн негиздер болгон учурларды кошпогондо, мындай дайындарда башка жактардын жеке дайындарынын камтылышы мүмкүн эмес.

4. Дайындардын принципалы жазмалардын ээси тарабынан иштелип чыгуучу өзүнө тийиштүү бардык санарип дайындарына жетүү мүмкүнчүлүгүн сурап алууга укуктуу, ал эми жазмалардын ээси дайындардын принципалынан суроо-талапты алган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде мындай жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. Жазмалардын ээсинин тандоосу боюнча, көрсөтүлгөн мөөнөттө дайындардын принципалына санарип жазмаларына жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүнүн ордуна ага бардык тийиштүү санарип жазмаларынын көчүрмөлөрү берилиши мүмкүн.

5. Жазмалардын ээси, эгерде алар дайындардын принципалына берилгендигин далилдей алса, дайындардын принципалына иштеп чыгуу тууралуу маалыматты же ага тийиштүү санарип жазмаларына жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү эмес.

74-берене. Дайындардын принципалынын укуктарын чектөө

1. Дайындардын принципалынын өзү жөнүндө дайындарды иштеп чыгуу жана аларга жетүү тууралуу маалыматты алуу укуктарын чектөө төмөнкүлөргө карата мыйзамда белгиленет:

1) бул иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүргүзүлгөн учурларды кошпогондо, изин суутпай издөө, тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин алкагында алынган санарип дайындарына;

2) иштеп чыгуу кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылган санарип дайындарына;

3) иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылган санарип дайындарына.

2. Дайындардын принципалынын өзү жөнүндө дайындарды иштеп чыгуу жана аларга жетүү тууралуу маалыматты алуу укуктарын ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган чектөөгө жол берилбейт.

3. Эгерде жазмалардын ээси изин суутпай издөө, чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин алкагында санарип дайындарын алууда соттун актысы же прокуратура органынын актысы менен тастыкталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берилгендигин аныктаса, ал жети жумуш күндүн ичинде мындай дайындардын принципалына ушул Кодексте каралган тартипте иштеп чыгуу тууралуу маалыматты жөнөтүшү керек.

75-берене. Санарип жазмаларын оңдоо жана толуктоо

1. Жазмалардын ээси төмөнкүдөй учурларда санарип жазмаларына ондоолорду киргизүүгө жана аларды иштеп чыгуунун максаттарын эске алуу менен аларды толуктоого милдеттүү:

1) дайындардын принципалынын ага тийиштүү санарип жазмаларын ондоо же толуктоо суроо-талабын алган учурда;

2) тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын санарип жазмаларын оңдоо же толуктоо зарылдыгы жөнүндө талабын алган учурда;

3) жазмалардын ээси санарип жазмаларынын толук эместигин, анык эместигин, алардын актуалдуулугун жоготкондугун көрсөткөн жаңы дайындарды алган учурда.

2. Эгерде жазмалардын ээси тарабынан иштеп чыгуунун максаттарына ылайык санарип жазмаларында камтылган дайындар толук, анык. актуалдуу болуп саналса. жазмалардын ээси санарип жазмаларына ондоолорду жана толуктоолорду киргизбей коюуга укуктуу.

3. Жазмалардын ээси дайындардын принципалынын суроо-талабын алган же башка негиздер боюнча дайындарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде дайындардын принципалына ага тийиштүү санарип жазмаларын оңдоо же толуктоо тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү.

76-берене. Санарип жазмаларын көчүрүү

1. Санарип жазмаларынын ээси дайындардын принципалынын ага тийиштүү жазмаларды башка ээлик кылуучуга көчүрүү жөнүндө талабын алган учурда төмөнкүдөй иш-аракеттердин бирин аткарууга милдеттүү:

1) мындай санарип жазмаларын талапта көрсөтүлгөн жаңы ээлик кылуучуга өткөрүп берүү;

2) дайындардын принципалына ага тийиштүү санарип жазмаларын аларды жаңы ээлик кылуучуга көчүрүүгө жол берген форматта өткөрүп берүү.

2. Жазмалардын ээси өткөрүп берүү үчүн форматты тандоодо санарип жазмаларынын сунушталган стандарттарын, жаңы ээси пайдаланган форматтар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле дайындарды көчүрүү үчүн пайдаланылуучу жазмалардын форматы жөнүндө дайындардын ээсине жеткиликтүү болгон маалыматтарды, анын ичинде дайындардын принципалынын суроо-талабында көрсөтүлгөн дайындарды эске алууга тийиш.

3. Жазмаларды башка ээлик кылуучуга көчүрүү жөнүндө суроо-талап дайындардын принципалы менен келишимдин негизинде же дайындардын принципалынын ага тийиштүү дайындарды иштеп чыгууга макулдугунун негизинде иштелип чыгуучу жазмаларга гана тийиштүү болушу мүмкүн.

4. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу санарип жазмаларынын жана алардын метадайындарынын форматтары, санарип жазмаларын көчүрүүнү камсыз кылууга багытталган техникалык жана (же) уюштуруучулук чечимдер жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат жана өзүнүн сайтында жарыялайт.

11-глава. Жеке дайындарды иштеп чыгуу

77-берене. Жеке дайындарды иштеп чыгууну укуктук жөнгө салуу

1. Ушул Кодекс жеке дайындарды, анын ичинде санарип жазмаларынын жана санарип ресурстардын курамында иштеп чыгуу боюнча кандай болбосун мамилелерге карата колдонулат. Ушул Кодексте жеке санарип дайындар болуп саналбаган жеке мүнөздөгү дайындарды иштеп чыгуунун өзгөчөлүктөрү каралган.

2. Ушул Кодекс жеке дайындарды жеке адам тарабынан анын жеке же үй-бүлөлүк иштерине байланыштуу гана иштеп чыгуу боюнча мамилелерге карата колдонулбайт.

3. Ушул Кодекске карама-каршы келген же белгиленген тартипте жарыяланбаган жеке дайындарды иштеп чыгууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар колдонулууга тийиш эмес.

78-берене. Жеке дайындарды иштеп чыгуунун тармактык принциптери

1. Жеке дайындар мыйзамдуу негиздерде, жеке дайындардын субъектине карата адилеттүү жана ачык-айкын иштелип чыгышы керек (мыйзамдуулук, адилеттүүлүк, ачык-айкындуулук принциби).

2. Жеке дайындарды иштеп чыгуу конкреттүү, мурдатан аныкталган жана мыйзамдуу максаттарга жетишүү менен чектелиши керек. Мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо, жазмалардын ээси тарабынан жеке дайындарды иштеп чыгуу максаттарын субъекттин макулдугусуз өзгөртүүгө же кеңейтүүгө жол берилбейт (максатты чектөө принциби).

3. Иштелип чыгуучу жеке дайындардын мазмуну жана көлөмү иштеп чыгуунун белгиленген максаттарына шайкеш келиши керек. Иштелип чыгуучу жеке дайындар аларды иштеп чыгуунун белгиленген максаттарына карата ашыкча болбошу керек (дайындарды минималдаштыруу принциби).

4. Жеке дайындарды иштеп чыгууда жеке дайындардын тактыгы, алардын жетиштүүлүгү, ал эми зарыл учурларда жеке дайындарды иштеп чыгуунун максаттарына карата актуалдуулугу камсыз кылынышы керек. Жазмалардын ээси толук эмес же так эмес жеке дайындарды жок кылуу же тактоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш (тактык принциби).

5. Жеке дайындарды сактоо, эгерде жеке дайындарды сактоонун мөөнөтү мыйзамда же субъект үчүн милдеттүү келишимде белгиленбесе, жеке дайындарды иштеп чыгуунун максаттары талап кылгандан ашыкча эмес жеке дайындар субъектин аныктоо мүмкүндүгүн берген таризде жүзөгө ашырылышы керек. Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, иштелип чыгуучу жеке дайындар иштеп чыгуунун максаттарына жеткенден кийин же бул максаттарга жетүүнүн зарылдыгы болбой калганда жок кылынууга же ээсиздендирилүүгө тийиш (сактоону чектөө принциби).

6. Жеке дайындарды иштеп чыгуу коопсуздукту камсыз кылган ыкма менен, башкача айтканда жеке дайындарды санкцияланбаган же мыйзамсыз иштеп чыгууну, аларды кокусунан же атайылап жок кылууну, жоготууну, бузууну же өзгөртүүнү алдын алуучу милдеттүү уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрүү менен жүзөгө ашырылууга тийиш (бүтүндүк жана купуялуулук принциби).

7. Жазмалардын ээси ушул беренеде каралган принциптердин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана алардын аткарылышын тастыктоого жөндөмдүү болушу керек.

79-берене. Жеке дайындарды иштеп чыгуунун негиздери

1. Жеке дайындарды иштеп чыгууга иштеп чыгуунун төмөнкүдөй негиздеринин эч болбогондо бири болгондо жол берилет:

1) иштеп чыгуу жеке дайындар субъекти келишим боюнча тарап, өкүл же тараптын атынан аракеттенүүчү башка жак, же пайда алуучу болуп саналган келишимди түзүү же аткаруу, же болбосо келишим түзүлгөнгө чейин субъекттин демилгеси боюнча чара көрүү үчүн зарыл болсо;

2) иштеп чыгуу жазмалардын ээсинин мыйзамда же ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда, анын ичинде расмий статистика чөйрөсүндөгү актыларда жана улуттук экотутумдун эрежелеринде белгиленген милдеттерди (ыйгарым укуктарды) аткаруусу үчүн зарыл болсо;

3) иштеп чыгуу жеке дайындар субъектинин же болбосо башка жеке жактын турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болсо;

4) иштеп чыгуу жазмалардын ээсинин ачык же коомдук пайдалуу милдеттерди ишке ашыруусу, анын ичинде адамдын өмүрүн, коомдун кызыкчылыктарын, гуманитардык, экологиялык жана башка маанилүү максаттарды коргоосу үчүн зарыл болсо;

5) иштеп чыгуу жазмалардын ээсинин же үчүнчү жактын мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болсо жана мында жеке дайындар субъектинин мыйзамдуу кызыкчылыктары, укуктары жана эркиндиктери бузулбаса.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган иштеп чыгууга негиздер бар болгондо субъекттин дайындарын иштеп чыгуунун айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга анын макулдугун алуу мыйзамда каралган учурларда жүзөгө ашырылат. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер болбогондо иштеп чыгуу жеке дайындардын субъектинин макулдугун алган шартта гана жана жеке дайындар субъектинин макулдугу алынган иштеп чыгуунун максаттары үчүн гана жүзөгө ашырылат.

3. Эгерде макулдук төмөнкүдөй суроо-талаптарга жооп катары алынса, ал жараксыз:

1) субъектке карата башка суроо-талаптардан бөлүнүп берилбесе, тактап айтканда, бул макулдук алуу үчүн суроо-талап болуп саналары тикелей көрсөтүлбөсө;

2) субъектке түшүнүксүз жана жеткиликсиз болсо, татаал тил менен баяндалса;

3) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган иштеп чыгуунун башка негиздери болгондо субъектке багытталса.

4. Жеке дайындарды иштеп чыгууга макулдук ыктыярдуу, конкреттүү, маалымдалган жана аң-сезимдүү болушу керек. Жеке дайындарды субъекти тарабынан, эгерде мыйзамдарда башкасы белгиленбесе, жеке дайындарды иштеп чыгууга макулдук анын алынганын тастыктоого мүмкүн болгон кандай болбосун таризде берилиши мүмкүн.

5. Жеке дайындарды иштеп чыгууга макулдук жеке дайындар субъекти тарабынан чакыртып алынышы мүмкүн. Макулдукту чакыртып алуу жол-жобосу макулдук берүү жол-жобосуна караганда оордук келтирбеши керек.

6. Жеке дайындарды иштеп чыгууга макулдук берүү жана чакыртып алуу, субъекттин атынан ишеним каттын, келишимдин, мыйзамдын көрсөтмөсүнүн же болбосо ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын актысынын негизинде аракеттенүүчү анын өкүлү тарабынан аткарылышы мүмкүн. Жеке дайындар субъекти аракетке жөндөмсүз болгон учурда, анын жеке дайындарын иштеп чыгууга макулдукту жеке дайындар субъектинин мыйзамдуу өкүлү берет жана чакыртып алат. Жеке дайындар субъекти каза болгон учурда, анын жеке дайындарын иштеп чыгууга макулдукту жеке дайындар субъектинин мураскорлору берет жана чакыртып алат.

80-берене. Жеке дайындардын атайын категорияларын иштеп чыгуу

1. Төмөнкүдөй жеке дайындардын атайын категорияларын иштеп чыгууга тыюу салынат:

1) расалык же этностук тегин, саясий көз карашын, диний же философиялык ой-пикирин, же болбосо кесиптик бирликке мүчөлүгүн ачыкка чыгаруучу;

2) генетикалык маалыматты камтыган;

3) жеке адамды санариптик идентификациялоо үчүн биометрикалык дайындарын;

4) жеке адамдын саламаттыгына, жыныстык жашоосуна же сексуалдык багытына тийиштүү дайындарын.

2. Эгерде мында дайындарды ак ниетсиз иштеп чыгуудан коргоо чаралары жана жеке дайындардын субъектине зыян келтирүүнү алдын апуу чаралары мыйзамда белгиленсе, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке дайындардын атайын категорияларын иштеп чыгууга төмөндө көрсөтүлгөн учурларда тыюу салынбайт:

1) иштеп чыгуу жеке дайындардын субъекти келишим боюнча тарап, өкүл же тараптын атынан аракеттенүүчү башка жак, же пайда алуучу болуп саналган келишимди түзүү же аткаруу, же болбосо келишим түзүлгөнгө чейин субъекттин демилгеси боюнча чара керүү үчүн зарыл болсо;

2) иштеп чыгуу мындай жеке дайындарды иштеп чыгуу зарылдыгы тикелей каралган жана аларды иштеп чыгуунун максаттарын аныктаган мыйзамдын негизинде жүзөгө ашырылса;

3) иштеп чыгуу жеке дайындардын субъектинин же башка жеке жактын же адамдардын тобунун маанилүү турмуштук кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болсо;

4) дайындардын субъекти ачык эле жалпыга жеткиликтүү кылып койгон жеке жазмаларды иштеп чыгуу жүзөгө ашырылса;

5) иштеп чыгуу медициналык-профилактикалык максаттарда, жеке дайындарды иштеп чыгуу медициналык иш менен кесипкөй алектенген жана мыйзамдарга ылайык дарыгердик купуя сырды сактоого милдеттүү адам тарабынан жүзөгө ашырылган шартта медициналык дартты аныктоо, медициналык жана медициналык-социалдык кызматтарды көрсөтүү максаттарында жүзөгө ашырылса;

6) иштеп чыгуу коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы кызыкчылыктарды коргоо үчүн, анын ичинде өмүр үчүн коркунучтуу эпидемиядан жана анын жайылышынан коргоо жана мониторинг жүргүзүү, же гуманитардык жардам максаттарында жүзөгө ашырылса;

7) коомдук бирикменин же диний уюмдун мүчөлөрүнүн (катышуучуларынын) жеке жазмаларын иштеп чыгуу алардын уюштуруучу документтеринде каралган мыйзамдуу максаттарга жетишүү үчүн мыйзамдарга ылайык иш жүргүзгөн тиешелүү коомдук бирикме же диний уюм тарабынан жүзөгө ашырылса;

8) иштеп чыгуу сот адилеттигин, анын ичинде бейтарап өндүрүш алкагында жүзөгө ашырууга байланыштуу зарыл болсо;

9) иштеп чыгуу улуттук коопсуздукту коргоо, коргонуу, коомдук коопсуздукту коргоо же кылмыштарды алдын алуу, териштирүү жана соттун кароосу жана кылмыш-жазаларын аткаруу үчүн жүзөгө ашырылса;

10) иштеп чыгуу расмий статистика чөйрөсүндөгү актыларга жана улуттук экотутумдун эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылса;

11) иштеп чыгуу жеке жазмалар ээсиздендирилген шартта илимий же башка изилдөөчүлүк максаттарда жүзөгө ашырылса.

81-берене. Балдардын жеке дайындарын иштеп чыгуунун өзгөчөлүктөрү

1. Балдардын жеке дайындарын иштеп чыгууга ушул берененин 2-бөлүгүндө саналган учурларда гана төмөнкүдөй шарттарда жол берилет:

1) иштеп чыгуу баланын кызыкчылыгында жүзөгө ашырылса;

2) иштеп чыгууга карата балдардын мыйзамда белгиленген негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун кепилдиктери колдонулса.

2. Балдардын жеке дайындарын иштеп чыгууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет, эгерде:

1) иштеп чыгуу балдардын жеке дайындарын иштеп чыгуунун зарылдыгы тикелей каралган жана аларды иштеп чыгуунун максаттары аныкталган мыйзамдын негизинде жүзөгө ашырылса;

2) иштеп чыгуу баланын (жеке дайындар субъектинин) же башка жеке жактын же адамдардын тобунун маанилүү турмуштук кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болуп саналса;

3) иштеп чыгуу медициналык-профилактикалык максаттарда, жеке дайындарды иштеп чыгуу медициналык иш менен кесипкөй алектенген жана мыйзамдарга ылайык дарыгерлик купуя сырды сактоого милдеттүү адам тарабынан жүзөгө ашырылган шартта медициналык дартты аныктоо, медициналык жана медициналык-социалдык кызматтарды көрсөтүү максаттарында жүзөгө ашырылса;

4) иштеп чыгуу коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү кызыкчылыктарды коргоо үчүн, анын ичинде өмүр үчүн коркунучтуу эпидемиядан жана анын жайылышынан коргоо, же гуманитардык жардам максаттарында жүзөгө ашырылып жатса;

5) иштеп чыгуу сот адилеттүүлүгүн, анын ичинде бейтарап өндүрүштүн алкактарында жүзөгө ашырууга байланыштуу зарыл болсо;

6) иштеп чыгуу улуттук коопсуздукту коргоо, коргонуу, коомдук коопсуздукту коргоо же кылмыштарды алдын алуу, териштирүү жана соттун кароосу жана кылмыш-жазаларын аткаруу үчүн жүзөгө ашырылса;

7) иштеп чыгуу балдардын дайындарын коргоо жана кызыкчылыктарын эсепке алуу үчүн талаптагыдай чаралар кабыл алынган шартта, же болбосо жеке жазмалар ээсиздендирилген шартта илимий, статистикалык же башка изилдөөчүлүк максаттарда жүзөгө ашырылса.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негиздер болбогондо баланын жеке дайындарын иштеп чыгууга баланын мыйзамдуу өкүлүнүн баланын жеке дайындарын иштеп чыгууга макулдугу алынган шартта гана жана иштеп чыгууга макулдук алынган максаттары үчүн жол берилет. Он төрт жашка чыккан балдар жарандык мыйзамдарда белгиленген аракетке жөндөмдүүлуктүн алкагында өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана аткарууда өздөрүнүн жеке дайындарын иштеп чыгууга өз алдынча макулдук берүүгө укуктуу.

4. Балдардын жеке дайындарын иштеп чыгууга макулдук берүүгө суроо-талап жана балдардын жеке дайындарын иштеп чыгуу менен байланышкан кандай болбосун маалымат бала түшүнө алгыдай так жана жөнөкөй тил менен баяндалышы керек.

5. Жазмалардын ээлери балдардын жеке дайындарын мыйзамсыз иштеп чыгууну алдын алуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

82-берене. Таасир этүүнү баалоо

1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда жазмалардын ээси жеке дайындарды иштеп чыгууга чейин таасир этүүсүн баалоону жүргүзүүгө тийиш. Жеке дайындарды иштеп чыгуу боюнча окшош операциялардын топтомуна карата бирдиктүү баалоо жүргүзүү колдонулушу мүмкүн.

2. Жеке дайындарды коргоого таасир этүүнү баалоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) жеке адам үчүн укуктук кесепеттерди жаратуучу же ошого окшош эле жеке адамга олуттуу таасир этүүчү жеке дайындар субъектине карата чечимдерди автоматтык түрдө кабыл алуу максаттары үчүн жеке адамдын жеке өңүттөрүн тутумдуу жана комплекстүү баалоодо;

2) миңден ашуун жеке дайындар субъекттерине карата жеке дайындардын атайын категорияларын иштеп чыгууда;

3) техникалык каражаттар менен коомдук жерлерге тутумдуу автоматтык мониторинг жүргүзүүдө.

3. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу жеке дайындарды коргоого таасир этүүсүн баалоо талап кылынган иштеп чыгуу боюнча операциялардын тизмегин, ошондой эле жеке дайындарды коргоого таасир этүүсүн баалоо талап кылынбаган иштеп чыгуу боюнча операциялардын тизмегин аныктайт.

4. Жеке дайындарды коргоого таасир этүүнү баалоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) пландалган операциялардын тутумунун жана иштеп чыгуунун максаттарынын сыпаттамасын;

2) иштеп чыгуу боюнча операциялардын зарылдыгынын жана пропорционалдуулугунун, ошондой эле жеке дайындардын жетиштүүлүгүнүн же ашыкчалыгынын критерийлери боюнча иштеп чыгуунун максаттарына шайкештигин баалоону;

3) тобокелдиктерди башкаруу тутумунун сыпаттамасын.

5. Тобокелдиктерди башкаруу тутуму алардын жеке дайындарын пландалган иштеп чыгуу боюнча тийиштүү максаттуу аудиториядан жеке дайындардын субъекттеринин пикирин эске алууга тийиш.

6. Жазмалардын ээси операциялардын топтому же жеке дайындардын тизмектери олуттуу өзгөрүлгөндө таасир этүүнү баалоону кайра карап чыгууну жүзөгө ашырууга милдеттүү.

83-берене. Жеке жазмаларды алып салуу

1. Жазмалардын ээси, төмөнкүдөй негиздердин болбоду дегенде бири болгон учурда, анын ичинде жеке дайындардын субъектинин суроо-талабынын негизинде жеке жазмаларды токтоосуз алып салууга милдеттүү:

1) жеке жазмалар аларды иштеп чыгуунун максаттары үчүн мындан ары кереги жок болсо;

2) жеке дайындарды иштеп чыгуу үчүн негиз колдонулушун токтотсо (анын ичинде жеке дайындардын субъекти өзүнүн макулдугун кайтарып алса жана ошол эле учурда иштеп чыгуунун башка негиздери болбосо);

3) жеке дайындардын субъектинин өзү жөнүндө санарип дайындарын бардык ыкмалар менен иштеп чыгууга каршы пикирин кароонун жыйынтыктары боюнча жана иштеп чыгуунун бардык максаттары үчүн жазмалардын ээси тарабынан дайындарды алып салуу тууралуу чечим кабыл алынса.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда жазмалардын ээси жеке дайындарды алып салбай коюуга жана аларды төмөнкүдөй максаттарда сактоого укуктуу:

1) өзүнө таандык сөз эркиндигине укугун жүзөгө ашыруу;

2) илимий, анын ичинде тарыхый же статистикалык изилдөө жана архивдик максатта;

3) дооматтарды жана талаптарды коюу, аларды аткаруу же алардан коргонуу;

4) эгерде мындай дайындарды сактоо милдети мыйзамда каралса.

84-берене. Иштеп чыгууга каршы болуу

1. Жеке дайындардын субъекти жазмалардын ээсине өзү жөнүндө жеке дайындарды белгилүү бир ыкмалар менен же белгилүү бир максаттарда иштеп чыгууга каршы пикирин жөнөтүүгө укуктуу. Жазмалардын ээси төмөнкүдөй негиздердин бири эле болгондо жеке дайындарды көрсөтүлгөн ыкмалар менен же көрсөтүлгөн максаттарда иштеп чыгууну тез арада токтотууга милдеттүү:

1) иштеп чыгуу жеке дайындардын субъектине карата чечимдерди автоматтык түрдө кабыл алуу максатында жүзөгө ашырылса;

2) иштеп чыгуу жеке дайындардын субъектине карата адилетсиз болсо же расалык, улуттук, жыныстык, жаш курактык, диний, саясий белгилер боюнча басмырлоого алып келсе;

3) иштеп чыгууга каршы пикир санарип жазмаларын алуудан баш тартуунун алкагында билдирилсе;

4) иштеп чыгууга каршы пикир санарип коомдоштугунан чыгуу менен байланыштуу болсо;

5) мыйзамда каралган учурлардан тышкары, эгерде иштеп чыгуу жеке дайындардын субъектинин санарип коомдоштугунун алкагында өзүнүн иденттүүлүгүн аныктоо укугун бузса.

2. Жазмалардын ээси иштеп чыгууга каршы пикирди кароого жана аны алган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде жеке дайындардын субъектине жүйөлөнгөн чечим жөнөтүүгө милдеттүү.

3. Жеке дайындардын субъекти жазмалардын ээсинин чечимине жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучуга же сотко даттанууга укуктуу.

85-берене. Иштеп чыгууну чектөө

1. Жазмалардын ээси төмөнкүдөй учурларда жеке дайындардын субъектине карата санарип жазмаларын иштеп чыгууну чектөөгө милдеттүү:

1) иштеп чыгууга каршы пикирди алганда - каршы пикирди кароо убактысына;

2) жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучудан иштеп чыгууну чектөө тууралуу талапты алганда - талапта көрсөтүлгөн мөөнөткө;

3) жеке жазмаларды оңдоо же алып салуу үчүн негиздер келип чыкканда - аларды оңдоого же алып салууга чейин.

2. Жазмалардын ээси андагы байланыш маалыматын пайдалануу менен жеке дайындардын субъектине жеке жазмаларды иштеп чыгууга чектөөлөр белгиленгени же алынганы тууралуу жеке жазмаларды иштеп чыгууга чектөөлөр белгиленген же алынган күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбестен маалымдоого милдеттүү.

86-берене. Иштеп чыгуучунун катышуусу

1. Иштеп чыгуучу жеке жазмаларды иштеп чыгууну укуктук актыга же алардын ээси менен келишимге ылайык жеке жазмалардын ээсиндей эле ушул Кодексте каралган жеке дайындарды иштеп чыгуунун ошол эле негиздеринде жеке жазмаларды иштеп чыгууну жүзөгө ашырат.

2. Жазмалардын ээси иштеп чыгуучу тарабынан ушул Кодекстин талаптарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.

3. Иштеп чыгуучу жазмалардын ээсин жазуу жүзүндөгү алдын ала уруксаты жок башка иштеп чыгуучуну ишке тартууга укуксуз.

4. Иштеп чыгуучунун жазмалардын ээси менен келишими же ага ылайык иштеп чыгуучу ишке тартылуучу укуктук акты төмөнкүдөй жоболорду камтууга тийиш:

1) иштеп чыгуу жүзөгө ашырылуучу мезгил аралыгы;

2) иштеп чыгуунун мүнөзү жана максаты;

3) жеке дайындардын тиби жака жеке дайындардын субъекттеринин категориялары;

4) жазмалардын ээсинин жазуу жүзүндөгү тескемелеринин негизинде гана жеке жазмаларды иштеп чыгуу милдети;

5) жеке жазмаларга жеткиликтүүлүктү, анын ичинде жеткиликтүүлүктү чектөө боюнча милдеттенмелерди иштеп чыгуучунун жумушчуларына жана иштеп чыгуучунун санариптик технологиялык тутумдарына жеткиликтүүлүккө ээ болгон үчүнчү жактарга жүктөө аркылуу чектөөнү камсыз кылуу милдети;

6) жазмалардын ээсинин жана иштеп чыгуучунун жеке дайындарды ондоонун, толуктоонун, алып салуунун жана аларды иштеп чыгууну чектөөнүн чегинде өз ара аракеттенүүлөрүнүн жол-жоболору;

7) ушул Кодексте белгиленген милдеттердин аткарылышын тастыктоого мүмкүндүк берүүчү жеке жазмалар бар операцияларды эсепке алуунун тартиби.

5. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу иштеп чыгуучунун жазмалардын ээси менен келишиминин жана иштеп чыгуучу ишке тартылуучу укуктук актынын типтүү (сунушталган) таризин иштеп чыгат жана өзүнүн сайтында жарыялайт.

87-берене. Жазмалардын биргелешкен ээлери

1. Бир эле жеке жазмаларга (жеке ресурстарга) санарип укуктары биргеликте таандык болгон жана иштеп чыгуунун максаттарын жана каражаттарын биргеликте аныктаган жазмалардын ээлери жазмалардын биргелешкен ээлери болуп эсептелет.

2. Жазмалардын биргелешкен ээлери ачык түрдө, анын ичинде келишим түзүү же укуктук актты чыгаруу жолу менен биргеликте жазмалардын ээлерине карата ушул Кодексте каралган өздөрүнүн укуктарын биргеликте жүзөгө ашыруунун жана милдеттерин аткаруунун тартибин аныктоого жана жарыялоого тийиш. Укуктарды биргеликте жүзөгө ашыруунун жана милдеттерди аткаруунун тартибин жарыялоо менен бир эле убакта санарип чөйрөсүндө жазмалардын ээлери менен байланышуу үчүн жетиштүү болгон байланыш маалыматы жарыяланууга тийиш.

3. Санарип коомдоштуктарында дайындарды иштеп чыгуу коомдоштуктун эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат, аларда санарип коомдоштугунда жеке дайындарды иштеп чыгуу үчүн жооптуу жак аныкталууга тийиш.

4. Санарип экотутумдарында дайындарды иштеп чыгуу санарип экотутумунун эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Санарип экотутумунун ээси санарип экотутумдагы жеке дайындарды иштеп чыгууга карата ушул Кодекстин талаптарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү, алардын сакталышын тастыктоого жөндөмдүү болууга тийиш жана алардын сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

5. Жеке дайындардын субъекти өзүнүн тандоосу боюнча жазмалардын биргелешкен ээлеринин ортосундагы макулдашууларга карабастан, жазмалардын ээлеринин кимисине карата болбосун өзүнүн укуктарын жүзөгө ашыра алат.

88-берене. Жеке дайындарды коргоо

1. Жазмалардын ээси жеке дайындарды, жеке жазмаларды, жеке ресурстарды коргоону жүзөгө ашырууга милдеттүү.

2. Жазмалардын ээси жеке дайындарды иштеп чыгуунун жүрүшүндө санариптик туруктуулукту камсыз кылуу максатында:

1) санариптик технологиялык тутумдарды долбоорлоодо дайындарды конструктивдүү коргоону ишке ашырат;

2) жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучунун сунуштамаларына ылайык жеке жазмалар менен операцияларды эсепке алууну жүргүзөт;

3) уюмдагы (жумушчуларынын саны ондон ашкан адам менен уюмдар үчүн) жеке дайындарды иштеп чыгууга уюмдун жумушчуларынын ичинен же келишимдин негизинде тартылуучу жоопкерчиликтүү адамды аныктайт;

4) жеке дайындарды иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү эрежелерди жана сунуштамаларды жана аларды натыйжалуу колдонуу факторлорун окутууну уюштурат.

3. Министрлер Кабинети жеке дайындардын корголушунун белгиленген деңгээлдерине ылайык санариптик технологиялык тутумдарда иштеп чыгууда жеке дайындарды коргоо боюнча талаптарды белгилейт.

89-берене. Чек ара аралык өткөрүп берүү

1. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу жеке дайындардын субъекттеринин укуктарын адекваттуу коргоону камсыз кылуучу чет өлкөлүк мамлекеттердин тизмегин бекитет жана өзүнүн сайтында жарыялайт. Чет өлкөлүк мамлекет мындай мамлекетте колдонуудагы укуктун ченемдери жана жеке дайындарды коргоону камсыз кылуу боюнча колдонулуучу чаралар ушул Кодекстин жоболоруна шайкеш келген шартта көрсөтүлгөн тизмекке киргизилиши мүмкүн.

2. Жеке дайындардын субъекттеринин укуктарын адекваттуу коргоону камсыз кылуучу чет өлкөлүк мамлекеттердин тизмегине киргизилген чет өлкөлүк мамлекеттердин аймагына жеке дайындарды чек аралар аралык өткөрүп берүү ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат жана тыюу салынышы жана чектелиши мүмкүн эмес.

3. Жазмалардын ээси жеке дайындарды чек аралар аралык өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруу башталганга чейин аймагына жеке дайындарды берүү жүзөгө ашырылуучу чет өлкөлүк мамлекеттин ушул беренеде каралган тизмегине кошулганына ынанууга милдеттүү.

4. Жеке дайындардын субъекттеринин укуктарын адекваттуу коргоону камсыз кылбаган чет өлкөлүк мамлекеттердин аймагына жеке дайындарды чек ара аралык өткөрүп берүү төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

1) анын жеке дайындарын чек аралар аралык өткөрүп берүүгө жеке дайындардын субъектинин макулдугу болгондо;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралганда;

3) эгерде бул Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин коргоо, өлкөнү коргоону жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында зарыл болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралганда;

4) пайда табуучу же тарабы болуп жеке дайындардын субъекти саналган (өкүл же келишим боюнча тараптын атынан чыгуучу жак) тарабынан келишим түзүлгөндө жана (же) аткарылганда;

5) жеке дайындардын субъектинин макулдугун алуу мүмкүн болбогондо, жеке дайындардын субъектинин же башка жактардын өмүрүн, саламаттыгын, башка маанилүү турмуштук кызыкчылыктарын коргоодо;

6) жазмалардын ээлери же жазмалардын ээси менен иштеп чыгуучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттары менен жеке дайындардын субъекттеринин укуктарын адекваттуу коргоону камсыз кылууда. Жеке дайындардын субъекттеринин укуктарын адекваттуу коргоону камсыз кылуучу зарыл шарттар жеке дайындардын чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу тарабынан аныкталат.

5. Жеке дайындарды чек аралар аралык өткөрүп берүү учурунда алар берилген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык иштетилет.

90-берене. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу

1. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жана көзөмөлдөө ушул Кодекстин9-беренесиндебелгиленген тартипте түзүлүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу) тарабынан жүзөгө ашырылат. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу аларга карата өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу жактардан көз карандысыз болууга тийиш.

2. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучунун жетекчиси ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу жана милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон, анын ичинде жеке дайындарды коргоо чөйрөсүндө тиешелүү квалификацияга, тажрыйбага жана илим-билимге ээ болушу керек.

3. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:

1) ушул Кодекстин колдонулушун жана анын тийиштүү чөйрөдө колдонулушун көзөмөлгө алууну камсыз кылуу;

2) жеке дайындардын, анын ичинде балдардын жеке дайындарын иштеп чыгууга тийиштүү тобокелдиктер, ченемдер, кепилдиктер жана укуктар тууралуу жеке дайындардын субъекттеринин кабардар болуусун жогорулатуу;

3) жеке дайындардын ээлеринин жана иштеп чыгуучуларынын ушул Кодекске ылайык алардын милдеттенмелери тууралуу кабардар болуусун жогорулатуу;

4) мамлекеттик органдарга жана уюмдарга жеке дайындарды иштеп чыгууга тийиштүү мыйзамдык жана административдик чаралар боюнча консультация берүү;

5) Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жеке дайындар чөйрөсүндө талаптарды сактоого текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жеке же юридикалык жактарды аккредитациялоону жүзөгө ашыруу;

6) дайындардын субъекттерин ушул Кодексте каралган укуктарын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча, анын ичинде эгерде бул ушул максаттарда башка мамлекеттердин көзөмөлдөө органдары менен кызматташууну талап кылган учурда аларга маалымдоо;

7) ушул Кодексти жеке дайындар чөйрөсүндө колдонуунун жүрүшүндө, анын ичинде өзүнүн демилгеси боюнча жана башка көзөмөлдөө органынан же башка мамлекеттик органдан алынган маалыматтын негизинде даттанууларды кароо жана текшерүүлөрдү жүргүзүү. Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат;

8) ушул Кодекске ылайык жеке дайындарды иштеп чыгуу принциптерин жана эрежелерин, укуктарды жана милдеттерди бузуу фактылары боюнча алдын алуу, түзөтүү жана мажбурлоо чараларын пайдалануу;

9) коопсуздуктун тиешелүү чараларына жана ушул Кодекстин сакталышына ылайык келген жеке дайындарды иштеп чыгуу боюнча колдонмолорду жана сунуштамаларды жарыялоо.

4. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу жазмалардын ээлеринин реестрин жүргүзөт, анда алынганына жараша төмөнкүдөй дайындарды киргизет:

1) жеке дайындар менен инциденттер тууралуу;

2) жазмалардын ээлеринин жана иштеп чыгуучулардын ушул Кодекстин жоболорун сактоосун текшерүүлөр жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон чечимдерди чыгаруу жөнүндө;

3) жеке дайындар чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө.

5. Жазмалардын ээлеринин реестрин жүргүзүүнүн тартиби тармактык жөнгө салуучу тарабынан өз алдынча аныкталат. Реестрге жеткиликтүүлүк тармактык жөнгө салуучунун сайты аркылуу жүзөгө ашырылат.

6. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу иши жана өзүнүн териштирүүлөрүнүн жыйынтыктары жөнүндө жылдык отчетту өзүнүн сайтында жарыялайт.

7. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке жактардан жана уюмдардан маалыматты, анын ичинде мамлекеттик сырларга же башка мыйзам менен корголуучу купуя сырга тийиштүү, өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты сурап алууга жана мындай маалыматты акысыз алууга;

2) жүргүзүлүп жаткан контролдоо-көзөмөлдөө иш-чаралары үчүн маанилүү фактыларды белгилөө максаттары үчүн бардык жайларга, документтерге, жабдууларга, кызматкерлерге жана жеке жазмалардын ээсинин аларды иштеп чыгууга тиешеси бар контрагенттерине жеткиликтүүлүктү жүзөгө ашырууга;

3) чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин жана коргоого байланыштуу иштин процессинде алынган дайындарды кошпогондо, мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук уюмдарынын жеке дайындарды иштеп чыгуусуна мониторинг жүргүзүүгө;

4) жазмалардын ээсинен анык эмес же болбосо мыйзамсыз жол менен алынган жеке дайындарды тактоону, бөгөттөөнү же алып салууну талап кылууга;

5) ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылуучу жеке дайындарды иштеп чыгууну токтотуп турууну талап кылууга;

6) жеке дайындардын субъекттеринин бузулган укуктарын коргоо үчүн, анын ичинде жактардын белгисиз чөйрөсүнүн укуктарын коргоо үчүн сотко доо арыз менен кайрылууга жана сотто жеке дайындардын субъекттеринин кызыкчылыктарын жактоого;

7) жеке дайындардын субъекттеринин укуктарын бузуу менен байланышкан материалдарды ведомствого караштуулугуна ылайык жөнөтүүгө;

8) Министрлер Кабинетине жеке дайындар чөйрөсүндө ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө. Ушул Кодексти аткаруу максатында кабыл алынган, банк мыйзамдары менен иши жөнгө салынган уюмдарды текшерүүнү жүргүзүүгө багытталган ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен милдеттүү түрдө макулдашууга жатат;

9) ушул Кодекстин тиешелүү чөйрөсүндөгү талаптарды бузууга күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартууга.

8. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу өзүнүн ишин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө иштеп чыгуучу жеке жазмаларга мыйзамсыз жеткиликтүүлүктү таптакыр болтурбоого милдеттүү жана мындай жазмаларды укук ченемсиз иштеп чыккан учурда жоопкерчилик тартат.

9. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Кодекстин жоболоруна ылайык жеке дайындардын субъекттеринин укуктарын сактоону уюштурууга;

2) жазмалардын ээлеринин жана иштеп чыгуучулардын ушул Кодекстин жеке дайындарды иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү жоболорун сактоосун текшерүүгө жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон чечимдерди чыгарууга;

3) Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүгө, анын ичинде контролдоо-көзөмөлдөө иш-чараларын кайталоону болтурбоо жана тиешелүү чөйрөдө иштерди жүргүзүү өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу максатында контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө меморандумдарды түзүүгө;

4) жеке дайындарды иштеп чыгуу менен байланышкан маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын жана кайрылууларын кароого, ошондой эле көрсөтүлгөн даттанууларды жана кайрылууларды кароонун жыйынтыктары боюнча аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алууга;

5) жеке жактардын жана уюмдардын суроо-талаптары боюнча жеке дайындар чөйрөсүндө мыйзамдарды колдонуу маселелери боюнча чечмелөөлөрдү өзүнүн сайтында мындай чечмелөөлөрдү жарыялоо менен берүүгө;

6) жеке дайындарды иштеп чыгуу боюнча операцияларды эсепке алуу, жеке дайындар чөйрөсүндө окутуучу жана агартуучу иш-чараларды өткөрүү маселелери боюнча сунуштамаларды, ошондой эле жеке дайындар чөйрөсүндөгү келишимдердин, укуктук актылардын жана башка документтердин болжолдуу тариздерин иштеп чыгууга жана жарыялоого.

10. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу чет өлкөлүк мамлекеттердеги ушуга окшош органдар менен кызматташууну жүзөгө ашырат, жеке дайындардын субъекттеринин укуктарын адекваттуу коргоону камсыз кылуучу чет өлкөлүк мамлекеттердин тизмегин бекитет.

91-берене. Жеке дайындар болуп саналбаган жекече мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуунун өзгөчөлүктөрү

1. Санарип дайындары болуп саналбаган жана санарип түзүлмөлөрүн пайдалануусуз иштелип чыккан жекече мүнөздөгү дайындар иштеп чыгуунун ушул Кодексте белгиленген принциптерин сактоо менен жана иштеп чыгуунун ушул Кодексте каралган негиздери болгондо гана иштелип чыгууга тийиш.

2. Эгерде жеке дайындардын субъекти тарабынан коюлган талаптарды ишке ашыруу үчүн жекече мүнөздөгү маалыматтын көчүрмөлөрүн кагазда даярдоо талап кылынса, жеке дайындардын субъекти мындай көчүрмөлөрдү даярдоонун наркын төлөөгө милдеттүү.

3. Жекече мүнөздөгү маалыматты камтыган материалдык алып жүрүүчүлөрдүн менчик ээси ушул Кодекстин жеке дайындарды коргоо боюнча талаптарын сактоого милдеттүү эмес, бирок мындай алып жүрүүчүлөргө жеткиликтүүлүктү чектөөгө жана мындай алып жүрүүчүлөрдүн жана аларга жеткиликтүүлүккө ээ болгон жактардын эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.

12-глава. Мейкиндиктик дайындар

92-берене. Санарип чөйрөсүндөгү мейкиндиктик дайындар

1. Мейкиндиктик дайындар санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин инфратүзүм менен байланышын камсыз кылат.

2. Мейкиндиктик дайындар санарип дайындарынын төмөнкүдөй түрлөрүнөн турат:

1) санарип геодезиялык, башкача айтканда геодезиялык иштин натыйжаларынын санарип түзүлмөлөрүн пайдалануу менен иштеп чыгуу үчүн жарактуу дайындардан;

2) санарип картографиялык, башкача айтканда картографиялык иштин натыйжаларынын санарип түзүлмөлөрүн пайдалануу менен иштеп чыгуу үчүн жарактуу дайындардан;

3) жайгашкан жери жөнүндө, башкача айтканда өзүнө мейкиндиктик объекттердин координаттарын камтыган дайындардын санарип түзүлмөлөрүн пайдалануу менен иштеп чыгуу үчүн жарактуу санарип дайындарынан.

3. Ушул Кодекс санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин алкагында мейкиндиктик дайындарды иштеп чыгууну ушул Кодексте жана купуя сырлардын айрым түрлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен жөнгө сапат. Геодезия жана картография жаатындагы иш, анын ичинде геодезия жана картография жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын иштөөсүнүн жана өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби геодезия жана картография жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

4. Мамлекеттик сырларга киргизилген геодезиялык жана картографиялык иштерди түзүүнүн жана натыйжаларын пайдалануунун тартиби мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

93-берене. Мейкиндиктик дайындарды иштеп чыгуу боюнча мамилелерди жөнгө салуунун тармактык принциптери

1. Геодезиялык жана картографиялык иштин натыйжалары жана мейкиндиктик объекттердин жайгашкан жерлери жөнүндө башка дайындар санарип түзүлмөлөрүн пайдалануу менен алар иштеп чыгуу үчүн жарактуу таризге келтирилген учурда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери тарабынан пайдаланылат (санариптештирүү принциби).

2. Мейкиндиктик дайындар Кыргыз Республикасынын инфратүзумүн өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын толуктоо жана аяр пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо үчүн негиз болуп саналат, бул толук, актуалдуу жана анык мейкиндиктик дайындарды иштеп чыгууну талап кылат (сапат принциби).

3. Мейкиндиктик дайындар санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери тарабынан бардык кызыкдар жактардын аларга жеткиликтүүлүгүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен иштелип чыгат (иштеп чыгууга биргеликте катышуу принциби).

4. Мейкиндиктик дайындарды иштеп чыгуу жеке жашоонун, турак жайдын кол тийбестигин бузушу, адамдын жүрүү эркиндигин чектеши мүмкүн эмес (жеке кол тийбестик принциби).

94-берене. Мейкиндиктик метадайындар

1. Мейкиндиктик жазмаларды иштеп чыгуу, аларга жеткиликтүүлүк жана аларды таратуу мейкиндиктик метадайындардын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде мыйзамдарда башкача белгиленбесе, мейкиндиктик метадайындарга жеткиликтүүлүк чектелиши мүмкүн эмес.

3. Кыргыз Республикасында картографиялык-геодезиялык фонддордун ээлери өздөрүнө таандык фонддор жөнүндө мейкиндиктик метадайындарды ачык дайындар форматында түзүүгө жана жарыялоого, ошондой эле мейкиндиктик метадайындарды Кыргыз Республикасынын мейкиндиктик метадайындарынын улуттук ресурсуна киргизүү үчүн өткөрүп берүүгө милдеттүү.

4. Мейкиндиктик метадайындарга карата талаптар геодезия жана картография чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

95-берене. Мейкиндиктик дайындардын улуттук ресурсу

1. Кыргыз Республикасынын мейкиндиктик дайындарынын улуттук ресурсу (мындан ары - георесурс) Кыргыз Республикасынын аймагы жөнүндө санариптик мейкиндиктик дайындардын жана мейкиндиктик метадайындардын, ошондой эле санариптик мейкиндиктик дайындардын жеткиликтүүлүгүн жана шайкештигин камсыз кылуучу аларды иштеп чыгуу стандарттарынын жана форматтарынын базасы болуп саналат.

2. Георесурс мамлекеттик сырларга киргизилген дайындарды камтыбайт.

3. Георесурска санарип укугу Кыргыз Республикасына таандык. Кыргыз Республикасынын атынан георесурс ээсинин укугун геодезия жана картография чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

4. Георесурс ээси георесурстагы дайындардын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыз кылат жана бул максатта башка мамлекеттик санарип ресурстардын ээлери менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.

5. Георесурс өзүнө санарип дайындарынын төмөнкүдөй түрлөрүн камтыйт:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондунун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын картографиялык-геодезиялык фондунун материалдарын санариптештирүүнүн жүрүшүндө алынган мейкиндиктик дайындарын;

2) георесурсту пайдалануу тууралуу лицензиялык келишимдерди аткаруунун натыйжасында алынган мейкиндиктик дайындарды;

3) башка мамлекеттик санарип ресурстарынан алынган мейкиндиктик дайындарды;

4) мейкиндиктик метадайындарды;

5) мейкиндиктик дайындарды иштеп чыгуу стандарттарын жана форматтарын.

6. Георесурска жеткиликтүүлүк жарандык мыйзамдарга ылайык георесурстун ээсинин пайдалануучулар менен түзүлгөн георесурсту пайдалануу тууралуу лицензиялык келишиминин негизинде төмөнкүдөй шарттарда берилет:

1) георесурска жеткиликтүүлүк берилгендиги үчүн төлөм алынбайт;

2) пайдалануучуга георесурстан санарип дайындарын пайдалануу укугу георесурстун ээсине георесурстан алынган дайындардан келип чыккан кандай гана болбосун мейкиндиктик дайындарды (туунду мейкиндиктик дайындар) пайдалануу укуктарын берген шартта берилет;

3) пайдалануучу георесурстун ээсине туунду мейкиндиктик дайындарды алар түзүлгөн учурдан тартып бир жылдан ашпаган мөөнөттө геодезия жана картография чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу ыйгарым укукгуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форматта өткөрүп берүүгө милдеттүү;

4) пайдалануучу георесурстун ээсине мейкиндиктик дайындардын туунду метадайындарын туунду мейкиндиктик дайындар менен бирге өткөрүп берүүгө милдеттүү.

96-берене. Геосайт

1. Кыргыз Республикасынын мейкиндиктик жазмаларына жеткиликтүүлүк жана аларды таратуу ал аркылуу жүзөгө ашырылуучу сайт (мындан ары - геосайт) төмөнкүдөй иш-милдеттерди жүзөгө ашырууга арналган:

1) мейкиндиктик метадайындарды пайдалануу менен мейкиндиктик дайындарды издөө;

2) жайгашкан жери жөнүндө дайындарды ачык дайындар форматында алуу;

3) геодезия жана картография чөйрөсүндөгү форматтарга, стандарттарга жана башка ченемдик-техникалык дайындарга жеткиликтүүлүктү алуу.

2. Жеткиликтүүлүк геосайтты пайдалануу менен ачык дайындар форматында берилүүчү жайгашкан жери жөнүндө дайындардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Геосайтка жеткиликтүүлүк акысыз берилет.

4. Геосайтка санарип укугу Кыргыз Республикасына таандык. Кыргыз Республикасынын атынан геосайт ээсинин укугун геодезия жана картография чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

97-берене. Мейкиндиктик жазмаларды иштеп чыгуу

1. Мейкиндиктик жазмаларды иштеп чыгууда алардын ээлери дайындардын принципалдарынын укуктарын, анын ичинде төмөнкүдөй укуктарын сактоого тийиш:

1) принципалдын ага тийиштүү мейкиндиктик метадайындарды алуу укугун;

2) принципалдын мындай дайындардын приципалына тийиштүү бөлүгүндө мейкиндиктик дайындарга, же ага таандык болгон мейкиндиктик объекттерге же санарип түзүлмөлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун;

3) мейкиндиктик дайындардын ээсинен принципалга тийиштүү болгон санарип жазмаларын, же болбосо аны менен байланышкан кандай болбосун идентификаторлорду алып салууну талап кылуу укугун.

2. Туунду мейкиндиктик дайындарды түзүү мейкиндиктик жазмалардын ээсинин мындай туунду мейкиндиктик дайындарды түзүү үчүн пайдаланган санарип жана башка укуктары сакталган шартта жүзөгө ашырылат.

3. Мейкиндиктик жазмаларды иштеп чыгуу мейкиндиктик дайындар тийиштүү болгон инфратүзүмгө карата укуктарга карабастан жүзөгө ашырылат.

98-берене. Мейкиндиктик жазмалардын шайкештигин жана көчүрүлүшүн камсыз кылуу

1. Санариптик мейкиндиктик жазмалардын шайкештигин жана көчүрүлүшүн камсыз кылуу максатында аларды иштеп чыгуу жалпы таанылган эл аралык практикага ылайык жана санарип чөйрөсүндө укуктук мамилелердин катышуучу субъекттеринин ой-пикирлерин эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

2. Мамсервистердин алкагында мейкиндиктик жазмаларды иштеп чыгуу георесурста камтылган стандарттарга жана форматтарга ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Геодезия жана картография чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган георесурста мейкиндиктик жазмаларды иштеп чыгууда пайдаланылуучу стандарттардын жана форматтардын тизмегин жарыялайт.

13-глава. Санарип реестрлери

99-берене. Санарип реестрлерин жөнгө салуу

1. Ушул Кодекс эсепке алуунун төмөнкүдөй объекттерин пайдалануу укуктарынын таандыктыгын тастыктоочу санарип реестрлерин түзүүнү жана пайдаланууну жөнгө салат:

1) улуттук экотутумдун элементтерин;

2) радио жыштык спектрин;

3) номерлештирүүнү.

2. Кыргыз Республикасы төмөнкүлөрдүн ээси болуп саналат:

1) улуттук экотутумдун санарип реестринин;

2) санарип радио жыштык реестринин;

3) санарип номерлештирүү реестринин.

3. Кыргыз Республикасынын атынан улуттук экотутумдун санарип реестринин ээсинин укугун улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу жүзөгө ашырат. санарип радио жыштык реестринин жана санарип номерлештирүү реестринин ээсинин укугун - телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу жүзөгө ашырат.

4. Кыргыз Республикасы ээси болуп саналган санарип реестрлерине жазмаларды киргизүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби эл аралык келишимдердин жоболорун жана жалпы таанылган эл аралык практиканы эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

5. Радио жыштык спектрин, номерлештирүүнү пайдалануучулар, улуттук экотутумдун ээлери (берүүчүлөр) тиешелүү санарип реестрлериндеги жазмалардын принципалдары болуп саналат.

100-берене. Санарип реестрлерин жүргүзүүнүн тармактык принциптери

1. Санарип реестрлериндеги жазмалар жалпыга жеткиликтүү болуп саналат (мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик сырларга киргизилген жазмалардан тышкары), мыйзамга ылайык белгиленген эрежелердин негизинде түзүлөт жана өзгөртүлөт, санарип чөйрөсүндө укуктук мамилелердин келип чыгышы, өзгөрүшү, токтотулушу үчүн негиз болуп саналат (ачыктык принциби).

2. Санарип реестрлериндеги жазмалар мындай жазмалардын принципалдарынын эрки боюнча гана түзүлөт жана өзгөртүлөт, санарип реестрлериндеги жазмаларды анын принципалынын эркинен тышкары өзгөртүүгө соттун чечиминин негизинде гана мүмкүн болот (ажыратылгыстык принциби).

3. Бир аймактагы эсепке алуунун бир объектине карата бир гана жазма түзүлүшү мүмкүн (уникалдуулук принциби).

4. Эгерде укуктардын максаттуу мүнөзү санарип реестринде жазмаларды түзүүдө жазылбаса, жазма менен тастыкталуучу укуктарды кандай болбосун максаттарда жана кандай болбосун технологияларды пайдалануу менен жүзөгө ашырууга болот (максаттуулук принциби).

5. Санарип реестрлериндеги жазмалар бир принципалдардын укуктарын жүзөгө ашыруу жазмалардын башка принципалдарынын укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбагандай түрдө түзүлөт (шайкештик принциби).

6. Санарип реестрлери алардагы жазмалар менен тастыкталуучу укуктарды эң адилеттүү жана натыйжалуу бөлүштүрүүнү камсыз кылууга тийиш (натыйжалуулук принциби).

101-берене. Радио жыштык реестри

1. Кыргыз Республикасында радио жыштык спектрин бөлүштүрүүнүн, радио жыштыктарды бөлүп берүүнүн жана ыйгаруунун өзгөчө укугу Кыргыз Республикасына таандык. Жыштыктарды бөлүштүрүү, бөлүп берүү жана ыйгаруу мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Радио жыштык спектрин бөлүштүрүүнүн натыйжалары Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасында бекемделет, радио жыштыктарды бөлүп берүүнүн жана ыйгаруунун натыйжасында алынган радио жыштык спектрин пайдалануу укуктарынын таандыктыгы жөнүндө санарип жазмалары радио жыштык реестрин түзөт.

2. Радио жыштык спектрин пайдалануу укугу телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун ушул Кодексте каралган тартипте кабыл алынган радио жыштыктарды бөлүп берүү жана ыйгаруу жөнүндө чечимдеринин негизинде берилет жана радио жыштык реестриндеги жазма менен тастыкталат. Реестрдеги радио жыштык спектрин пайдалануу укугу жөнүндө жазма телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун тийиштүү чечиминде көрсөтүлгөн жана зарыл болгон учурда ушул Кодексте белгиленген тартипте жаңылануучу дайындардан түзүлөт. Реестрдеги жазмага радиоэлектрондук каражаттын жана жогорку жыштыктагы түзүлмөнүн жайгашкан жеринин координаттары жөнүндө, ага тете алардын техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө дайындар киргизилбейт.

3. Радио жыштык спектрин пайдалануу укугу ушул Кодексте каралган тартипте тиешелүү жазмага өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып өзгөртүлөт же токтотулат.

4. Радио жыштык реестринин ээси андагы дайындардын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыз кылат жана бул максатта башка мамлекеттик санарип ресурстарынын ээлери жана радио жыштык реестриндеги жазмалардын принципалдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.

5. Радио жыштык реестриндеги санарип жазмалары жалпыга жеткиликтүү болуп саналат. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу радио жыштык реестрине жеткиликтүүлүктү санариптик өз ара аракеттенүү тутуму, ошондой эле мамсервистердин тиркемеси жана сайты аркылуу камсыз кылат.

102-берене. Радио жыштык спектрин бөлүштүрүү

1. Радио жыштык спектрин радио кызматтардын ортосунда бөлүштүрүү Эл аралык электр байланыш бирлигинин Радио байланыш регламентине ылайык жүзөгө ашырылат. Бөлүштүрүүнүн натыйжалары Радио байланыштар регламентинин бөлүгү катары Эл аралык радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн таблицасы менен шайкеш келтирилген Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасында (Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасы) чагылдырылат. Радио жыштыктардын кандай болбосун тилкесинде, же болбосо анын бөлүгүндө Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасында жыштыктардын ушул тилкеси үчүн көрсөтүлгөн радио кызматтар гана иштей алат.

2. Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын өзгөртүү Радио жыштыктар боюнча улуттук комиссиянын чечими менен жүргүзүлөт. Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына өзгөртүүлөр Радио жыштыктар боюнча улуттук комиссиянын оң чечими чыккан күндөн тартып эки жыл өткөндөн кийинки жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасында аныкталган радио жыштыктардын тилкелери же алардын бөлүктөрү төмөнкүдөй үч категориянын бирине ылайык пайдаланылышы мүмкүн:

1) өкмөттүк пайдалануу үчүн гана;

2) жарандык пайдалануу үчүн гана;

3) биргелешкен өкмөттүк жана жарандык пайдалануу үчүн.

4. Ушул Кодекс өкмөттүк пайдалануу үчүн радио жыштыктардын тилкесинде бөлүп берүүнү жана ыйгарууну жөнгө салбайт. Биргелешкен өкмөттүк жана жарандык пайдалануу үчүн радио жыштыктардын тилкелеринде радио жыштыктарды бөлүп берүү жана ыйгаруу ведомстволор аралык макулдашуунун жыйынтыктары боюнча телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун чечими менен жүзөгө ашырылат. Жарандык пайдалануу үчүн радио жыштыктар тилкелеринде радио жыштыктарды бөлүп берүү жана ыйгаруу телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун чечими менен жүзөгө ашырылат.

5. Радио жыштыктар боюнча улуттук комиссия радио жыштыктарды конверсиялоону жүзөгө ашырат. Радио жыштыктар боюнча улуттук комиссиянын конверсиялоо жөнүндө чечимин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон административдик, экономикалык же техникалык мүнөздөгү чараларды телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу аныктайт жана ишке ашырат.

103-берене. Электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу

1. Электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу болуп телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун төмөнкүлөрдү камтыган кызмат көрсөтүүсү саналат:

1) санарип радио жыштык реестрин жана зарыл болгон учурда Радио жыштыктардын улуттук таблицасын пайдалануу менен радиоэлектрондук каражаттардын электр магниттик шайкештигин талдоону жүргүзүүнү;

2) биргелешкен өкмөттүк жана жарандык пайдалануунун радио жыштыктарынын тилкелери (номиналдары) үчүн ведомстволор аралык макулдашууну;

3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурларда радио жыштыктар тилкесин (номиналын) же радио жыштыкты ыйгарууну эл аралык координациялоону;

4) радио жыштык номиналдарына же тилкелерине карата колдонууда жолтоолор болгон иш жүзүндөгү кырдаалды аныктоону.

2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалары боюнча радио жыштыктардын тилкелерин жана номиналдарын жана алар пайдаланылышы мүмкүн болгон аймактарды көрсөтүү менен телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун корутундусу түзүлөт. Корутунду 180 календардык күндүн ичинде жарактуу болуп саналат.

3. Радио жыштык спектрин пайдаланууну башкаруу үчүн радио мониторингди жүргүзүү электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу үчүн төлөмдүн көбөйүүсүнө алып келиши мүмкүн эмес.

4. Электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу радио жыштыктарды бөлүп берүүдө жана жеке ыйгарууда бир жолу жүргүзүлөт. Радио жыштыктарды жалпы ыйгарууда электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу квартал сайын жүзөгө ашырылат. Электр магниттик шайкештикти камсыз кылуунун натыйжалары боюнча корутундуда жалпы ыйгарууда бекитилген радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоого жол берилген шарттар такталат.

5. Радио жыштыктардын номиналдары жана (же) тилкелери, электр магниттик шайкешсиздик, ведомстволор аралык макулдашуудан жана (же) эл аралык координациядан баш тартуу учурларында тийиштүү аймакта пайдаланылышы мүмкүн эмес.

6. Электр магниттик шайкештикти камсыз кылууга төлөмдүн көлөмүн аныктоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

7. Радио жыштык спектрин ачык милдеттенмелерди аткаруу үчүн пайдалануучу же болбосо радио жыштык спектрин пайдаланууну радио сүйүүчүлөр кызматы жана радио сүйүүчүлөр спутниктик кызматы үчүн жүзөгө ашыруучу жазмалардын принципалдары электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу үчүн төлөмдөн бошотулат.

104-берене. Радио жыштыктарды бөлүп берүү

1. Белгилүү бир аймакта радио жыштыкты же радио жыштыктардын тилкелерин пайдалануу укугу телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун аларды бөлүп берүү жөнүндө чечими менен берилет.

2. Бөлүп берүү жөнүндө чечим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) радио жыштык спектрин пайдалануу укугу берилүүчү радио жыштык номиналдарын же тилкелерин;

2) радио жыштык спектрин пайдалануу укугу берилип жаткан аймакты так аныктоочу мейкиндиктик дайындарды;

3) Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына ылайык радио кызматына көрсөтмөнү.

3. Эгерде суралып жаткан радио жыштыктар телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун чечимине ылайык сервистик радио жыштыктарга кирсе, радио жыштыктарды бөлүп берүү тооруктардын жыйынтыктары боюнча жүзөгө ашырылат.

4. Эгерде радио жыштыктар бир убакта бардык төмөнкүдөй критерийлерге ылайык келсе, телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу аларды сервистик деп таануу жөнүндө чечим кабыл алат:

1) радио жыштыктар жарандык багыттагы категорияга тиешелүү болсо;

2) радио жыштыктар колдонулуп жаткан радиоэлектрондук каражаттар тарабынан пайдаланылбаса;

3) радио жыштыктарды пайдалануу укугу толук же жарым-жартылай башка жактарга таандык болбосо;

4) радио жыштыктарды пайдалануу укугу талашылып жатпаса же аларга карата багытына ылайык пайдаланууга тоскоол болуучу чектөөлөр жана оорлотуулар белгиленбесе;

5) радио жыштыктар ушул Кодексте белгиленген тартипте кайра бөлүштүрүлбөсө;

6) радио жыштыктар мамлекеттик телерадиоберүүлөрдү көрсөтүү үчүн арналбаса;

7) радио жыштыктар телекоммуникациялык сервистерге пайдалануучулардын чектелбеген санынын жеткиликтүүлүгү каралган технологиянын алкагында пайдалануу үчүн бөлүнүп берилсе.

5. Радио жыштыктар узартуу мүмкүндүгү менен 10 жылдык мөөнөткө бөлүп берилет. Телекоммуникациялык сервистерди берүү менен байланышпаган максаттар үчүн радио жыштыктар узартуу мүмкүндүгү менен 5 жылдан ашуун мөөнөткө бөлүп берилет.

6. Радио жыштыктарды пайдалануу укугу ушул Кодексте каралган тартиптен тышкары жазмалардын принципалы тарабынан башка жактарга ээликтен ажыратылышы мүмкүн эмес.

105-берене. Радио жыштыктарды ыйгаруу

1. Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү, аларды эксплуатациялоо үчүн радио жыштыктарды бөлүп берүү же ыйгаруу талап кылынбаган радиоэлектрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлмөлөрдүн тизмегине киргизилген радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлмөлөрдү кошпогондо, радиоэлектрондук каражатты же жогорку жыштыктагы түзүлмөнү эксплуатациялоого телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун радио жыштыкты ыйгаруу жөнүндө чечими болгондо гана жол берилет. Ыйгаруу жөнүндө чечим Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына ылайык бөлүштүрүлгөн радио жыштыктарга карата кабыл алынат.

2. Радиоэлектрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлмөлөргө радио жыштыктарды ыйгаруу телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун чечими менен жүзөгө ашырылат жана жеке же жалпы болуп саналат.

3. Тармактык жөнгө салуучу радиоэлектрондук каражаттар бир убакта иштеген учурда (уюлдук тарамдар, кеңири тилкелүү жеткиликтүүлүктөгү тарамдар жана башка ушул сыяктуу түзүлмөлөр) зыяндуу жолтоолорду алдын алуучу технологияга негизделген радиоэлектрондук каражаттарга радио жыштыктарды жалпы ыйгаруу тууралуу чечимди кабыл алат. Калган бардык учурларда тармактык жөнгө салуучу жеке ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алат. Радиоэлектрондук каражаттарды эл аралык таануу талап кылынган учурларда мындай каражаттарды пайдалануу жалпы ыйгаруу тууралуу чечимдин бар болушуна карабастан жеке ыйгаруунун негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Радио жыштыктарды ыйгаруу жөнүндө чечим радиоэлектрондук каражаттардын (жогорку жыштыктагы түзүлмөлөрдүн) ээси көрсөткөн, мындай каражаттарды (түзүлмөлөрдү) эксплуатациялоого жол берилген төмөнкүдөй шарттарды бекитет:

1) берүү үчүн радиоэлектрондук каражаттар пайдаланылуучу телекоммуникациялык сервистер;

2) координаттарын (жеке ыйгаруу үчүн) же аймакты (жалпы ыйгаруу үчүн) көрсөтүү жолу менен радиоэлектрондук каражаттардын жол берилген жайгашкан жери жөнүндө дайындар, ошондой эле аймактагы радиоэлектрондук каражаттардын максималдуу жана минималдуу саны;

3) радиоэлектрондук каражаттын (жогорку жыштыктагы түзүлмөнүн) техникалык параметрлери.

5. Радиоэлектрондук каражаттарды жалпы ыйгарууга ылайык эксплуатациялоочу алардын ээси телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу менен радиоэлектрондук каражаттардын айланасындагы электромагниттик жагдайды баалоо үчүн мааниге ээ болгон төмөнкүдөй санарип дайындарын алмашуу жолу менен өз ара аракеттенет, атап айтканда:

1) колдонулуучу технологиялар жөнүндө дайындарды;

2) радиоэлектрондук каражаттарды орнотуу координаттарын;

3) жумушчу жыштыктар жөнүндө дайындарды;

4) радиоэлектрондук каражаттын нурлануу кубаттуулугу жана антеннанын параметрлери жөнүндө дайындарды.

6. Радио жыштыктарды ыйгаруу, аларды бөлүп берүү жөнүндө чечимге ылайык радио жыштыктарды пайдалануу укугун колдонуу мөөнөтүндө жүзөгө ашырылуучу сервистик радио жыштыктарды кошпогондо, узартуу мүмкүндүгү менен 5 жылдан кем эмес мөөнөткө жүзөгө ашырылат.

106-берене. Радио жыштык спектрин пайдалануу үчүн төлөм

1. Радио жыштык спектрин пайдалануу үчүн жазмалардын принципалдары жыл сайын Министрлер Кабинети белгилеген усулдук боюнча эсептелүүчү төлөмдү төлөөгө милдеттүү. Радио жыштык спектрин пайдалануу үчүн төлөм төлөө жазмалардын принципалдарын төмөнкүлөргө шыктандырууга тийиш:

1) радио жыштык спектрин натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланууга;

2) жаңы санарип технологияларын киргизүүгө.

2. Төлөмдү эсептөө усулдугу түздөн-түз же кыйыр түрдө төмөнкүдөй факторлорду эсепке алат:

1) радиоэлектрондук каражаттын жайгашкан жерин же билдирилген пайдалануу аймагын;

2) калктын жыштыгын;

3) радио жыштыктын пайдаланылуучу тилкесинин кеңдигин же радио жыштыктардын номиналын;

4) өзүнө коммерциялык бааны жана социалдык факторду камтыган салмактык коэффициентти;

5) эсептик көрсөткүчтү;

6) радио жыштыктардын номиналын же тилкесин пайдалануунун натыйжалуулук коэффициентин.

3. Жыштыктардын жаңы тилкелери бөлүнүп берилген же бөлүнүп берилген жыштыктардын тилкелеринин чегинде эксплуатацияланып жаткан тарамдын радиоэлектрондук каражаттарды алмаштырууну талап кылган, радио жыштык спектрин пайдаланган жаңы технологиялар колдонулган учурларда, ар жылдык төлөмдү эсептөөдө телекоммуникациялык тарамды өнүктүрүү үчүн зарыл болгон убакытты (үч жылдан ашпаган) эсепке алуучу кошумча төмөндөтүүчү коэффициент колдонулат.

4. Радио жыштык спектрин пайдалануу үчүн төлөм республикалык бюджетке багытталат жана телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун ишин каржылоонун көлөмүн аныктоодо эске алынат.

5. Жазмалардын принципалдары радио жыштыктардын белгилүү тилкелери төмөнкүлөр үчүн гана пайдаланылган учурда алар үчүн төлөм төлөөдөн бошотулат:

1) радио сүйүүчүлөр кызматы жана радио сүйүүчүлөрдүн спутниктик кызматы;

2) мыйзамдарга ылайык аларга жүктөлгөн коомдук милдеттенмелерди аткаруу.

6. Ушул Кодекстин104-беренесинин3-бөлүгүнө ылайык бөлүнүп берилген радио жыштыктардын алкагында жыштык ыйгарууларды пайдалануу үчүн төлөм алынбайт.

107-берене. Радио жыштык спектрин пайдалануу

1. Кыргыз Республикасында радио жыштык спектрин пайдалануу санарип радио жыштык реестриндеги жазмалардын параметрлерине ылайык жазмалардын принципалдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Жазмалардын принципалдары жыштыктардын санын жана пайдаланылуучу радио жыштык спектринин кеңдигин радио жыштык спектрин пайдалануу максаттарына жетүү үчүн талап кылынуучу минимумга чейин чектөөгө милдеттүү.

