Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетеине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу алкагында уюштурулган иш-чара өттү. Иш-чарага Мамлекеттик агенттиктин жалпы жамааты катышты.

Иш-чарада уңгужолдун концепциясынын презентациясы болуп, анын негизги тапшырмалары, багыттары жана стратегиялык максаттары кеңири баяндалды.

Агенттиктин директору Алмаз Усенов коюлган максаттарга жетүүдө жамааттын биримдигинин маанилүүлүгүн, ошондой эле “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолунун өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи катары ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп: “Уңгужолду ишке ашыруу жөн гана коюлган милдеттерди аткаруу эмес, бул ар бирибиздин өлкөбүздүн келечегине, улуттук баалуулуктарыбызды сактоого жана бекемдөөгө кошкон салымыбыз”, - деп баса белгиледи.

Улуттук артыкчылыктарга жетишүүгө, коомдун руханий негиздерин бекемдөөгө жана туруктуу баалуулук багыттарын өнүктүрүүгө багытталган милдеттерге өзгөчө көңүл бурулуп, катышуучулар мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөнүн жана кылымдар бою калыптанган улуттук каада-салттар менен үрп-адаттарды сактоонун негизги аспектилерин талкуулашты.