Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, Усенов Алмазбек Жумабекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду.

Анын жетекчилиги мезгилинде Мамлекеттик агенттик тарабынан жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү, аларды коргоонун укуктук механизмдерин чыңдоо жана жарандардын санариптик коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлдү.

Жеке маалыматтарды иштеп чыгууда мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик механизмдерин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган чаралар кабыл алынды. Мындан тышкары, жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин нормаларына шайкеш келтирүүгө багытталган бир катар ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыкты.

Жеке маалыматтардын массивдеринин ээлеринин Реестрине уюмдарды каттоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлдү. Эгерде жеке маалыматтардын массивдеринин ээлеринин мамлекеттик Реестри иштей баштагандан бери 2000ге жакын уюм катталган болсо, бүгүнкү күндө Реестрде катталган жеке маалыматтардын массивдеринин ээлеринин саны 27 700 уюмга жетти. 

Эксперттик диалогду өнүктүрүү жана жөнгө салуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү:

  • жеке маалыматтарды коргоо маселелерине арналган тегерек стол;

  • “Жаңы Санарип кодексинин алкагында жеке маалыматтарды коргоо” аттуу жеке маалыматтарды коргоо боюнча форум;

  • жеке маалыматтарды коргоо жана санариптик коопсуздук маселелерине арналган Улуттук форум, ал жыл сайын 28-январда белгиленүүчү Жеке маалыматтарды коргоонун эл аралык күнүнө (Privacy Day) карата өткөрүлдү.

Мамлекеттик агенттиктин институционалдык потенциалын чыңдоо боюнча системалуу иштер жүргүзүлдү. Жүргүзүлүп жаткан демилгелерди колдоо жана ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кызматкерлердин штаттык саны көбөйтүлүп, кошумча 25 штаттык бирдик бөлүндү, ошондой эле кызматкерлердин эмгек акысы 10 пайызга жогорулатылды.

Мамлекеттик агенттиктин жамааты Алмазбек Жумабековичке анын кесипкөй жетекчилиги, жеке маалыматтарды коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кызматкерлердин демилгелерин колдогону жана жетекчилик кылган мезгилдеги жемиштүү биргелешкен иши үчүн ыраазычылык билдирет.