2023-жылдын 31-октябрында КР Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте директордун милдетин аткаруучу Алмамбет Касымбеков, Агенттиктин Окуу борборунун директору Айжан Токтосунова жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев ортосунда жолугушуу болуп өттү. 

Бул жолугушуунун жүрүшүндө тараптар, бүгүнкү күндө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө мамлекеттик институттардын ишинин артыкчылыктарынын бири болуп калган жеке маалыматтарды коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.  

Алмамбет Касымбеков БУУ БКБнын Программалык кеңсеси менен кызматташууга, анын ичинде жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мыйзамдарды иштеп чыгууга, эл аралык кызматташтыкты колдоого, билим берүү жана программаларды иштеп чыгууга жана техникалык камсыздоого даяр экендигин билдирди. Ал ошондой эле Агенттиктин жаңы түзүлгөн Окуу борборун өнүктүрүү боюнча көз карашы менен бөлүштү. 

Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын коргоо жана киберкоопсуздук алкагындагы мүмкүн болгон кызматташтыкты, ошондой эле Агенттиктин Окуу борборун келечектеги өнүгүүсү боюнча активдүү талкуулашты. 

Бул жолугушуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик менен БУУ БКБнын Программалык кеңсесинин ортосундагы кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана санариптик доордо жарандардын маалыматтарын коргоону бекемдөөгө жана алардын укуктарын камсыздоого чакырат.