Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында, интернет мейкиндигинде жеке маалыматтардын жайылышын токтотууга жана жеке маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануу менен байланышкан алдамчылык аракеттердин алдын алууга багытталган чараларды көрүп жатат.

Бул чаралардын негизинде, Lalafo интернет-платформасындагы «Табылган буюмдар бюросу» категориясында документтердин сүрөттөрүн жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү алып салынды.

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик эскертет:

• жеке маалыматтарды камтыган документтерди ачык булактарда жайгаштыруу купуялуулуктун бузулушуна жана алдамчылык аракеттерге себеп болушу ыктымал;

• эгерде жеке маалыматтарды камтыган документ табылган болсо, анда   тиешелүү документтерди берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдарга   (Калкты тейлөө борборлору, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамын каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүмдөрү, мамлекеттик органдардын   «табылган буюмдар бюросуна») же документти мыйзамдуу ээсине өткөрүп берүү үчүн жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылуу керек.

Мамлекеттик агенттик ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-майындагы «Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» №95 Мыйзамына ылайык, жеке маалыматтарды коргоонун талаптарын (жеке мүнөздөгү маалыматтарды чогултуунун, сактоонун, иштеп чыгуунун, коргоонун, берүүнүн жана жайылтуунун тартибин) бузгандар административдик жоопкерчиликке тартыларын эскертет.