Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги жана Окуу Борбору,  Эл аралык “Ала-Тоо” университети менен өз ара аракеттенүүсү жана кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту.  Меморандумга кол коюу 7-октябрда “Ала-Тоо” эл аралык университетинде тренерлер үчүн тренинг өткөрүү учурунда болуп өттү.  Тараптар ишке ашырууга багытталган биргелешкен долбоорлор жана идеялар менен алмашышты. Мындай иш-чаралардын бири мамлекеттик агенттиктин жана окуу борборунун тренерлери үчүн өткөрүлгөн тренинг болду.  Тренингде "Ала-Тоо" эл аралык университетинин педагогдору эмоционалдык интеллект, педагог менен студенттердин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө айтып беришти. Жыйынтыгында үч тарап тең келечекте натыйжалуу жана узак мөөнөттүү кызматташуу ниетин билдиришти.

💼📚 #Сотрудничество #ЗащитаДанных #Образование