Бүгүн биз агенттиктин жетекчилиги менен биргеликте «Таза Мурас» акциясынын алкагында жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышып, Токомбаев көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейинки 7-апрель көчөсүндөгү жол боюндагы таштандыларды тазаладык. 40 кап таштанды чогултулду! Сүйүктүү шаарыбыздын көчөлөрүн топтолгон таштандылардан тазалаганыбызга кубандык. Шаарыбыздын тазалыгын сактоого коомчулуктун көңүлүн бурган ушундай элдик ишембиликтердин болгону абдан маанилүү!