2022-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте Эксперттик кеңешинин экинчи отуруму болуп өттү.

Отурумда Эксперттик кеңештин мүчөлөрү, санариптик укук жана киберкоопсуздук тармагындагы эксперттер ведомствонун андан ары кабыл алуусу үчүн Агенттиктин онлайн жана оффлайн форматындагы бир катар документтеринин долбоорлорун талкуулашты.

Эскерте кетсек, Кеңеш Агенттиктин буйругу менен акыркы эл аралык колдонмо жана илимий тенденцияларды эске алуу менен жеке маалыматтарды коргоого зарыл ченемдик-укуктук ыкмаларды киргизүү максатында түзүлгөн. Эксперттик кеңештин курамына киберкоопсуздук жана санариптик укук жаатындагы эл аралык жана кыргызстандык эксперттер кирет.

Агенттиктин алдындагы Эксперттик кеңеш жеке маалыматтарды коргоонун теориясынын жана практикасынын эң маанилүү маселелери боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу боюнча ишин улантууда.