Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекетттик агенттик жалпы билим берүү мекемелеринде жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө конкреттүү сунуштар менен окуучулардын укуктарынын бузулушуна жол бербөө жөнүндө эскертүү жөнөттү. 

Бул менен агенттик ата-энелердин (ММК жана Интернет тармагында) мектеп администрациясынан ашыкча маалымат чогултууга байланыштуу кайрылууларынын көбөйүшүнө, жана ошондой эле жашы жете элек балдардын катышуусу менен алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан макулдук берилбестен, Интернетте фото жана видео мазмунун жайылганы боюнча жоопту чара катары колдонгон демилгеси болду.

Агенттик Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен жеке маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана сактоого жол берилбестиги жөнүндө кабарлады. Балдардын жана алардын ата - энелеринин макулдугусуз каалаган фото жана видео материалдарды Интернетте тартууга жана таратууга жол берилбейт. Ошондой эле билим берүү уюмдарында окуп жаткандардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык жана экономикалык абалы, алардын үй-бүлө курамы, улуттук жана этностук таандыктыгы жөнүндө маалыматтарды чогултууга уруксат берилбейт.

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жарандарды өздөрүнүн жеке маалыматтары жана балдардын жеке маалыматтары менен иштөөдө этият болууга чакырат. Кошумча суроолор болгон учурда Агенттиктин кызматкерлери менен байланышса болот: (+996) 990 950 850; Е-почта: info@dpa.gov.kg