Жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан 2022-жылдан баштап Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын реестри туруктуу негизде жүргүзүлөт. Реестр уюмдардын жарандардын жеке маалыматтарын чогултууга, иштеп чыгууга жана сактоого жоопкерчиликтүү жана мыйзамдуу мамилесин калыптандырууга багытталган негизги курал болуп саналат.

2025-жылы Жеке маалыматтардын массивдерин кармоочулардын реестрине каттоо үчүн 27 107 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде: 

  • мамлекеттик органдардан — 2 096; 

  • муниципалдык уюмдардан — 801; 

  • коммерциялык уюмдардан — 24 210 өтүнмө.

2025-жылдын 22-декабрына карата 22 162 өтүнмө кабыл алынып, 4 865 кайрылуу четке кагылып, учурда 80 өтүнмө кароодо статусунда турат. Кабыл алынган кайрылуулардын жогорку үлүшү уюмдардын жоопкерчилик деңгээлинин өсүп жатканын жана алардын жеке маалыматтарды иштетүү боюнча ишмердүүлүгүн мыйзам талаптарына ылайык келтирүүгө умтулуп жатканын көрсөтөт.

Белгилей кетсек, Реестр жарандар үчүн да мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтти: бүгүнкү күндө алар уюмдар кайсы жеке маалыматтарга ээ, кайсы маалыматтар иштетилет жана кайда берилет, ошондой эле аларды канча убакытка чейин сактай тургандыгы жөнүндө маалымат менен тааныша алышат. Бул ачыктыкты жогорулатууга жана жарандар менен уюмдардын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле түшүндүрүү иштеринин алкагында Мамлекеттик агенттиктин адистери Реестрге катталуу маселелери боюнча жарандардын жана уюмдардын 368 кайрылуусун карап чыгып, алардын суроолору боюнча керектүү түшүндүрмөлөрдү беришип, практикалык жардам көрсөтүштү.