Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик бардык министрликтердин санариптештирүү боюнча министрлердин орун басарларына окууларды өткөрүүдө. 

Тренингдин биринчи күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өттү. Министрлер кабинетинин башчысы инновациялар, маалымат базаларын түзүү жана алардын ортосунда маалымат алмашуу, жеке маалыматтарды коргоо, санариптик көндүмдөрдү үйрөтүү – мунун баары өлкөнү санариптештирүү үчүн маанилүү компоненттер экенин белгиледи.

 "Санариптик инструменттердин аркасы менен биз салык чогултууну көбөйттүк жана Президентибиз койгон пландарды аткара алабыз. Технологиянын тез өнүгүүсүндө мамлекет мурдагыдай деңгээлде кала албайт. Ошондуктан, мамлекеттик кызматкерлерибиздин жаңы инструменттерди жана ыкмаларды мамлекеттин пайдасына максималдуу түрдө пайдалана алышы үчүн аларга санариптик көндүмдөрдү окутууга инвестициялоо маанилүү. Менин тапшырмам боюнча, тренингдердин жыйынтыгы боюнча аттестациялоо экзаменин өткөрүп, жыйынтыгын мага билдириши керек», — деди Акылбек Жапаров. 

Белгилей кетсек, министрлердин орун басарлары санариптик трансформациянын стратегиялары, электрондук өкмөттүн мыйзамдык негиздери, маалыматтык системалардын механизмдери, жеке маалыматтарды коргоо багыттары боюнча окуудан өтүшөт. Практикалык сессиялар санариптик лидерлер үчүн пайдалуу санариптик куралдар менен тааныштырат. Практикалык сабактардын учурунда санариптик лидерлер үчүн пайдалуу санариптик инструменттер көрсөтүлөт. Тренинг Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Санариптик өнүктүрүү бөлүмү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулуп, 2023-жылдын 14-августунан 16-августуна чейин өткөрүлөт.