Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жана “КиберКоом” ЖЧКсы жеке маалыматтарды коргоону тийиштүү деңгээлде камсыз кылууга, киберкоопсуздукту жогорулатууга жана санариптик чөйрөдө кесипкөй кадрларды өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту.
Кызматташуунун алкагында тараптар биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча макулдашышты:
маалыматтык коопсуздук инциденттерине өз убагында жооп кайтаруу;
актуалдуу коркунучтар жөнүндө тажрыйба жана аналитикалык маалыматтар менен алмашуу;
биргелешкен тренингдерди, форумдарды, конференцияларды жана окутуу иш-чараларын өткөрүү;
коопсуздук стандарттарын жана калк арасындагы санариптик сабаттуулукту жайылтуу.
“Санариптештирүүнүн тездик менен өсүү шартында жеке маалыматтарды коргоо маселеси биринчи планга чыгууда. Биз IT-коомчулук менен өнөктөштүк, эл аралык стандарттарга жооп берген жеке маалыматтарды коргоонун натыйжалуу жана туруктуу механизмдерин иштеп чыгууга мүмкүндүк берерине ишенебиз”, - деп Жеке малыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Усенов Алмазбек Жумабекович баса белгиледи.
Өз кезегинде “КиберКоом” ЖЧКнун директору Мажитов Дастанбек Султанбекович: “Биз санариптик коопсуздуктун заманбап коркунучтарына биргелешип каршы туруу жана коомдо жеке маалыматтарды коргоо маданиятын калыптандырууга көмөктөшүү үчүн өз тажрыйбабыз, технологияларыбыз жана экспертизабыз менен бөлүшүүгө даярбыз”- деп билдирди.
Меморандумга кол коюу мамлекеттик структуралар менен жеке сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөдөгү маанилүү кадам болуп, жарандардын санариптик чөйрөдөгү коопсуздугу жана ишеними үчүн жасалды.