КР Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Агенттиктин Окуу борборунун кызматкерлери Бишкектеги «Үмүт үйү» карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык мекемесинде болушту.

 Карылар күнүнө карата бир айлыктын алкагында Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Окуу борборунун жамааты 20-октябрь күнү Бишкектеги карылар жана майыптар үчүн «Үмүт үйү» социалдык мекемесинин тургундарын куттуктап, кызматкерлерге рация белек кылышты. 

Мындан тышкары, жеке маалыматтарды коргоо жана маалыматтык технологиялар темасында мекеменин жашоочуларына жана кызматкерлерине менен таанышуу маеги жана чакан мастер-класс өткөрүлдү. 

"Көбүнчө биздин чоң ата, чоң энелерибиз алдамчылардын курмандыгы болуп, аларга акча которушат, ар кандай жарнамаларга алданышат. “Үмүт үйүнүн” тургундары өз турмушундагы окуяларды айтып беришти, биз болсо өз кезегибизде алардын суроолоруна жооп бердик. Алар менен жолукканыбызга абдан кубандык. Бул биздин акыркы жолугушуубуз эмес деп үмүттөнөбүз", - деди Агенттиктин жана Окуу борборунун кызматкерлери.