2022-жылдын июнь айынан август айына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулган тренингдерде 340тан ашык адам окутулду. Жалпысынан көрсөтүлгөн мөөнөттө 14 тренинг жана семинар уюштурулган. Окутуунун темасы – жеке маалыматтарды коргоо, ошондой эле жеке маалыматтардын массивдерин кармоочулардын реестри. Тренингдин катышуучулары 25 мамлекеттик органдын, 24 республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын, 94 айыл өкмөттөрүнүн, 10 коммерциялык эмес жана укук коргоо органдарынын, ошондой эле 18 коммерциялык уюмдардын өкүлдөрү болду.

Мамлекеттик агенттик «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында жеке маалыматтарды коргоо маселелери боюнча маалымдоо иштерин жүргүзүүдө. Мыйзамга ылайык, жарандардын жеке маалыматтарын чогултуучу, сактаган, иштеткен жана пайдаланган мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар жеке маалыматтар массивдеринин ээлери болуп саналат. Ушул Мыйзамдын 30-беренесине ылайык жеке маалыматтардын массивдери жана алардын ээлери Агенттикте милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

Маалыматтык-агартуу иштери Мамлекеттик агенттиктин ишинин негизги багыттарынын бири болуп саналат