Бүгүн, 9-сентябрда Бишкекте Технопарктын аянтчасында жеке маалыматтарды коргоо маселелерине арналган форум өтүп жатат. Иш-чарага IT-коомчулугунун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле Технопарктын резиденттери катышууда.
Форумду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Усенов Алмазбек Жумабекович катышуучуларга кайрылуу менен ачып, ал жеке маалыматтарды коргоо формалдуулук катары эмес, иштин сапаты боюнча стандарт катары кабыл алынышы керектигин баса белгиледи.
«Жарандардын санариптик кызматтарга болгон ишеними жана өлкөбүздүн санариптик трансформациясынын ийгилиги биздин жоопкерчилигибизге түздөн-түз көз каранды», — деп белгиледи Агенттиктин башчысы.
Өз сөзүндө ал мамлекеттик органдар, бизнес жана жеке жактар күн сайын жарандар жөнүндө маалыматтарды чогултуп, иштетип жатышканын, бул маалыматтар кызматтардын сапатын жогорулатууга, санарип экономикасын өнүктүрүүгө жана заманбап кызматтарды киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөөрүн, бирок мүмкүнчүлүктөр менен кошо тобокелдиктер да көбөйөөрүн баса белгиледи.
«Биз IT-коомчулугун негизги өнөктөш катары карайбыз. Кызматташуу, ачык диалог жана тажрыйба алмашуу аркылуу гана маалыматтарды коргоонун туруктуу маданиятын түзүүгө болот деп ишенебиз. IT-адистерине өзгөчө роль таандык — системалардын архитектурасы, серверлердин коопсуздугу, алгоритмдерди иштеп чыгуу жана маалымат базаларын коргоо үчүн эң жооптуулар. Жарандар жөнүндө маалыматтардын канчалык деңгээлде ишенимдүү сакталышы жана маалыматты иштеп чыгуу системаларынын канчалык деңгээлде ачык иштеши сиздерден көз каранды.
Мыйзамдын максаты жазалоо эмес, алдын алуу экенин түшүнүү маанилүү. Биздин милдетибиз – ар бир уюм жеке маалыматтарга аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү мамиле жасаган, бул укуктук талап гана эмес, кадыр-барктын жана кесиптик этиканын бир бөлүгү экенин түшүнгөн системаны куруу. Жарандардын маалыматтары канчалык ишенимдүү корголсо, өлкөнүн санариптик экономикасы ошончолук туруктуу жана коопсуз өнүгөт», - деп баса белгиледи Алмазбек Усенов.