Бүгүн биз ЕККУнун экономикалык жана экологиялык ишмердүүлүгүнүн координатору, элчи Игли Хасани менен жолугуштук. Ошондой эле жолугушууда экономикалык кеңешчи Эни Гьерджи жана аймактарды өнүктүрүү боюнча кеңешчисинин милдетин аткаруучу Стайн Сваанен катышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Агенттиктин директору Нурия Кутнаева өлкөдө жеке маалыматтарды коргоо системасын түзүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

Сүйлөшүүлөрдүн жана жеке маалыматтарды башкаруунун жана коргоонун туруктуу системасын куруунун актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуунун алкагында тараптар потенциалдуу кызматташуу боюнча макулдашышты.