Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында кайрадан жеке маалыматтар жана жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын реестрин толтуруу боюнча бир катар тренингдерди өткөрөт. Агенттик окуу иш-чараларын өзүнүн иш багыттарынын бири болгон – маалымат-билим берүү иш алкагында өткөрүп жатат.

Эки сааттык тренингдер 1-августтан 5-августка чейин (акыркы күндү эске алуу менен) саат 15:00дөн баштап Zoom платформасы аркылуу онлайн режиминде өткөрүлөт. Бул тренингдерге катышуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү чакырылууда.

Окутуу кадамдык нускамалар менен Реестрди толтурууга практикалык мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле «Жеке маалыматтар массивдеринин кармоочуларынын (ээлеринин) реестри» маалыматтык системасында каттоо маселелери талкууланат. Ошондой эле, өзүнчө блок менен жеке маалыматтардын негиздери жана бул багыттагы мамлекеттик негизги демилгелер боюнча окуу өткөрүлөт.

Жакынкы арада мамлекеттик органдар да Реестрди толтурууга милдеттүү болоорун эскертебиз. Анын максаты жеке маалыматтарды чогултуунун жана өткөрүп берүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу болуп саналат: жарандар уюм тарабынан кандай жеке маалыматтар талап кылынарын жана жеке маалыматтардын башка ээлерине жана кайра иштетүүчүлөрүнө кандай жеке маалыматтар берилип жатканын билиши керек.


Маанилүү! Тренингге катышууга бир күнгө чейин бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу маалыматтык системага кирүү үчүн юридикалык жактын булуттуу электрондук кол тамгасын алуу, ошондой эле Реестрди толтуруу боюнча нускама менен таанышуу зарыл. Катышуучулар көрсөтүлгөн күндөрдүн бирин тандашы керек. Тренингге катышуу үчүн шилтеме катышуучулардын электрондук даректерине же мессенджерлерине (WhatsApp, Telegram) жөнөтүлөт. Бардык жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле муниципалдык кызматтар катышууга шилтемени алуу үчүн 2022 –жылдын 1-август күнү саат 12:00дөн кечиктирбестен тандалган күндү жана байланыш даректерин көрсөтүү менен кызматкерлердин катышуусун ырасташы керек. Баланышуу үчүн +996 990 950 850 же info@dpa.gov.kg кайрылса болот.


"Жеке маалыматтар массивдеринин кармоочуларынын (ээлеринин) реестри" системасынын Колдонуучунун жетекчилиги менен Агенттиктин сайтынын - https://dpa.gov.kg/ «Реестр» («Жардам») бөлүмүндө эки тилде  таанышууга болот.