28-сентябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери Бишкек шаарынын жогорку класстарынын окуучулары үчүн тренинг өткөрүштү. Тренинг «Жеке маалыматтарды коргоо жана кибергигиена» темасында өткөрүлдү. 

Иш-чаранын алкагында жеке маалыматтар жана алардын ачыкка чыгып кетиши, ошондой эле кибералдамчылыктын түрлөрү жөнүндө маселелер чагылдырылды. Тренингде окуучуларга социалдык тармактардагы жүрүм-турум жөнүндө түшүндүрүлүп, кандай маалыматты жүктөөгө болот, кайсы браузер жеке маалыматтарды азыраак чогултат, күчтүү паролду кантип орнотуу керек жана киберкуугунтук учурунда кандай иш-аракет кылуу керек деген суроолорго жооп беришти. Тренингдин практикалык бөлүгүндө суроолор жана жооптор менен викторина өткөрүлдү.

  Маалыматтык-агартуу иш-чаралары Агенттиктин иш багыттарынын бири экенин эскертебиз.