23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте Кыргыз тилинин күнү белгиленди. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар пландаштырылып, даярдалган.    Агенттиктин кызматкерлери кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон чыгаан инсандар: Токтогул Сатылганов, Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмонов, Кусейин Карасаев, Ишеналы Арабаев, Саякбай Каралаев тууралуу презентацияларды даярдашты. Ошондой эле кызматкерлерге өз иштеринде колдонуу үчүн «Юридикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү жана башка түшүнүктөр» жана «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү» китептери тартууланды.».