3. Кырсык жөнүндө сигналдарга абсолюттук артыкчылык берилүүгө тийиш, бардык мындай дайындарга токтоосуз жооп берилиши жана кечиктирилбестен талап кылынган чаралар көрүлүшү керек. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери жалган жана жаңылышууларга алып келүүчү кырсыктардын, шашылыштыктын, коопсуздуктун же таануу сигналдарынын таралышын болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө жана зарыл болгон учурда мындай сигналдардын булактары жайгашкан жерлерди аныктоодо санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин башка субъекттери менен кызматташууга тийиш.

4. Радио жыштык спектрин улуттук коопсуздук жана коргоо кызыкчылыгында пайдалануу тартиби Президент тарабынан аныкталат. Радио жыштык спектрин көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланууда төмөнкүлөр сакталууга тийиш:

1) ушул берененин 3-бөлүгүнүн кырсык сигналдары жана жолтоолорду болтурбоо үчүн чараларды көрүү тууралуу жоболору;

2) Эл аралык электр байланыш бирлигинин Радио байланыш регламентинин жоболору.

108-берене. Радио жыштыктар боюнча улуттук комиссия

1. Радио жыштыктар боюнча улуттук комиссия радио жыштык спектрин бөлүштүрүү процессинде ведомстволор аралык макулдашууну жүзөгө ашыруучу коллегиалдык орган болуп саналат. Радио жыштыктар боюнча улуттук комиссиянын курамы жана анын ишинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Радио жыштыктар боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы болуп телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун жетекчиси саналат.

2. Радио жыштыктар боюнча улуттук комиссия төмөнкүдөй милдеттерди аткаруу аркылуу Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасын жүргүзөт:

1) радио жыштык спектрин өлкө үчүн бирдей мааниге ээ жарандык жана өкмөттүк пайдалануунун ортосундагы туура теңдемдин негизинде радио жыштыктарды бөлүштүрүү;

2) Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын Жыштыктарды бөлүштүрүүнүн эл аралык таблицасына шайкеш келтирүү;

3) радио жыштыктарды конверсиялоо;

4) Кыргыз Республикасынын аймагында радио жыштык ресурсун пайдалануунун принциптерин калыптандыруу.

3. Радио жыштыктар боюнча улуттук комиссия Министрлер Кабинетине Радио жыштыктар боюнча улуттук комиссияга жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдайт.

4. Министрлер Кабинетинин радио жыштык спектрин пайдаланууга тийиштүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору Радио жыштыктар боюнча улуттук комиссияда талкууланууга тийиш.

5. Радио жыштыктар боюнча улуттук комиссия чечимдерди кабыл алууда төмөнкүлөрдү жетекчиликке алат:

1) ушул Кодекстин жоболорун жана радио жыштыктар спектрин пайдаланууга тиешелүү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын;

2) радио жыштык спектрин пайдаланууга тиешелүү өкмөттөр аралык жана региондук макулдашууларды;

3) дүйнөлүк жана аймактык радио байланыш конференцияларынын чечимдерин;

4) улуттук коопсуздук, коргоо, укуктук тартипти сактоо жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу максаттары үчүн, ошондой эле башка өкмөттүк максаттар үчүн Министрлер Кабинетинин радио жыштык спектриндеги учурдагы жана келечектеги муктаждыктарын;

5) телекоммуникациялардын операторлорунун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана радио жыштык спектрин башка пайдалануучулардын учурдагы жана келечектеги муктаждыктарын.

6. Радио жыштыктар боюнча улуттук комиссиянын иши акысыз негизде жүзөгө ашырылат. Зарыл документтерди даярдоо, Радио жыштыктар боюнча Улуттук комиссияга уюштуруучулук, усулдук жана башка жардамды көрсөтүү телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу тарабынан жүзөгө ашырылат.

7. Радио жыштыктар боюнча улуттук комиссиянын чечимдери Министрлер Кабинетинин чечими же Министрлер Кабинети аныктаган мамлекеттик органдын актысы менен таризделет жана алар кабыл алынгандан кийин үч жумуш күндөн кечиктирилбестен телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун сайтында жарыяланат.

109-берене. Номерлештирүүнүн санарип реестри

1. Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Номерлештирүүнүн улуттук планына киргизилген номерлештирүүнү бөлүштүрүүгө өзгөчө укук Кыргыз Республикасына таандык. Номерлештирүүнүн диапазондорун бөлүп берүүнүн натыйжасында алынган номерлештирүүнү пайдалануу укугунун таандыктыгы жөнүндө санарип жазмалары номерлештирүүнүн реестрин түзөт.

2. Номерлештирүүнү пайдалануу укугу номерлештирүүнүн реестринде тиешелүү жазма түзүлгөн же ага ушул Кодексте каралган тартипте өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып пайда болот, өзгөртүлөт же токтотулат.

3. Номерлештирүүнүн санарип реестринин ээси номерлештирүүнүн санарип реестриндеги дайындардын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыз кылат жана бул максаттарда башка мамлекеттик санарип ресурстарынын ээлери менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.

4. Номерлештирүүнүн санарип реестриндеги санарип жазмалары жалпыга жеткиликтүү болуп саналат. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу санарип өз ара аракеттенүү тутуму, ошондой эле мамсервистердин тиркемеси жана сайты аркылуу номерлештирүүнүн санарип реестрине жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

110-берене. Номерлештирүүнү пайдалануу

1. Номерлештирүүнү пайдалануу үчүн жазмалардын принципалдары жыл сайын Министрлер Кабинети белгилеген өлчөмдөгү төлөмдү төлөшү керек. Шашылыш ыкчам кызматтар тарабынан кыска номерлерди пайдаланууда төлөм алынбайт.

2. Номерлештирүүнүн санарип реестрине киргизилбеген номерлештирүүнү пайдаланууга же болбосо жазманын принципалы болуп саналбаган жактын номерлештирүүнү пайдалануусуна тыюу салынат. Номерлештирүүнү бөлүп берүү, өзгөртүү, кайра тариздөө же алып коюу жөнүндө маалымат коммерциялык купуя сырга киргизилиши мүмкүн эмес.

3. Номерлештирүүнү пайдалануу укугу толук же жарым-жартылай токтотулган учурда номерлештирүүнү пайдалануу үчүн төлөм кайтарылып берилбейт.

4. Номердин же коддун түзүмүн же форматын жапырт өзгөртүүгө алып келген номерлештирүүнүн улуттук планын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алынган учурда, мындай чечим пландалган өзгөртүүлөр киргизилүүчү датага чейин кеминде 2 жыл мурда жарыяланышы керек, ал эми телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу чечим козгогон жазмалардын бардык принципалдарына номерлештирүүнү бөлүп берүү жөнүндө тиешелүү чечимдерди кайра тариздөөнүн тартиби тууралуу мындай чечим кабыл алынгандан кийин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чечимдерди кабыл алуу телекоммуникациялардын операторунун (виртуалдык операторунун) сайты же тиркемеси аркылуу, ошондой эле кабарламаларды жөнөтүү жолу менен аларга мындай алмаштыруунун мөөнөттөрү жана себеби жөнүндө билдирүү менен телекоммуникациялык сервисти пайдалануучулардын макулдугусуз алардын номерлерин өзгөртүү үчүн негиз болуп саналат. Билдирүү пайдалануучулардын номерлерин пландалган өзгөртүүгө чейин 6 айдан кем эмес мурда жасалууга тийиш.

111-берене. Улуттук экотутумдун санарип реестри

1. Улуттук экотутумдун санарип реестри улуттук экотутумдун элементтерин пайдалануу мүмкүндүгүн, алардын өз ара аракеттенүү мүмкүндүгүн, ошондой эле алардын шайкештигин камсыз кылат.

2. Улуттук экотутумдун санарип реестри улуттук экотутумдун элементтери тууралуу санарип жазмаларынан турат, алардын ар бири төмөнкүдөй дайындарды камтыйт:

1) улуттук экотутумдун элементинин ээси (берүүчүсү) жөнүндө;

2) улуттук экотутумдун элементин пайдалануучулар (керектөөчүлөр) жөнүндө;

3) алардын алкагында Улуттук экотутумдун элементи пайдаланылуучу мамсервистер жөнүндө;

4) улуттук экотутумдун башка элементтери жөнүндө, алар менен улуттук экотутумдун ушул элементи өз ара аракеттенет (өз ара аракеттенүүчү элементтер);

5) Улуттук экотутумдун элементин пайдалануунун ыкмалары жөнүндө;

6) улуттук экотутумдун элементин пайдалануунун, анын ичинде өз ара аракеттенүүчү элементтерде пайдалануунун натыйжалары жөнүндө;

7) улуттук экотутумдун элементин коргоону камсыз кылуу үчүн жооптуу адамдар жөнүндө, алардын байланыш маалыматын;

8) улуттук экотутумдун элементинин жеткиликтүүлүгүн мүнөздөөчү көрсөткүчтөр жөнүндө (жыл ичиндеги жеткиликсиз болуунун чектүү мезгилин, үзгүлтүккө учураганда жеткиликтүүлүктү калыбына келтирүүнүн мөөнөттөрүн. пайдалануучулардын бир убактагы санын);

9) дайындардын пайдаланылуучу форматтары жана маалымат алмашуунун интерфейстери жөнүндө.

3. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектин улуттук экотутумдун санарип реестрине киргизүү ыктыярдуу негизде жана төлөм албастан жүзөгө ашырылат. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектинин ээси (берүүчүсү) улуттук экотутумдун катышуучусуна таандык болгон эсепке алуу объекти улуттук экотутумдун санарип реестрине киргизилген күндөн тартып жана аны улуттук экотутумдун элементтеринин катарынан чыгаруу жөнүндө дайындар улуттук экотутумдун тиешелүү элементи жөнүндө жазмага киргизилгенге чейин улуттук экотутумдун катышуучусунун укуктарына жана милдеттерине ээ болот.

4. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектин улуттук экотутумдун реестрине киргизүүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектинин улуттук экотутумдун башка элементтери менен шайкештигин жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;

2) мамсервистер фабрикасын пайдалануу менен санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектинин функционалдуулугун жана санариптик туруктуулугун тестирлөөнүн оң жыйынтыктарын көрсөтүү;

3) ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, улуттук экотутумдун элементи тууралуу санарип жазмасын түзүү үчүн зарыл болгон дайындарды берүү.

5. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу улуттук экотутумдун санарип реестринде санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектинин ээсинен санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектин улуттук экотутумдун санарип реестрине киргизүү шарттарын аткаргандыгын тастыктоочу дайындарды алган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде жаңы элемент жөнүндө санарип жазмасын түзөт.

6. Улуттук экотутумдун санарип реестриндеги санарип жазмасын өзгөртүү улуттук экотутумдун тийиштүү элементинин ээсинин (берүүчүсүнүн) кайрылуусу боюнча улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан жүзөгө ашырылат. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекти Улуттук экотутумдун элементтеринин катарынан чыгарылган учурда тиешелүү дайындар бул элемент тууралуу жазмага киргизилет.

7. Улуттук экотутумдун санарип реестриндеги санарип жазмалары жалпыга жеткиликтүү болуп саналат. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу санарип өз ара аракеттенүү тутуму, ошондой эле мамсервистердин тиркемеси жана сайты аркылуу Улуттук экотутумдун санарип реестрине жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

IV БӨЛҮМ. САНАРИП СЕРВИСТЕРИ ЖАНА ЭКОТУТУМДАРЫ

14-глава. Санарип сервистери жөнүндө жалпы жоболор

112-берене. Санарип сервистерин укуктук жөнгө салуу

1. Санарип сервистери пайдалануучуларга мындай сервистерди берүүчүлөр тарабынан белгиленген эрежелер боюнча ушул Кодексте каралган милдеттүү талаптарды сактоо менен берилет.

2. Берүүчүлөрү тарабынан белгиленген санарип сервистеринин эрежелери пайдалануучуларды санариптик идентификациялоо жана санариптик аутентификациялоо технологияларын же ыкмаларын жана алардын өздөрүнүн дайындарына жеткиликтүүлүгүн тандоодо жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алууга милдеттүү.

3. Санариптик бакубаттуулук сервистерин, телекоммуникациялык сервистерди. ишенимдүү сервистерди жана мамсервистерди берүү боюнча мамилелерди жөнгө салуу ушул Кодекстин тиешелүү главаларында белгиленген кошумча талаптарды жана чектөөлөрдү эске алуу менен ушул главанын эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат. Мындай укуктук мамилелердин субъекттери ушул главада каралган бардык укуктарды пайдаланат жана алар менен байланышкан милдеттерди аткарат.

113-берене. Санарип сервистерин жөнгө салуунун тармактык принциптери

1. Санарип сервистерин пайдалануу ага муктаж болгон бардык жактар үчүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү болушу керек (инклюзивдүүлүк принциби).

2. Санарип сервистерин укуктук жөнгө салуу мындай сервистерди берүүчүлөрдүн жана пайдалануучулардын санарип дайындарын иштеп чыгуудан пайда алууда өз ара байланышкан кызыкчылыктарын коргойт (эки жакты тең коргоо принциби).

3. Санарип сервистерин берүүчүлөрдүн иши ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан лицензияны же башка алдын ала макулдашууну талап кылышы мүмкүн эмес (алдын ала уруксаттын жоктугу принциби).

4. Санарип сервистерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайдалануучунун сервисти берүүчүдөн санарип түзүлмөлөрдү сатып алуусу менен шартталышы мүмкүн эмес (пайдалануучулук түзүлмөлөрүнүн эркин болуу принциби).

5. Санарип сервистерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайдалануучулук дайындары жайгашкан жер менен шартталышы мүмкүн эмес (географиялык басмырлабоо принциби).

6. Сервисти пайдалануу эрежелери пайдалануучуларды жыныстык, расалык, тилдик, майыптык, этностук таандыктыгы, дин тутуучулук, жаш-курактык белгилери, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, башка жагдайлар, ошондой эле эгерде бул пайдалануу макулдашуусунда түздөн-түз айтылбаса - пайдалануучулар же санарип түзүлмөлөрдү пайдалануучулар колдонгон пайдалануучулук дайындар жайгашкан жер белгиси боюнча басмырлоого жол бербөөгө тийиш (пайдалануучуларды басмырлабоо принциби).

7. Санарип сервисинин санариптик туруктуулугун камсыз кылуу санарип сервистерин берүүчүлөрдүн жана аларды пайдалануучулардын биргелешкен милдети болуп саналат (өз аралык принциби).

114-берене. Пайдалануу макулдашуусу

1. Санарип сервисин пайдалануу сервисти берүүчүнүн жана пайдалануучунун ортосундагы макулдашуунун (пайдалануу макулдашуусунун) негизинде жүзөгө ашырылат, анын алкагында пайдалануучу санарип сервисин пайдалануу эрежелерин сактоого милдеттенет. Сервисти пайдалануу эрежелери мыйзамда же ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда белгиленген учурларды кошпогондо, пайдалануу макулдашуусуз санарип сервисин пайдаланууга жол берилбейт.

2. Санарип сервисин берүүчү мыйзамдарга ылайык пайдалануучуга берүүгө милдеттүү болгон бардык дайындар пайдалануу макулдашуусу түзүлгөнгө чейин жеткиликтүү болууга тийиш.

3. Пайдалануу макулдашуусу колдонуудагы мыйзамдарга ылайык пайдалануучуну идентификациялоого, ошондой эле макулдашуу түзүлгөн фактыны жана ал түзүлгөн шарттарды тастыктоого мүмкүндүк берген кандай болбосун таризде түзүлүшү мүмкүн.

4. Санарип сервисин берүүчү пайдалануу макулдашуусунун бүткүл колдонуу мөөнөтүнүн жана ал токтотулгандан кийин үч жылдын ичинде конкреттүү пайдалануучуга карата пайдалануу макулдашуусунун шарттарын жана тараптардын пайдалануу макулдашуусун аткаруусунун фактысын тастыктоого мүмкүндүк берген санарип жазмаларын сактоого милдеттүү. Пайдалануу макулдашуусунун шарттары жана пайдалануу макулдашуусун түзүүгө жана аткарууга тиешелүү башка санарип жазмалары пайдалануучу аларды сактай ала тургандай жана калыбына келтире алгыдай түрдө ал үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.

5. Пайдалануу макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон учурда, берүүчү киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө пайдалануучуга кандай болбосун жеткиликтүү ыкма менен билдирүүгө жана бир айдан кем эмес мөөнөттү белгилөөгө милдеттүү. Пайдалануу макулдашуусу өзгөртүлгөн учурга чейин пайдалануучунун пайдалануу макулдашуусун өзгөртүүдөн баш тартуусу алынган учурларды кошпогондо, ал билдирүүдө көрсөтүлгөн күндөн тартып өзгөртүлгөн болуп эсептелет. Эгерде пайдалануучу көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин сунушталган өзгөртүүлөргө өзүнүн макул эместиги жөнүндө билдирсе, пайдалануу макулдашуу токтотулат, ал эми санарип сервисин берүүчү пайдалануучунун киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен макул эместиги жөнүндө арызын алган учурга чейинки санарип сервисинин наркын чыгарып салуу менен, санарип сервистердин айрым түрлөрү үчүн башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен пайдалануучу төлөгөн акча каражаттарын кайтарып берүүгө милдеттүү.

6. Санарип сервисин берүүчү пайдалануу макулдашуусуна же аны тараптардын аткаруусуна тиешелүү санарип жазмаларына жеткиликтүүлүктү, эгерде бул жазмаларда камтылган маалымат мурда эле мамлекеттик жана расмий тилдерде берилген болсо, аларды автоматтык түрдө мамлекеттик же расмий тилдерде которууга болбогондой түрдө чектөөгө укуксуз.

115-берене. Санарип сервистерин берүүчүлөр

1. Санарип сервисин берген жана мындай сервисти пайдалануунун эрежелерин аныктоочу санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти өзүн санарип сервисин берүүчү катары так жана пайдалануучуга түшүнүктүү таризде идентификациялоого жана ушул Кодексте каралган санарип сервиси жөнүндө маалыматты жалпыга жеткиликтүү кылууга милдеттүү.

2. Эгерде санарип сервисин берүүгө же аны пайдалануунун эрежелерин аныктоого бир нече субъект катышса, алар өздөрүнүн ичинен кимиси пайдалануу макулдашуусун түзүүгө ыйгарым укуктуу экенин аныктоого милдеттүү. Эгерде пайдалануу макулдашуусунда башкача белгиленбесе, санарип сервисин берүүчү жана мындай сервисти пайдалануу эрежелерин аныктоочу санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин бардык субъекттери пайдалануучунун алдында бирдей жооп беришет.

3. Санарип сервисин берүүчүгө төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) колдонулган мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо, пайдалануучулардын санарип дайындарын пайдалануу макулдашуусунда каралбаган максаттарда иштеп чыгууну жүзөгө ашырууга;

2) ак ниетсиз атаандаштык менен алектенүүгө, атаандаштыкты чектөөчү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга;

3) пайдалануучулардын ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган укуктарын чектөөгө, анын ичинде пайдалануучуларга өз укуктарын жүзөгө ашыруу жана коргоо үчүн зарыл болгон санарип дайындарына жеткиликтүүлүктү татаалдатуучу техникалык чараларды көрүү жолу менен чектөөгө.

116-берене. Санарип сервистерин пайдалануучулар жана керектөөчүлөр

1. Пайдалануучу өзүнүн иденттүүлүгүн пайдалануу макулдашуусу колдонулган мезгил ичинде сактоого милдеттүү. Пайдалануучуну санариптик идентификациялоо жана санариптик аутентификациялоо ушул Кодекске ылайык сервисти берүүчү тарабынан пайдаланылуучу санариптик идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде пайдалануу макулдашуусунда башкача каралбаса, санарип сервисин пайдаланууда пайдалануучу тарабынан түзүлүүчү санарип жазмаларына санарип укуктары пайдалануучуга таандык болот.

3. Пайдалануучулар санарип сервистерин пайдаланууда башка жактардын интеллектуалдык менчик укуктарын сактоого милдеттүү жана аларды сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Керектөөчүлөргө төмөнкүдөй кошумча укуктар берилет:

1) керектөөчү баш тартканга чейинки санарип сервисинин наркын чыгарып салуу менен, бардык төлөнгөн акча каражаттарын кайтарып алуу укугу менен керектөөчүнүн ыктыяры боюнча кайсы учурда болбосун санарип сервистердин айрым түрлөрү үчүн башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен санарип сервисинен баш тартуу укугу;

2) санарип сервисин алуу жана керектөөчүнүн санарип түзүлмөсүн жөндөөнүн натыйжасында пайда болгон бузулууну четтетүү максатында керектөөчүнүн санарип түзүлмөсүн жөндөө үчүн жетиштүү болгон маалыматты акысыз алуу укугу (керектөөчүлүк колдоо);

3) сервисти берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоого милдеттүү болгон санарип жазмаларын кошпогондо, санарип сервисинен баш тартуудан кийин керектөөчүгө тийиштүү болгон бардык санарип жазмаларын өчүрүү укугу.

117-берене. Санарип сервистериндеги атаандаштыкты коргоо

1. Санарип сервистерин берүүдө тыюу салынган иш-аракеттерге Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарында каралгандардан тышкары төмөнкүлөр кирет:

1) издеп-таап берүү алгоритмин манипуляциялоо;

2) ушул берүүчүнүн өздүк санарип сервистери же товарлары, жумуштары, кызмат көрсөтүүлөрү үчүн артыкчылыктарды түзүү;

3) берүүчүнүн же башка жактардын белгилүү бир товарларын (санарип түзүлмөлөрүн), жумуштарын, кызмат көрсөтүүлөрүн же санарип сервистерин сатып алган шартта гана санарип сервисин алуу мүмкүндүгү;

4) санарип сервисин пайдалануунун шарты катары интеллектуалдык менчикке укуктарды өткөрүп берүү талабы;

5) башка санарип сервистерин пайдалануу же пайдалануучунун санарип жазмаларын башка санарип сервистерине көчүрүү мүмкүндүгүн чектөө;

6) санарип сервистерин берүүчүнүн же башка жактардын маркетингдик акцияларына же ушул сыяктуу акцияларына милдеттүү түрдө катышуу талабы;

7) пайдалануучунун же анын санарип дайындарынын жайгашкан жеринин критерийи боюнча бир пайдалануучулар үчүн башкалардын алдында артыкчылыктарды түзүү;

8) таратууга мыйзамдарда тыюу салынган маалыматты камтыбаган кабарламаларды жана комментарийлерди өчүрүү;

9) демпинг же кайчылаш субсидиялоо.

2. Санарип сервисин берүүчү пайдалануучуларга таандык болгон санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине карата санарип укуктарына же интеллектуалдык менчик укуктарына ээ болбойт. Мындай объекттерди пайдаланууга ушул Кодексте же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте аларды пайдаланууга келишим түзүлгөн шартта гана жол берилет. Берүүчү тиешелүү объекттерди пайдаланууга келишим түзүү фактысын жана аларды пайдалануу шарттарын тастыктоочу санарип жазмаларын сактоого милдеттүү.

118-берене. Сервистен баш тартуу укугу

1. Эгерде пайдалануучу пайдалануу макулдашуусуна, ушул Кодекске же колдонуудагы мыйзамдарга ылайык санарип сервисинен баш тартуусу жөнүндө билдирсе, санарип сервисин берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) пайдалануу макулдашуусу боюнча алынган төлөмдү эсептөөнү, баш тартуу жөнүндө кабарламаны алган учурга чейинки санарип сервисинин наркын эсептөөнү жүргүзүүгө жана пайдалануучуга кайтарылып берилүүгө тийиш болгон, же болбосо берүүчүгө пайдаланылган санарип сервиси үчүн төлөнүүгө тийиш болгон сумманы аныктоого;

2) санарип сервисин берүүчүдө болгон пайдалануучунун санарип жазмалары жөнүндө дайындарды пайдалануучуга берүүгө;

3) санарип сервисин берүүчүдө болгон пайдалануучунун бардык санарип жазмаларынын көчүрмөлөрүн алуунун мүмкүн болгон варианттары жөнүндө, ошондой эле санарип жазмаларын башка санарип сервистерине көчүрүү мүмкүндүгү жөнүндө пайдалануучуга кабарлоого;

4) пайдалануучуга анын санарип жазмаларын өчүрүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө жана мындай өчүрүүгө кепилдик берүүгө;

5) пайдалануучунун санарип жазмаларына байланышкан анын чечимин алган учурга чейин - пайдалануучунун бардык санарип жазмаларын өзгөрүүсүз түрдө сактоого.

2. Эгерде санарип сервисин берүүчү пайдалануучу баш тарткандан кийин пайдалануучунун санарип жазмаларына байланыштуу анын чечимин албаса, санарип сервисин берүүчү пайдалануучунун санарип сервисинен баш тартуусун алган жылдан кийинки бир календардык жыл өткөндөн кийин пайдалануучунун бардык жазмаларын өчүрүүгө милдеттүү.

3. Берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берүүчү сактоого милдеттүү болгон маалыматты камтыган пайдалануучулардын санарип жазмаларын өчүрүүгө укуксуз. Берүүчү сактоо улантыла турган санарип жазмаларынын курамы жөнүндө пайдалануучуга билдирүүгө милдеттүү.

119-берене. Талаш-тартыштарды кароо

1. Санарип сервисин берүүчү өзүнүн сайтын же тиркемесин пайдалануу менен төмөнкүдөй даттанууларды жөнөтүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга милдеттүү:

1) санарип сервисинин сапатына байланыштуу;

2) интеллектуалдык менчик укуктарын же санарип укуктарын бузууларга;

3) сервисти пайдалануу эрежелерин бузууларга;

4) эгерде мындай иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чектелген болсо, санарип жазмаларын таратуу же аларга карата жеткиликтүүлүктү берүү тууралуу;

5) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын башка бузууларга.

2. Эгерде даттануу санарип сервисин пайдалануучулардын иш-аракеттерине тиешелүү болсо, сервисти берүүчү даттанууну алгандыгы жөнүндө алардын ар бирине маалымдоого жана алынган даттанууга тиешелүү болгон бардык дайындарды берүүгө милдеттүү.

3. Санарип сервисин берүүчү даттанууда көрсөтүлгөн бузууларды беш жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө четтетүү үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө милдеттүү. Эгерде даттанууда көрсөтүлгөн бузууларды четтетүү үчүн чоң мөөнөт талап кылынса, берүүчү ага бузууларды четтетүү үчүн талап кылынуучу мөөнөттү негиздөө менен беш жумуш күндүн ичинде бул тууралуу пайдалануучуга билдирет. Эгерде арыз ээси маалымдоонун башка таризин сурабаса, санарип сервисин берүүчү көрүлгөн чаралар жөнүндө арыз ээсине даттануу жөнөтүлгөндөй эле ыкма менен маалымдоого милдеттүү.

4. Пайдалануучуларга башка пайдалануучулар менен санарип дайындарын алмашуу мүмкүндүгүн берген санарип сервисин берүүчү пайдалануучулардын ортосундагы талаш-тартыштарды пайдалануу макулдашуусунда көрсөтүлгөн жана (же) берүүчүнүн сайтында же тиркемесинде жарыяланган сервисти пайдалануу эрежелери боюнча кароону камсыз кылууга милдеттүү.

5. Санарип сервисин берүүчүнүн даттануу же талаш-тартыш боюнча чечими сотко чейинки милдеттүү тартипте тармактык жөнгө салуучуда, ал эми тармактык жөнгө салуучунун чечимине макул болбогон учурда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же тараптардын макулдашуусунун негизинде колдонуудагы башка мыйзамдарга ылайык сотто даттанылышы мүмкүн. Тармактык жөнгө салуучу даттанууларды жана талаш-тартыштарды кароонун алкагында тараптардын иш-аракеттеринин пайдалануу макулдашуусуна шайкештигин жана пайдалануу макулдашуусунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигин текшерет. Тармактык жөнгө салуучу даттануу же талаш-тартыш боюнча чечим чыгарууда пайдалануу макулдашуусунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген жоболорун жетекчиликке алууга укуксуз.

120-берене. Жоопкерчилик

1. Санарип сервисин берүүчү пайдалануу макулдашуусун бузган пайдалануучунун сервисти пайдалануу мүмкүнчүлүгүн бузуулар четтетилген учурга чейин токтотуп турууга укуктуу.

2. Эгерде пайдалануу макулдашуусунда башкача белгиленбесе, санарип сервисин берүүчү санарип сервисти пайдалануу мүмкүндүгүнүн жоктугу үчүн пайдалануучунун алдында санарип сервиси пайдалануучуга жеткиликсиз болгон ар бир толук саат үчүн эсептелген сервистин эки эселенген баасы өлчөмүндө жоопкерчилик тартат. Берүүчүнүн жоопкерчилигинин өлчөмүн аныктоодо пайдалануу макулдашуусунда каралган көлөмдө жана тартипте авариялык жана ондоо-алдын алуу жумуштары жүргүзүлгөн убакыт эсепке алынбайт.

3. Санарип сервисин берүү кечиктирилгенде же талаптагыдай эмес сапаттагы санарип сервиси көрсөтүлгөндө санарип сервисин берүүчү пайдалануучунун алдында кечиктирилген мезгилге же санарип сервисинин сапатынын начарлашына шайкеш, бирок ошол мезгил үчүн тиешелүү санарип сервисинин баасынын өлчөмүнөн ашык эмес жоопкерчилик тартат.

4. Пайдалануучуга тиешелүү мезгилдеги санарип сервиси үчүн эсептөөлөр үчүн зарыл болгон дайындар берилбеген учурда берүүчү пайдалануучунун алдында ошол мезгил үчүн санарип сервисинин баасынын өлчөмүндө жоопкерчилик тартат.

5. Пайдалануучуга ушул Кодексте каралган маалыматтын ал үчүн жеткиликсиздигинин, ошондой эле талаптагыдай эмес сапаттагы, анын ичинде пайдалануучунун санарип жазмаларынын жоголушуна алып келген санарип сервисин берүүнүн натыйжасында келтирилген зыяндын орду соттун чечиминин негизинде санарип сервисин берүүчү тарабынан толук көлөмдө толтурулууга тийиш.

15-глава. Санариптик бакубаттуулук сервистери

121-берене. Санариптик бакубаттуулук сервистерин укуктук жөнгө салуу

1. Кыргыз Республикасында санариптик бакубаттуулук сервистери ушул Кодексте белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен эркин түзүлүшү жана пайдаланылышы мүмкүн.

2. Медициналык уюмдар жана жекече иштеген медициналык кызматкерлер тарабынан санариптик бакубаттуулук сервистерин пайдалануу Кыргыз Республикасынын жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат. Медициналык иштин алкагында санариптик бакубаттуулук сервистерин пайдалануу жеке жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кемсинтүүгө алып келбөөгө тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө жеке жактын ким экендиги аныкталган шартта гана жол берилген учурларда сервисти керектөөчүнү санариптик аутентификациялоо ушул Кодекске ылайык санариптик аутентификациялоо сервистерин пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.

4. Санариптик бакубаттуулук сервистерин берүүчүлөрдүн, пайдалануучулардын жайгашкан жеринин же санарип жазмаларын иштеп чыгуу жайларынын критерийи боюнча пайдаланууну чектөөгө жол берилбейт.

122-берене. Санариптик бакубаттуулук сервистерин жөнгө салуунун тармактык принциптери

1. Жеке адамдын ден соолугуна тиешелүү, анын ичинде диагнозу жөнүндө чечимдер адам тарабынан гана кабыл алынышы мүмкүн (адамдын чечим кабыл алуусу принциби).

2. Санариптик бакубаттуулук сервисин керектөөчү сервистин мүмкүнчүлүктөрү жана чектөөлөрү жөнүндө, ошондой эле аны пайдалануу шарттары тууралуу толук дайындарга сервисти пайдалануу башталганга чейин ээ болууга тийиш (керектөөчүнүн маалымдуулугу принциби).

3. Санариптик бакубаттуулук сервисинин ишинин, анын ичинде автоматтык түрдө ишке ашырылуучу натыйжалары сервистин ишинин натыйжаларынын ар бирин пайдалануунун же пайдаланбоонун кесепеттери жөнүндө керектөөчү үчүн жеткиликтүү болгон дайындар менен коштолууга тийиш (натыйжаны алдын ала айтуу принциби).

4. Санариптик бакубаттуулук сервиси жөнүндө таратылуучу дайындар керектөөчүнүн жашоосунун сапатын жана ден соолугун жакшыртууга негизсиз кепилдиктерди жана күбөлөндүрүүлөрдү камтышы мүмкүн эмес (натыйжанын негиздүүлүгү принциби).

5. Санариптик бакубаттуулук сервисинин конкреттүү керектөөчүгө карата иши жөнүндө дайындар керектөөчү үчүн санарип жазмалары түрүндө жеткиликтүү болууга тийиш (отчеттуулук принциби).

123-берене. Санарип сервистерин медициналык-санитардык жардам көрсөтүү максаттары үчүн пайдалануу

1. Мыйзамдарда түздөн-түз тыюу салынган учурларды кошпогондо, санарип сервистери медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн алкагында төмөнкүдөй максаттарда пайдаланылышы мүмкүн:

1) консультацияларды өткөрүү;

2) бейтаптын абалына мониторинг жүргүзүү;

3) медициналык кызматкерлердин ортосунда тажрыйба алмашуу жана өз ара консультациялар;

4) медициналык кызматкерлерди окутууларды өткөрүү;

5) санитардык-гигиеналык, санитардык-эпидемияга каршы режимдерди сактоо.

2. Эгерде санарип жазмалары санарип сервистеринин алкагында түзүлсө, алар медициналык-санитардык жардамдарды көрсөтүүдө эске алынууга тийиш.

124-берене. Санариптик бакубаттуулук сервистеринин алкагында дайындарды иштеп чыгуу

1. Кыргыз Республикасы улуттук экотутумдун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгынын абалы жөнүндө санарип дайындарын иштеп чыгууну камсыз кылат.

2. Санариптик бакубаттуулук сервисин керектөөчүлөрдүн санарип дайындары анын бардык керектөөчүлөрү үчүн бул сервисти жакшыртуу максатында пайдаланылышы мүмкүн.

3. Санариптик бакубаттуулук сервисин берүүчүнүн бул сервисти керектөөчүлөрдүн санарип дайындарын башка санарип сервистеринин максаттары үчүн иштеп чыгуусуна, ошондой эле санариптик бакубаттуулук сервисин берүүчүнүн мындай дайындарды башка жактарга (иштеп чыгуучудан тышкары) берүүсүнө иштеп чыгуу үчүн ушул Кодексте каралган негиз болгон учурда гана, ал эми мындай негиз катары мыйзамдуу кызыкчылык чыкса - дайындар ээсиздендирилген шартта гана жол берилет.

4. Санариптик бакубаттуулук сервисин берүүчү өзү бекиткен, төмөнкүлөрдү камтыган усулдуктун негизинде дайындардын сапатын камсыз кылууга милдеттүү:

1) санарип дайындарын пайдаланууга даярдоо максатында аларды иштеп чыгуу ыкмаларынын сыпаттамасын;

2) санарип дайындары алардын алкагында пайдаланылган моделдердин жана гипотезалардын сыпаттамасын;

3) зарыл болгон санарип дайындарынын жеткиликтүүлүгүн, жетиштүүлүгүн жана жарактуулугун алдын ала баалоону;

4) тандоонун мурунтан жасалгандыгын текшерүү ыкмаларын (тандоонун жылып кетүүсүн жана тандоонун жаңылыштыгын);

5) кемчиликтерди дайындардын саны жана сапаты боюнча аныктоо усулдарын, ошондой эле бул кемчиликтерди четтетүү ыкмаларын.

