Кыргыз Республикасы биринчи жолу мамлекеттик мекеме деңгээлинде бир нече купуялык бирикмелери тарабынан уюштурулган жыл сайын өтүүчү эл аралык иш-чарада – Маалыматтарды коргоо боюнча Евразиялык конгрессте көрсөтүлдү. Өз сөзүндө Агенттиктин директору Н.А. Кутнаева  Кыргыз Республикасы тарабынан жеке маалыматтардын купуялуулук жана коргоо чөйрөсүндө өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди, ошондой эле ишинин жыйынтыктарына токтолуп, 2023-2024-жылдарга мындан аркы пландар менен бөлүштү.

    Ошондой эле Орусия, Казакстан, Армениядан келген спикерлер өз өлкөлөрүндөгү жеке маалыматтарды коргоо жана маалыматтын сыртка чыгуу көйгөйлөрү тууралуу айтып беришти, ошондой эле геймдев чөйрөсүндөгү купуялуулук, санариптик көчмөндөрдү тариздөө, ээсиздендирүү жана анонимдүүлүк, жеке маалыматтардан акча табуу ж. б. маселелери жөнүндө айтып беришти.