👮 ИИМ жана Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги жеке маалыматтарды коргоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөнүн жарыялайт.

✅ ИИМ жана Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча Мамлекеттик агенттиги жеке маалыматтарды коргоо жана иштетүү механизмдерин жакшыртуу максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөнүн жарыялайт.

✅ Бул демилге ИИМ менен Министрлер Кабинетине караштуу жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ортосунда активдүү кызматташууну гана көздөбөстөн, бир катар конкреттүү милдеттерди ишке ашырууну да камтыйт:
- Жеке маалыматтарды коргоо жана кибер коопсуздук чөйрөсүнүн абалына мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
- Жеке маалыматтарды коргоо жана кибер коопсуздук жаатындагы окуяларга ыкчам жооп кайтаруу;
- Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жаатындагы укук бузууларды жана киберчабуулдарды биргелешип иликтөө;
- Бул чөйрөдө тартип бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштуруу.

✅ Жумушчу тобун түзүү санариптик чөйрөдөгү коркунучтар жана тобокелдиктер менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууда коомдун мамлекеттик органдарга болгон ишеним деңгээлин жогорулатат.

✅ Ведомстволордун жетекчилери биргелешкен аракеттер маалыматтык мейкиндиктин коопсуздугун жакшыртууга жана жарандардын укуктарын коргоого алып келет деп ишенишет.