Акыркы маалыматтар боюнча, 2023-жылдын 10-октябрына карата жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестринде мамлекеттик жана коммерциялык түзүмдөрдү кошкондо 1110 уюм каттоодон ийгиликтүү өттү. Белгилей кетсек, Кыргызстандагы 23 коммерциялык банктын 13ү Реестрге катталуу процедурасын аяктаган. Алардын арасында ААК "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН", ЖАК "Кыргыз-Швейцариялык Банк", ААК "Капитал Банк", ААК "РСК Банк", ЖАК "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк", "БАКАЙ БАНК, ААК "Халык Банк Кыргызстан", ААК "Айыл Банк", ААК "Керемет Банк", ЖАК "ФИНКА Банк", ААК "Компаньон Банкы" жана ЖАК "Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк" бар.
Мамлекеттик агенттик буга чейин Реестрге катталуу процедурасынан өтө элек бардык юридикалык жактарды бул процессти токтоосуз баштоого чакырат. Реестрде катталбагандыгынын фактысы аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 228 жана 228-1-беренелеринде каралган жаза-чаралары колдонулат.
Биз бардыгыңыздарды мыйзамды сактоого жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын ишенимдүү коргоону камсыз кылууга чакырабыз.
Мыйзамдык негиз:
1. Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамынын 16- жана 30-беренелери;
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы №638 токтому