Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте ведомствонун директору Мамыров Кутман Омурзаковичтин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Улуттук кеңешчиси Алыбек Курбаналиев менен расмий жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2025-жылга карата биргелешкен иштин жыйынтыгын чыгарышып, мамлекеттик органдардын потенциалын чыңдоо, маалымдуулукту жогорулатуу жана өлкөдөгү жеке маалыматтарды коргоо системасын өнүктүрүү жаатында жетишкен натыйжаларды белгилешти.

Өзгөчө көңүл 2026-жылга карата кызматташуунун деталдуу пландарын талкуулоого, анын ичинде ченемдик базаны өнүктүрүүгө, институционалдык чыңдоого жана адистердин квалификациясын жогорулатууга багытталган биргелешкен иш-чараларды улантууга бурулду.

Мамлекеттик агенттиктин келечекте окутуу иш-чараларын аралыктан өткөрүүгө жана кибергигиена жана жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы билимге кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү онлайн окутуу платформасын түзүү демилгеси өзүнчө белгиленди.

Мамлекеттик агенттиктин директору К. Мамыров ЕККУга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасында коопсуз жана туруктуу санариптик чөйрөнү түзүү үчүн мындан аркы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында ЕККУ тарабынан Мамлекеттик агенттиктин техникалык жабдылышына жана институционалдык өнүгүүсүнө салым иретинде берилген техникалык жабдууларды расмий түрдө өткөрүп берүү аземи болду. Берилген техника жумуш процесстерин оптималдаштырууга жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча милдеттерди аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Тараптар жеке маалыматтарды коргоо жаатында алдыңкы стандарттарды киргизүүгө багытталган биргелешкен иштерди улантууга даяр экендигин белгилешти.