2025-жылдын 13-14-февралында Бишкек шаарында борбор калаанын билим берүү мекемелеринин жетекчилери үчүн жеке маалыматтарды коргоо маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатууга жана Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын реестрин толтуруу боюнча практикалык көндүмдөрдү үйрөтүүгө багытталган тренинг өткөрүлдү. Иш-чарага мектептердин, мектепке чейинки жана башка билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.
Тренингдин жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
Жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мыйзамдар: билим берүү мекемелеринде жеке маалыматтарды иштеп чыгууну жөнгө салуучу негизги ченемдик укуктук актыларга сереп салуу.
Жеке маалыматтардын кармоочуларынын укуктары жана милдеттери: жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын жана билим берүү мекемелеринин жеке маалыматтардын кармоочулары катары милдеттерин түшүндүрүү.
Жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар: жеке маалыматтарды уруксатсыз алуудан, өзгөртүүдөн, таратуудан жана жок кылуудан коргоо үчүн практикалык ыкмаларды жана техникалык каражаттарды изилдөө.
Жеке маалыматтар массивдеринин ээлеринин реестрин толтуруу: билим берүү мекемелерин Реестрде катталуу жол-жобосуна үйрөтүү.
Тренинг билим берүү мекемелеринин практикасынан алынган практикалык мисалдарды жана кейстерди колдонуу менен интерактивдүү форматта өттү. Катышуучулар өздөрүнүн кызыктырган суроолорун берүүгө жана жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы эксперттерден кеп кеңеш алууга мүмкүнчүлүк алышты.