Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик «Яндекс.Такси Корп» ЖЧКсы тарабынан Кыргызстандын жарандарынын маалыматтарын иштеп чыгуунун мыйзамдуулугун изилдөө үчүн суроо-талап жөнөттү Массалык маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-сентябрынан тарта Россиянын Федералдык кызматы (ФСБ) «Яндекс Такси» кызматын колдонуучулардын, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы (КР) колдонуучуларынын маалыматтарын алуу мүмкүнчүлүнө ээ болот. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) Yandex Go тиркемесин жана анын Купуялык саясатын изилдеп чыкты. Жыйынтыгында айрым мыйзам бузуулар аныкталды. Yandex Go мобилдик тиркемесинде купуялык саясаты орус тилинде гана берилген жана ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбеген жоболорду камтыйт. Мындан тышкары, документте " Яндекс зыярат кылган уюмдар, табиттер жана артыкчылыктар, телефон китепчелеринин маалыматтары жана башкалар жөнүндө маалыматтарды чогултушу мүмкүн " деп айтылат. Бирок бул маалыматтар кандай максатта чогултулуп жатканы жазылбагандыктан, бул субъектинин укугун бузуу болуп саналат.  
        Агенттик ошондой эле эгерде маалыматтарды иштеп чыгуу борбору Кыргызстандын аймагында жайгашпаса, жеке маалыматтарды мындай өткөрүп берүү жеке маалыматтарды трансчегаралык өткөрүп берүү болуп саналаарын белгилейт. Мындан тышкары, жеке маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга ички мыйзамдардын талаптарын сактабастан өткөрүп берүү мыйзам бузуу катары каралат жана коомдук коркунучтун даражасына жараша жазанын түрү колдонулушу мүмкүн. Ошол эле учурда өлкөнүн аймагында КРнын жарандарынын жеке маалыматтары менен иш алып баруу үчүн бардык юридикалык жактар Жеке маалыматтар массивдеринин кармоочуларынын (ээлеринин) реестринде катталууга тийиш. Бирок, 2023-жылдын 9-августуна карата «Яндекс.Такси Корп» жоопкерчилиги чектелген коому Реестрде каттоо жана бекитүү процедурасынан өткөн эмес.  
        Агенттик "Яндекс.Такси Корп" ЖЧКсынын дарегине сервердик инфратүзүм боюнча, КРнын жарандарынын жеке маалыматтарын иштеп чыгууну жүзөгө ашырган уюмдар менен өз ара аракеттенүү боюнча документтерди берүү, эгер сервердик инфратүзүм өлкөнүн чегинен тышкары жайгашкан болсо, ошондой эле «Яндекс.Такси Корп» ЖЧКсынын кардарларынын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдук алуунун тартиби жана формасы жөнүндө маалымат берүү боюнча суроо-талап жөнөткөн.