5. Санариптик бакубаттуулук сервистери үчүн санарип дайындары релеванттуу, репрезентативдүү, каталарга жол берилбеген жана толук болушу керек. Алар санарип сервисинин багытын жана аны пайдалануунун болжолдуу шарттарын, анын ичинде сервисти керектөөчү жактардын жана топтордун статистикалык мүнөздөмөлөрүн зарыл өлчөмдө эске алууга тийиш.

6. Сервисти берүүчү санарип сервисине жеткиликтүүлүк алар аркылуу жүзөгө ашырылуучу өзүнүн сайтында же тиркемесинде дайындардын сапатын камсыз кылуунун жалпыга жеткиликтүү усулдугун түзүүгө милдеттүү.

125-берене. Санариптик бакубаттуулук түзүлмөлөрү

1. Санариптик бакубаттуулук сервистеринин алкагында пайдаланылуучу санариптик технологиялык тутумдарга жана алардын элементтерине (санариптик бакубаттуулуктун түзүлмөлөрүнө) карата талаптар, ошондой эле шайкештикти тастыктоо тариздери Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленет.

2. Пайдаланылышы организмдин табигый сырткы бөгөттөрү аркылуу кирүү менен байланышпаган санариптик бакубаттуулук түзүлмөлөрү (инвазивдик эмес санарип түзүлмөлөрү) керектөөчүлөр тарабынан алдын ала жактыруусуз же шайкештигин тастыктоосуз пайдаланылышы мүмкүн.

3. Санариптик бакубаттуулук сервисин берүүчү өзүнүн сайтында же тиркемесинде санариптик бакубаттуулук түзүлмөлөрү жөнүндө төмөнкүдөй дайындарды жалпыга жеткиликтүү кылууга милдеттүү:

1) сервистин алкагында пайдаланылышы мүмкүн болгон санарип түзүлмөлөрүнүн тизмегин же мындай түзүлмөлөргө карата талаптарды;

2) сервистин алкагында санариптик бакубаттуулук түзүлмөлөрүн пайдалануу эрежелерин;

3) түзүлмөлөр шайкеш келген стандарттарга, өзгөчөлүктөргө же башка ушул сыяктуу документтерге шилтемелерди жана түзүлмөлөрдүн ушундай документтердин жоболоруна шайкештигин тастыктоо жөнүндө маалыматты.

4. Санариптик бакубаттуулук сервисин берүүчү керектөөчүлөрдүн берүүчү тарабынан жарыяланган талаптарга шайкеш келген ар кандай түзүлмөлөрдү алардын өндүрүүчүсүнө же моделине байланыштуу эч кандай басмырлоосуз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

5. Санариптик бакубаттуулук сервисин берүүчү түзүлмөлөр менен дайындарды алмашуу форматтарын жана интерфейстерин, ошондой эле түзүлмөлөргө карата талаптарды аныктоодо жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алууга милдеттүү.

126-берене. Санариптик бакубаттуулукту камсыз кылуу учун жасалма интеллект тутумдарын пайдалануу

Санариптик бакубаттуулукту камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу жасалма интеллект тутумдары жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарына кирет. Сервистин алкагында жасалма интеллект тутумдарын пайдалануучу санариптик бакубаттуулук сервисин берүүчү ушул Кодексте белгиленген жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарына карата талаптарды сактоого милдеттүү.

127-берене. Санариптик бакубаттуулук сервистерин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо

1. Санариптик бакубаттуулук сервисин керектөөчү санариптик бакубаттуулук сервисин пайдалануудан улам, ага тете ушул Кодекске ылайык керектөөчүлөргө жеткиликтүү болушу керек болгон дайындардын жеткиликсиздигинин айынан ага келтирилген зыяндын (анын ичинде моралдык зыяндын) ордунун толтурулушуна укуктуу. Моралдык зыяндын ордун толтуруу мүлктүк зыяндын жана керектөөчү тарткан чыгымдардын ордунун толтурулушуна карабастан жүзөгө ашырылат.

2. Санариптик бакубаттуулук сервисин керектөөчү зыяндын ордун толтуруунун жана (же) моралдык зыянды компенсациялоонун ордуна берүүчүдөн эсептик көрсөткүчтөрдүн жүздөн төрт жүзгө чейинки өлчөмүндө компенсация төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу. Берүүчү жасаган бузуунун жана керектөөчүдө зыяндын келип чыгышынын фактысы далилденген учурда компенсация өндүрүлүүгө жатат. Компенсациянын өлчөмү бузуулардын жана иштин башка жагдайларынын мүнөзүнө жараша соттун ыктыяры боюнча аныкталат жана жөндүү жана адилеттүү болушу керек.

3. Эгерде санариптик бакубаттуулук сервисин берүүчү анын санарип сервисин пайдалануу менен керектөөчүдө зыяндын келип чыгышынын ортосунда себеп-натыйжалык байланыш жок экендигин далилдесе, зыяндын ордун толтуруудан бошотулат.

16-глава. Телекоммуникациялык сервистер

128-берене. Телекоммуникациялык сервистерди укуктук жөнгө салуу

1. Кыргыз Республикасы телекоммуникациялык сервистерди Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жана эл аралык уюмдардын чечимдеринин негизинде жөнгө салат. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, телекоммуникациялык сервистерге тиешелүү терминдер Эл аралык электр байланыш бирлигинин документтеринде белгиленген мааниде колдонулат.

2. Телекоммуникациялык сервистерди берүү жана аларды жөнгө салуу телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ушул Кодексте белгиленген талаптарга шайкештикти тастыктоо талап кылынса, алар ушул Кодексте белгиленген талаптарга эквиваленттүү же андан жогору болгон талаптарга шайкештикти тастыктаган учурда чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык алынган документтер пайдаланылышы мүмкүн.

129-берене. Телекоммуникациялык сервистерди жөнгө салуунун тармактык принциптери

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери Кыргыз Республикасында телекоммуникациялык сервистерди эркин берүүгө жана аларды пайдаланууга укуктуу (телекоммуникациялардын эркиндиги принциби).

2. Телекоммуникациялык сервистерди жөнгө салуу берүүчүлөр жана пайдалануучулар үчүн аларды берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн жана телекоммуникациялык сервистерди негизсиз токтотууга жол берилбестикти камсыз кылат (үзгүлтүксүздүк принциби).

3. Телекоммуникациялык сервистерди берүү жана аларды пайдалануу боюнча иштерди жөнгө салуу алардын туруктуу өнүгүүсүн жана жалпы таанылган эл аралык практикага ылайык аларды берүүнүн келечектүү технологияларын киргизүүнү камсыз кылат (өнүгүү принциби).

4. Телекоммуникациялык сервистер жана аларды жөнгө салуу телекоммуникациялык сервистерди колдонуу менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон пайдалануучулардын санын көбөйткөндөй түрдө уюштурулушу керек (өз ара аракеттенүү принциби).

5. Телекоммуникациялык сервистердин туруктуу өнүгүүсүнө жана аларды жөнгө салуу принциптерин ишке ашырууга сервистерди берүү жана аларды колдонуу үчүн пайдаланылуучу сервистердин жана санарип түзүлмөлөрүнүн шайкештиги камсыз кылынган шартта гана мүмкүн болот (шайкештик принциби).

6. Телекоммуникациялык сервистерди берүүдө жана аларды пайдаланууда берилүүчү дайындардын бүтүндүгү жана кол тийбестиги камсыз кылынат, ал эми телекоммуникациялык сервистерди берүүчүлөр берилүүчү санарип дайындарынын мазмунун контролдобошу жана алардын мазмунуна байланыштуу жоопкерчилик тартпашы керек (кол тийбестик принциби).

7. Телекоммуникациялык сервистерди берүүчүлөр телекоммуникациялык сервистерге бааларды жана тарифтерди Кыргыз Республикасынын баа түзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарды эске алуу менен өз алдынча белгилейт (баа түзүү эркиндиги принциби).

130-берене. Телекоммуникациялык сервистин жардамы аркылуу берилүүчү санарип дайындарынын купуя сырын сактоо

1. Кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, ошондой эле телекоммуникациялык сервистин жардамы менен берилүүчү башка кабарламалардын купуялыгыКонституцияжана ушул Кодекс менен корголот.

2. Мындай купуя сырды түзгөн дайындарга жеткиликтүүлүк мындай дайындарды (кабарламаларды) жөнөтүүчүлөр жана алуучулар тарабынан. ошондой эле техникалык мүмкүнчүлүктөр болгон учурда телекоммуникациялык тарамдын иштешине жана пайдаланууга жана (же) телекоммуникациялык сервистерди берүүгө тартылган жактар тарабынан гана жүзөгө ашырылат.

Башка жактардын мындай купуя сырды түзгөн дайындарга жеткиликтүүлүгүнө мыйзамга ылайык жана соттун актысынын негизинде гана жол берилет. Дайындарга жеткиликтүүлүк ар бир пайдалануучуга карата өзүнчө чыгарылган соттук актынын негизинде жана мындай актыда көрсөтүлгөн мөөнөткө берилет.

3. Телекоммуникациялык сервистерди пайдалануу менен берилген дайындарды алуу, өзгөртүү же башкача иштеп чыгуу максатында телекоммуникациялык сервистерге санкцияланбаган кошулууга жана башка кийлигишүүгө тыюу салынат.

4. Эгерде телекоммуникациялык сервис дайындарга карата жалпыга жеткиликтүүлүктү берүү (атап айтканда, сайтта берүүдө же жайгаштырууда) максатында пайдаланылса, мындай дайындар кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, ошондой эле телекоммуникациялык сервистин жардамы менен берилүүчү башка кабарламалардын купуялыгына кирбейт.

131-берене. Телекоммуникациялык сервистерди берүү

1. Эгерде пайдалануу макулдашуусунда башкасы түздөн-түз көрсөтүлбөсө, телекоммуникациялык сервистер күнү-түнү көрсөтүлөт. Телекоммуникациялык сервистерди берүүчүлөр телекоммуникациялык сервистердин санариптик туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле аларды берүүдө үзгүлтүккө учуроолорду өз убагында аныктоо жана жоюу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

2. Телекоммуникациялык сервистерди берүүчүлөр телекоммуникациялык сервистерди берүүдө үзгүлтүктөргө алып келиши мүмкүн болгон оңдоо-алдын алуу жумуштары жөнүндө пайдалануучуларга аларды жүргүзүү башталганга чейин кеминде 3 жумуш күн калгандан мурда өзүнүн сайтында же тиркемесинде маалымдоого милдеттүү.

3. Телекоммуникациялык сервисти берүүгө таасирин тийгизүүчү авариялар же башка инциденттер келип чыккан учурда, сервис берүүчү өзүнүн сайтында же тиркемесинде пайдалануучуларга инцидент тууралуу, анын сервиске таасири жана аны четтетүүнүн пландалган мөөнөттөрү жөнүндө маалымдашы керек.

4. Телекоммуникациялык сервистерди пайдалануучуларга күнү-түнү техникалык колдоо көрсөтүлөт. Берүүчү өзүнүн сайтында же тиркемесинде техникалык колдоо көрсөтүү кызматынын байланыш маалыматын жайгаштырууга милдеттүү.

5. Эгерде телекоммуникациялык сервистин наркы аны пайдалануунун көлөмүнө жараша эсептелсе, берүүчү өзүнүн сайтында же тиркемесинде телекоммуникациялык сервисти пайдалануунун көлөмүн эсептөө үчүн колдонулуучу эсептөө тутумунун модели жана даярдоочусу жөнүндө маалыматтарды жарыялоого милдеттүү.

6. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимде башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын аймагында телекоммуникациялык сервистерди берүүдө Бишкектин эсептик-отчеттук убактысы колдонулат.

132-берене. Телекоммуникациялык сервистерди пайдалануунун максаттары

1. Эгерде ушул беренеде же пайдалануу макулдашуусунда телекоммуникациялык сервистерди белгилүү бир максаттарда пайдалануу сервисти берүүчүнүн тикелей макулдугу менен гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн экендиги каралбаса, пайдалануучу телекоммуникациялык сервистерди кандай болбосун максаттарда пайдаланууга укуктуу.

2. Пайдалануучу сервисти берүүчүнүн сервисти ар кандай төмөнкүдөй максаттар үчүн пайдаланууга макулдугун тастыктоого мүмкүндүк берүүчү санарип жазмаларын сактоого милдеттүү:

1) лотереяларды, добуш берүүлөрдү, конкурстарды, викториналарды, ушул телекоммуникациялык сервистин башка пайдалануучуларына сурамжылоолорду жүргүзүү;

2) ушул телекоммуникациялык сервистин пайдалануучуларынын арасында жарнамаларды таратуу же аларга санарип жазмаларын жапырт жиберүү;

3) ар түрдүү телекоммуникациялык сервистердин ортосунда шлюздарды орнотуу;

4) телекоммуникациялык сервисти, анын ичинде анын корголушун тестирлөө аркылуу изилдөө.

3. Телекоммуникациялык сервисти ушул телекоммуникациялык сервистин пайдалануучуларынын арасында жарнамаларды таратуу үчүн пайдаланган анын берүүчүсү же пайдалануучусу ага пайдалануучулардын алдын ала макулдугун алууга жана пайдалануучулардын жарнаманы алууга макулдугун тастыктоого мүмкүндүк берүүчү санарип жазмаларын сактоого милдеттүү.

133-берене. Көрсөтүү-уктуруу сервистери

1. Көрсөтүү-уктуруу сервистери Кыргыз Республикасында төмөнкүлөрдү жайылтуу үчүн пайдаланылат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган жана телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген аналогдук берүүдө жана (же) санариптик берүү пакетинде жайгаштырууга тиешелүү уруксаты бар телерадиоканалдарды;

2) чет өлкөлүк телерадиоканалдарды.

2. Телерадиоканалдарды түзүү Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Көрсөтүү-уктуруу сервистерин берүүчүлөр алынган телеродиоканалдарды өзгөртүүсүз түрдө жайылтууга милдеттүү. Телерадиоканалдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык көрсөтүү-уктуруу уюму катары катталган шартта гана мүмкүн болот.

134-берене. Телекоммуникациялык сервистерди өзгөчө шарттарда берүү

1. Телекоммуникациялык сервистер төмөнкүдөй учурларда кабарламаларды берүү үчүн артыкчылыктуу тартипте пайдаланылат:

1) адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаралганда;

2) өзгөчө кырдаалдарда жана авариялык-куткаруу жумуштарында;

2. Мамлекеттик башкаруунун, улуттук коопсуздуктун, коргонуунун жана укук тартибин коргоонун муктаждыктары жана башка ушул сыяктуу максаттар үчүн кабарламаларды таратуунун шарттары мыйзамда белгиленет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган кабарламаларды берүү, ошондой эле шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу телекоммуникациялардын операторлору тарабынан акысыз негизде жүзөгө ашырылат.

4. Телекоммуникациялардын оператору шашылыш ыкчам кызматтардын (өрттөн куткаруу кызматынын, коомдук тартипти сактоо кызматынын, медициналык тез жардам, куткаруу кызматынын) диспетчерлерине окуя жөнүндө чакыруулар же кабар берүү жүзөгө ашырылган пайдалануучулук жабдууларынын (бүткөн жабдуулардын) мейкиндиктик дайындарын жана окуя жөнүндө чакыруу же кабарлама боюнча чара көрүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка дайындарды берүүгө милдеттүү.

5. Министрлер Кабинети телекоммуникациялардын улуттук операторлорун аныктайт, алар:

1) Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген, жүктөлгөн милдеттенмелерге жана укуктарга ылайык санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери менен иштөөнүн жана өз ара аракеттенүүнүн өзгөчө тартибин аткарат;

2) колдонуудагы телекоммуникациялык инфратүзүмдүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылат, өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттик башкаруу, улуттук коопсуздук, коргоо, укук тартибин сактоо максаттары үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен телекоммуникациялык жабдуулардын жана материалдардын зарыл резервин түзөт жана кармап турат;

3) телекоммуникациялык сервистерди Кыргыз Республикасынын бардык аймактары боюнча, анын ичинде жетүүгө кыйын болгон жана калк аз жашаган жерлерде телекоммуникациялык сервистердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик социалдык долбоорлорду итке ашыруу максаттары үчүн көрсөтөт;

4) мамлекеттик башкаруу, улуттук коопсуздук, коргонуу, укук тартибин коргоо максаттары үчүн жана өзгөчө кырдаалдарда телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун алдын ала уруксатысыз телекоммуникациялык тарамдардын ишин же телекоммуникациялык сервистерди берүүнү токтотуп турууга жана үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.

17-глава. Ишенимдүү сервистер

135-берене. Ишенимдүү сервистерди укуктук жөнгө салуу

1. Санарип кол тамгаларын жана санарип архивдерин пайдалануу боюнча мамилелер ушул Кодекс жана ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.

2. Санарип экотутумунда санарип кол тамгасын пайдалануунун тартиби ушул тутумдун ээси тарабынан же санарип экотутумунда санариптик өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын макулдашуусунда белгиленет.

3. Аткаруучу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу санарип кол тамгасынын түрлөрү, ошондой эле мындай санарип кол тамгаларынын шайкештигин камсыз кылуу боюнча талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мамилелердин төмөнкүдөй түрлөрүндө ишенимдүү сервистерди пайдалануунун өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн:

1) шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү;

2) жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо;

3) мамсервистерди берүү;

4) төлөмдөрдү жана банктык операцияларды жүзөгө ашыруу;

5) бухгалтердик жана салыктык эсептерди жүргүзүү.

136-берене. Санарип кол тамгалар жана санарип архивдер сервистери

1. Санарип кол тамгалар сервистери жана санарип архивдер сервистери санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин келип чыгышын, өзгөрүшүн, токтотулушун ырастоого багытталган ишенимдүү санарип сервистерине кирет.

2. Санарип кол тамгалары менен иштөө үчүн алардын берүүчүсү жана пайдалануучулары шифрлөөчү (криптографиялык) санариптик технологиялык тутумдарды билдирген санарип кол тамга каражаттарын колдонушат.

3. Санарип архивдери санарип кол тамгасын камтыган санарип жазмаларын мындай кол тамгалар менен иштөө үчүн зарыл болгон санарип кол тамга каражаттары менен бирге сактайт.

137-берене. Ишенимдүү сервистерди пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салуунун тармактык принциптери

1. Эгерде ишенимдүү сервистин конкреттүү түрүн пайдалануу жөнүндө талап аларды пайдалануунун максаттарына ылайык мыйзамдарда же болбосо санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин макулдашуусунда каралбаса, санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери өз ыктыяры боюнча кандай болбосун ишенимдүү сервисти пайдаланууга укуктуу.

2. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери санарип кол тамгаларына, санарип архивдерине же башка ишенимдүү сервистерге карата ушул Кодекстин талаптарын аткарууга мүмкүндүк берүүчү кандай болбосун технологияны жана (же) технологиялык тутумду пайдаланууга укуктуу.

3. Мыйзам актыларында жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген санарип кол тамгасынын же санарип архивинин конкреттүү түрүн пайдаланууга карата талаптар аларды пайдалануунун максаттарына шайкеш келиши керек.

4. Өзгөрүлбөстүгү санарип кол тамгасы менен камсыз кылынган санарип кол тамгасы жана (же) санарип жазмасы санарип кол тамгасы өз колу менен коюлган кол тамга болуп саналбагандыгынын же документ санарип архивинде сакталгандыгынын негизинде эле юридикалык күчкө ээ эмес катары таанылышы мүмкүн эмес.

138-берене. Санарип кол тамгаларынын түрлөрү

1. Санарип кол тамгаларынын түрлөрү болуп квалификацияланбаган санарип кол тамгасы (мындан ары - квалификацияланбаган кол тамга) жана квалификацияланган санарип кол тамгасы (мындан ары - квалификацияланган кол тамга) саналат.

2. Квалификацияланбаган кол тамга болуп төмөнкүдөй белгилерге шайкеш келген санарип кол тамгасы саналат:

1) санарип кол тамга ачкычын пайдалануу менен санарип дайындарын криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында алынган;

2) кол коюучу менен кайталангыс түрдө байланышкан;

3) санарип жазмасына кол койгон адамды так аныктоого мүмкүндүк берген;

4) санарип жазмасына кол коюлгандан кийин ага өзгөртүүлөрдү киргизүү фактысын аныктоого мүмкүндүк берген;

5) санарип жазмасына кол койгон жак өзүнүн контролу астында сактоого жөндөмдүү болгон санарип кол тамга каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн.

3. Эгерде санарип кол тамгасынын квалификацияланбаган кол тамганын белгилерине шайкештиги кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификатын пайдалануусуз камсыз кылынышы мүмкүн болсо, квалификацияланбаган кол тамганы пайдаланууда кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификаты түзүлбөшү мүмкүн.

4. Квалификацияланган кол тамга болуп квалификацияланбаган кол тамганын бардык белгилерине жана төмөнкүдөй кошумча белгилерге шайкеш келген санарип кол тамгасы саналат:

1) санарип кол тамгасын текшерүү ачкычы квалификацияланган кол тамга сертификатында көрсөтүлгөн;

2) санарип кол тамгасын түзүү жана текшерүү үчүн ушул Кодексте белгиленген талаптарга шайкештигинин тастыктамасын алган санарип кол тамга каражаттары пайдаланылган.

5. Юридикалык жактын санарип кол тамгасы санарип жазмасы юридикалык жактын атынан чыккандыгын тастыктоо катары кызмат кылат жана санарип кол тамгасы түзүлгөндөн кийин документтин өзгөрүлбөстүгүнүн далили катары кызмат кылат.

6. Аккредитацияланган ырастоочу борбор тарабынан берилген квалификацияланган сертификаттарга аларга карата текшерүүнү Кыргыз Республикасынын ишенимдүү үчүнчү тарабы, ал эми ишенимдүү үчүнчү жакты колдонуу техникалык жактан мүмкүн болбогон учурда Чет өлкөлүк ишенимдүү санарип сервистеринин реестрине киргизилген чет өлкөлүк ишенимдүү сервис жүзөгө ашыруучу кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификаттары теңдештирилет.

139-берене. Санарип кол тамгасы коюлган санарип жазмаларын өз колу менен кол коюлган кагаз жүзүндөгү документтер менен бирдей таануу шарттары

1. Квалификацияланган кол тамга коюлган санарип жазмасы өз колу менен кол коюлган кагаз жүзүндөгү документке бирдей маанидеги санарип документи деп таанылат, буга мыйзамдарда мындай документти санарип таризинде түзүүгө тыюу салынган учурлар кирбейт.

2. Квалификацияланбаган кол тамга коюлган санарип жазмасы төмөнкүлөрдө белгиленген учурларда өз колу менен кол коюлган кагаз жүзүндөгү документке бирдей маанидеги санарип документи деп таанылат:

1) ченемдик укуктук актыларда;

2) эгерде ченемдик укуктук актылар менен мындай документти санарип таризинде түзүүгө тыюу салынбаса, санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин макулдашуусунда.

Көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларда жана санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин макулдашууларында санарип кол тамгасын текшерүүнүн тартиби каралуусу тийиш.

3. Эгерде ченемдик укуктук актыларга же иштиктүү жүгүртүүнүн салтына ылайык кагаз жүзүндөгү документ мөөр менен күбөлөндүрүлүшү керек болсо, санарип кол тамгасы коюлган санарип документи өз колу менен кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндөгү документке бирдей мааниде деп таанылат. Ченемдик укуктук актыларда же санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин макулдашуусунда санарип документке карата кошумча талаптар каралышы мүмкүн, бул аны мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндөгү документке бирдей маанидеги документ катары таануу максатында жүргүзүлөт.

4. Бир санарип кол тамгасы менен санарип документтеринин пакетине, башкача айтканда өз ара байланыштагы бир нече санарип документине кол коюлушу мүмкүн. Санарип документтеринин пакетине санарип кол тамгасын коюуда бул пакетке кирген документтердин ар бирине санарип документтеринин пакетине коюлган кол тамга түрүндөгү санарип кол тамгасы коюлган болуп эсептелет.

5. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык так отчеттуулуктагы бланктарды колдонуу менен кагаз жүзүндөгү документтерди жол-жоболоштурууга өзгөчө талаптар коюлса, анда квалификацияланган санарип кол тамгасы коюлган санарип документи бул талаптарга шайкеш келет деп эсептелет.

140-берене. Чет өлкөлүк санарип кол тамгалары жана архивдери

1. Кыргыз Республикасында ушул Кодексте белгиленген талаптарга шайкеш келген санарип кол тамгаларын жана санарип архивдерин түзүүнүн кандай болбосун усулдары, ошондой эле санарип кол тамгалары жана санарип архивдери чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк жана эл аралык стандарттар пайдаланылышы мүмкүн.

2. Чет мамлекеттин укук ченемдерине ылайык түзүлгөн санарип кол тамгалары Кыргыз Республикасында ушул Кодекске ылайык алар кандай белгилерге жооп берсе, ошол түрдөгү санарип кол тамгалары деп таанылат.

3. Санарип кол тамгасы жана ал коюлган санарип документи кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификаты чет мамлекеттин укук ченемдерине ылайык берилгендигинин жана мындай кол тамга санарип кол тамгасынын ушул Кодексте белгиленген талаптарына шайкеш келбегендигинин негизинде гана юридикалык күчкө ээ эмес деп эсептелиши мүмкүн эмес.

4. Чет өлкөлүк санарип кол тамгаларынын аныктыгын таануу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) ишенимдүү үчүнчү тарап тарабынан, ал эми ишенимдүү үчүнчү тарапты пайдалануу техникалык жактан мүмкүн болбогон учурда, ушул Кодексте белгиленген тартипте Чет өлкөлүк ишенимдүү санарип сервистеринин реестрине киргизилген чет өлкөлүк ишенимдүү сервис тарабынан;

2) тарап пайдаланган чет өлкөлүк ишенимдүү сервистин ушул Кодексте белгиленген критерийлерге шайкештиги жөнүндө маселени чечүүнүн алкагында сот тарабынан.

5. Кыргыз Республикасынын ишенимдүү үчүнчү тарабынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

141-берене. Санарип кол тамгасын пайдаланууда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин милдеттери

Санарип кол тамгасын пайдаланууда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) санарип кол тамга ачкычынын купуялуулугун камсыз кылууга, анын ичинде өздөрүнө таандык санарип кол тамга ачкычтарынын алардын макулдугусуз пайдаланылышына жол бербөөгө;

2) санарип кол тамгасынын же аны түзүү үчүн зарыл болгон дайындардын санкцияланбаган пайдаланылышына жол бербөө үчүн акылга сыярлык сактыкты көрсөтүүгө;

3) кол тамга ачкычынын купуялуулугу бузулгандыгы жөнүндө маалымат алынган күндөн кийин токтоосуз, бирок 1 жумуш күндөн кечиктирбестен мындай бузуу жөнүндө кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификатын берген ырастоочу борборго жана укуктук мамилелердин башка катышуучуларына билдирүүгө;

4) санарип кол тамга ачкычынын купуялуулугу бузулду деп эсептөөгө негиздер болгондо аны колдонбоого;

5) квалификацияланган кол тамга коюлган санарип документтери менен алмашууну жүзөгө ашыруу үчүн ушул Кодекске ылайык белгиленген талаптарга шайкештигинин тастыктамасын алган санарип кол тамга каражаттарын пайдаланууга:

6) санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатын пайдалануу үчүн зарыл болгон дайындардын тактыгын жана өз убагында актуалдаштырылышын камсыз кылууга;

7) санарип кол тамгасынын аныктыгын текшерүү үчүн жөндүү чараларды көрүүгө.

142-берене. Квалификацияланган кол тамганын аныктыгын таануу

1. Соттун чечими менен башкасы белгиленгенге чейин квалификацияланган кол тамга бир эле убакта төмөнкүдөй шарттар сакталганда анык деп таанылат:

1) кол тамганы текшерүү ачкычын камтыган квапификацияланган сертификат аккредитацияланган ырастоочу борбор тарабынан түзүлсө жана берилсе, мында мындай ырастоочу борбордун аккредитацияланышы көрсөтүлгөн сертификат берилген күнгө карата жарактуу (токтотулуп турбаган, токтотулбаган, жокко чыгарылбаган) болсо;

2) кол тамганы текшерүү ачкычын камтыган квапификацияланган сертификат санарип документине кол коюлган күнгө карата (санарип документине кол коюлган учур жөнүндө ишенимдүү маалымат болгон учурда) же эгерде кол коюлган учур аныкталбаса - текшерүү күнүнө карата жарактуу болсо (өзүнүн колдонулушун токтотпосо, жокко чыгарылбаса);

3) квалификацияланган санарип кол тамгасынын жардамы менен ушул санарип документине кол коюлган, квалификацияланган санарип кол тамгасынын көрсөтүлгөн сертификатынын ээсине таандыктыгын жана бул документке кол коюлгандан кийин ага киргизилген өзгөртүүлөрдүн жоктугун текшерүүнүн оң жыйынтыгы болсо, мында текшерүү ушул Кодекске ылайык белгиленген талаптарга шайкештигинин тастыктамасын алган санарип кол тамга каражаттарын колдонуп жана анын атынан документке кол коюлган жактын квалификацияланган сертификатын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.

2. Чет өлкөлүк ырастоочу борбор тарабынан берилген сертификаттарга негизделген кол тамгалардын түп нускалыгын таануу ишенимдүү үчүнчү тарап же Чет өлкөлүк ишенимдүү сервистердин реестрине киргизилген тиешелүү сервистин берүүчүсү тарабынан жүзөгө ашырылат. Ишенимдүү үчүнчү тараптын текшерүүсүнүн жыйынтыгы ишенимдүү үчүнчү тараптын квалификацияланган кол тамгасы коюлган дүмүрчөктө чагылдырылат.

143-берене. Санарип кол тамга каражаттары

1. Санарип кол тамгасын түзүү жана текшерүү, кол тамга ачкычтарын жана кол тамганы текшерүү ачкычтарын түзүү үчүн санарип кол тамга каражаттары колдонулушу керек, алар:

1) ага кол коюлгандан кийин кол коюлган санарип документин өзгөртүү фактысын аныктоого мүмкүндүк берет;

2) санарип кол тамгаларынан же аны текшерүү ачкычтарынан кол тамга ачкычын иш жүзүндө эсептеп чыгаруунун мүмкүн эместигин камсыз кылышат.

2. Санарип кол тамгасын түзүүдө санарип кол тамга каражаты:

1) санарип жазмасына кол коюучу адамга анын мазмунун көрсөтүшү керек;

2) маалыматка кол коюучу адам тарабынан санарип кол тамгасын түзүү боюнча операция тастыкталгандан кийин гана санарип кол тамгасын түзүшү керек;

3) санарип кол тамгасы түзүлгөндүгүн так жана ачык көрсөтүшү керек.

3. Санарип кол тамгасын текшерүүдө санарип кол тамга каражаты:

1) санарип кол тамгасы менен кол коюлган санарип документинин мазмунун көрсөтүшү керек;

2) санарип кол тамгасы менен кол коюлган санарип документине өзгөртүүлөр киргизилгендигин же киргизилбегендигин көрсөтүшү керек;

3) анын кол тамга ачкычын колдонуу менен санарип документтерине кол коюлган жакты көрсөтүшү керек.

4. Мамлекеттик жашыруун сырларды түзүүчү маалыматтарды камтыган санарип документтеринде санарип кол тамгасын түзүүгө арналган же мамлекеттик жашыруун сырларды камтыган санарип ресурсунда пайдаланууга арналган санарип кол тамга каражаттары тиешелүү жашырындуулук деңгээлиндеги маалыматтарды коргоо боюнча талаптарга шайкештигине милдеттүү сертификациялоодон өтүүгө тийиш.

5. Купуя маалыматты камтыган санарип документтеринде санарип кол тамгаларын түзүүгө арналган санарип кол тамга каражаттары мындай маалыматтын купуялуулугун бузбашы керек.

6. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн талаптары санарип кол тамгаларын автоматтык түрдө (адамдын катышуусуз) түзүү же текшерүү үчүн пайдаланылуучу санарип кол тамга каражаттарына карата колдонулбайт.

144-берене. Ырастоочу борбор

1. Ырастоочу борбор:

1) санарип кол тамга ачкычын текшерүү сертификатын түзөт жана аны мындай серификатты алуу үчүн кайрылган адамга (мындан ары - арыз ээси) берет;

2) санарип кол тамга ачкычын текшерүү сертификатынын колдонуу мөөнөтүн белгилейт;

3) өзү берген санарип кол тамга ачкычын текшерүү сертификатын жокко чыгарат;

4) арыз ээсинин кайрылуусу боюнча санарип кол тамга ачкычын жана санарип кол тамгасын текшерүү ачкычын камтыган (анын ичинде ырастоочу борбор тарабынан түзүлгөн) же болбосо арыз ээси тарабынан санарип кол тамга ачкычын жана санарип кол тамгасын текшерүү ачкычын түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу санарип кол тамга каражаттарын берет;

5) өзү берген жана жокко чыгарган кол тамгаларды текшерүү ачкычынын сертификаттарынын реестрин (мындан ары - сертификаттар реестри), анын ичинде ал берген санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаттарында камтылган маалыматтарды, ошондой эле санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатынын колдонулушу токтотулган (жокко чыгарылган) дата жана анын негизи жөнүндө маалыматтарды камтыган реестрин жүргүзөт;

6) квалификацияланган болуп саналбаган сертификаттардын реестрин жүргүзүүнүн жана ага жетүүнүн тартибин белгилейт, сертификаттардын реестринде камтылган маалыматка жактардын жетүүсүн, анын ичинде Интернет тармагын колдонуу менен жетүүсүн камсыз кылат;

7) арыз ээлеринин кайрылуусу боюнча санарип кол тамга ачкычтарын жана санарип кол тамгасын текшерүү ачкычтарын түзөт;

8) санарип кол тамга ачкычтарынын купуялуулугун камсыз кылат (мындай ачкычтар түзүлгөн учурда);

9) ушул ырастоочу борбордун сертификаттар реестринде санарип кол тамгасын текшерүү ачкычтарынын кайталангыстыгын текшерет;

10) санариптик өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын кайрылуулары боюнча санарип кол тамгасын текшерүүнү жүзөгө ашырат;

11) санарип кол тамгасын пайдалануу менен байланышкан башка иштерди жүзөгө ашырат.

2. Ырастоочу борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) арыз ээлерине санарип кол тамгасын жана санарип кол тамга каражаттарын пайдалануунун шарттары жана тартиби тууралуу, санарип кол тамгасын пайдалануу менен байланышкан тобокелдиктер жана санарип кол тамгаларынын коопсуздугун жана аларды текшерүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чаралар жөнүндө маалымдоого;

2) сертификаттардын реестринде камтылган санарип дайындарынын актуалдуулугун жана аларды мыйзамсыз жетүүдөн, жок кылуудан, модификациялоодон, бөгөттөөдөн, ошондой эле мындай маалыматка карата башка мыйзамсыз иш-аракеттерден коргоону камсыз кылууга;

3) сертификаттар реестрине жетүүнүн белгиленген тартибине ылайык ар кандай жактын кайрылуусу боюнча ага ырастоочу борбордун сертификаттар реестринде камтылган санарип дайындарын, анын ичинде санарип кол тамгаларын текшерүү ачкычынын сертификатын жокко чыгаруу жөнүндө дайындарды акысыз берүүгө.

3. Ырастоочу борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөрдөн улам башка жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат:

1) ырастоочу борбор тарабынан сервисти берүү келишиминен келип чыгуучу милдеттенмелердин аткарылбагандыгынан же талаптагыдай аткарылбагандыгынан;

2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 10-пунктунда, 2-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган милдеттенмелердин аткарылбагандыгынан же талаптагыдай аткарылбагандыгынан.

4. Ырастоочу борбор башка жактарга (мындан ары - ишенимдүү адамдар), мындай ишенимдүү адамга ушул ырастоочу борбор тарабынан берилген санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатына негизделген санарип кол тамгасы коюлуучу, ырастоочу борбордун атынан санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаттарын түзүү жана берүү боюнча ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу.

5. Ишенимдүү адамдарга ыйгарым укуктарды берген ырастоочу борбор мындай ишенимдүү адамдарга карата түпкү ырастоочу борбор болуп саналат жана аларга карата төмөнкүдөй иш-милдеттерди аткарат:

1) ишенимдүү адамдар тарабынан берилген санарип кол тамгаларын текшерүү сертификаттарында санарип кол тамгаларын текшерүү ачкычтары көрсөтүлгөн санарип кол тамгаларын текшерүүнү жүзөгө ашырат;

2) ишенимдүү адамдардын ортосундагы жана ишенимдүү адамдардын ырастоочу борбор менен санариптик өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

6. Эгерде ченемдик укуктук актыларда андан да кыска мөөнөт белгиленбесе, сертификаттардын реестрине киргизилген санарип жазмалары ырастоочу борбордун ишинин бүткүл мөөнөтүнүн ичинде сакталууга тийиш. Ырастоочу борбордун иши анын иш-милдеттерин башка жактарга өткөрбөстөн токтотулган учурда ал күн мурунтан, бирок иши токтотулган датага чейин 1 айдан кечиктирбестен бул тууралуу колдонуу мөөнөтү бүтө элек, өзү берген санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаттарынын ээлерине билдирүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн учурда ырастоочу борбордун иши аяктагандан кийин сертификаттардын реестрине киргизилген санарип жазмалары алып салынышы керек.

Ырастоочу борбордун иши анын иш-милдеттерин башка жактарга өткөрүү менен токтотулган учурда, ал күн мурунтан, бирок өзүнүн иш-милдеттерин өткөрүп берген датага чейин кеминде бир ай мурда бул тууралуу колдонуу мөөнөтү бүтө элек, өзү берген санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаттарынын ээлерине билдириши керек. Көрсөтүлгөн учурда ырастоочу борбордун иши аяктагандан кийин сертификаттардын реестрине киргизилген санарип жазмалары өз ишин токтоткон ырастоочу борбордун иш-милдеттери өткөн жакка өткөрүлүп берилиши керек.

7. Эгерде санарип чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыда же укуктук мамилелердин субъекттеринин макулдашуусунда башкача белгиленбесе, ырастоочу борбордун иш-милдеттерин ишке ашыруунун, ушул беренеде белгиленген анын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруунун тартиби ырастоочу борбор тарабынан өз алдынча аныкталат.

8. Жактардын чектелбеген чөйрөсүнө карата өзүнүн ишин жүзөгө ашырган ырастоочу борбордун сервисти берүүсүнө келишим жалпы айкын келишим болуп саналат.

145-берене. Санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаты

1. Ырастоочу борбор санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатын түзүүнү жана берүүнү ырастоочу борбор менен арыз ээсинин ортосундагы макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырат.

2. Санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаты төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:

1) анын колдонуу мөөнөтү башталган жана аяктаган даталарды;

2) жеке адамдар үчүн - фамилиясын, атын, атасынын атын (эгерде болсо), юридикалык жактар үчүн - аталышын же санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын ээсинин башка идентификаторун;

3) санарип кол тамгасын текшерүү ачкычын;

4) санарип кол тамгасынын колдонулуучу каражатынын аталышын жана (же) санарип кол тамга ачкычы жана санарип кол тамгасын текшерүү ачкычы шайкеш келген стандарттарды;

5) сертификатты берген ырастоочу борбордун аталышын.

3. Санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаты юридикалык жакка ушундай сертификаттын ээси катары берилген учурда анын аталышын көрсөтүү менен катар уюмдаштыруу документтеринин же ишеним каттын негизинде анын атынан аракеттенүүчү жеке жак көрсөтүлөт.

4. Ырастоочу борбор санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатын санарип документи таризинде да, ошондой эле кагаз жүзүндөгү документ таризинде да берүүгө укуктуу. Санарип документи таризинде берилген санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатынын ээси ырастоочу борбор тарабынан кол коюлган кагаз жүзүндөгү санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатын да алууга укуктуу.

5. Эгерде санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатынын өзүндө башка датасы көрсөтүлбөсө, санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаты ал берилген учурдан тартып колдонулат.

Санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаты жөнүндө маалыматтар ырастоочу борбор тарабынан сертификаттардын реестрине анда көрсөтүлгөн санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатын колдонуу башталган датадан кечиктирилбестен киргизилиши керек.

6. Санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаты өзүнүн колдонулушун төмөнкүдөй учурларда токтотот:

1) анда белгиленген аны колдонуу мөөнөтү аяктаганда;

2) санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатынын ээсинин кагаз жүзүндөгү документ таризинде же болбосо санарип таризинде берилүүчү өтүнмө боюнча;

3) анын функциялары башка жактарга өтпөстөн, ырастоочу борбордун иши токтотулган учурда;

4) мыйзамда же ырастоочу борбордун санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатынын ээси менен макулдашуусунда белгиленген башка учурларда.

7. Санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатын колдонуу токтотулгандыгы жөнүндө дайындар ырастоочу борборго санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатынын колдонулушунун токтотулушуна алып келген жагдайлар келип чыкканы жөнүндө белгилүү болуп калган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде ырастоочу борбор тарабынан сертификаттардын реестрине киргизилиши керек. Санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаты бул тууралуу жазма сертификаттардын реестрине киргизилген учурдан тартып өзүнүн колдонулушун токтотот.

8. Ырастоочу борбор токтоосуз, бирок 1 жумуш күндөн кеч эмес убакыттын ичинде мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими боюнча, атап айтканда, эгерде соттун чечими менен санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатында анык эмес дайындарды камтылгандыгы аныкталган учурда сертификаттардын реестрине жокко чыгаруу тууралуу жазманы киргизүү жолу менен санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатын жокко чыгарат.

9. Жокко чыгарылган санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатын пайдалануу юридикалык кесепеттерге алып келбейт, буга аны жокко чыгаруу менен байланышкандар кирбейт.

Ырастоочу борбор сертификаттардын реестрине санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатын жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтарды киргизгенге чейин санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатынын ээсине анын санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаты жокко чыгарылгандыгы тууралуу билдирүүгө милдеттүү.

146-берене. Аккредитацияланган ырастоочу борбор

1. Аккредитация алган ырастоочу борбор аккредитацияланган ырастоочу борбор болуп саналат.

2. Аккредитацияланган ырастоочу борбор төмөнкүдөй дайындарды сактоого милдеттүү:

1) квалификацияланган сертификаттын ээсинин - жеке адамдын инсандыгын ырастоочу негизги документтин маалым даректерин;

2) арыз ээсинин - юридикалык жактын атынан иш алып барган жактын квалификацияланган сертификатты алуу үчүн кайрылууга укугун тастыктоочу документтин аталышы, номери жана берилген датасы жөнүндө маалыматтарды;

3) эгерде квалификацияланган сертификаттын ээсинин үчүнчү жактын тапшырмасы боюнча аракеттенүүгө ыйгарым укуктары жөнүндө маалыматтар квалификацияланган сертификатка киргизилсе, квалификацияланган сертификаттын ээсинин үчүнчү жактын тапшырмасы боюнча иш алып барууга ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтердин аталышы, номери жана берилген датасы жөнүндө маалыматтарды.

3. Эгерде ченемдик укуктук актыларда андан да кыска мөөнөт каралбаса, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн дайындар аккредитацияланган ырастоочу борбор тарабынан анын иштөө мөөнөтүнүн ичинде сакталууга тийиш.

Санарип дайындары алардын бүтүндүгүн жана аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү таризде сакталышы керек.

Ырастоочу борбор квалификацияланган сертификат ээсине аккредитацияланган ырастоочу борбордо сакталган жана квалификацияланган сертификат ээсине тиешелүү болгон санарип жазмаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга тийиш.

4. Аккредитацияланган ырастоочу борбордун иши токтотулган учурда ал төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ырастоочу борбордун иши токтотулган датага чейин бир айдан кеч эмес убакытта бул тууралуу улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусуна кабарлоого;

2) Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусуна белгиленген тартипте сертификаттардын реестрин өткөрүп берүүгө;

3) аккредитацияланган ырастоочу борбордо сакталууга тийиш болгон санарип жазмаларын белгиленген тартипте улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусуна сактоого өткөрүп берүүгө.

147-берене. Ырастоочу борборду аккредитациялоо

1. Юридикалык жактар болуп саналган ырастоочу борборлорго карата ырастоочу борборду аккредитациялоо улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Ырастоочу борборду аккредитациялоо ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.

Эгерде ырастоочу борбордун арызында аз мөөнөт көрсөтүлбөсө, ырастоочу борборду аккредитациялоо 5 жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт.

3. Аккредитация ырастоочу борбор тарабынан төмөнкүдөй талаптар аткарылган шартта берилет:

1) ырастоочу борбордун таза активдеринин наркы бир миллион сомдон кем болбосо;

2) мындай ырастоочу борбор тарабынан берилген санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатында көрсөтүлгөн дайындарга же бул ырастоочу борбордун сертификаттарынын реестринде камтылган дайындарга башка жактардын ишениминин натыйжасында аларга келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчиликти бир жарым миллион сомдон кем эмес өлчөмдө финансылык камсыздоо бар болсо;

3) Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген талаптарга шайкештигинин тастыктамасын алган санарип кол тамга каражаттары жана ырастоочу борбордун каражаттары болсо;

4) ырастоочу борбордун штатында санарип кол тамгасын текшерүү ачкычын түзүү жана берүү боюнча ишти түздөн-түз жүзөгө ашырган, маалымат технологиялары же маалымат/киберкоопсуздук чөйрөсүндө жогорку кесиптик билимге, же болбосо жогорку же орто кесиптик билимге ээ болгон, санарип кол тамгасын пайдалануу маселелери боюнча кайра даярдоодон же квалификациясын жогорулатуудан өткөн 2ден кем эмес кызматкер болсо.

4. Ырастоочу борборду аккредитациялоо анын улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусуна берилүүчү арызы боюнча жүргүзүлөт.

Арызга ырастоочу борбордун ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоочу документтер тиркелет.

5. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу берилген документтердин негизинде, аларды алган күндөн тартып 30 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө ырастоочу борборду аккредитациялоо жөнүндө же аккредитациялоодон баш тартуу тууралуу чечимди кабыл алат.

Ырастоочу борборду аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу аккредитациялоо тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 күндөн кеч эмес мөөнөттө ырастоочу борборго кабыл алынган чечим жөнүндө билдирет жана белгиленген тариз боюнча аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү берет. Аккредитацияланган ырастоочу борборго аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү берүү менен бир эле мезгилде түпкү ырастоочу борбордун каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн квалификацияланган сертификат берилет.

Ырастоочу борборду аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу аккредитациялоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө ырастоочу борборго кабыл алынган чечим жөнүндө билдирүүнү баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен жөнөтөт же тапшырат.

6. Аккредитациялоодон баш тартуу үчүн негиз болуп ырастоочу борбордун ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарга шайкеш эместиги же болбосо берилген документтерде анык эмес маалыматтын болушу саналат.

7. Аккредитацияланган ырастоочу борбор аларга шайкештиги боюнча ап аккредитацияланган талаптарды анын аккредитациясынын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде сактоого тийиш. Аларды сактоону мүмкүн эмес кылган жагдайлар пайда болгон учурда, ырастоочу борбор бул жөнүндө улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусуна токтоосуз билдирүүгө тийиш.

Аккредитацияланган ырастоочу борбор өзүнүн иш-милдеттерин жана алган милдеттенмелерин аткарууда ырастоочу борборлор үчүн ушул Кодексте белгиленген талаптарды сактоого тийиш.

Көрсөтүлгөн талаптар аккредитацияланган ырастоочу борбор тарабынан сакталбагандыгы аныкталган учурда, Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу ырастоочу борборго аларды жоюунун мөөнөттөрүн белгилөө менен бузууларды жоюу тууралуу жазма буйрукту берүүгө жана көрсөтүлгөн мөөнөткө аккредитациянын колдонулушун токтотуп турууга милдеттүү. Аккредитацияланган ырастоочу борбор анын аккредитациясын токтотуп туруу үчүн негиз болгон бузуулардын жоюлгандыгы тууралуу улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусуна жазуу жүзүндө билдирет. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу бузуулардын иш жүзүндө жоюлгандыгын текшерүүгө укуктуу, андан кийин аккредитациянын колдонулушун кайра улантуу жөнүндө чечим кабыл алат, ал эми алар жазма буйрукта көрсөтүлгөн мөөнөттө жоюлбаса - ырастоочу борбордун аккредитациясын жокко чыгарат.

8. Ырастоочу борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашырган мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген талаптар жайылтылбайт.

9. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу анын функцияларын аткарган түпкү ырастоочу борбор ушул Кодекске ылайык аккредитацияланууга тийиш эмес.

10. Аккредитацияланган ырастоочу борборлор аккредитация үчүн Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген усулдук боюнча эсептелүүчү төлөмдү жыл сайын төлөөгө тийиш.

148-берене. Квалификацияланган сертификат

1. Квалификацияланган сертификат ушул Кодекске ылайык белгиленген талаптарга шайкештик тастыктамасын алган ырастоочу борбордун каражаттарын пайдалануу менен түзүлүүгө тийиш.

2. Квалификацияланган сертификат төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

1) квалификацияланган сертификаггын уникалдуу номерин, анын колдонулушу башталган жана аяктаган даталарды;

2) квалификацияланган сертификаттын ээсинин - жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын (эгерде болсо), туулган датасын жана жерин, же болбосо квалификацияланган сертификаттын ээсинин - юридикалык жактын аткаруучу органынын аталышын (фирмалык аталышын), каттоо номерин жана катталган жерин жана (же) иш жүзүндө жайгашкан жерин;

3) санарип кол тамгасын текшерүү ачкычын;

4) санарип кол тамга ачкычын, санарип кол тамгасын текшерүү ачкычын жана квалификацияланган сертификатты түзүү учун пайдаланылган санарип кол тамга каражаттарынын жана ырастоочу борбордун каражаттарынын аталышын, ошондой эле көрсөтүлгөн каражаттардын ушул Кодекске ылайык белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоочу документтин маалым даректерин;

5) квалификацияланган сертификатты берген ырастоочу борбордун аталышын жана жайгашкан жерин, ырастоочу борбордун квалификацияланган сертификатынын номерин жана бул борборду аккредитациялоо тууралуу күбөлүктүн маалым даректерин;

6) арыз ээси жөнүндө башка дайындарды (арыз ээсинин талабы боюнча).

3. Эгерде арыз ээси тарабынан ырастоочу борборго анын үчүнчү жактардын атынан аракеттенүүгө укугун тастыктоочу документтер берилсе, квалификацияланган сертификатка арыз ээсинин мындай укуктарын жана көрсөтүлгөн укуктарды колдонуу мөөнөтүн күбөлөндүргөн маалыматтар киргизилет.

4. Квалификацияланган сертификат ага карата талаптар улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленүүчү таризде берилет.

5. Арыз ээсине квалификацияланган сертификатты берген аккредитацияланган ырастоочу борборго берилген квалификацияланган сертификат жокко чыгарылган учурда, ошондой эле ырастоочу борбордун аккредитациясы жокко чыгарылган же мөөнөтү аяктаган учурда аккредитацияланган ырастоочу борбор тарабынан арыз ээсине берилген квалификацияланган сертификат колдонулушун токтотот.

6. Квалификацияланган сертификаттын ээси санарип кол тамга ачкычынын купуялуулугу бузулгандыгы тууралуу божомолдоого негиздер болсо, бул ачкычты колдонууну токтотууга жана квалификацияланган сертификатты берген ырастоочу борборго бул сертификаттын колдонулушун токтотуу үчүн токтоосуз кайрылууга милдеттүү.

149-берене. Квалификацияланган сертификатты берүү

1. Аккредитацияланган ырастоочу борбор квалификацияланган сертификатты берүүдө ушул Кодекске ылайык колдонулуучу санариптик идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык, же болбосо арыз ээсинин - жеке жактын инсандыгын ырастоочу негизги документинин негизинде арыз ээсин санариптик идентификациялоону жана санариптик аутентификациялоону жүзөгө ашырууга милдеттүү.

2. Башка жактын атынан иш алып барган арыз ээси аккредитацияланган ырастоочу борборго төмөнкүлөрдү берет:

1) ишеним катты (эгерде арыз ээси ишеним каттын негизинде башка жактын атынан иш алып барса);

2) дайындоо жөнүндө документти, уюштуруу документтерин жана арыз ээсин - юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө документти (эгерде арыз ээси ишеним каты болбостон юридикалык жактын атынан иш алып барса).

3. Квалификацияланган сертификатты алууда арыз ээси ырастоочу борбор тарабынан квалификацияланган сертификатта камтылган маалыматтар менен тааныштырылууга тийиш.

4. Ырастоочу борбор квалификацияланган сертификатты берүү менен бир эле мезгилде квалификацияланган сертификаттын ээсине квалификацияланган кол тамганы жана санарип кол тамга каражаттарын колдонуу коопсуздугун камсыз кылуу боюнча колдонмону берүүгө тийиш.

5. Квалификацияланган сертификатты жаңы мөөнөткө кайра чыгарууда арыз ээсин санариптик идентификациялоо жана санариптик аутентификациялоо мурда чыгарылган квалификацияланган сертификаттын негизинде жүргүзүлөт.

150-берене. Санарип архивдери жана санарип архивдер сервистери

1. Санарип архиви санариптик технологиялык тутум катары анын жардамы менен иштелип чыгуучу санарип жазмаларынын бүтүндүгүн жана өзгөрүлбөстүгүн жана аларга карата чектелген жеткиликтүүлүктү камсыздайт. Архивдик сакталууга тийиш болгон санарип жазмаларынын түрлөрү, аларды түзүүнүн жана сактоонун тартиби архив иши жөнүндө мыйзамдарда белгиленет.

2. Санарип архивдер сервисин берүүчү мыйзамдардын же пайдалануучу менен макулдашуунун негизинде санарип архивине сактоого өткөрүп берилген санарип жазмаларынын бүтүндүгүн жана өзгөрүлбөстүгүн, ошондой эле мыйзамдарга же макулдашууга ылайык ага укуктуу болгон жактардын аларга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

3. Пайдаланылуучу технологияларга жараша санарип архивдеринин түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

1) санарип жазмаларынын бүтүндүгү жана өзгөрүлбөстүгү санариптик технологиялык тутумдун каражаттары менен камсыз кылынуучу жөнөкөй санарип архивдери;

2) санарип жазмаларынын бүтүндүгү жана өзгөрүлбөстүгү квалификацияланган кол тамга каражаттары менен камсыз кылынуучу квалификацияланган санарип архивдери.

4. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери документтерди архивдик сактоо боюнча аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында санарип жазмаларынын санарип архивдерин уюштурууга, же болбосо санарип архивдер сервистерин пайдаланууга укуктуу. Санарип архивдеринин мамсервистерин түзүүнүн жана пайдалануунун эрежелери улуттук экотутумдун эрежелеринин курамдык бөлүгү болуп саналат.

5. Эгерде санарип архивинде төмөнкүлөр камсыз кылынса, санарип архивиндеги санарип жазмаларынын юридикалык маанилүүлүгү өзгөрүлбөс деп таанылат:

1) санарип жазмасы санарип архивине киргизгенден кийин анын өзгөрүлбөстүгү жана бүтүндүгү;

2) мыйзамдарга же макулдашууга ылайык буга укуктуу болгон жактардын ага жетүү мүмкүнчүлүгү;

3) аны сактоо мөөнөтүнүн ичинде санарип жазмасы менен жүргүзүлгөн иш-аракеттерди автоматтык түрдө каттоо.

6. Квалификацияланган кол тамга коюлган санарип документтери квалификацияланган санарип архивдеринде сакталышы керек, алар төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

1) санарип документине санарип документин сактоону жүзөгө ашырган жактын квалификацияланган кол тамгасын коюу;

2) сактоого берилген санарип документине алгачкы коюлган квалификацияланган кол тамганын аныктыгын тастыктоо.

151-берене. Документтин санарип жуп нускасын сактоо

1. Документтин өз колу менен кол коюлган кагаз жүзүндөгү же башка материалдык алып жүрүүчүдөгү түп нускасында башында камтылган маалыматты толук көлөмдө кайра көрсөтүүчү санарип жазмасы, анын ичинде анын маалым даректери документтин санарип жуп нускасы деп таанылат.

2. Документтин ушул Кодекске ылайык санарип архивинде сакталган санарип жуп нускасы, эгерде ээси анын төмөнкүдөй талаптарга шайкештигин тастыктай алса, укуктук мамилелердин келип чыгуусуна, өзгөрүүсүнө, токтотулушуна негиз болуп саналган юридикалык фактыларды документтин түп нускасынын ордуна ырастайт:

1) документтин өз колу менен кол коюлган кагаз жүзүндөгү же башка материалдык алып жүрүүчүдөгү түп нускасында башында камтылган маалыматтын, анын ичинде анын маалым даректеринин документтин санарип жуп нускасында толук көлөмдө кайра көрсөтүлүшү;

2) ал түзүлгөндөн кийин документтин санарип жуп нускасынын өзгөрүлбөстүгүнүн жана бүтүндүгүнүн камсыз кылынышы.

3. Кагаз же башка материалдык алып жүрүүчүдөгү бири-бири менен байланышкан бир нече документтерде (документтердин пакетинде) башында камтылган маалымат документтин бир санарип жуп нусканын курамына киргизилиши мүмкүн. Ошол эле учурда маалымат документтердин түп нускаларына кол коюунун хронологиялык тартиби боюнча жайгаштырылууга тийиш.

4. Документтин санарип жуп нускасы төмөнкүдөй маалыматты камтууга тийиш:

1) документтин кагаз же башка материалдык алып жүрүүчүдөгү түп нускасында башында камтылган маалыматты толук көлөмдө жана өзгөртүүлөрсүз (оңдоого мүмкүн болбогон түрдө);

2) документтин түп нускасына кол койгондордун арасындагы ар бир адамдын өз колу менен койгон кол тамгасынын сүрөтүн;

3) документтин санарип жуп нускасын санариптик идентификациялоо жана издөө максаттары үчүн метадайындарды.

5. Документтин санарип жуп нускасы менен документтин түп нускасы шайкеш келбеген учурда, документтин түп нускасы артыкчылыкка ээ болот.

6. Документтин санарип жуп нускасын түзгөн жактар материалдык алып жүрүүчүдө документтин түп нускасын сактоону токтотууга укуктуу. Санарип жуп нускалары даярдалгандан кийин түп нускада сакталууга тийиш болгон документтердин түрлөрүнүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Юридикалык күчкө ээ болбогон документтин санарип жуп нускасын ал анын негизинде түзүлгөн документтин түп нускасынын жок экендигинин (жок кылуунун) негизинде гана таанууга жол берилбейт.

152-берене. Санарип жазмаларын ишенимдүү сактоо

Санарип жазмаларын бөлүштүрүлгөн санарип ресурстарында, анын ичинде смарт-контракттарды пайдалануу менен сактоодо санарип жазмаларын сактоонун жана аларга жетүүнүн эрежелери мындай бөлүштүрүлгөн санарип ресурсунун жана (же) смарт-контракттын параметрлери менен аныкталат.

153-берене. Санарип кол тамгасын жана санарип архивдерин пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары

1. Министрлер Кабинети:

1) аккредитацияланган ырастоочу борбор ишин токтоткон учурда улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу реестрлерди жана башка дайындарды өткөрүп берүүнүн тартибин белгилейт;

2) квалификацияланган сертификаттардын реестрлерин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн, ошондой эле мындай реестрлерден маалыматтарды берүүнүн тартибин белгилейт;

3) ырастоочу борборлорду аккредитациялоо эрежелерин, анын ичинде ага ылайык бул ырастоочу борборлор аккредитацияланган талаптардын аккредитацияланган ырастоочу борборлор тарабынан сакталышын текшерүү тартибин белгилейт;

4) алардын санарип жуп нускалары даярдалгандан кийин түп нускада сакталууга тийиш болгон документтердин түрлөрүнүн тизмегин аныктайт;

5) Кыргыз Республикасынын ишенимдүү үчүнчү тарабынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу тартибин, анын ичинде анын башка мамлекеттердин ишенимдүү үчүнчү тараптары жана ырастоочу борборлору менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин аныктайт.

2. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу:

1) ырастоочу борборлорду аккредитациялоону, анын ичинде ага ылайык бул ырастоочу борборлор аккредитацияланган талаптардын аккредитацияланган ырастоочу борборлор тарабынан сакталышын текшерүүнү жүзөгө ашырат жана алардын сакталбагандыгы аныкталган учурда бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйрукту берет:

2) аккредитацияланган ырастоочу борборлорго карата түпкү ырастоочу борбордун иш-милдеттерин аткарат;

3) Кыргыз Республикасынын ишенимдүү үчүнчү тарабынын иш-милдеттерин аткарат.

3. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

1) квалификацияланган сертификаттын таризине карата талаптарды белгилейт;

2) санарип кол тамга каражаттарына жана ырастоочу борбордун каражаттарына карата талаптарды белгилейт;

3) санарип кол тамга каражаттарынын жана ырастоочу борбордун каражаттарынын ушул Кодекске ылайык белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоону жүзөгө ашырат жана ушундай каражаттардын тизмегин жарыялайт.

4. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу төмөнкүдөй санарип жазмаларынын сакталышын жана аларга карата күнү-түнү тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү алууну камсыз кылууга милдеттүү:

1) аккредитацияланган ырастоочу борборлордун аталыштары, даректери;

2) берилген жана жокко чыгарылган квалификацияланган сертификаттардын реестри;

3) аккредитациясы жокко чыгарылган ырастоочу борборлордун тизмеги;

4) аккредитациясы токтотула турган ырастоочу борборлордун тизмеги;

5) иши токтотулган аккредитацияланган ырастоочу борборлордун тизмеги;

6) улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусуна өткөрүп берилген сертификаттардын реестрлери.

18-глава. Мамсервистер

154-берене. Мамсервистерди түзүү жана пайдалануу боюнча укуктук мамилелер

1. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын санариптик технологиялык тутумдары аркылуу көрсөтүлүүчү мамсервистерди кошпогондо, мамсервистер Улуттук санарип экотутумунун (улуттук экотутум) алкагында көрсөтүлөт.

2. Мамсервистерди түзүү жана пайдалануу эрежелери улуттук экотутумдун эрежелеринин бир бөлүгү болуп саналат жана ушул Кодексте белгиленет.

3. Мамсервистерди берүүчүлөр болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жактар - улуттук экотутумдун катышуучулары саналат. Берүүчүлөр мамсервистердин санариптик туруктуулугун камсыз кылууга милдеттүү.

4. Мамсервистерди пайдалануучулар болуп мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюштуруучулук-укуктук тариздерине карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар (керектөөчүлөр) саналат. Пайдалануучулардын түрлөрүнө жараша төмөнкүлөр айырмаланат:

1) өз ара аракеттенүү мамсервистери, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамсервистерди берүүгө катышкан юридикалык. жактар тарабынан дайындарды иштеп чыгууга арналган мамсервистер;

2) пайдалануучунун сервистери, башкача айтканда пайдалануучулар, анын ичинде жеке жактар (керектөөчүлөр) үчүн мамсервистер.

155-берене. Мамсервистерди түзүүнүн жана пайдалануунун тармактык принциптери

1. Мамсервистер мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары санарип трансформациялоого жараша жалпы мамлекеттик стратегияларга жана пландарга ылайык түзүлүүгө тийиш (пропорционалдуулук принциби).

2. Мамсервистер улуттук экотутумдун элементтерине, башка мамсервистердин алкагында пайдаланылуучу санарип дайындарынын булактарына жана форматтарына негизденүүгө, ошондой эле санарип жазмаларын башка мамсервистер тарабынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жол берүүгө тийиш (шайкештик принциби).

3. Адамдын жана жарандын укуктары жана кызыкчылыктары, сервистерди пайдалануунун ыңгайлуулугу, керектөөчүлөр үчүн алардын коопсуздугу мамсервистерди түзүүдө артыкчылык болуп саналат (керектөөчүнүн кызыкчылыктары принциби).

4. Мамсервистер керектөөчүлөрдүн билимин жана мүлктүк абалын, ошондой эле жаш курагын жана дене боюнун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен алар үчүн мүмкүн болушунча жеткиликтүү болгудай долбоорлонууга жана түзүлүүгө тийиш (жеткиликтүүлүк принциби).

5. Мамсервистерди пайдалануучулар алардын ишенимдүүлүгүнө жана коопсуздугуна, ошондой эле алардын дайындары мыйзамдын негизинде жана аларга ылайык иштелип чыгуусуна негиздүү ишенүүлөрү керек (ишенимдүүлүк принциби).

6. Мамсервистер аларга негизденген кызмат көрсөтүүлөр жана иш-милдеттер санарип трансформациялоонун натыйжасында пайдалануучулар үчүн жеткиликтүү болгудай долбоорлонууга тийиш (жөнөкөйлөтүү принциби).

7. Мамсервистерди пайдалануу жөнүндө дайындар, анын ичинде пайдалануучулардын пикирлери жана даттануулары мыйзамдарга ылайык сакталууга жана мамсервистердин натыйжалуулугун баалоо жана аларды үзгүлтүксүз жакшыртуу үчүн пайдаланылууга тийиш (кайра байланыш принциби).

156-берене. Мамсервистерди керектөөчүлөр

1. Мамсервистин алкагында анын дайындары иштелип жаткан жеке жак иштеп чыгуу жеке жактын демилгеси же мамсервисти берүүчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлгөндүгүнө карабастан аны керектөөчү болуп эсептелет.

2. Ушул Кодексте, мыйзамда же аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда белгиленген милдеттерди (ыйгарым укуктарды) мамсервисти берүүчүнүн аткаруусу мамсервистердин алкагында жеке дайындарды иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат. Мындай милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон жеке дайындарды иштеп чыгууга жеке жактын макулдугун алуу талап кылынбайт. Мамсервистердин алкагында мамсервистерди берүү үчүн талап кылынбаган жеке дайындарды иштеп чыгууга тыюу салынат.

3. Керектөөчүлөр өз тандоосу боюнча аларга жеткиликтүү болгон ар түрдүү ыкма менен мамсервистерди пайдаланууга же аларды пайдаланбоого укуктуу.

4. Эгерде мамсервисти берүүгө бир нече мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же юридикалык жактар катышса, мыйзамда же ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыда мамсервисти берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин белгилүү бир мамлекеттик орган же юридикалык жак аткара тургандыгы каралган учурларды кошпогондо, керектөөчү өз тандоосу боюнча алардын ичинен каалаганы менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу.

5. Керектөөчүлөр мамсервистерди пайдалануу боюнча пикирлерди жана даттанууларды берүүгө укуктуу. Керектөөчү жарыялоону чечкен пикирлер (даттануулар) керектөөчү аларды жибергенден кийин бир жумуш күндөн кечиктирилбестен мамсервисти берүүчүнүн сайтында жарыяланууга тийиш. Мамсервисти берүүчү ага мамсервистердин тиркемеси же сайты аркылуу пикирлерди жана даттанууларды жиберүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө, ошондой эле керектөөчүгө анын пикирлери же даттануулары жарыяланууга тийиш экендигин тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.

6. Керектөөчү мамсервисти берүүчүгө мамлекеттик санарип ресурстарында камтылган дайындарды бербей коюуга укуктуу.

157-берене. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана юридикалык жактардын мамсервистерди түзүүгө жана пайдаланууга катышуусу

1. Мамсервистерди түзүү боюнча ишти координациялоону ушул Кодекске ылайык координациялоочу орган жүргүзөт.

2. Улуттук экотутум чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу:

1) мамсервистерди түзүүнү камсыз кылат жана аларды эсепке алууну жүргүзөт, мамсервистерди (мамсервистер фабрикасын) түзүү жана өнүктүрүү үчүн мамлекеттик санариптик технологиялык тутумду түзөт жана эксплуатациялайт, мамсервистер фабрикасынын ээсинин укуктарын жана милдеттерин аткарат;

2) Кыргыз Республикасынын атынан мамсервистин тиркемелеринин жана сайтынын ээсинин укуктарын жана милдеттерин аткарат;

3) мамсервистерди түзүүнү же өзгөртүүнү жол-жоболоштуруучу документтерди иштеп чыгууга катышат;

4) мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына санарип трансформациялоо процессинде, анын ичинде мамсервистерге, ачык дайындарга уруксат берүүгө тиешелүү документтерди жана жол-жоболорду алар тарабынан иштеп чыгууда жана макулдашууда көмөктөшөт;

5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алар ыйгарым укук берген юридикалык жактар үчүн санарип сервистерин түзүүгө техникалык-экономикалык негиздемелерге, техникалык өзгөчөлүктөргө, техникалык тапшырмаларга карата талаптарды иштеп чыгат жана өзүнүн сайтында жарыялайт;

6) мамсервистердин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аныктайт жана аларга мониторинг жүргүзөт;

7) мамсервистердин санариптик туруктуулугун баалоону жүргүзөт жана алардын санариптик туруктуулугун жогорулатуу боюнча мамсервистерди берүүчүлөрдүн милдеттүү аткаруусу үчүн жазма буйруктарды берет;

8) мамсервистерди пайдалануу боюнча окутуу усулдуктарын иштеп чыгууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жана башка жактардын квалификациясын жогорулатууга катышат.

3. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар мамсервистерди түзөт жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ченемдик актыларда жана ушундай органдардын жана юридикалык жактардын ортосундагы макулдашууларда каралган ыйгарым укуктарга ылайык пайдаланат.

158-берене. Мамсервистерди түзүү эрежелери

1. Мамсервисти түзүү же аны өзгөртүү жөнүндө чечим аны түзүүгө же өзгөртүүгө кызыкдар болгон улуттук экотутумдун катышуучусу тарабынан кабыл алынат.

2. Мамсервисти түзүү жөнүндө чечим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) мамсервисти берүүчүгө көрсөтмөнү;

2) мамсервисти пайдалануучулар жана керектөөчүлөр жөнүндө дайындарды;

3) мамсервис алкагында пайдаланылган иш-милдеттерге жана ыйгарым укуктарга көрсөтмөнү;

4) аларды пайдалануу менен мамсервис көрсөтүлүүчү санариптик технологиялык тутумдар жөнүндө дайындарды;

5) мамсервистин алкагында иштелип чыгуучу, анын ичинде башка мамсервистерди пайдалануунун натыйжасы болуп саналган дайындардын булактарына көрсөтмөнү;

6) мамсервиске жетүү ыкмаларынын сыпаттамасын;

7) мамсервисти пайдалануунун натыйжаларынын жана аларды пайдалануунун, анын ичинде башка мамсервистерде пайдалануунун тартибинин сыпаттамасын.

3. Мамсервисти пайдалануу башталганга чейин аны берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) түзүлгөн мамсервистин башка мамсервистер менен шайкештигин жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга;

2) мамсервистер фабрикасын пайдалануу менен мамсервистин функционалдуулугун жана санариптик туруктуулугун тестирлөөгө жана анын жыйынтыктарын улуттук экотутум чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучуга берүүгө;

3) улуттук экотутум чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу тарабынан тастыкталган тестирлөөнүн оң жыйынтыгында жөнгө салуучуга мамсервисти эсепке алуу үчүн зарыл болгон дайындарды берүүгө.

4. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу мамсервистерди эсепке алуу максатында улуттук экотутумдун санарип реестрине ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн дайындарды, ошондой эле төмөнкүдөй дайындарды киргизет:

1) мамсервистин санариптик туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жооптуу жактарды жана алардын байланыш маалыматын;

2) мамсервистин сапатын мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдү (жыл ичинде сервис жеткиликтүү болбогон чектик мезгилди, үзгүлтүккө учураганда сервистин жеткиликтүүлүгүн калыбына келтирүү мөөнөттөрүн, пайдалануучулардын бир мезгилдеги санын);

3) дайындардын пайдаланылган форматтарын жана дайындарды алмашуу интерфейстерин.

5. Мамсервиске өзгөртүүлөрдү киргизүүдө аны берүүчү жаңыланган мамсервисти пайдалануу башталганга чейин ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган иш-аракеттерди аткарууга милдеттүү.

159-берене. Мамсервистер фабрикасы

1. Мамсервистер фабрикасы мамсервистерди түзүү жана өнүктүрүү үчүн мамлекеттик санариптик технологиялык тутум болуп саналат.

2. Мамсервистер фабрикасы төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) мамсервистин ээсинин улуттук экотутумдун санарип дайындарынын жалпы мейкиндигине жеткиликтүүлүгүн;

2) аны пайдалануу башталганга чейин мамсервисти тестирлөөнү;

3) мамсервистин ишине мониторинг жүргүзүүнү;

4) мамсервистин башка мамсервистер жана улуттук экотутумдун алкагында санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин башка объекттери менен өз ара аракеттенүүсүн;

5) мамсервисти өнүктүрүүнү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү.

3. Мамсервистер фабрикасынын иштөө эрежелери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Эрежеде мамсервистер фабрикасы тарабынан аткарылышы камсыз кылынуучу башка иш-милдеттер каралышы мүмкүн.

160-берене. Мамсервисти пайдалануу эрежелери

1. Мамсервисти пайдалануу эрежелери аны берүүчү тарабынан тиешелүү иш-милдеттердин же ыйгарым укуктардын аткарылышын жөнгө салуучу мыйзамдардын негизинде бекитилет.

2. Мамсервистерди пайдаланууда, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса пайдалануу макулдашуусу түзүлбөйт.

3. Мамсервисти пайдалануу эрежелеринде аны пайдалануучулардын бардык категорияларынын укуктары жана милдеттери, ошондой эле аны пайдалануунун мүмкүн болуучу максаттарына ар бир адамдын жетүүсү үчүн алардын иш-аракеттеринин тартиби сыпатталууга тийиш.

4. Мамсервисти пайдалануу эрежелеринде пайдалануучунун демилгеси боюнча да, мамсервисти берүүчүнүн демилгеси боюнча да активдүү тартипте мамсервистин алкагында дайындарды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү эске алынууга тийиш. Мамсервисти пайдалануу эрежелеринде мамсервисти берүүчүнүн демилгеси боюнча ал жөнүндө дайындарды иштеп чыгууда пайдалануучунун укуктарынын кепилдиктери каралууга тийиш.

5. Мамсервисти пайдалануу эрежелери мамсервистин алкагында дайындарды иштеп чыгуу тартибинин жана натыйжаларынын сыпаттамасын камтууга тийиш:

1) мамсервистин алкагында иштелип чыгуучу дайындардын типтерине, баштапкы булактарына жана алардын принципалдарына көрсөтмө;

2) дайындарды иштеп чыгуунун мүмкүн болуучу варианттарынын сыпаттамасы (түзүү, жаңылоо, тактоо, өзгөртүү, издөө);

3) дайындарды иштеп чыгуунун натыйжасында өзгөртүү киргизилүүчү санарип ресурстарына же санарип жазмаларына көрсөтмө.

6. Сервисти пайдалануу эрежелери мамсервисти берүүчүнүн сайтына жайгаштырылат жана сервисти пайдалануу башталганга чейин сайтта же тиркемеде сервисти пайдалануучуларга жеткиликтүү болууга тийиш.

161-берене. Мамсервистердин тиркемелери жана сайты

1. Мамсервистердин тиркемелери жана сайты пайдалануучулук мамсервистерине жеткиликтүүлүккө арналган.

2. Мамсервистердин тиркемелери жана сайты төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) пайдалануучулардын мамсервистер жөнүндө маалыматтарга, аларды пайдалануу эрежелерине жеткиликтүүлүгүн;

2) мамсервистерди тийиштүү кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн;

3) мамсервистин алкагында иштеп чыгуу үчүн дайындарды, анын ичинде санарип документтерин жана документтердин санарип жуп нускаларын жүктөө мүмкүнчүлүгүн;

4) пайдалануучулук дайындарын иштеп чыгуунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү, анын ичинде мамсервистерди берүүнүн жүрүшү жөнүндө дайындарды алуу мүмкүнчүлүгүн;

5) мыйзамда мындай алууга тыюу салынган учурларды кошпогондо, мамсервисти пайдалануунун натыйжаларын алуу мүмкүнчүлүгүн;

6) эгерде мыйзамда башкача каралбаса, мамсервистерди берүүгө акы төлөө жана башка милдеттүү төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн;

7) мамсервистерди берүүчүлөрдүн ишине даттанууларды жиберүү жана мындай даттануулар боюнча чечимдерди алуу мүмкүнчүлүгүн.

3. Мамсервистердин тиркемелери жана сайты жөнүндө жобо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Жободо аткарылышы мамсервистердин тиркемелери жана сайты тарабынан камсыз кылынуучу башка иш-милдеттер каралышы мүмкүн.

162-берене. Талаш-тартыштарды кароо

1. Мамсервистерге тиешелүү даттанууларды жана талаш-тартыштарды кароо мамсервистердин сайтын же тиркемелерин пайдалануу менен улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучу тарабынан жүргүзүлөт.

2. Тармактык жөнгө салуучу даттанууну алгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде бул тууралуу мамсервисти берүүгө катышкан мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана юридикалык жактарга маалымдоого жана алынган даттанууга тиешелүү бардык дайындарды берүүгө милдеттүү.

3. Тармактык жөнгө салуучу даттанууну алгандан кийин он төрт жумуш күндүн ичинде аны карайт жана даттанууда көрсөтүлгөн маалыматтар тастыкталган учурда даттануу үчүн негиз болгон себептерди жоюу боюнча мамсервистерди берүүчүлөр аткарууга милдеттүү болгон жазма буйруктарды берет. Даттанууну кароодо тармактык жөнгө салуучу сервисти берүүчүдөн зарыл болгон дайындарды сурайт.

4. Мамсервисти берүүчү тармактык жөнгө салуучунун жазма буйругун алгандан кийин 5 жумуш күндүн ичинде даттанууда көрсөтүлгөн бузууларды жоюу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө милдеттүү. Мамсервисти берүүчү көрүлгөн чаралар жөнүндө пайдалануучуга маалымдоого милдеттүү.

5. Мамсервисти берүүчүнүн даттануу же талаш-тартыш боюнча чечимине берүүчүнүн жайгашкан жери боюнча сотко даттанылышы мүмкүн.

19-глава. Улуттук экотутум

163-берене. Улуттук экотутумдун архитектурасы

1. Улуттук экотутум санарип сервистерин, анын ичинде мамсервистерди берүүгө арналган. Улуттук экотутум санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин төмөнкүдөй объекттерин (улуттук экотутумдун элементтерин) түзүүнүн жана пайдалануунун жалпы эрежелерин камсыз кылат:

1) мамлекеттик (муниципалдык) санарип ресурстарын, мамсервистердин тиркемелерин жана сайттарын;

2) мамсервистерди жана ишенимдүү сервистерди;

3) мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тутумдарды жана алардын элементтерин;

4) мамлекеттик санариптик технологиялык тутумдардын ээлеринин буларга жеткиликтүүлүгү боюнча жерлерди, имараттарды, түзүлүштөрдү, курулмаларды жана башка окшош объекттерди.

2. Улуттук экотутумдун элементтерин эсепке алуу ушул Кодекске ылайык улуттук экотутумдун санарип реестринде жүргүзүлөт. Улуттук экотутумдун элементтеринин курамына улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын санариптик технологиялык тутумдарын киргизүү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча гана жүргүзүлөт.

3. Улуттук экотутумдун эрежелери ушул Кодекске ылайык белгиленет жана өзүнө төмөнкүлөрдүн эрежелерин камтыйт:

1) улуттук экотутумду өнүктүрүүнүн;

2) улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн;

3) дайындардын булактарын түзүүнүн жана дайындарды иштеп чыгуунун;

4) мамсервистерди түзүүнүн жана аларды пайдалануунун;

5) ишенимдүү сервистердин жана санариптик идентификациялоо тутумдарынын иштешинин;

6) мамлекеттик жана муниципалдык санариптик технологиялык тутумдарды түзүүнүн жана пайдалануунун.

4. Координациялоочу орган улуттук экотутумду түзүү жана өнүктүрүү боюнча ишти координациялайт. Улуттук экотутумду өнүктүрүүнүн жүрүшүндө мамсервистерди түзүү жана аларды пайдалануу ушул Кодекстин тиешелүү главасында белгиленген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

5. Улуттук экотутумдун ээси болуп Кыргыз Республикасы саналат, анын атынан улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу иш алып барат.

6. Улуттук экотутумдун катышуучулары болуп тармактык жөнгө салуучу аркылуу улуттук экотутумдун ээси, мамлекеттик органдар, уюштуруучулук-укуктук таризине карабастан юридикалык жактар, ошондой эле улуттук экотутумдун элементтеринин ээлери (берүүчүлөр) же аларды пайдалануучулар болуп эсептелген жеке жактар саналат.

7. Улуттук экотутумдун катышуучуларын санариптик идентификациялоо жана санариптик аутентификациялоо ушул Кодекстин тиешелүү главасында белгиленген эрежелер боюнча санариптик идентификациялоо тутумун пайдалануу менен жүргүзүлөт.

164-берене. Улуттук экотутумдун принциптери

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин ар бир субъекти улуттук экотутумдун эрежелерин сактаган шартта анын катышуучусу болууга укуктуу (жалпыга жеткиликтүүлүк принциби).

2. Улуттук экотутумдун элементтери элементтердин ар бири үчүн санарип чөйрөсүндөгү инциденттердин кесепеттери, аларды алмаштыруу же өнүктүрүү жалпысынан улуттук экотутумга терс таасирин тийгизбегидей долбоорлонот жана эксплуатацияланат (модулдуулук принциби).

3. Улуттук экотутумдун элементтери конкреттүү санарип түзүлмөлөрүнө жана алардын жайгашкан жерлерине карабастан иштегидей долбоорлонот жана түзүлөт (булут принциби).

4. Улуттук экотутумдун катышуучулары өздөрүнүн муктаждыктарына жараша ушул Кодекстин жоболорун жана улуттук экотутумдун эрежелерин эске алуу менен өз ишинде алар тарабынан түзүлүүчү жана пайдаланылуучу улуттук экотутумдун элементтеринин курамын аныктоого укуктуу (вариативдүүлүк принциби).

5. Улуттук экотутумдун ар бир элементинин функциялары, эгерде бул жалпысынан улуттук экотутумдун натыйжалуулугун жогорулатса, улуттук экотутумдун башка элементтери менен бир эле мезгилде аткарылышы мүмкүн (параллелдүүлүк принциби).

6. Улуттук экотутумдун элементтери дайындардын (жазмалардын) жана дайындарды алмашуу интерфейстеринин ачык форматтарына артыкчылыктуу түрдө негизденүүгө тийиш жана санарип түзүлмөлөрүн конкреттүү берүүчүдөн, дайындардын (жазмалардын) форматтарынан жана аларга карата укук үчүнчү жактарга таандык болгон дайындарды алмашуу интерфейстеринен көз каранды болбоого тийиш (берүүчүдөн көз карандысыздык принциби).

165-берене. Улуттук экотутумду өнүктүрүү

1. Улуттук экотутумду өнүктүрүү Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү улуттук экотутумдун жана анын айрым элементтерин өнүктүрүү программаларына жана пландарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Улуттук экотутумду жана анын айрым компоненттерин өнүктүрүү пландары жана программалары мамсервистерди берүүдө керектөөлөрдү, ошондой эле санарип башкаруу чөйрөсүндөгү жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алууга тийиш.

3. Улуттук экотутумдун катышуучулары өз демилгеси боюнча аны өнүктүрүүнүн пландарында жана программаларында каралбаган, бирок улуттук экотутумдун катышуучуларынын иши үчүн зарыл болгон улуттук экотутумдун элементтерин түзүүгө укуктуу. Демилге тартибинде түзүлгөн улуттук экотутумдун элементтери ушул Кодексте белгиленген тартипте улуттук экотутумдун санарип реестрине киргизилүүгө тийиш.

166-берене. Улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүлөрү

1. Улуттук экотутумдун катышуучулары улуттук экотутумдун алкагында анын эрежелерине жана катышуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларга ылайык өз ара аракеттенүүгө милдеттүү.

2. Улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн эрежелери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү акысыз негизде жүргүзүлөт.

4. Мамсервистерди берүүдө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана уюмдардын ортосундагы өз ара аракеттенүү улуттук экотутумдун элементи болуп саналган санарип өз ара аракеттенүү тутумун пайдалануу менен жүргүзүлөт.

5. Санарип өз ара аракеттенүү тутумунун ээси болуп Кыргыз Республикасы саналат, анын атынан улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу иш алып барат.

6. Санарип өз ара аракеттенүү тутумун пайдалануу менен берилүүчү санарип дайындарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тийиштүү ыйгарым укуктарын аныктоочу ченемдик укуктук актыларда белгиленет.

167-берене. Дайындарды иштеп чыгуу жана улуттук экотутумдун дайындарынын булактары

1. Улуттук экотутумдун катышуучуларынын санарип ресурстары улуттук экотутумдун алкагында иштелип чыгуучу санарип дайындарынын булагы болуп саналат жана улуттук экотутумдун санарип дайындарынын жалпы мейкиндигин түзөт.

2. Улуттук экотутумдун катышуучуларынын санарип дайындарынын жаппы мейкиндигинде дайындарды иштеп чыгуу укугу мыйзамдар менен гана чектелиши мүмкүн. Улуттук экотутумдун катышуучусу мыйзамдарда же мындай катышуучунун Улуттук экотутумдун башка катышуучулары менен макулдашуусунда белгиленген учурларда, алардын дайындарын санарип дайындарынын жалпы мейкиндигинде иштеп чыгуу максаттары үчүн өзүнүн санарип ресурстарына жеткиликтүүлүктү берүүгө милдеттүү.

3. Улуттук экотутумдун алкагында санарип жазмаларын иштеп чыгуу санарип жазмаларынын ээлерин же принципалдарын аныктоочу алардын метадайындарын. иштеп чыгуунун жол берилген максаттарын жана ыкмаларын, санарип жазмаларынын форматтарын жана дайындарды алмашуу интерфейстерин, ошондой эле санарип жазмаларын иштеп чыгуу үчүн маанилүү болгон башка мүнөздөмөлөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

4. Санарип дайындары алардын форматына карабастан улуттук экотутумдун алкагында иштелип чыгууга тийиш. Эгерде мыйзамдарда жана аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда же улуттук экотутумдун катышуучуларынын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, улуттук экотутумдун катышуучулары өз каалоосу боюнча санарип дайындарын иштеп чыгуунун максатына жетүүнү эң жакшы камсыз кылган ошол форматта, ошол ыкмалар менен жана операциялардын ошол ырааттуулугунда иштетүүнү ишке ашырууга укуктуу.

5. Эгерде мыйзамдарда жана аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда же улуттук экотутумдун катышуучуларынын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, санарип дайындарынын жалпы мейкиндигиндеги дайындар ачык дайындар болуп саналат.

6. Улуттук экотутумдун алкагында мыйзам менен корголуучу купуя сырга киргизилген жеке дайындарды жана санарип жазмаларын иштеп чыгууга ушул Кодексте жана купуя сырдын тийиштүү түрлөрү жөнүндө мыйзамдарда каралган негиздер боюнча жол берилет. Улуттук экотутумдун мындай дайындарды иштеп чыгуучу катышуучулары мыйзам менен корголуучу купуя сыр алардын кызыкчылыгында сакталган жеке дайындардын субъектине же адамга келтирилген зыянды болтурбоонун төмөнкүдөй чараларын ишке ашырууга милдеттүү:

1) ыйгарым укуктуу жактардын мындай дайындарга жеткиликтүүлүгү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат;

2) дайындар мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана иштелип чыгат жана мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары улуттук экотутумдун бир катышуучусу тарабынан экинчисине берилбейт;

3) жарыялоого же башкача таратууга арналган дайындар кошумча маалыматсыз аларды дайындардын конкреттүү принципалына ыйгарууга мүмкүндүк бербеген жалпыланган түрдө берилет;

4) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу мындай дайындарга жетүү мүмкүнчүлүгү бар кызматкерлерге жана мындай дайындарды иштеп чыгуучуларга алардын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча милдеттенмелер жүктөлөт жана бул милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик белгиленет;

5) мындай дайындар менен бардык операцияларды жана мындай дайындарга жеткиликтүүлүктү жүзөгө ашыруучу бардык жактарды эсепке алуу жүзөгө ашырылат;

6) иштетилип жаткан дайындардын курамы, аларды иштеп чыгуунун максаттары жана ыкмалары, принципалдардын иштеп чыгуу жөнүндө маалыматты ушул Кодекске ылайык алуусунун ыкмалары жөнүндө маалыматтарга эркин жетүү (анын ичинде улуттук экотутумдун катышуучусунун сайтында же тиркемесинде жарыялоо жолу менен) камсыз кылынат.

7. Мамлекеттик (муниципалдык) санарип ресурстарын түзүүнүн, актуалдаштыруунун жана пайдалануунун тартибине карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Мамлекеттик (муниципалдык) санарип ресурстары жөнүндө, улуттук экотутумдун башка катышуучуларынын санарип ресурстары жөнүндө жана аларга жетүүнүн тартиби жөнүндө маалыматтар улуттук экотутумдун санарип реестрине киргизилет.

168-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык санариптик технологиялык тутумдарды түзүү жана пайдалануу

1. Улуттук экотутумдун курамында республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен курулган да, келишимдик негизде да пайдаланылуучу санариптик технологиялык тутумдар жана аларды бириктирүүчү телекоммуникациялык тарамдар пайдаланылышы мүмкүн.

2. Мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тутумдун ээси. эгерде мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тутум жөнүндө эрежелер же жобо мыйзамда же ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда бекитилбесе, анын мындай эрежелерин бекитүүгө жана алардын ушул Кодекстин жоболоруна шайкештигин камсыз кылууга милдеттүү.

3. Мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тутумдарга карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тутумдар жөнүндө маалыматтар улуттук экотутумдун санарип реестрине киргизилет.

169-берене. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу

1. Улуттук экотутум менен байланышкан ишти жөнгө салуу жана мындай ишти көзөмөлдөө ушул Кодекстин9-беренесиндебелгиленген тартипте түзүлүүчү ыйгарым укуктуу орган (улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу) тарабынан жүзөгө ашырылат. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу өз ишинде аларга карата өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан жактарга көз каранды эмес.

2. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусунун жетекчиси өз милдеттерин аткаруу жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, анын ичинде санарип технологиялары чөйрөсүндөгү квалификацияга, тажрыйбага жана билимге ээ болушу керек.

3. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:

1) улуттук экотутумду жана анын айрым элементтерин өнүктүрүүнүн пландарын ишке ашырат;

2) санариптик өз ара аракеттенүү тутумунун, бирдиктүү санариптик идентификациялоо тутумунун, мамсервистердин тиркемесинин жана сайтынын, мамсервистер фабрикасынын, улуттук экотутумдун санарип реестринин ээсинин укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырат, аларды иштеп чыгуучу болуп саналат, ошондой эле аларды эксплуатациялайт, өнүктүрөт жана аларды техникалык колдоону жана коштоону жүзөгө ашырат, ишке киргизүүнү, мониторинг жүргүзүүнү жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылат;

3) техникалык координациялоону, усулдук колдоону жана улуттук экотутумдун катышуучуларынын иш аракеттеринин натыйжалуулугуна жана санарип сервистеринин сапатына мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;

4) техникалык-технологиялык деңгээлде санариптик технологиялык тутумдардын шайкештигин, улуттук экотутумдун архитектурасын усулдук камсыз кылууну жана өнүктүрүүнү камсыз кылат;

5) өзүнүн санарип сервистерин, тиркемелерин, санариптик технологиялык тутумдарын иштеп чыгат, тестирлейт, модернизациялайт;

6) түпкү ырастоочу борбордун иш-милдеттерин аткарат, ырастоочу борборлорду ушул Кодекске ылайык аккредитациялоону жүзөгө ашырат;

7) улуттук экотутумдун элементтерин түзүүгө же өзгөртүүгө тиешелүү бөлүгүндө мамсервистерди түзүүнү, өзгөртүүнү жана берүү жол-жоболорун аныктоочу документтерди иштеп чыгууга катышат;

8) улуттук экотутумдун эрежелерин өнүктүрүүнү камсыз кылат;

9) санарип трансформациялоо процессинде, анын ичинде мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тутумдарды түзүүдө, өнүктүрүүдө жана пайдаланууда жана аларды пайдалануу менен санарип дайындарын иштеп чыгууда мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтөт;

10) улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылат;

11) улуттук экотутумда пайдаланылуучу санарип дайындарынын жана жазмаларынын форматтары боюнча сунуштарды иштеп чыгат, бекитет жана өз сайтында жарыялайт;

12) улуттук экотутумдун ишинин негизги көрсөткүчтөрүн аныктайт жана аларга мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;

13) улуттук экотутумдун санариптик туруктуулугуна баа берет жана алардын санариптик туруктуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тутумдардын ээлери аткарууга милдеттүү болгон жазма буйруктарды берет;

14) улуттук экотутумду өнүктүрүү жана пайдалануу бөлүгүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды жана башка адамдарды окутуу, квалификациясын жогорулатуу усулдуктарын иштеп чыгууга катышат;

15) улуттук экотутумдун санарип реестрин, башка реестрлерди ушул Кодексте белгиленген тартипте жүргүзөт.

4. Өзүнүн жөнгө салуучу иш-милдеттеринин ачыктыгына жетишүү үчүн улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу улуттук экотутумдун иши жөнүндө жылдык отчетту жана санариптик туруктуулугун баалоонун жыйынтыктарын өзүнүн сайтында жарыялоого тийиш.

5. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке жактардан жана уюмдардан өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, анын ичинде мамлекеттик сырларга же мыйзам менен корголуучу башка купуя сырга тиешелүү маалыматты сурап алууга жана акысыз алууга;

2) мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тутумдун ээсинен анын санариптик туруктуулугун калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү талап кылууга;

3) улуттук экотутумдун катышуучуларынын укугун, анын ичинде жактардын аныкталбаган чөйрөсүнүн укуктарын коргоо үчүн доо арызы менен сотко кайрылууга жана сотто улуттук экотутумдун катышуучуларынын кызыкчылыктарын жактоого;

4) улуттук экотутумдун эрежелерин бузуу менен байланышкан кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иштерин козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн материалдарды алардын ведомстволук таандыктыгына ылайык укук коргоо органдарына жөнөтүүгө;

5) Министрлер Кабинетине улуттук экотутумдун эрежелерин өркүндөтүү, Улуттук экотутумду жана анын айрым элементтерин жакшыртуу пландары, программалары жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

6) ушул Кодекстин бузулушуна күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартууга.

6. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Кодекстин жоболоруна ылайык улуттук экотутумдун эрежелеринин сакталышын жана аларды өнүктүрүүнү камсыз кылууга;

2) ушул Кодекстин жоболорунун мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тутумдарынын ээлери тарабынан сакталышын үзгүлтүксүз текшерүүнү жүзөгө ашыруу жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон чечимдерди чыгарууга;

3) улуттук экотутумдун алкагында улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү менен байланышкан маселелер боюнча алардын даттанууларын жана кайрылууларын кароого жана аларды кароонун жыйынтыгы боюнча өз ыйгарым укуктарынын чегинде милдеттүү түрде аткарылууга тийиш болгон чечимдерди кабыл алууга;

4) улуттук экотутумдун эрежелерин колдонуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү өзүнүн сайтында жарыялоо менен жеке адамдардын жана уюмдардын суроо-талабы боюнча мындай түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

5) улуттук экотутумду өнүктүрүү, мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тутумдарды түзүү жана пайдалануу маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга жана жарыялоого, улуттук экотутумдун катышуучулары үчүн келишимдердин, укуктук актылардын жана башка документтердин болжолдуу тариздерин иштеп чыгууга жана жарыялоого.

170-берене. Улуттук экотутумдун алкагында талаш-тартыштарды кароо

1. Улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүү маселелери боюнча талаш-тартыштар келип чыккан учурда тараптардын кимиси болбосун сотко чейинки кароо тартибинде улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусуна кайрылууга милдеттүү. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу мындай кайрылууну ал алынган күндөн тартып 2 айдын ичинде карайт.

2. Талаш-тартышты кароо максатында улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу аларды берүүдөн баш тартылышы мүмкүн болбогон ар кандай дайындарды сурап алууга укуктуу.

3. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу талаш-тартыштарды төмөнкүдөй учурларда карабайт:

1) эгерде талаш-тартыштын предмети болуп улуттук экотутумду пайдалануу менен өз ара аракеттенүү саналбаса;

2) эгерде талаш-тартыш өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну түзүүгө тиешелүү болсо жана макулдашууну түзүү жөнүндө суроо-талап улуттук экотутумдун бир катышуучусу тарабынан экинчисине жөнөтүлгөн учурдан тартып 3 айдан аз убакыт өтсө;

3) эгерде сүйлөшүү процессиндеги акыркы аракет жасалган күндөн тартып 1 жылдан ашык убакыт өтсө.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарында каралган учурларда, улуттук экотутумдун катышуучулары түздөн-түз сотко кайрылууга укуктуу.

5. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу талаш-тартышты чечүү максатында өз чечиминде өз ара аракеттенүүнүн тараптардын сактоосу үчүн милдеттүү болгон техникалык жана (же) финансылык шарттарын белгилөөгө укуктуу.

6. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусунун чечими административдик акт түрүндө чыгарылат жана соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

7. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө чечим чыгарбаган учурда талаш-тартыш чечилген жок деп эсептелет, ал эми улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусунун жетекчиси аракетсиздиги үчүн укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

V БӨЛҮМ. САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ТУТУМДАР

20-глава. Санариптик технологиялык тутумдар жөнүндө жалпы жоболор

171-берене. Санариптик технологиялык тутумдарды укуктук жөнгө салуу

1. Кыргыз Республикасында санариптик технологиялык тутумдар чектөөсүз түзүлүшү жана пайдаланылышы мүмкүн. Ушул Кодекс санариптик технологиялык тутумдардын айрым түрлөрүн адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү алдын алуу үчүн, ошондой эле санариптик технологиялык тутумдарды пайдалануу менен санарип чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн гана колдонууну жөнгө салат.

2. Ушул Кодекс санариптик технологиялык тутумдардын төмөнкүдөй түрлөрүн пайдаланууну жөнгө салат:

1) телекоммуникациялык тарамдарды;

2) радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлмөлөрдү;

3) мамлекеттик жана муниципалдык санариптик технологиялык тутумдарды;

4) жасалма интеллект тутумдарын.

3. Кыргыз Республикасында санариптик технологиялык тутумдарды пайдалануу менен санарип чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү ушул Кодекстин тиешелүү главасында белгиленген тартипте жалпы таанылган эл аралык практиканын негизинде камсыз кылынат.

4. Кыргыз Республикасында санариптик технологиялык тутумдардын ээлери жана пайдалануучулары болуп жарандыгына, туулган өлкөсүнө же менчигинин түрүнө, ошондой эле санариптик технологиялык тутумдарда алар пайдаланган технологияларга карабастан ар кандай адамдар боло алат.

172-берене. Радиоэлектрондук каражаттар жана жогорку жыштыктагы түзүлмөлөр

1. Радиоэлектрондук каражаттар жана жогорку жыштыктагы түзүлмөлөр алардын багытына карабастан, колдонуудагы башка радиоэлектрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлмөлөргө зыяндуу жолтоолорду жаратпагандай, санарип сервистерин же санариптик технологиялык тутумдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасында таанылган санарип сервистерин же санариптик технологиялык тутумдарды колдонууну кыйындатпагандай же үзгүлтүккө учуратпагандай түрдө орнотулууга жана эксплуатацияланууга тийиш.

2. Радиоэлектрондук каражаттар радио жыштыкты ыйгаруу жөнүндө чечиминде аныкталган шарттарга ылайык колдонулушу керек. Жалпы менчикке ылайык аларды эксплуатацияланган радиоэлектрондук каражаттардын ээси колдонуудагы башка радиоэлектрондук каражаттарга зыяндуу жолтоолорду болтурбоо жана жоюу максатында, зыяндуу жолтоолорду жараткан өзүнүн радиоэлектрондук каражаттарын өчүрүүгө чейин башка колдонуудагы радиоэлектрондук каражаттардын ээлери менен өз алдынча өз ара аракеттенүүгө милдеттүү. Эгерде радиоэлектрондук каражаттардын ээлери мындай макулдашуу жөнүндө сүйлөшүүлөр башталган күндөн тартып бир айдын ичинде зыяндуу жолтоолорду четтетүү боюнча чаралардын комплексин өз алдынча макулдашпаса, алардын кайсынысы болбосун талаш-тартышты телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун кароосуна берүүгө укуктуу.

173-берене. Санариптик технологиялык тутумдардын ээлеринин инфратүзүмгө жеткиликтүүлүгү

1. Санариптик технологиялык тутумдардын элементтерин жайгаштыруу, куруу, эксплуатациялоо имараттардын, курулмалардын, электр берүү чубалгыларынын тирөөчтөрүнүн, темир жолдордун, мамы тирөөчтөрүнүн, көпүрөлөрдүн, коллекторлордун, туннелдердин, темир жолдордун жана автомобиль жолдорунун жана башка инженердик объекттердин жана технологиялык аянтчалардын менчик ээлери же башка ээлик кылуучулары менен келишим боюнча санариптик технологиялык тутумдардын ээлери тарабынан жүзөгө ашырылат. Мында аталган объекттердин менчик ээси же башка ээси, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, санариптик технологиялык тутумдардын ээлеринен бул мүлктү пайдалангандыгы үчүн бирдей өлчөмдө төлөм талап кылууга укуктуу.

2. Санариптик технологиялык тутумдарды жайгаштыруу зарылдыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аймактык пландоодо жана архитектуралык-курулуштук долбоорлоодо эске алынууга тийиш. Санариптик технологиялык тутумдарды жайгаштыруу үчүн имараттарга, курулуштарга жана курулмаларга карата талаптар архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

3. Жаңы курулуштан, калктуу конуштарды жана инфратүзүмдүн айрым түрлөрүн кеңейтүүдөн, реконструкциялоодон, жолдорду жана көпүрөлөрдү кайра куруудан, жаңы жерлерди өздөштүрүүдөн, мелиорация тутумдарын кайра куруудан, пайдалуу кендерди иштетүүдөн келип чыккан санариптик технологиялык тутумдарды кайра куруу жана жылдыруу курулуштун тапшырыкчысы тарабынан өзүнүн эсебинен аталган объекттердин ээлеринин техникалык шарттары боюнча колдонуудагы стандарттарга ылайык жүргүзүлөт. Ошол эле учурда, мындай санариптик технологиялык тутумдардын мүнөздөмөлөрүн зарыл болгон чоңойтуу алардын ээлеринин эсебинен жүзөгө ашырылат.

4. Курулган, кайра курулган, капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн жана имараттарга, түзүлүштөргө жана курулмаларга карата бекитилген талаптарга шайкеш келбеген имараттарды жана курулмаларды санариптик технологиялык тутумдарды жайгаштыруу максатында эксплуатациялоого берүүгө жол берилбейт.

174-берене. Технологиялык тутумдардын санариптик туруктуулугу

1. Телекоммуникациялардын операторлору жана мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тутумдардын ээлери өздөрүнө таандык телекоммуникациялык тармактардын жана мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тармактардын санариптик туруктуулугун камсыз кылууга милдеттүү.

2. Телекоммуникациялык тарамдар жана мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тутумдар үчүн Кыргыз Республикасынын жер жана шаар куруу мыйзамдарына ылайык коргоо чөлкөмдөрү белгиленет.

3. Долбоорлоону жана курууну жүзөгө ашырган жактар имараттарды, курулуштарды жана курулмаларды долбоорлоодо, курууда, оңдоодо, реконструкциялоодо жана калыбына келтирүүдө имараттарда (курулуштарда, курулмаларда) жайгаштырылган санариптик технологиялык тутумдардын жана телекоммуникациялык курулмалардын ээлеринен жумуштарды жүргүзүүгө жазуу жүзүндө уруксат алууга жана жумуштар козгогон санариптик технологиялык тутумдарды жана телекоммуникациялык курулмаларды сактоо боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

4. Технологиялык тутумдардын санариптик туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. Санариптик технологиялык тутумдарга санкцияланбаган кошулуп алуунун, алардын ишине кийлигишүүнүн же аларды бузуп алуунун натыйжасында келтирилген зыяндын орду зыян келтирген жак тарабынан тутумдун ээсине толук көлөмдө толтуруп берилет.

21-глава. Телекоммуникациялык тарамдар

175-берене. Телекоммуникациялык тарамдарды укуктук жөнгө салуу

1. Кыргыз Республикасы телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануунуКонституциянын, ушул Кодекстин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин жана телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдардын чечимдеринин негизинде жөнгө салат. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, телекоммуникациялык тарамдарга тиешелүү терминдер Эл аралык электр байланыш бирлигинин документтеринде белгиленген мааниде колдонулат.

2. Телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу жана аларды жөнгө салуу телекоммуникациялар чөйрөсүндө жалпыга таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Кодексте белгиленген талаптарга шайкештикти тастыктоо зарыл болсо, эгерде алар ушул Кодексте белгиленген талаптарга эквиваленттүү же андан жогору талаптарга шайкештикти тастыктаса, чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык алынган документтер пайдаланылышы мүмкүн.

