Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик (Агенттик) бардык жеке маалыматтардын массивдеринин ээлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык купуялуулукту катуу сактоого чакырат.

Жарандардан Агенттиктин дарегине келип түшкөн банктын өзүн өзү тейлөө терминалдарында жеке маалыматтардын көрсөтүлүшү жана жеке маалыматтар камтылган документтердин тийиштүү сакталбаган учурлары тууралуу арыздар олуттуу тынчсызданууну жаратууда.

Маалым болгондой, тиешелүү банктын өзүн-өзү тейлөө терминалында телефон номерди терүүдө, туулган күндү камтыган жеке маалыматтардын көрсөтүлгөндүгү аныкталган. Мындай маалыматтардын жеңил ачыкка чыгып кетиши жеке маалыматтардын уруксатсыз колдонулушу коркунучун бир топ жогорулатат.

Агенттик аныкталган бузууларды жоюуну талап кылуу менен тиешелүү банкка кайрылуу жолдогон. Банк тез арада чара көрүп, зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү менен ашыкча жеке маалыматтарды көрсөтүүнү токтотту.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” мыйзамына ылайык, тиешелүү кызматтарды көрсөтүүдө, конкреттүү транзакцияны жүргүзүү үчүн зарыл болгон минималдуу маалыматтар гана колдонулушу керек.

Агенттик мамлекеттик жана муниципалдык органдарды, финансылык уюмдарды жана жеке менчик компанияларды активдүү кызматташууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын сактоого чакырат. Агенттик жеке маалыматтарды коргоо маселелери боюнча кеп кеңеш берүүгө жана колдоо көрсөтүүгө даяр.

Эгер Сиз кандайдыр бир бузууларга күбө болсоңуз же ушул сыяктуу жагдайга туш болсоңуз, Агенттиктин сайтындагы онлайн-чат же кайтарым байланыш формасы аркылуу, ошондой эле Агенттиктин Instagram, Facebook, социалдык тармактарындагы расмий баракчалары же Телеграм боту аркылуу кабарлап коюңуз.