❗️«Жеке маалыматтар» түшүнүгү конкреттүү адам менен окшоштурулат же окшоштурулушу мүмкүн, ушул адамды түз же кыйыр анын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык түрдүүлүгү үчүн анын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык идентификация үчүн мүнөздүү болгон бир же бир нече факторлорго (мисалы Аты-жөнү, паспорттук маалыматтары, дареги, телефон номери, электрондук почта, фото/видео сүрөттөр жана башка жеке маалыматтар) шилтеме жасоо жолу менен идентификациялоого мүмкүндүк берет.

❗️«Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кармоочунун карамагында турган жеке маалыматтар купуя маалыматка кирет жана субъекттин өзүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана анын жеке маалыматтары үчүн маалыматтын жалпыга жеткиликтүү режими белгилениши мүмкүн.

 ❗️Мындан тышкары «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке маалыматтарды берүүдө маалымат алуучуга бул маалыматтардын купуялуулук режимин сактоо милдети жүктөлөт.

 ❗️Жеке маалыматтарды макулдугусуз жарыялоо адамдын купуялыгын бузуп, керексиз көңүл буруу коркунучуна алып келиши мүмкүн, анын ичинде тажатма адамдар менен беттешүү же ал тургай коопсуздукка коркунуч келтириши мүмкүн. Ошондой эле ачыкка жарыяланган жеке маалыматтарды алдамчылар инсандыкты уурдоо, фишинг, ошондой эле каржы каражаттарына же башка жеке активдерге кол салуу үчүн колдонушу мүмкүн. 

❗️Жеке жарандын өзү үчүн анын жеке маалыматтарына ачык жетүү ар кандай психологиялык кесепеттерге алып келиши мүмкүн (стресс, тынчсыздануу, депрессия). 

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик бардык жарандарды жана мекемелерди жеке маалыматтарды иштеп чыгууга жана сактоого, тобокелдиктерди түшүнүүгө жана Кыргыз Республикасынын маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарын сактоого жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат. 

Биз кызматташууга жана жеке маалыматтарды коргоого жана ар бир жарандын жеке жашоосун камсыздоого багытталган ченемдерди сактоого чакырабыз.