176-берене. Жөнгө салуунун тармактык принциптери

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери Кыргыз Республикасында телекоммуникациялык тарамдарды эркин түзүүгө жана аларды пайдаланууга укуктуу (телекоммуникациялардын эркиндиги принциби).

2. Телекоммуникациялык тарамдарды түзүү жана аларды пайдалануу боюнча ишти жөнгө салуу аларды эксплуатациялоонун үзгүлтүксүздүгүн жана телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоону негизсиз токтотууга же токтотуп турууга же аларды эксплуатациялоого кийлигишүүгө жол берилбестигин камсыз кылат (үзгүлтүксүздүк принциби).

3. Телекоммуникациялык тарамдарды түзүү жана аларды пайдалануу боюнча ишти жөнгө салуу жалпы таанылган эл аралык тажрыйбага ылайык алардын туруктуу өнүгүшүн жана башка өлкөлөрдүн телекоммуникациялык тарамдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат (өнүгүү принциби).

4. Телекоммуникациялык тарамдар жана аларды жөнгө салуу телекоммуникациялык тарамдарды колдонуу менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон пайдалануучулардын санын көбөйтүүгө өбөлгө түзгөндөй түрдө уюштурулушу керек (өз ара аракеттенүү принциби).

5. Телекоммуникациялык тарамдарды туруктуу өнүктүрүү жана аларды жөнгө салуу принциптерин ишке ашыруу телекоммуникациялык тарамдардын жана алардын элементтеринин шайкештигин камсыз кылган шартта гана мүмкүн (шайкештик принциби).

6. Телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоодо жана аларды пайдаланууда берилүүчү санарип дайындарынын бүтүндүгү жана кол тийбестиги камсыз кылынат, мында телекоммуникациялык тарамдардын ээлери берилүүчү санарип дайындарынын мазмунун контролдоого укуксуз жана алардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт (кол тийбестик принциби).

7. Кыргыз Республикасы монополиялык ишти жөнгө салуу жана бөгөт коюу, радио жыштык ресурсуна жана номерлештирүү ресурсуна тең укуктуу жеткиликтүүлүктү берүү, мындай ресурстардагы жазмалардын принципалдарынын кызыкчылыктарын коргоо жолу менен менчигинин түрүнө карабастан телекоммуникациялардын бардык операторлоруна атаандаштыктын бирдей шарттарын камсыз кылат жана колдоого алат (басмырлабоо принциби).

177-берене. Телекоммуникациялык тарамдардын категориялары

1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы телекоммуникациялык тарамдар багытына жараша төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:

1) адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө жалпыга жеткиликтүү телекоммуникациялык сервистерди берүүгө арналган жалпы пайдалануудагы;

2) юридикалык жактардын бирөөсүнүн же тобунун кызыкчылыктары үчүн пайдалануучулардын чектелген чөйрөсүнө телекоммуникациялык сервистерди берүүгө арналган ички;

3) жалпы пайдалануудагы телекоммуникациялык тарамдардан аларга жеткиликтүүлүксүз юридикалык жактардын бирөөсүнүн же тобунун кызыкчылыктары үчүн пайдалануучулардын чектелген чөйрөсүнө телекоммуникациялык сервистерди берүүгө арналган жабык;

4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда пайдалануучулардын чектелген чөйрөсүнө телекоммуникациялык сервистерди берүүгө арналган жашыруун;

5) көрсөтүү-уктуруу сервистерин берүүгө арналган телерадиоберүүлөр.

2. Жабык жана жашыруун телекоммуникациялык тарамдарга ушул Кодекстин176,178,181-184-беренелеринин колдонулушу жайылтылбайт.

3. Жашыруун телекоммуникациялык тарамдарды уюштуруу, эксплуатациялоо боюнча талаптар жана мындай тарамдарда телекоммуникациялык сервистерди берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Талаптардын аткарылышын контролдоо улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Кыргыз Республикасынын өкмөттүк байланыш тарамы жашыруун телекоммуникациялык тарамдарга кирет.

178-берене. Телекоммуникациялык тарамдарды жайгаштыруу

1. Телекоммуникациялардын операторлору коомдук муктаждыктар үчүн бөлүнгөн жер тилкелерине (анын ичинде коомдук жолдорго, тротуарларга же башка коомдук жерлерге же курулмаларга) өтүү укугуна (телекоммуникациялык тарамдарды жана алардын элементтерин, ошондой эле телекоммуникациялык курулуштарды куруу, орнотуу, пайдалануу, техникалык тейлөө жана оңдоо укугуна) ээ.

2. Телекоммуникациялардын операторлору жер тилкелеринин же курулмалардын ээлери менен келишимдин негизинде мындай жер тилкелеринде, имараттарда жана курулмаларда, мамы тирөөчтөрүндө, көпүрөлөрдө, түтүктөрдө, жолдордо, коллекторлордо, темир жол туннелдеринде жана башка жерлерде таянычтарды, линияларды жана башка телекоммуникациялык курулмаларды курууга, орнотууга жана эксплуатациялоого укуктуу. Жер тилкелеринин, имараттардын жана курулмалардын ээлери үчүн ушул бөлүктө каралган келишимдерди түзүү жарандык мыйзамдарга ылайык милдеттүү болуп саналат.

3. Телекоммуникациялык тарамдардын кандай болбосун курулушу жана эксплуатацияланышы экологиялык коопсуздук ченемдерин жана мындай жумуштар жүргүзүлүп жаткан инфратүзүмдүн архитектуралык-көркөм талаптарын эске алуу менен жүргүзүлүшү керек. Мында телекоммуникациялык тарамдарды же курулмаларды курууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашырууга байланыштуу, ошондой эле берилген өтүү укуктарына байланыштуу менчик ээсинин мүлкүнө же укуктарына келтирилиши мүмкүн болгон зыянды азайтуу боюнча чаралар көрүлөт. Телекоммуникациялык тарамды же курулушту куруу, орнотуу же ондоо боюнча кандай болбосун иштер аяктагандан кийин телекоммуникациялык оператор иштер козгогон инфратүзүмдү өз эсебинен баштапкы абалына келтирүүгө милдеттүү.

4. Телекоммуникациялардын оператору телекоммуникациялык тарамдарды же курулмаларды куруунун, орнотуунун, оңдоонун, ошондой эле эксплуатациялоонун натыйжасында имаратка, жер тилкесине же курулмаларга келтирилген зыяндын, анын ичинде бул объекттердин наркынын кандай болбосун азайышынын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.

5. Шашылыш учурларда телекоммуникациялардын операторунун өзүнүн менчиги болуп эсептелбеген жер тилкесиндеги, имараттагы же башка курулмалардагы телекоммуникациялык тарамдарды же курулмаларды калыбына келтирүү же монтаждоо боюнча кечиктирилгис иштерди жүргүзүүсү зарыл болгондо, телекоммуникациялардын оператору жер тилкесинин, имараттын же башка курулмалардын ээсине өз убагында билдирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого жана мындай иштерди жүргүзүүгө анын макулдугун өз убагында алууга милдеттүү. Ээсинин макулдугунун жоктугу бул иштерди жүргүзүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт жана телекоммуникациялардын операторун мындай иштерди аткарууда келтирилген ар кандай зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт. Зыяндын наркы мыйзамдарга ылайык көз карандысыз баалоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

6. Телекоммуникациялардын операторлору башка телекоммуникациялардын операторлоруна кабель өткөргүчтөргө, коллекторлорго, өтүү укуктарына, тирөөчтөргө жана башка телекоммуникациялык курулмаларга техникалык жактан мүмкүн болгон жерлерде кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө келишимдерди түзүүгө жана аткарууга милдеттүү. Ушундай кабель өткөргүчтөрдү, коллекторлорду, өтүү укуктарын, тирөөчтөрдү жана башка курулмаларды пайдаланган телекоммуникациялардын кандай гана болбосун оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) анын өзүнүн курулмалары жана сервистери тутумдарды эксплуатациялоодо, сервистерди берүүдө жана аталган курулмалардын ээсинин башка ишин жүргүзүүдө техникалык же физикалык тоскоолдуктарды, ошондой эле жолтоолорду тийгизбешин камсыз кылууга;

2) кандай болбосун мындай тоскоолдуктарды жана жолтоолорду четтетүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүгө;

3) жогоруда аталган тоскоолдуктардын жана жолтоолордун келип чыгуусунун натыйжасында тартылган чыгымдарды, зыянды же башка экономикалык чыгашаларды толугу менен компенсациялоого.

7. Телекоммуникациялардын оператору телекоммуникациялык тарамдарды, курулмаларды жана жабдууларды демонтаждоону өз алдынча жана өзүнүн эсебинен жүзөгө ашырат. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган келишимде башкасы белгиленбесе, телекоммуникациялык тарамдарды, курулмаларды жана жабдууларды мажбурлап демонтаждоо соттун чечими менен гана жүзөгө ашырылат.

179-берене. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу

1. Телекоммуникациялык тарамдар менен байланышкан ишти жөнгө салуу жана мындай ишти көзөмөлдөө ушул Кодекстин9-беренесиндебелгиленген тартипте түзүлүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу) тарабынан жүзөгө ашырылат. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу өз ишинде аларга карата өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган жактарга көз каранды эмес.

2. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун жетекчиси милдеттерин аткаруу жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, санарип технологиялары чөйрөсүндөгү квалификацияга, тажрыйбага жана билимге ээ болууга тийиш.

3. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу:

1) Кыргыз Республикасында телекоммуникацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын жана пландарын ишке ашырат;

2) телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү эл аралык ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын байланыш администрациясынын иш-милдеттерин аткарат;

3) мыйзамдарда белгиленген тартипте телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү өз алдынча жөнгө салуу органдары менен өз ара аракеттенет;

4) телекоммуникациялардын операторлорунун иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматты чогултууну уюштурат;

5) телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү лицензиялоо органынын иш-милдеттерин аткарат;

6) телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү үчүн монополияга каршы мыйзамдарда каралган чараларды көрөт, аны менен бирге табигый монополиялардын субъекттеринин бааларын (тарифтерин) жөнгө салууну, анын ичинде аларды белгилөөнү, кайра кароону же бекитүүнү жүзөгө ашырат;

7) телекоммуникациялык тарамдардын алкагында колдонулуучу санарип түзүлмөлөрүнүн, анын ичинде радиоэлектрондук каражаттардын шайкештигин милдеттүү тастыктоону уюштурат;

8) техникалык регламенттердин жана улуттук стандарттардын долбоорлорун иштеп чыгат, актуалдаштырат, ошондой эле стандартташтыруу боюнча мамлекеттик орган менен биргеликте эл аралык (региондук) стандарттарды колдонуунун техникалык талаптарын жана ченемдерин белгилөө менен улуттук стандарттарды каттайт;

9) телекоммуникациялардын операторлорунун телекоммуникациялык тарамдарынын санариптик туруктуулугуна баа берет жана анын жыйынтыктарын жарыялайт;

10) радио жыштык реестриндеги жана номерлештирүү реестриндеги жазмалардын принципалдарынын ишинин мындай жазмалардын шарттарына ылайык келүүсүн мамлекеттик көзөмөлдөөнү жүргүзөт;

11) радио жыштыктарды пайдалануунун жалпы өлчөөлөрүн жүргүзүү, берилүүчү радио сигналдардын техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн текшерүү, жолтоолорду, санкцияланбаган радио өткөргүчтөрдү жана жогорку жыштыктагы электромагниттик нурлануу булактарын аныктоо жана таануу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында радио контролдоонун мамлекеттик тутумун түзөт, өнүктүрөт жана эксплуатациялайт;

12) телекоммуникациялар чөйрөсүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди жана башка адамдарды окутуу, квалификациясын жогорулатуу усулдарын иштеп чыгууга катышат;

13) Кыргыз Республикасынын аймагында радио жолтоолорду же санкцияланбаган сигналдарды аныктайт жана четтетет, башка мамлекеттердин телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары менен башка мамлекеттердин радиоэлектрондук каражаттарынын Кыргыз Республикасынын телекоммуникацияларынын радиоэлектрондук каражаттарынын операторлоруна жолтоо болуу таасирин четтетүүгө багытталган өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.

4. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун ишин каржылоо бюджеттик каражаттардын эсебинен жана телекоммуникациялык сервистерди берүү боюнча алардын түшкөн акчасынын суммасынын 0,9 пайызы өлчөмүндөгү телекоммуникациялардын операторлорунун жылдык чегерүүлөрүнүн эсебинен (толук көлөмдө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш, анын 40 пайызы телекоммуникациялык тармакты өнүктүрүүгө, 60 пайызы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жумшалат), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.

5. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу өзүнүн жөнгө салуучу иш-милдеттеринин ачыктыгына жетишүү үчүн өз сайтында телекоммуникациялык тарамдардын санариптик туруктуулугун баалоонун жылдык отчетун жана жыйынтыктарын жарыялоого тийиш.

6. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу анын ишине байланыштуу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, анын ичинде мамлекеттик сырларга же мыйзам менен корголуучу башка купуя сырга киргизилген маалыматты жеке жана юридикалык жактардан сурап алууга жана акысыз алууга;

2) телекоммуникациялардын операторлорунан лицензиялык талаптарды сактоо боюнча чараларды көрүүнү талап кылууга;

3) телекоммуникациялык операторлордун же телекоммуникациялык сервистерди пайдалануучулардын, ошондой эле радио жыштык ресурсундагы жана номерлештирүү ресурсундагы жазмалардын принципалдарынын укуктарын коргоо үчүн, анын ичинде адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнүн укуктарын коргоо үчүн доо арыздары менен сотко кайрылууга жана сотто көрсөтүлгөн жактардын кызыкчылыктарын коргоого;

4) телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иштерин козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн материалдарды тергөөгө караштуулугуна ылайык укук коргоо органдарына жиберүүгө;

5) телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарды Министрлер Кабинетине киргизүүгө;

6) Кодексти бузгандыгы үчүн күнөөлүү жактарды административдик жоопкерчиликке тартууга.

7. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) радио жыштык ресурсун жана номерлештирүү ресурсун пайдалануунун лицензиялык талаптарын жана шарттарын сактоону камсыз кылууга;

2) телекоммуникациялардын операторлору жана радио жыштык ресурсундагы жана номерлештирүү ресурсундагы жазмалардын принципалдарынын ушул Кодекстин жоболорун сактоосун текшерүүнү дайыма жүргүзүүгө жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон чечимдерди чыгарууга;

3) Радио жыштыктар боюнча улуттук комиссиянын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылууга;

4) улуттук коопсуздук, коргоо, коомдук тартипти сактоо кызыкчылыгында жана өзгөчө кырдаалдарда телекоммуникациялардын операторлоруна жүктөлгөн милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга;

5) телекоммуникациялардын операторлорунун жана алардын телекоммуникациялык сервистерин пайдалануучулардын даттанууларын жана кайрылууларын кароого жана аларды кароонун жыйынтыктары боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга;

6) жеке жактардын жана уюмдардын суроо-талабы боюнча ушул Кодексти жана ага ылайык кабыл алынган телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды колдонуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү өзүнүн сайтында жарыялоо менен мындай түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

7) телекоммуникацияны өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана жарыялоого, телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү келишимдердин, укуктук актылардын жана башка документтердин типтүү тариздерин иштеп чыгууга жана жарыялоого.

180-берене. Телекоммуникацияларды эл аралык жөнгө салууга катышуу

1. Кыргыз Республикасы Эл аралык электр байланыш бирлигинин мүчөсү болуп саналат жана анын төмөнкүдөй негизги документтерин тааныйт:

1) Эл аралык электр байланыш бирлигинин уставын;

2) Эл аралык электр байланыш бирлигинин конвенциясын;

3) административдик регламенттерди - Эл аралык электр байланышынын регламентин, Радио байланыш регламентин.

2. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) зарыл учурларда Кыргыз Республикасынын радио жыштык ыйгарууларын оң корутунду менен Радио жыштыктардын эл аралык маалымдама каттоосуна киргизүү боюнча чараларды көрүү жолу менен алардын эл аралык таанылышын камсыз кылат;

2) Эл аралык электр байланыш бирлигинин Радио байланыш бюросунун жыштыктары боюнча эл аралык маалыматтык циркулярларды талдоо жана Радио байланыш регламентине же эгерде андайлар бар болсо, радио жыштык спектрин пайдалануу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларга ылайык жолтоолорду болтурбоо боюнча чараларды көрүү аркылуу радио жыштык ыйгарууларды башка өлкөлөрдүн радиоэлектрондук каражаттарынын жана жогорку жыштыктагы түзүлмөлөрүнүн ээлери тарабынан түзүлгөн зыяндуу жолтоолордон коргойт;

3) Радио байланыш регламентинин же радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуулардын негизинде бөлүнгөн радио жыштыктарды жана жыштык ыйгарууларды координациялоо жана (же) өз ара таануу чөйрөсүндө башка өлкөлөрдүн байланыш администрациялары менен кызматташат;

4) Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн эл аралык таблицасына шайкеш келтирет;

5) Улуттук номерлештирүү планын эл аралык уюмдардын чечимдерине шайкеш келтирет;

6) тармактын же телекоммуникациялар чөйрөсүндө кадрларды даярдоону жүзөгө ашырып жаткан илимий-билим берүү уюмдарынын адистеринин Эл аралык электр байланыш бирлигинин конференцияларынын жана изилдөө комиссияларынын ишине катышуусун камсыз кылат.

3. Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялар боюнча эл аралык уюмдардын ишине катышуусу үчүн мүчөлүк акылар телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун бюджетинин эсебинен төлөнөт.

22-глава. Санариптик технологиялык тутумдардын ээлеринин өз ара жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүлөрү

181-берене. Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти телекоммуникациялардын оператору катары таанылат жана эгерде ал бир эле учурда төмөнкүдөй үч критерийлерге шайкеш келсе, лицензиянын негизинде аракеттенүүгө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы телекоммуникациялык тарамдын же телерадио берүүнүн ээси болуп саналса же болуу ниетинде болсо;

2) Кыргыз Республикасындагы пайдалануучуларга телекоммуникациялык сервистерди ушундай телекоммуникациялык тарамды пайдалануу менен берсе же берүү ниетинде болсо;

3) телекоммуникациялык сервистерди берүү үчүн Кыргыз Республикасындагы радио жыштык спектрин, номерлештирүүнү жана/же инфратузүмдү пайдаланса же пайдалануу ниетинде болсо.

2. Телекоммуникациялардын операторунун ишин жүзөгө ашыруу ниетинде болгон санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти лицензия алуу үчүн телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусуна кайрылууга милдеттүү. Телекоммуникациялардын операторунун ишине лицензия берилген санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти лицензия берилген күндөн тартып 2 жылдан кечиктирбестен телекоммуникациялык сервисти берүүнү баштоого жана лицензиялык талаптарды аткарууну камсыз кылууга милдеттүү.

3. Телекоммуникациялардын операторлорунун ишине лицензия алуунун, ошондой эле аны токтотуп туруунун, кайра улантуунун, токтотуунун, кайра тариздөөнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө жободо аныкталат. Лицензияны жана (же) уруксатты берүүдө, кайра тариздөөдө жана алардын жуп нускаларын берүүдө Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алым алынат. Телекоммуникациялардын операторлорунун ишине лицензия мөөнөтсүз болуп саналат.

4. Лицензиялык талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет жана төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында телекоммуникациялык тарамга ээ болууну жана аны эксплуатациялоону;

2) ушул Кодекске ылайык радио жыштык спектрин, номерлештирүүнү же инфратүзүмдү пайдаланууну;

3) ушул Кодекске ылайык Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы тарамдар менен өз ара аракеттенүүнү;

4) ушул Кодекске ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнү;

5) ушул Кодекске ылайык радио жыштык спектрин жана номерлештирүүнү пайдалануу үчүн акыны которууну;

6) телекоммуникациялык сервистерди берүү үчүн түшкөн каражаттардан 0,9 пайыз өлчөмүндөгү ар жылдык чегерүүлөрдү.

5. Ушул Кодексте жана Министрлер Кабинетинин тиешелүү актыларында каралгандан башка лицензиялык талаптарды белгилөөгө жол берилбейт.

6. Виртуалдык операторлор телекоммуникациялардын операторлору менен өз ара аракеттенүүсүз иш алып бара алышпайт.

7. Телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү лицензиялык көзөмөлдөө Министрлер Кабинети бекиткен Лицензиялоо жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

182-берене. Радио жыштыктарды пайдалануу укугуна тооруктар

1. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу өзүнүн чечиминде коммерциялык жактан жагымдуу радио жыштыктарга карата тооруктарды жүргүзүүнүн төмөнкүдөй тариздерин аныктайт:

1) эгерде ушул Кодексте белгиленген жөнгө салуу принциптерин ишке ашыруу үчүн радио жыштыктар мыкты инвестициялык долбоорду сунуш кылган катышуучуга берилүүгө тийиш болсо, тооруктар конкурс таризинде өткөрүлөт;

2) сервистик радио жыштыктарды бөлүүнүн бардык калган учурларында тооруктар онлайн-аукцион таризинде өткөрүлөт.

2. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоону кеминде 7 адамдан турган курамдагы, Министрлер Кабинетинин чечими менен төмөнкүлөрдүн өкүлдөрүнөн түзүлүүчү конкурстук комиссия аныктайт:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин;

2) Министрлер Кабинетинин;

3) Радио жыштыктар боюнча улуттук комиссиянын;

4) телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун;

5) телекоммуникациялардын операторлорунун кесиптик ассоциацияларынын.

3. Конкурстун жыйынтыктарына жеке кызыкдар болгон жактар (анын ичинде конкурска катышууга арыз берген же болбосо көрсөтүлгөн арыздарды берген адамдар менен эмгек мамилелеринде турган жеке жактар), же болбосо конкурстун катышуучулары аларга таасир этиши мүмкүн болгон жеке жактар (анын ичинде юридикалык жактардын катышуучулары (акционерлери), алардын башкаруу органдарынын мүчөлөрү, конкурстун катышуучуларынын кредиторлору болуп саналган жеке жактар) конкурстук комиссиянын мүчөсү боло алышпайт.

4. Онлайн-аукциондун старттык баасы төмөнкүлөргө таянуу менен эсептелет:

1) номиналдын тилкесинин же радио жыштыктардын тилкесинин кеңдигине (кабыл алуу-берүү);

2) камтуунун географиялык чөлкөмүнө;

3) коммерциялык жагымдуулук коэффициентине;

4) эсептешүү коэффициентине.

5. Тооруктарга кирүү үчүн катышуучулар лоттун баштапкы наркынын 5 %ы өлчөмүндө кепилдик төгүмүн төгүшөт. Онлайн-аукциондун кадамы лоттун баштапкы наркынын 5%ын түзөт.

6. Кепилдик төгүм төмөнкүдөй учурларда кайтарылууга тийиш:

1) тооруктар ишке ашпай калды деп таанылганда;

2) тооруктардын жеңүүчүсү деп таанылбаган катышуучуларга.

7. Тооруктарды өткөрүүнүн датасы жана шарттары телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу тарабынан белгиленет жана тооруктарды өткөрүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кеч эмес анын сайтында жарыяланат.

8. Лот үчүн эң жогорку бааны сунуштаган жак аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат. Инвестициялык долбоорлорду баалоонун жарыяланган шарттарына ылайык мыкты инвестициялык долбоорду сунуштаган жак аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.

9. Конкурстун жыйынтыктары протокол менен таризделет, ага конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат. Онлайн-аукциондун жыйынтыктары онлайн-аукциондор тутумунун протоколдун күчүнө ээ болгон отчеттук таризинин негизинде аныкталат.

10. Тооруктар төмөнкүдөй учурларда ишке ашпай калды деп таанылат:

1) конкурска бир да сунуш берилбегенде же бир да катышуучу онлайн-аукционго катталбаганда;

2) конкурстук сунуштардын бири да конкурстун шарттарына ылайык келбегенде;

3) онлайн-аукциондун жыйынтыктары боюнча отчеттук тариз түзүлбөгөндө;

4) онлайн-аукциондун катталган катышуучуларынын бири да онлайн-аукцион башталган учурдан тартып 30 мүнөттүн ичинде баштапкы бааны көтөрбөгөндө.

11. Тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө дайындар телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун сайтына алар аяктаган күндөн кийинки 1 жумуш күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат.

12. Тооруктардын жеңүүчүсү тооруктардын жыйынтыктары жарыяланган күндөн кийин 7 банктык күндүн ичинде лоттун баасын төлөөгө милдеттүү. Эгерде жеңүүчү белгиленген бааны каралган мөөнөттө төлөбөсө, радио жыштык спектрин пайдалануу укугу экинчи орунду ээлеген катышуучуга өтөт. Эгерде белгиленген бааны тооруктардын катышуучуларынын бири да төлөбөсө, тооруктар кайрадан өткөрүлөт.

13. Тооруктарды өткөрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

183-берене. Санарип реестрлерин жүргүзүүдө телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу менен өз ара аракеттенүү

1. Радио жыштыктарды бөлүү же ыйгаруу жөнүндө же болбосо номерлештирүүнүн диапазонун бөлүү жөнүндө чечим телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу бекиткен жана ал өзүнүн сайтында жарыялаган тариз боюнча берилген арыздын негизинде кабыл алынат. Чечим кабыл алуунун жана санарип реестринде тиешелүү жазманы түзүүнүн мөөнөтү төмөнкүдөн ашпайт:

1) радио жыштыктарды тооруктардын жыйынтыктары боюнча бөлүүдө - лоттун тооруктардын жыйынтыктары боюнча аныкталган баасынын толук наркы төлөнгөн күндөн тартып 1 жумуш күндөн;

2) радио жыштыктарды калган учурларда бөлүүдө же ыйгарууда - арыз алынган күндөн тартып 90 календардык күндөн (анын ичинде электромагниттик шайкештикти камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн мөөнөтү);

3) номерлештирүүнү бөлүүдө - арыз алынган күндөн тартып 15 жумуш күндөн.

2. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу радио жыштыктын арызда көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө электромагниттик шайкештигин камсыз кылуу мүмкүн болбогон жана берилген арыздагы дайындар анык эмес болгон учурда радио жыштыктарды бөлүүдөн же ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Эгерде чечим тооруктардын жыйынтыктары боюнча кабыл алынган болсо, анда радио жыштыктарды бөлүү жөнүндө чечим тооруктун жеңүүчү деп таанылган катышуучусунун пайдасына гана кабыл алынат.

3. Тармактык жөнгө салуучу тиешелүү реестрдеги жазмага өзгөртүүлөрдү төмөнкүлөр жөнүндө дайындарды алган күндөн кийинки уч жумуш күндөн кечиктирбестен киргизет:

1) юридикалык жакты кайра уюштуруу;

2) юридикалык жактын аталышын өзгөртүү;

3) жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү;

4) эсепке алуунун тиешелүү объектин кайра бөлүштүрүү, биргеликте пайдалануу, ажыратуу;

5) көрсөтүлүп жаткан телекоммуникациялык сервистердин мүнөздөмөлөрүн жакшыртуучу жаңы технологияларга өтүүгө байланыштуу радио кызматты өзгөртүү;

6) радио жыштыктарды пайдалануу укугун узартуу;

7) жазмада көрсөтүлгөн пайдалануу шарттарын өзгөртүү;

8) Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына же Улуттук номерлештирүү планына өзгөртүүлөрдү киргизүү;

9) эсепке алуунун тиешелүү объектин пайдалануу укугун толугу менен же жарым-жартылай токтотуу;

10) жазма түзүлгөндөн кийин каталарды аныктоо, анын ичинде жазмадагы дайындар коммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун анын негизинде жазма түзүлгөн же өзгөртүлгөн чечимине шайкеш келбеген учурда.

4. Эгерде радио жыштык реестриндеги жазмага өзгөртүүлөрдү киргизүү Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын, радио жыштыктардын номиналдарын же тилкелерин өзгөртүү менен же болбосо аларды пайдалануунун белгиленген шарттарын өзгөртүү менен байланышкан болсо, телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу радио жыштыктардын электромагниттик шайкештигин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жазмага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин жүргүзөт. Мында электромагниттик шайкештикти камсыз кылуу үчүн акы алынбайт. Бөлүүнүн же ыйгаруунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун чечими боюнча башка жыштыктарга өтүүгө байланыштуу жазманын принципалы тарткан чыгымдар мамлекет тарабынан компенсацияланат.

5. Жаңы технологияларга өтүүгө байланыштуу радио кызматты өзгөртүүгө жалпы таанылган эл аралык тажрыйба эске алынганда жана электромагниттик шайкештик камсыз кылынган учурда гана жол берилет.

6. Радио жыштык спектрин пайдалануу укугун узартуу тиешелүү жазманын принципалынын арызынын негизинде жүргүзүлөт. Радио жыштык спектрин пайдалануу укугу 5 жылдан кем эмес жана 10 жылдан ашык эмес мөөнөткө узартылат. Мында радио жыштык спектрин пайдалануу укугу, эгерде тийиштүү жазманын принципалы арызында 5 жылдан кем болгон узартуу мөөнөтүн көрсөтсө, принципалдын демилгеси боюнча гана 5 жылдан аз мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

7. Радио жыштык спектрин пайдалануу укугун узартуу үчүн узартуунун суралган мөөнөтүнө жараша төмөнкүдөй өлчөмдө эсептелүүчү төлөм алынат:

1) ар бир толук календардык жыл үчүн - мындай жыштыктардын эсептик баштапкы наркынын 1%ы өлчөмүндө;

2) ар бир календардык күн үчүн - мындай жыштыктардын эсептик баштапкы наркынын 0,00273973%ы өлчөмүндө (толук эмес календардык жылга эсептелгенде).

8. Эгерде узартуунун суралган мөөнөтү толук календардык жылдан, календардык айлардан жана календардык күндөрдөн турса, анда календардык айлар календардык күндөргө которулат, мында узартуу үчүн төлөм ушул берененин 7-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарына ылайык эсептелет.

Жыштыктардын эсептик баштапкы наркы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Радио жыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык узартуу жөнүндө чечим кабыл алынып жаткан учурга карата эсептелет.

9. Радио жыштык спектрин пайдалануу укугун телекоммуникациялык сервистерди берүү жана/же мыйзамдарга ылайык жүктөлгөн ачык милдеттенмелерди аткаруу менен байланышпаган максаттар үчүн гана узартууда тиешелүү жазмалардын принципалдары ушул берененин 7-бөлүгүндө каралган төлөмдөрдү төгүүдөн бошотулат.

10. Радио жыштык спектрин пайдалануу укугу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) жазманын принципалы укукту токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылганда;

2) жазманын принципалынын иши токтотулганда, анын ичинде юридикалык жак укук улантуучусуз жоюлганда, жеке жак каза болгондо же жеке жак мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;

3) укук берилген мөөнөт аяктаганда, аны узартуу жөнүндө жазманын принципалынын арызы болбогондо;

4) реестрде анын негизинде жазма түзүлгөн телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

5) радио жыштыктарды пайдалануу укугу келип чыккан күндөн тартып эки жылдын ичинде алар пайдаланылбаганда.

11. Номерлештирүүнү пайдалануу укугу төмөнкүдөй учурларда толук токтотулат:

1) жазманын принципалы укукту токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылганда;

2) номерлештирүүнүн санарип реестринде тиешелүү жазма түзүлгөн күндөн тартып бир жылдын ичинде номерлештирүүнүн бөлүнгөн диапазону пайдаланылбаганда;

3) номерлештирүү Кыргыз Республикасынын Улуттук номерлештирүү планын бузуу менен пайдаланылганда.

12. Номерлештирүүнү пайдалануу укугу номерлештирүүнүн санарип реестриндеги жазмага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу номерлештирүү диапазонунун айрым бөлүгүндө төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) жазманын принципалы номерлештирүү диапазонунун бир бөлүгүнөн баш тартуу жөнүндө арыз менен кайрылганда;

2) номерлештирүүнүн санарип реестринде тиешелүү жазма түзүлгөн күндөн тартып 2 жылдын ичинде номерлештирүү тиешелүү жазмада көрсөтүлгөн диапазондун 20%ынан аз көлөмдө пайдаланылганда. Мындай учурда пайдалануу укугунан колдонулбаган номерлештирүүнүн 80%ы алып салынат;

3) номерлештирүү Кыргыз Республикасынын Улуттук номерлештирүү планын бузуу менен пайдаланылганда.

13. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу санарип реестриндеги жазманын принципалынын арызы боюнча ага тиешелүү жазмалардын көчүрмөлөрүн телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун ыйгарым укуктуу кызмат адамы кол койгон кагаз алып жүрүүчүдөгү документтер же санарип документтери түрүндө түзүүгө жана ага көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү. Көчүрмөлөрдү түзүүнүн жана берүүнүн мөөнөтү жазманын принципалынын арызы алынган күндөн тартып беш жумуш күндөн ашпайт.

14. Санарип реестрлерин жүргүзүүдөгү өз ара аракеттенүүнүн тартиби телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу тарабынан ушул Кодекстин талаптарын эске алуу менен аныкталат.

184-берене. Телекоммуникациялардын операторлорунун радио жыштыктарды жана номерлештирүүнү кайра бөлүштүрүү, биргеликте пайдалануу жана өткөрүп берүү процессиндеги өз ара аракеттенүүсү

1. Санарип реестрлериндеги жазмалардын принципалдары төмөнкүдөй максаттарда өз ара аракеттенүүгө укуктуу:

1) аларга бөлүнгөн радио жыштыктарды өз ара кайра бөлүштүрүү;

2) аларга бөлүнгөн радио жыштыктарды биргеликте пайдалануу;

3) аларга бөлүнгөн (ыйгарылган) радио жыштыктарды ажыратуу.

2. Эсепке алуунун тиешелүү объекттерин кайра бөлүштүрүү, биргеликте пайдалануу жана өткөрүп берүү телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусуна милдеттүү түрдө билдирүү менен жазмалардын принципалдарынын ортосундагы макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт. Кайра бөлүштүрүүдө билдирүүгө макулдашуунун долбоору мындай кайра бөлүштүрүүнүн максаттарын жана шарттарын сыпаттоо менен тиркелет.

3. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу билдирүүнү алган учурдан тартып отуз күндүн ичинде ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык төмөнкүдөй иш-аракеттердин бирин жасайт:

1) онлайн-аукционду өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат (телекоммуникациялардын оператору радио жыштыктарды ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда);

2) тиешелүү реестрдеги жазмага өзгөртүүлөрдү киргизет (радио жыштыктарды кайра бөлүштүрүү же биргеликте пайдалануу, номерлештирүүнү ажыратуу учурунда);

3) тиешелүү объекттерди кайра бөлүштүрүүгө, биргеликте пайдаланууга же ажыратууга тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алат (объекттерди кайра бөлүштүрүүнүн, биргеликте пайдалануунун же ажыратуунун максаттары же шарттары Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына же Улуттук номерлештирүү планына ылайык келбеген учурда).

