Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте Мамлекеттик агенттиктин директору Усенов Алмазбек Жумабековичтин Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы Элчи Фолькер Фробарт менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу, анын ичинде институционалдык потенциалды чыңдоо, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Санарип коопсуздукту жогорулатууга жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган биргелешкен долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.
Программалык кеңсенин жетекчиси Фолькер Фробарт : «Биз Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жаатында заманбап ыкмаларды киргизүүгө даярдыгын жогору баалайбыз. Биздин кызматташтыгыбыз натыйжалуу чечимдерди киргизүүгө жана мыкты тажрыйбалар менен алмашууга мүмкүндүк берерине ишенебиз»- деп белгиледи.
Мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Жумабекович өз кезегинде кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип: «Биз үчүн эл аралык өнөктөштөр биздин позициябызды колдоп, эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги маанилүү. Биргелешкен иш жарандарыбыздын жеке маалыматтарын коргоонун ишенимдүү механизмдерин түзүүгө мүмкүндүк берет»-деп билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендигин билдиришти.