Агенттик ишкердиктин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн ыйгарым укуктуу тарап (Бизнес-омбудсмен) менен меморандумга кол койду.

Кызматташуунун негизги максаттары:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жүзөгө ашырууда субъекттердин ишкердик жана инвестициялык ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү менен, жарандардын (жеке маалыматтардын субъектилерин) укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;

- ишкердик чөйрө менен өз ара аракеттешүү тутумун түзүп, жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча бир пикирге келүү принциптеринин натыйжалуулугун жогорулатуу.