Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалыматтык системаларына IT-аудит жүргүзүүнү улантууда.
-Аудиттин максаты - жеке маалыматтардын коопсуздук жана коргоо талаптарына ылайык келишин текшерүү:
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 158 "Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды башка мамлекеттик кармоочулардан (ээлеринен) алган жеке маалыматтардын пайдаланылышына контроль жүргүзүү жөнүндө жобо" токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 "Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №759, "Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу" токтому.
-Жүргүзүлүп жаткан текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө төмөнкү көп кездешкен мыйзам бузуулар алдын ала белгиленген:
Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестринде көзөмөлдөнүүчү органдардын каттоосунун жоктугу;
Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча кармоочунун саясатын аныктаган документтин, жеке маалыматтардын тизмесинин жана аларды иштеп чыгуу максаттарынын жоктугу;
Жеке маалыматтардын коопсуздугуна коркунучтардын тизмесинин жана жеке маалыматтардын маалыматтык системаларында иштеп чыгууда жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого карата талаптардын 5-пунктунун 3-пунктчасына ылайык рейтинг ыйгаруунун жоктугу;
Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга, сактоого жана иштетүүгө, анын ичинде аларды үчүнчү жактарга берүүгө маалыматтык технологияларды жана маалыматтык тутумдарды колдонбостон макулдугун алуу тартибинин жоктугу;
“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн колдонулуучу жабдууларга бөтөн адамдардын жеткиликтүүлүсүн контролдоонун жоктугу;
Жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө мыйзам бузууларды четтетүү боюнча 25 жазма буйрук чыгарылган;
Текшерүү иштери улантылууда.
Агенттик жарандардын жеке маалыматтарынын ишенимдүү корголушун камсыз кылуу, маалыматтын чыгып кетишине жол бербөө жана маалыматты туура эмес пайдалануу үчүн эрежелерди жана талаптарды так сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт.