Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосунда жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду. Бул иш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жана Беларусь Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо боюнча Улуттук борбору тарабынан жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурия Кутнаева билим берүү программаларын ишке ашырууга, анын ичинде жеке маалыматтарды коргоо маселелери боюнча квалификацияны жогорулатуунун алкагында Борбордун тажрыйбасына Мамлекеттик агенттиктин кызыгуусун белгиледи.

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча  Улуттук борборунун директору Андрей Гаев Белорус тарабынын Кыргыз Республикасында жеке маалыматтар массивдеринин жана жеке маалыматтар массивдеринин ээлеринин Реестрин жүргүзүүнүн практикалык тажрыйбасы өзгөчө кызыктуу болорун баса белгиледи, анткени азыркы учурда жеке маалыматтарды коргоо боюнча улуттук борбору "Жеке маалымат операторлорунун Реестри" мамлекеттик маалыматтык ресурсун түзүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Онлайн жолугушуунун практикалык натыйжасы жеке маалыматтарды коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду. Документтин алкагында тараптар эки өлкөнүн жеке маалыматтары боюнча жарандардын укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашышты. Ошондой эле билим берүү тармагында кызматташуу жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жөнүндө сөз болду.