Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Окуу борборунун расмий ачылышы өттү. Иш-чара бүгүн, 25-июль күнү сыйлуу коноктордун, окутуучулардын жана студенттердин катышуусунда өттү. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев жана Жогорку технологиялар паркынын директору Азис Абакиров сыйлуу коноктордун арасын толуктады.

Азыркы учурда, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен 120 мамлекеттик кызматкер үчүн курстар акысыз өткөрүлөт.

Ачылышта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурия Кутнаева бардыгын борбордун ачылышы менен куттуктады: «Биз Окуу борборун ишке киргизе алдык жана мамлекеттик кызматкерлерди гана эмес, ошондой эле суроо-талапка ээ болгон инновациялык адистиктерди каалагандардын баарын даярдай алганыбызга абдан сыймыктанабыз», - деди. 

Ошондой эле иш-чарада угуучуларга курстардын бардык окутуучулары тааныштырылды. Учурда Окуу борбору төрт багыт боюнча иш алып барат: жеке маалыматтарды коргоонун мыйзамдык негиздери, киберкоопсуздук, маалыматтар аналитикасы жана санариптик көндүмдөр (Excel). Курстун катышуучулардын арасында мамлекеттик кызматкерлер гана эмес, коммерциялык уюмдардын кызматкерлери да бар. 

«Мамлекеттик кызматкерлердин кадрдык потенциалын жогорулатуу абдан маанилүү. Санариптик көндүмдөрдү билүү талабы биздин ишибиздин ажырагыс бөлүгү болуп калды”, -деп билдирди өз сөзүндө КР Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев.

Эске салсак, курстар орто эсеп менен эки жумадан алты айга чейин созулат. Акыркы маалыматтар https://okuu.dpa.gov.kg  сайтында жана Facebook, Instagram социалдык тармактарында жарыяланып турат.