Бүгүн, 3-февралда, Мамлекеттик агенттикте Кыргыз Республиксынын Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Усенов Алмазбек Жумабекович Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптештирүү шартында жеке маалыматтарды коргоонун актуалдуу маселелерин, купуялуулук жаатындагы улуттук мыйзамдардын өнүгүшүн, ошондой эле жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эл аралык ыкмаларды жана мыкты тажрыйбаларды талкуулашты.
Өзгөчө көңүл маалыматтарды трансчек аралык өткөрүп берүү маселелерине, жарандардын санариптик чөйрөдөгү укуктарын коргоого, ошондой эле санариптик кызматтарга ишенимди калыптандырууда мамлекеттин жана эл аралык кызматташтыктын ролуна бурулду.
Өз сөзүндө Мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Усенов тажрыйба алмашуунун жана эксперттик диалогдун маанилүүлүгүн баса белгилеп: “Жеке маалыматтарды коргоо — адам укуктарынын ажырагыс бөлүгү жана санариптик ишенимдин негизги. Улуттук жеке маалыматтарды коргоо системасын өнүктүрүүдө эл аралык тажрыйбаны, анын ичинде европалык стандарттарды эске алуу биз үчүн маанилүү”, — деп белгиледи.
Франция Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси өз сөзүндө санариптештирүүнүн азыркы шарттарында жеке маалыматтарды коргоо маселелеринин жогорку маанисин белгилеп, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо боюнча Улуттук форумдун уюштурулушунун жогорку деңгээлин белгиледи: “Жеке маалыматтарды коргоо боюнча форумду өткөрүү мамлекет, бизнес жана коом ортосундагы диалогду чыңдоого жана маалымдуулукту жогорулатууга өбөлгө түзгөн маанилүү жана өз убагында көтөрүлгөн демилге”, — деп баса белгиледи Элчи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жеке маалыматтарды коргоо жана санариптик коопсуздук маселелери боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бул багытта диалогду улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.