Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик статистикалык, социологиялык, тарыхый, медициналык жана башка илимий практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жеке маалыматтарды ээсиздендирүүнүн жаңы Тартиби күчүнө киргендиги тууралуу маалымдайт.
Бул Тартипти бекитүү Кыргыз Республикасындагы маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Ал жарандардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун коргоо менен бирге илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн укуктук негизин камсыз кылат.
Тартип Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана жарандардын купуялуулук укуктарын коргоо менен маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылууга багытталган.
Мамлекеттик агенттик бардык уюмдарды, илимий мекемелерди жана жеке маалыматтар менен иштеген изилдөөчүлөрдү жаңы Тартип менен таанышууга жана анын талаптарын сактоого чакырат.