2022-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашуунун аткарылышы боюнча Европа Биримдигинин тышкы кароо миссиясынын алкагында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттик тарабынан атайын индикаторлордун аткарылышына баа берилди. Баалоонун жүрүшүндө кароо миссиясы 2022-жылдын январь-август айлары үчүн атайын индикаторлорду ишке ашыруу үчүн бардык тастыктоочу документтерди карап, изилдеп чыкты.

Агенттик тарабынан уюштуруучулук, мыйзамдык, маалыматтык жана билим берүү багыттары боюнча аткарылган жана ишке ашырылган бардык иш-чаралар боюнча тастыктоочу документтери жана маалыматтары берилди.