Бүгүн, 2023-жылдын 25-октябрында билим берүү системасынын кызматкерлери үчүн тренинг өткөрүлдү. 

Иш-чаранын ачылышында КР Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация башкармалыгынын башчысы Нурлан Шаршенбай уулу билим берүү кызматкерлери үчүн мындай тренингдер өтө маанилүү экенин белгиледи. "Биз үчүн кибергигиена, киберкоопсуздук, жалпы эле санариптик чөйрө боюнча тренингдер абдан маанилүү экенин белгилегибиз келет. Айрыкча балдардын коопсуздугу. 

Ошондуктан мен мындай тренингдер систематикалуу болуп, жыл сайын жаңы маалыматтарды үйрөнүү керек деп эсептейм. Биздин мугалимдер жана балдар санариптик чөйрөдө, интернетте өзүн кандай алып жүрүүнү билиши керек", - деп кошумчалады Н. Шаршенбай уулу.  Окуу борборунун директору Айжан Токтосунова Агенттиктин жана Окуу борборунун негизги ишмердүүлүгүнө токтолду. Тренингде Жеке маалыматтардын массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестри жөнүндө кененирээк айтылды. 

Катышуучулар Реестрге каттоо боюнча суроолорду жигердүү көтөрүштү. Санариптик укук тармагындагы адис Ирина Байкулова балдардын жеке маалыматтарын иштетүү маселелери, атап айтканда, социалдык тармактардагы жарнамалык көзөмөл жана “акылдуу” технологиялар, онлайн төлөмдөр жана башкалар тууралуу маалымат берди.  Иш-чарада балдардын интернеттеги коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулду. Жылдыз Тегизбекова бул жааттагы изилдөөсү менен бөлүштү. Катышуучулар киберкоопсуздук темасын класстык сааттарда көтөрүп, эң негизгиси ата-энелер кабардар болуп, балдарга жардам бериши керек деген ойлорун айтышты.