💻Бүгүн, 2023-жылдын 24-октябрында Бишкек шаарында, Достук отелинде, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик, Бишкектеги ЕККУнун Программалык офиси менен биргеликте «Саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн кибергигиена. Саламаттык сактоо системасында жеке маалыматтарды коргоо.  КР Саламаттык сактоо системасындагы киберкоопсуздук» аталышындагы саламаттык сактоо системасындагы жеке маалыматтарды коргоо суроолору боюнча тренинг өткөрүштү.

🧾Иш-чарада Жеке маалыматтарды корго боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Алмамбет Касымбеков, Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Клим Омельченко жана Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов катышышты.   

✅Бул иш-чаранын максаты – маалыматтардын коопсуздугун камсыздоонун негизги принциптери жана ыкмалары боюнча кызматкерлердин компетенциясын жакшыртуу, ошондой эле интернет тармагында мүмкүн болгон тобокелдиктер жана коркунучтар тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.   

✅Агенттиктин м.а. А. Касымбеков Агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берип, жеке маалыматтарды коргоо маанилүү экенин белгиледи. Ал эми саламаттык сактоо жана санариптик өнүктүрүү министрлеринин орун басарлары М. Исмаилов жана К. Омельченко бул тренинг абдан маанилүү экенин айтышып, өзгөчө саламаттык сактоо системасындагы маалыматтар сезимтал катары эсептелип, атайын категорияга кирерин белгилешти.  

 ◀ Мындан тышкары, тренингде санариптик тармагындагы эксперттер кибергигиена, ИИ-технологиясын колдонуу жана саламаттык сактоо тармагындан маалыматтар системасынын коопсуздугу тууралуу айтып беришти.