Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Окуу борборунун ишинин кайра жандангандыгы тууралуу маалымдайт.

Агенттиктин Окуу борбору жеке маалыматтарды коргоо жана санариптик технологиялар жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатууга багытталган билим берүү программаларынын кеңири спектрин сунуштайт.

Окутуунун негизги багыттары:

Жеке маалыматтарды коргоонун укуктук негиздери: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана эл аралык тажрыйбаны окутуу. Жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо жана иштетүү көндүмдөрү.

Киберкоопсуздук: Санариптик коопсуздукка комплекстүү киришүү. Тобокелдиктерди талдоо, коопсуз системаларды иштеп чыгуу жана инциденттерге жооп кайтаруу көндүмдөрү.

Санариптик гигиена: Санариптик чөйрөдө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча практикалык кеңештер жана сунуштар. Жеке жана кызматтык максатта маалыматтарды коргоо көндүмдөрү.

Программалоо (Python): Pythonдо программалоонун негиздери. Маалыматтар менен иштөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана күнүмдүк тапшырмаларды кыскартуу үчүн  отчетторду автоматташтыруу.

Маалыматтарды талдоо: Маалыматтарды талдоо үчүн инструменттерди колдонуу (Excel, нейрондук тармактар).

Санариптик көндүмдөр (Excel): Microsoft Office Excelди эксперттик деңгээлде өздөштүрүү. Кыскача таблицаларды, графикаларды жана дашборддорду түзүү.

Окуу курстары жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы заманбап чакырыктарды эске алуу менен иштелип чыккан жана теориялык даярдыкты да, практикалык сабактарды да камтыйт. Тренингдер мамлекеттик жана жеке уюмдардын кызматкерлерине, IT тармагындагы адистерге, юристтерге жана жеке маалыматтарды коргоо маселелерине кызыккан бардык адамдарга арналган.

Учурда Окуу борборунда эки негизги багыт: “Киберкоопсуздук” жана “Жеке маалыматтарды коргоонун укуктук негиздери” боюнча тренингдер өтүп жатат. Угуучулар мамлекеттик органдардын жана финансылык уюмдардын өкүлдөрү.

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик бардык кызыкдар жактарды окууга жана квалификациясын жогорулатууга чакырат.

Өтүнмөлөрдү https://okuu.dpa.gov.kg/ сайтында же okuu@dpa.gov.kg электрондук дареги аркылуу калтырса болот. Ошондой эле 0312 64 14 03 жумуш телефону аркылуу да байланышса болот.