Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жамааты “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды
2025-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жамааты “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине эскерүү иш-чарасына барды. Сапардын максаты кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн, ошондой эле өлкө тарыхында терең из калтырган бардык кайгылуу окуялардын курмандыктарын эскерүү болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө 1937-1938-жылдардагы репрессиялардын курмандыктарынын мемориалына, 1916-жылдагы кайгылуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, 2010-жылдагы Апрель окуяларынын баатырларына арналган “Таазим” мемориалдык комплексине, ошондой эле көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө барышып, маркумдун элесине арналып куран окутулду.
“Ата-Бейитке” баруу агенттиктин кызматкерлери үчүн маанилүү, ал Кыргызстандын тарыхындагы кайгылуу барактарын, ата-бабалардын элесин эскерүү, руханий-адептик баалуулуктарды, патриоттуулукту жана өз Мекенинин тарыхын урматтоонун зарылдыгын эске салды.