4. Аларды пайдалануу укугу тооруктардын жыйынтыктары боюнча алынган радио жыштыктарды ажыратуу ушул Кодекске ылайык белгиленген тартипте онлайн-аукциондо бирдиктүү лот менен жүзөгө ашырылат. Тармактык жөнгө салуучу онлайн-аукционду өткөрүү жөнүндө чечимди макулдашуу түзүүгө макулдук менен бир мезгилде кабыл алат. Радио жыштыктарды ажыратуу жөнүндө макулдашуу онлайн-аукциондун жеңүүчүсү менен түзүлөт. Онлайн-аукциондун жеңүүчүсү лоттун баасын радио жыштыктарды пайдалануу укугун ажыратып жаткан жазманын принципалына төлөйт, ошондой эле телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусун өнүктүрүүгө багытталуучу, лоттун жыйынтык баасынын 5%ы өлчөмүндөгү төлөмдү телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусуна чегерет.

185-берене. Мобилдик түзүлмөлөрдү идентификациялоонун санариптик технологиялык тутумдары менен өз ара аракеттенүү

1. Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялардын операторлорунун тарамдарында сервистерди алуу үчүн пайдаланылуучу мобилдик түзүлмөлөр мобилдик түзүлмөлөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунда милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

2. Телекоммуникациялардын операторлору катталган мобилдик түзүлмөлөргө телекоммуникациялык сервистерди берүүгө милдеттүү.

3. Мобилдик түзүлмөлөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун иштөөсүнүн, алардын телекоммуникациялардын операторлору менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби, мобилдик түзүлмөлөрдү каттоонун тартиби, катталбаган мобилдик түзүлмөлөрдү тейлөөгө чектөөлөрдү киргизүүнүн мөөнөттөрү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

186-берене. Телекоммуникациялардын операторлорунун санариптик технологиялык тутумда алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча өз ара аракеттенүүсү

1. Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын телекоммуникациялык тарамдарды жана сервистерди, санарип финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу менен жасалуучу алдамчылык иш-аракеттерден коргоо максатында телекоммуникациялардын операторлорунун, укук коргоо органдарынын, коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын (микрокредиттик жана микрофинансылык компаниялардын), башка төлөм кызматтарын көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн (мындан ары - өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары) ортосунда өз ара аракеттенүү тутуму белгиленет.

2. Алдамчылыкка каршы аракеттенүү боюнча санариптик технологиялык тутум төмөнкүлөр менен байланышкан алдамчылык учурларын ыкчам аныктоого, алдын алууга, болтурбоого жана иликтөөгө багытталган:

а) аралыктан банктык тейлөө тутумдарына же электрондук капчыктарга санкцияланбаган жетүү;

б) телефондук алдамчылык (вишинг);

в) телекоммуникация тарамдары аркылуу (СМС-фишинг, смишинг) фишингдик же залал келтирүүчү кабарламаларды туш-тушка жиберүү;

г) финансылык жана башка уюмдардын жасалма (фишингдик) веб-ресурстарын түзүү;

д) финансылык мүнөздөгү укукка каршы иш-аракеттерди жасоо же жасоого көмөктөшүү үчүн телекоммуникация каражаттарын пайдалануу менен алдамчылыктын башка төрлөрү.

3. Телекоммуникациялардын операторлору төмөнкүлөргө милдеттүү:

а) алдамчылык трафикти, анын ичинде фальсификацияланган номерлерден чалууларды жана кабарламаларды, санкцияланбаган жапырт таратууларды, ошондой эле белгисиз фишинг ресурстарга алып баруучу трафикти аныктоо жана бөгөттөө үчүн Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген жол-жоболорго ылайык техникалык каражаттарды жана программалык камсыздоону киргизүүгө жана пайдаланууга;

б) укук коргоо органдарынын мыйзамдуу жана негиздүү суроо-талабы боюнча алдамчылыкты аныктоо, алдын алуу, тыюу салуу жана териштирүү үчүн зарыл болгон маалыматты, анын ичинде шектүү иш-аракеттерди жасоо учурундагы кошулуулар, абоненттик номерлер, жабдуулардын турган жерлери жөнүндө дайындарды Кыргыз Республикасынын жеке дайындарды коргоо жөнүндө мыйзамдарын бекем сактоо менен токтоосуз берүүгө;

в) өз ара аракеттенүүнүн башка катышуучулар менен аныкталган алдамчылык номерлер, зыян келтирүүчү шилтемелер, алдамчылыктын белгилери жана схемалары жөнүндө автоматташтырылган маалымат алмашууга Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жана форматтарда катышууга;

г) пайдалануучуларга алдамчылык тобокелдиктери жана сак болуу чаралары жөнүндө маалымдоого.

4. Коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар жана башка төлөм кызматтарын берүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:

а) телекоммуникацияларды пайдалануу менен жасалган алдамчылыкка байланыштуу белгилери бар кардарлардын шектүү жана санкцияланбаган операцияларын аныктоо үчүн алдамчылыкка каршы аракеттенүү боюнча санариптик технологиялык тутумду киргизүүгө жана пайдаланууга;

б) укук коргоо органдарынын мыйзамдуу жана негиздүү суроо-талабы боюнча болжол менен алдамчылык максаттарда пайдаланылуучу шектүү операциялар, эсептер жана электрондук капчыктар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын банктар жана банк иштери, коммерциялык купуя сыр жана жеке дайындарды коргоо жөнүндө мыйзамдарын бекем сактоо менен токтоосуз берүүгө;

в) аныкталган алдамчылык операциялар, эсептер, пайдаланылган усулдар жана алдамчылык белгилери жөнүндө өз ара аракеттенүүнүн башка катышуучулары менен автоматташтырылган маалымат алмашууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жана форматтарда катышууга;

г) кардарларды алдамчылык тобокелдиктери, аралыктан финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү коопсуз пайдалануу чаралары жана алдамчылыкка шектенүүдөгү иш-аракеттер жөнүндө маалымдоого;

д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларына ылайык шектүү операцияларды токтотуу жана бөгөттөө боюнча чараларды колдонууга.

5. Ушул берененин алкагында маалымат алмашуу жана иштеп чыгуу боюнча бардык иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын жеке дайындарды коргоо, банктар жана банк иштери, телекоммуникациялардын купуя сыры жана мыйзам менен корголуучу башка купуя сыр жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бекем сактоо менен жүзөгө ашырылышы керек.

187-берене. Укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү

Телекоммуникациялардын операторлорунун жана виртуалдык операторлордун изин суутпай издөө жана контрчалгындоо ишин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү контрчалгындоо жана чалгындоо иши, ошондой эле изин суутпай издөө иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленет.

188-берене. Виртуалдык операторлордун жана телекоммуникация операторлорунун өз ара аракеттенүүсү

1. Виртуалдык операторлордун телекоммуникациялардын операторлору менен өз ара аракеттенүүсү төмөнкүлөр каралган макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат:

1) телекоммуникациялардын операторунун телекоммуникациялык тарамын пайдаланууга виртуалдык оператордун укугу;

2) телекоммуникациялардын операторунун виртуалдык оператордун пайдалануучулары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби;

3) виртуалдык оператордун пайдалануу макулдашуусунун шарттарына карата талаптар;

4) телекоммуникациялардын операторунун телекоммуникациялык тарамдарын пайдалануу менен виртуалдык оператордун укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби;

5) телекоммуникациялык сервистердин көлөмүн эсепке алуунун жана алар үчүн эсептешүүлөрдүн тартиби;

6) өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө тараптардын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү;

7) макулдашууну токтотуунун негиздери жана натыйжалары.

2. Ушул беренеге ылайык макулдашуу түзүлгөндөн кийин тараптар анын көчүрмөсүн телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусуна мындай макулдашуу түзүлгөн күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен берет.

189-берене. Тарамдар аралык кошулуу

1. Телекоммуникациялардын операторунун телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын башка телекоммуникациялык операторлору менен өз ара аракеттенүүгө укугу бар.

2. Телекоммуникациялардын операторлорунун телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен өз ара аракеттенүүсү ушул Кодексте белгиленген тартипте түзүлүүчү тарамдар аралык кошулуу жөнүндө макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат.

3. Тарамдар аралык кошулуу жөнүндө макулдашуу түзүү жөнүндө суроо-талапты алган телекоммуникациялардын оператору өз ара аракеттенүүнүн шарттарын, атап айтканда, төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен жооп берүүгө милдеттүү:

1) тарамды кошууга тийиштүү техникалык шарттарды;

2) тарамдардын кошулуу чекиттеринин жайгашкан жерин;

3) телекоммуникациялык тарамдар боюнча трафикти өткөрүү тартибин;

4) тарамдарды кошуунун, трафикти өткөрүүнүн наркын жана алар үчүн эсептешүү тартибин;

5) телекоммуникациялык тарамдардын башкаруу тутумдарынын өз ара аракеттенүү тартибин.

4. Эгерде телекоммуникациялардын операторлору алгачкы суроо-талап жөнөтүлгөн күндөн тартып 3 айдын ичинде тарамдар аралык кошулуу жөнүндө макулдашууну түзө алышпаса, телекоммуникациялардын операторлорунун ар бири өз ара аракеттенүү жөнүндө талаш-тартышты чечүү үчүн ушул Кодексте белгиленген тартипте телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусуна кайрылууга укуктуу.

5. Телекоммуникациялардын операторлору тарамдар аралык кошулуу жөнүндө кол коюлган макулдашууну же ага киргизилген өзгөртүүлөрдү кол коюлган же болбосо өзгөртүүлөр киргизилген күндөн тартып 1 айдан ашык эмес мөөнөттө телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусуна берүүгө милдеттүү.

6. Монополияга каршы мыйзамдарга ылайык үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарбакер субъект катары таанылган телекоммуникациялардын оператору кандай болбосун телекоммуникациялардын оператору, анын ичинде өзүнүн аффилирленген жактары менен тарамдар аралык кошулуунун бирдей шарттарын белгилөөгө милдеттүү. Монополияга каршы мыйзамдарга ылайык үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарбакер субъект катары таанылган телекоммуникациялардын оператору үчүн тарамдар аралык кошулуу жөнүндө макулдашууну түзүү милдеттүү болуп саналат.

7. Берененин ушул бөлүгүндө саналып өткөн учурларды кошпогондо, тарамдар аралык кошулуу жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин телекоммуникациялардын операторлору өз ара аракеттенүүнү бир тараптуу тартипте толугу менен же жарым-жартылай токтото албайт, ошондой эле өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну буза албайт.

Тарамдар аралык кошулуу төмөнкүдөй учурларда жарым-жартылай токтотулушу мүмкүн:

а) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актысынын негизинде;

б) телекоммуникациялык тарамдар боюнча берилүүчү номер жөнүндө дайындарды модификациялоо, басынтуу жана (же) башка ыкма менен өзгөртүү фактысы аныкталган учурда;

в) телекоммуникациялардын операторлорунун ортосунда макулдашылбаган лотереяларды, добуш берүүлөрдү, конкурстарды, викториналарды, сурамжылоолорду жүргүзүү, массалык чакыруулар же кабарламаларды туш-тушка жиберүү, жарнама маалыматын таратуу фактысы аныкталган учурда;

г) эгерде эки тарап тең өзүнүн тарамдарын пайдалануучуларга башка телекоммуникациялардын операторлорунун тарамдары аркылуу кошулууну камсыз кылса, 2 айдын ичинде трафикти өткөрүүнүн финансылык шарттары боюнча макулдашууга жетишилбеген учурда;

Тарамдар аралык кошулуу төмөнкүдөй учурларда толук токтотулушу мүмкүн:

а) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актысынын негизинде;

б) үч айлык жана андан ашык мезгил үчүн тарамдар аралык кошулуу жөнүндө макулдашуу боюнча карыз болгондо;

Тарамдар аралык кошулуу жөнүндө макулдашуу төмөнкүдөй учурларда бузулушу мүмкүн:

а) телекоммуникациялардын операторунун ишине лицензия токтотулганда же жоюлганда;

б) телекоммуникациялардын операторунун иши токтотулганда;

в) тарамдар аралык кошулуунун алкагында пайдаланылуучу номерлештирүү ресурсу толук алып салынганда;

г) 60 (алтымыш) ырааттуу календардык күндүн ичинде пайдалануучулук трафикти өткөрүү үзгүлтүксүз жок болгондо. Мында тарамдар аралык кошулуу жөнүндө макулдашууну бузууну демилгелеген телекоммуникациялардын оператору 60 (алтымыш) ырааттуу календардык күндүн ичинде пайдалануучулук трафикти өткөрүү үзгүлтүксүз жок болгондугун тастыктаган эсептешүү тутумунун дайындарына, тарамдар аралык каналдарды жүктөө боюнча маалыматтарга ээ болууга тийиш.

8. Тарамдар аралык кошулууну бир тараптуу тартипте токтоткон телекоммуникациялардын оператору өз ара аракеттенүү токтотулган күндөн кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусуна билдирүүгө милдеттүү.

9. Телекоммуникациялардын оператору өз ара аракеттенүүнүн эки айлык мезгилинен ашкан тарамдар аралык кошулуу жөнүндө макулдашуу боюнча карыздын бардык фактылары жөнүндө телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусуна билдирүүгө милдеттүү.

190-берене. Талаш-тартыштарды кароо

1. Телекоммуникациялардын операторлорунун ортосунда өз ара аракеттенүү маселелери боюнча талаш-тартыштар келип чыккан учурда, тараптардын кайсынысы болбосун сотко чейинки кароо тартибинде телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусуна кайрылууга милдеттүү.

2. Талаш-тартышты тынч чечүүгө жетишүү максатында тараптар милдеттүү түрдө алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана кат алышууларды жүзөгө ашырат.

3. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу талаш-тартышты сотко чейинки кароо жөнүндө кайрылууну ал алынган датадан тартып 2 айдын ичинде карайт.

4. Талаш-тартышты кароо максатында телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу кандай болбосун дайындарды суратууга укуктуу, аларды берүүдөн баш тартылышы мүмкүн эмес.

5. Талаш-тартыш телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу тарабынан төмөнкүдөй учурларда каралбайт:

1) эгерде талаш-тартыштын предмети болуп санариптик технологиялык тутумдарды пайдалануу менен өз ара аракеттенүү саналбаса;

2) эгерде талаш-тартыштын предмети болуп өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну түзүү саналса, ошол эле учурда бир телекоммуникациялардын оператору макулдашууну түзүү жөнүндө суроо-талапты экинчи операторго жөнөткөн учурдан тартып 3 айдан аз убакыт өтсө;

3) эгерде сүйлөшүүлөр процессинин жүрүшүндө жасалган соңку иш-аракеттин датасынан тартып бир жылдан ашык убакыт өтсө.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарында каралган учурларда телекоммуникациялардын оператору тикелей сотко кайрылууга укуктуу.

7. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу талаш-тартышты чечүү максатында өзүнүн чечиминде өз ара аракеттенүүнүн тараптар үчүн милдеттүү болуучу техникалык жана (же) финансылык шарттарын белгилөөгө укуктуу.

8. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу талаш-тартыш боюнча чечимди талаш-тартыштын предметине тийиштүү болгон жана берилген дайындарды эске алуу менен чыгарат. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун чечими административдик акт түрүндө чыгарылат жана сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

9. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө чечим чыгарбаган учурда, талаш-тартыш чечилди деп эсептелбейт, ал эми телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун жетекчиси аракетсиздиги үчүн укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

23-глава. Жасалма интеллект тутумдары

191-берене. Жасалма интеллект тутумдарын долбоорлоо, иштеп чыгуу жана колдонуу принциптери

1. Ушул Кодексте белгиленген учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында жасалма интеллект тутумдары чектөөлөрсүз долбоорлонот, иштелип чыгат жана колдонулат.

2. Жасалма интеллект тутумдарын долбоорлоо, иштеп чыгуу жана колдонуу ыкмалары алардын ээлери тарабынан жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен төмөнкүдөй тармактык принциптердин негизинде аныкталат:

1) жасалма интеллект тутумдарын корголуучу байлыктарга зыян келтирүү тобокелдиктерин төмөндөтүү зарылчылыгын эске алуу менен жөнгө салуу, иштеп чыгуу жана пайдалануу (тобокелдиктерди төмөндөтүү принциби);

2) жасалма интеллект тутумдарынын мүнөздөмөлөрүнүн түшүнүктүүлүгү жана алдын ала белгилүүлүгү, анын техникалык документтеринин жеткиликтүүлүгү (ачыктык принциби);

3) жасалма интеллект тутумдарынын чечимдери жана сунуштамалары үчүн негиздердин түшүнүктүүлүгү, мындай негиздерди кайра текшерүү мүмкүнчүлүгү (түшүндүрмөлүүлүк принциби);

4) жасалма интеллект тутумдарын колдонууну адам тарабынан натыйжалуу контролдоо (контролдонуучулук принциби);

5) жасалма интеллект тутумдарын колдонуунун натыйжаларынын аларды колдонуунун максаттарына шайкеш келген аныктыгы (тактык принциби);

6) жасалма интеллект тутумунун иштөөсүндө үзгүлтүктөрдү болтурбоо жана үзгүлтүктөр же пландан тышкары тышкы таасирлер болгон учурда анын негизги функцияларынын сакталышы боюнча чараларды көрүүнүн негизинде тутумдардын күтүүсүз үзгүлтүктөргө жана бузулууларга карата туруктуулугу (ишенимдүүлүк принциби);

7) жасалма интеллект тутумдарынын санкцияланбаган тышкы таасирлерден корголушу (коопсуздук принциби).

3. Ушул беренеде аныкталган принциптер жасалма интеллект тутумдарын долбоорлоо, иштеп чыгуу, колдонуу боюнча мамилелерди, анын ичинде жасалма интеллект тутумдарына карата талаптарды аныктоодо укуктук жөнгө салуунун негизин түзөт. Жасалма интеллект тутумдарына карата белгиленген талаптарды аткаруу ушул беренеде каралган принциптердин сакталышын камсыз кылат.

192-берене. Жасалма интеллект тутумдарын долбоорлоого, иштеп чыгууга жана колдонууга байланыштуу чектөөлөр жана жоопкерчилик

1. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарына карата милдеттүү талаптар же болбосо башка чектөөлөр ушул Кодексте төмөнкүдөй байлыктарга (корголуучу байлыктар) зыян келтирүү тобокелдигин минималдаштыруу максатында гана белгилениши мүмкүн:

1) адамдардын өмүрү жана саламаттыгы;

2) адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиги;

3) айлана-чөйрө;

4) мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгү;

5) мамлекеттин улуттук коопсуздугу;

6) коомдук тартип.

2. Жасалма интеллект тутумдарын корголуучу байлыктарга максаттуу жана алдын ала билип туруп, мыйзамсыз зыян келтирүү үчүн долбоорлоого, иштеп чыгууга же колдонууга тыюу салынат.

3. Жасалма интеллект тутумдарынын ээлери жана пайдалануучулары алардын кооптуулук даражасына карабастан, мындай тутумдарды долбоорлоодо. иштеп чыгууда жана колдонууда корголуучу байлыктарга зыян келтирүү тобокелдиктерин минималдаштыруу үчүн бардык жөндүү жана зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү жана келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Жасалма интеллект тутумдарын долбоорлоонун, иштеп чыгуунун жана колдонуунун эрежелери жана стандарттары жасалма интеллект тутумдарынын ээлеринин кесиптик бирикмесинин регламентинде белгилениши мүмкүн жана өзүнө кесиптик этикага, жасалма интеллект тутумдарынын кооптуулугун баалоого. тобокелдиктерди башкарууга, жасалма интеллект тутумдарын долбоорлоого жана иштеп чыгууга, санарип дайындарын башкарууга жана сапатты башкаруу тутумуна карата талаптарды, ошондой эле ушул Кодекске карама-каршы келбеген жана аткарылуусу милдеттүү болгон башка талаптарды камтууга тийиш.

193-берене. Жасалма интеллект тутумдарынын кооптуулугун баалоо

1. Кыргыз Республикасында колдонулуучу бардык жасалма интеллект тутумдары аларды колдонуу корголуучу байлыктарга коркунуч жаратышы мүмкүн болгон кооптуулук боюнча бааланууга тийиш.

2. Кооптуулукту баалоо жасалма интеллект тутумунун ээси тарабынан төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:

1) жасалма интеллект тутумдарын долбоорлоо же ага өзгөртүүлөрдү пландоо этабында;

2) жасалма интеллект тутумун иштеп чыгуу аяктаганда же аны колдонуу же ага пландалган өзгөртүүлөр башталганга чейин;

3) жасалма интеллект тутумунун ээсине же пайдалануучуга белгилүү болуп калган жана анын кооптуулугун баалоонун жыйынтыгына таасир эте турган, жасалма интеллект тутумунда же аны колдонуу чөйрөсүндө орун алган ар кандай пландалбаган өзгөрүүдө.

3. Кооптуулукту баалоо жасалма интеллект тутумунун ээси тарабынан Министрлер Кабинети белгилеген талаптарга ылайык, жалпы таанылган дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен ал өз алдынча аныктаган усулдук боюнча жүзөгө ашырылат.

4. Мамлекеттик сырларга тиешелүү маалыматты кошпогондо, жасалма интеллект тутумунун кооптуулугун баалоонун жыйынтыктары жана баалоо усулдугу жасалма интеллект тутумунун ээсинин сайтында жөнөкөй жана жеке адамдарга түшүнүктүү таризде, ошондой эле ачык дайындар форматында жайгаштырылууга тийиш.

194-берене. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдары

1. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарына аларды колдонуу альтернативдик ыкмаларга салыштырмалуу корголуучу байлыктарга зыян келтирүү тобокелдигинин (ыктымалдыгын же өлчөмүн) мындай тобокелдиктерди башкаруу чараларын көрүү талап кылынуучу деңгээлге чейин жогорулаткан тутумдар кирет.

2. Кооптуулугун баалоонун жыйынтыктары боюнча жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарына киргизилген жасалма интеллект тутуму ушул Кодексте белгиленген талаптар сакталган шартта мындай тутумдун бүтүндөй иштөө түрмөгүнүн ичинде долбоорлонушу, иштелип чыгышы жана колдонулушу мүмкүн.

3. Эгерде тиешелүү чечимдерди кабыл алууда же иш-аракеттерди жасоодо жасалма интеллект тутумун колдонуу көмөкчү мүнөзгө гана ээ болсо жана корголуучу байлыктарга зыян келтирүү тобокелдигинин жогорулашына алып келбесе, ал кооптуулугу жогору жасалма интеллект тутумдарына киргизилиши мүмкүн эмес.

4. Министрлер Кабинети кооптуулугу жогору жасалма интеллект тутумдарына төмөнкүлөргө карата талаптарды белгилейт:

1) тобокелдиктерди башкарууга;

2) мындай тутумдардын ачыктыгын, түшүнүктүүлүгүн, контролдонуучулугун, тактыгын, ишенимдүүлүгүн жана санариптик туруктуулугун камсыз кылуучу аталган тутумдардын мүнөздөмөлөрүнө;

3) мындай тутумдар үчүн санарип дайындардын сапатына;

4) мындай тутумдардын техникалык документтерине.

5. Кооптуулугу жогору жасалма интеллект тутумунун ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) мындай тутумдун милдеттүү талаптарга шайкештигин камсыз кылууга;

2) ушул Кодекстин талаптарына ылайык келген тобокелдиктерди башкаруу тутумун киргизүүгө жана мындай тутумдун бүтүндөй иштөө түрмөгүнүн ичинде кармап турууга;

3) мындай тутумдун талаптагыдай техникалык документтерин иштеп чыгууга;

4) тутум анын контролу алдында турган мезгилде анын иш журналдарынын сакталуусун камсыз кылууга;

5) тутумду колдонуу башталганга чейин анын ушул Кодексте белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоого;

6) тутумдун белгиленген милдеттүү талаптарга карата аныкталган шайкеш эместиктерин четтетүү боюнча чараларды көрүүгө;

7) эгерде мындай иш-аракеттер ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылып жатса, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча - тутумду долбоорлоону жана иштеп чыгууну токтотуп турууга, ал эми соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча - токтотууга.

195-берене. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын милдеттүү талаптарга шайкештигин тастыктоо

1. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарын колдонуу башталганга чейин анын ээси декларация кабыл алуу аркылуу анын ушул Кодексте белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоого милдеттүү. Аталган декларациянын таризи, ошондой эле анын мазмунуна карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Кабыл алынган декларация санарип документи таризинде баяндалууга, квалификацияланган санарип кол тамгасы коюлууга жана жасалма интеллект тутумунун ээсинин сайтына жайгаштырылууга тийиш. Аталган декларация жалпыга жеткиликтүү санарип жазмаларына кирет.

196-берене. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарын пайдалануу

1. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын пайдалануучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) аны эксплуатациялоо боюнча колдонмого ылайык пайдаланууга;

2) мындай тутумду пайдалануу менен иштелип чыгуучу санарип дайындарынын релеванттуулугун камсыз кылууга;

3) тутумду пайдалануу мезгилинде анын ишин натыйжалуу контролдоону, анын ичинде бул үчүн зарыл болгон ресурстарды бөлүүнү жана мындай контролдоо үчүн жооптуу болгон жактарды аныктоону камсыз кылууга;

4) тутумду эксплуатациялоо боюнча колдонмого ылайык пайдалануу корголуучу байлыктарга зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн деп болжолдоого негиздер болгон учурда тутумдун ээсине токтоосуз билдирүүгө жана аны пайдаланууну токтотуп турууга;

5) тутум анын контролунда турган мезгилде анын иш журналдарынын сакталышын камсыз кылууга;

6) тутумдун ээси тарабынан берилген маалыматты ушул Кодексте каралган милдеттерди аткаруу үчүн пайдаланууга;

7) эгерде мындай иш-аракеттер ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылып жатса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча мындай тутумду колдонууну токтотуп турууга, ал эми соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актысы боюнча - токтотууга.

2. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумун жеке же юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндигинин же мыйзамдуу кызыкчылыктарымын бузулушуна алып келүүгө жөндөмдүү чечимди кабыл алуу үчүн пайдаланылуучу натыйжаны алуу үчүн колдонууда аталган тутумдун пайдалануучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жеке жактар - керектөөчүлөр менен өз ара аракеттенүү үчүн тутумду долбоорлоо, иштеп чыгуу же колдонуу учурунда мындай тутумдун мүнөздөмөлөрү, анын иштөө принциптери жөнүндө, ошондой эле тиешелүү натыйжаны алуунун жана колдонуунун принциптери жөнүндө жалпы маалыматтарды өз сайтына жайгаштырууга, ал эми калган учурларда - жеткиликтүү жана түшүнүктүү таризде берүүгө;

2) мындай чечим кызыкчылыктарын козгогон жактардын талабы боюнча аларга мындай тутумду колдонуу менен алынган натыйжаны алуунун өбөлгөлөрүн жана ыкмаларын түшүнүүгө жана текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматты жеткиликтүү жана түшүнүктүү таризде акысыз берүүгө.

3. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумун пайдалануучуга же болбосо башка жакка мындай тутумдун ээсинин милдеттери төмөнкүдөй учурларда жүктөлөт, эгерде:

1) тутум мындай жактын атынан (анын аталышы, товардык белгиси же болбосо ушул сыяктуу белгиси менен) эксплуатациялоого киргизилсе;

2) мындай жак тутум эксплуатациялоого киргизилгенден кийин анын багытын өзгөртсө, же болбосо ага олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизсе;

3) тутум жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутуму же мындай тутумдун бөлүгү болуп калгандай түрдө эксплуатациялоого киргизилсе, же болбосо анын багыты өзгөртүлсө.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларда жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумунун баштапкы ээси тиешелүү тутумга карата ушул главада каралган милдеттерди аткаруудан бошотулат.

5. Эгерде жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутуму пайдалануучу тарабынан жеке жана үй-бүлөлүк муктаждыктары үчүн гана колдонулса, мындай пайдалануучу ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-6-пункттарында жана 2-бөлүгүндө каралган милдеттерден бошотулат. Ошол эле учурда, мындай колдонуунун натыйжасында үчүнчү жактардын укуктары, эркиндиги жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган учурларда, аталган милдеттерди аткаруу үчүн жоопкерчиликти ошол пайдалануучу жана тиешелүү тутумга жетүү мүмкүндүгүн ага берген жак бирдей тартат.

197-берене. Жасалма интеллект тутумдарынын айрым түрлөрүн колдонууда маалыматты ачыкка чыгаруу

1. Жасалма интеллект тутумдарын жеке жактар - керектөөчүлөр менен өз ара аракеттенүү максатында долбоорлогон, иштеп чыккан же аларды колдонгон мындай тутумдардын ээлери жана пайдалануучулары, мындай өз ара аракеттенүү жагдайдан улам шексиз болгон учурларды кошпогондо, аларга жасалма интеллект тутуму менен өз ара аракеттенүү фактысы тууралуу маалымдоого милдеттүү. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин алкагында жасалма интеллект тутумдарын колдонуу жөнүндө маалыматтар жалпыга жеткиликтүү маалымат болуп саналат. Бул маалыматтар тиешелүү тутумдардын пайдалануучуларынын сайттарында жана улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусунун сайтында жөнөкөй жана түшүнүктүү таризде жарыяланышы керек.

2. Эмоцияларды таануу же жеке жактарды биометрикалык белгилери боюнча классификациялоого арналган жасалма интеллект тутумунун пайдалануучулары жеке жактарга карата мындай тутумдар колдонулганы жөнүндө аларга маалымдоого тийиш.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган милдеттер жасалма интеллект тутумдарынын аларга карата мындай маалымдоо төмөнкүлөрдү камсыз кылуу максатында аларды багыты боюнча мыйзамдуу пайдаланууга тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон иш-милдеттерин долбоорлоого, иштеп чыгууга жана колдонууга карата жайылтылбайт:

1) коргонуу жөндөмдүүлүгүн;

2) улуттук коопсуздукту;

3) кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, тергөө жана кылмыш куугунтугун жүзөгө ашыруу жагынан коомдук тартипти.

4. Жасалма интеллект тутумдарын дипфейктер үчүн пайдаланган мындай тутумдарды пайдалануучулар материалдардын жасалма келип чыккандыгы же өзгөртүлгөндүгү тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга тийиш.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган милдет мындай сүрөттөрдү же материалдарды ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган корголуучу байлыктарды коргоо максатында же илимий, техникалык, көркөм жана чыгармачылыктын башка түрлөрүнүн, сабак берүүнүн жана окутуунун эркиндигине укукту ишке ашыруу максатында мыйзамдуу пайдалануу учурларына карата жайылтылбайт.

6. Ушул берененин 3 жана 5-бөлүктөрүндө каралган өзгөчөлүктөрдү колдонууга адамдын жана жарандын козголгон укуктарын жана эркиндигин коргоо үчүн зарыл чаралар көрүлгөн шартта гана жол берилет.

24-глава. Санарип чөйрөсүндөгү мамилелердин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу

198-берене. Мурда берилген документтердин колдонулушу

1. Радио жыштык ресурсуна лицензиялар ушул Кодекске ылайык радио жыштыктарды бөлүп берүү жөнүндө чечимдер катары таанылат жана аларда көрсөтүлгөн бүткүл мөөнөттүн ичинде колдонулат. Радио жыштык ресурсуна лицензияларды узартуу, кайра тариздөө, жокко чыгаруу ушул Кодексте радио жыштык спектрин пайдалануу укугун узартуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү, токтотуу үчүн белгиленген эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат. Радио жыштык ресурсуна лицензиялар кайрадан тооруктарга коюлушу мүмкүн эмес.

2. Жыштыкты ыйгарууга уруксаттар ушул Кодекске ылайык радио жыштыктарды ыйгаруу жөнүндө чечимдер катары таанылат жана аларда көрсөтүлгөн бүткүл мөөнөттүн ичинде колдонулат. Жыштыкты ыйгарып берүүлөрдү узартуу, кайра тариздөө, жокко чыгаруу ушул Кодексте радио жыштыктарды ыйгаруу жөнүндө чечимди узартуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү, токтотуу үчүн белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат. Жыштыкты ыйгаруунун ээсинин каалоосу боюнча жана ушул Кодексте белгиленген негиздер болгондо, телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу жалпы ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарууга милдеттүү.

3. Электр байланышы жаатындагы жана дайындарды берүү жаатындагы ишке лицензиялар ушул Кодекске ылайык телекоммуникациялардын операторлорунун ишине лицензиялар катары таанылат жана мөөнөтсүз колдонулат. Электр байланышы жаатындагы жана дайындарды берүү жаатындагы ишке лицензиялар алардын ээсинин каалоосу боюнча телекоммуникациялардын операторунун лицензияларына төлөм алуусуз кайра таризделиши мүмкүн.

4. Санарип реестрлерине жазмалар ушул Кодекске ылайык мурда берилген документтердин негизинде, мурда берилген лицензиялардын, уруксаттардын, номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү жөнүндө чечимдердин жана сертификаттардын колдонуу мөөнөтүн токтотпостон киргизилет, мында санарип реестрлерине жазмаларды киргизүү үчүн кошумча уруксаттарды алуу жана төлөмдөрдү жүргүзүү талап кылынбайт.

5. Электрондук кол тамга сертификаттары ушул Кодекске ылайык санарип кол тамгасынын сертификаттары катары таанылат жана аларда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин колдонулат.

6. Ушул Кодекс күчүнө киргенге чейин түзүлгөн жөнөкөй электрондук кол тамгаларга карата ушул Кодекстин санарип идентификаторлоруна тийиштүү эрежелери колдонулат.

199-берене. Маалыматты санарип технологияларын пайдалануусуз иштеп чыгуу жана берүү боюнча мамилелерди жөнгө салуу

1. Тийиштүү ишти лицензиялоо учурларын кошпогондо, кабарламаларды санарип технологияларын пайдалануусуз берүү ушул Кодекс менен жөнгө салынбайт жана жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Кабарламаларды санарип технологияларын пайдалануусуз берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчү жактар кат алышуунун, почта, телеграфтык жана башка кабарламалардын купуялыгын сактоого милдеттүү.

3. Эгерде ушул Кодексте каралган укуктук мамилелердин субъекттерине билдирүү боюнча милдетти аткарууну тийиштүү байланыш маалыматынын жоктугунан улам санарип технологияларын пайдалануу менен жүзөгө ашыруу мүмкүн болбосо, субъектке билдирүү ал өзү жеке кайрылганда ишке ашырылат.

4. Мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санарип эмес жазмалар түрүндө берилген маалымат ресурстары (мамлекеттик же муниципалдык маалымат ресурстары) тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик же муниципалдык санарип ресурстарына кайра түзүлүүгө тийиш. Мамлекеттик жана муниципалдык маалымат ресурстарын санариптештирүү аяктаганга чейин аларда камтылган маалымат мамлекеттик жана муниципалдык санарип ресурстарында камтылган маалыматтай эле негиздерде жана ошол эле чектөөлөр менен пайдаланылат.

200-берене. Улуттук экотутумду түзүү

Мамлекеттик маалымат тутумдарынын жана мамлекеттик маалымат ресурстарынын ээлери (иштеп чыгуучулары) алар жөнүндө маалыматтардын ушул Кодексте белгиленген тартипте улуттук экотутумдун реестрине киргизилишин камсыз кылууга милдеттүү.


Кыргыз Республикасынын Президенти


С.Жапаров




2025-жылдын 18-июнунда


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган