КР БШКга караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоорун ишке киргизүүгө даярдык көрүүнүн алкагында Агенттик менен КР БШКнын ортосунда аймактарда санариптик билим берүү багытында биргелешкен билим берүү иш-чараларын өткөрүү боюнча макулдашууга жетишти. 

Долбоор менен өнөктөштүктө биз жеке маалыматтарды коргоо, киберкоопсуздук жана кибергигиена темалары боюнча системалуу билим берүү иштерин жүргүзүүнү пландап жатабыз. Тренингдерди ар кандай форматта (онлайн, оффлайн), ошондой эле аймактарда конок лекцияларынын сериясын өткөрүү пландаштырылууда.

Санариптик билим берүү долбоорунун негизги максаты - жарандардын санариптик кызматтарды колдонуу боюнча санариптик көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатуу жана заманбап санариптик технологияларга ишенимин жогорулатуу. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылууда.