Кымбаттуу достор!

«Жеке маалыматтарды коргоо балдардын көз карашы менен» деген темада балдардын сүрөттөрүнүн сынагын жарыялайбыз. Сынакка 15 жашка чейинки балдар катыша алат. Эң көп лайк топтогон сүрөт жеңүүчү болот.

Сынактын шарттары:

Сынак 17-ноябрь саат 17.00гө чейин dpa.gov.kg Агенттиктин Instagram баракчасында өткөрүлөт.

Сынактын жеңүүчүлөрү 2022-жылдын 17-ноябрында саат 17.30да аныкталат, алардын сүрөттөрү Агенттиктин dpa.gov.kg социалдык баракчаларында жана https://dpa.gov.kg/ расмий сайтында жайгаштырылат.

Жеңүүчүлөргө сертификаттарды тапшыруу «Балдардын жеке маалыматтарын коргоо» темасына арналган тегерек столдо 2022-жылдын 18-ноябрында саат 12.30-13.00дө  өтөт.

I-орунга 2000 сомдук китеп дүкөнүнүн сертификаты;

II-орунга 1500 сомдук китеп дүкөнүнүн сертификаты;

III-орунга 1000 сомдук китеп дүкөнүнүн сертификаты.